30-июнь, 2010-жылы Түштүк кореялык актёр, ырчы Пак Ён Ха каза болгон

Дүйнө
Түштүк кореялык актёр, ырчы Пак Ён Ха өз үйүнөн уюлдук телефондун ток өткөргүч зымына асылган денесин апасы тапкан. Актёр 32 жашында бул жарык дүйнө менен коштошкон. Ал эми Пак Ён Ха тартылып жаткан “Сүйүү ыры” тасмасы баш каармансыз калган.
Пак Ён Ханын жүзү көрүүчүлөргө “Кыш сонатасы” сериалындагы Санхёктун ролунан улам таанымал болгон. Ал эми Азия өлкөлөрүндө ал актёр гана эмес, мыкты ырчы катары белгилүү, өзгөчө Японияда абдан абройлуу болгон. Ал “Ва-Банк”(“Тагдыр оюну”), “Кыш сонатасы” сериалдарындагы саундтректерди жазган.
Пак Ён Ха 1977-жылы 12-августта туулуп, Чунан университетинин театр факультетин бүтүргөн. 1995-жылы “Сүйүү класстан башталат” фильмине алгачкы жолу тартылып, актёрлук кесиптин даамын таткан. Бул тасманы улай “Үмүттүн ыры”, “Кайра-кайра карап”, “Кар бүртүгү”, “Сүйүүдөн да улуу” сериалдарында роль аткарып, белгилүү болгон.
Актёрго атак алып келген “Кыш сонатасы” сериалы 2002-жылы тартылып, түштүк кореялыктарга көрсөтүлгөн. Андан ары сериал бүткүл Азия өлкөлөрүнө сатылып, актёр Японияга барып ырчылык дараметин сынап көрүүнү чечет. Ал жактан 2008-жылы “Абада” жана 2009-жылы “Бир адамдын тарыхы” деген хит кинолорго тартылып, ал өлкөдө атактуулугу өсөт. Негизинен, аны эл Япония менен Түштүк Кореянын достугун бекемдеген инсан катары баалашкан.
“Ва-Банк” (“Тагдыр оюну”) сериалындагы “Бир гана кечээки күн үчүн” ырын дал ушул Пак аткарган. Ырчылык карьерасында Японияда бир нече альбом чыгарып, Корея менен күн чыгыш өлкөсүндө аншлаг менен концерт бергенге жетишкен. 2008-жылы “Абада” сериалынын саундтреги болгон “Сүйүү үчүн” ыры япон чартында 3-орундан ылдый түшпөй, ал эми 2008-жылы чыккан “Сүйүү” деп аталган ыр жыйнагы эң мыкты альбом болуп табылган.
  (10 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9084;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: