|
14-январь, 1827-жылы орус географы жана коомдук ишмер Пётр Семёнов-Тянь-Шанский туулган![]()
Орус географы жана коомдук ишмер Пётр Семёнов-Тянь-Шанский Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1873), кийин орус география коомунун вице-төрагасы (1873–1914) болгон. Петербург университетинин табият таануу бөлүмүн бүткөн (1848). 1849-жылдан Чыгыш Европа (орус) түздүгүн изилдеп, Географиялык коомдо иштей баштаган. 1856–1857-жылы Теңир-Тоого саякат жасап, анын орографиялык схемасын түзүп, Сары-Жаз суусунун башындагы ири мөңгүлөрдү изилдеген. Теңир-Тоо аймагынын илимий изилдөөсүнүн 50 жылдыгына байланыштуу анын фамилиясына "Тянь-Шанский" деген кошумча ат берилген.
(194 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:
|