15-сентябрь, 2013-жылы Астанада тарыхта биринчи жолу уюштурулган көк бөрү боюнча Азия чемпиондугу аяктаган

Дүйнө
Астанада тарыхта биринчи жолу уюштурулган көк бөрү боюнча Азия чемпиондугу аяктаган. Ал 10-сентябрда башталып, Казакстандын борбору Астана шаарындагы "Казанат" ат майданында өткөн. Чемпиондуктун байге фонду 20 миллион теңгени (болжол менен 130 миң доллар) түзгөн. Ага жалпысынан Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Монголия, Тажикстан, Түркия өлкөлөрүнөн 8 команда катышып, улакчылардын саны 200гө жеткен. Чемпиондук жыйынтыкталып 1-орунду Казакстан (10 миллион теңге акчалай сыйлык), 2-орунду Кыргызстан (6 миллион теңге), ал эми 3-орунду Тажикстан ээлеген (4 миллион теңге).  (8 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9086;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: