|
23-февраль, 1973-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти Роза Аманова туулган![]()
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти жана Эл артисти Роза Аманова Токтогул районунун Токтогул шаарчасында туулган. 1991-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын, 1993-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун, 1997-жылы Кыргыз улуттук консерваториясын бүтүргөн. 1998-жылы Курмангазы атындагы Казакстан мамлекеттик консерваториясынын казак музыкасы жана дүйнөлүк музыканы изилдөө кафедрасына аспирантурага кабыл алынган. 1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук консерваториясынын салттуу музыка жана фольклор кафедрасынын окутуучусу, 2004-жылы өзү уюштурган Салттуу музыкалык борбордун жетекчиси, 2008-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетине доцент болуп иштеп келген. 2006-жылы искусство таануу илимдеринин кандидаты болгон. Ал 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына татыктуу болгон. Ал "Мен сени сагынгым келет", "Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо" жана башка обондордун автору. "Курманбек", "Олжобай менен Кишимжан" аттуу эпосторду айткан дастанчы.
(48 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:
|