15-январь, 2014-жылы футболчу Эмил Кенжесариевди сабаган Казакстандын жараны 3 жылга кесилген

Кыргызстан
Футболдук ишмердүүлүгүн Кыргызстанда баштап, кийин казакстандык “Актөбе” клубунда ойногон Эмил Кенжесариев 2013-жылы 11-августка караган түнү Алматы шаарында оор абалда ооруканага жеткирилген. Комада жаткан футболчунун баш сөөгү кесилип, дароо операция жасалган. Ага акыркы операция Израилде жасалып, жыйынтыгы жакшы экени маалымдалган.
Футболчу Эмил Кенжесариевди сабаган деген шек менен кармалган Казакстандын жараны, түнкү клубдардын биринде күзөт кызматында иштеген 20 жаштагы Бейбит Узакбай соттук отурумда күнөөсүн моюнуна алып, бирөөнүн ден соолугуна оор залака келтиргендиги үчүн 3 жылга кесилген.
  (8 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9087;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: