14-октябрь, 2013-жылы Бишкекте “Аккула” ат майданында улуттук оюндар боюнча Ормон хандын 220 жылдыгына арналган “Манас оюндарынын” салтанаттуу ачылыш аземи болгон

Кыргызстан
Бишкекте “Аккула” ат майданында улуттук оюндар боюнча Ормон хандын 220 жылдыгына арналган “Манас оюндарынын” салтанаттуу ачылыш аземи болуп өткөн. Мелдештин ачылышына вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов, Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын президенти Канат Исаев жана шаар башчы Иса Өмүркулов катышкан. “Манас оюндары” 14-20-октябрь аралыгында өтүп, анда кунан чабыш, көк бөрү, жорго салыш, аламан байге, тыйын эңмей, кыз куумай, эр эңиш, ордо, тогуз коргоол жана кыргыз күрөш боюнча мелдештер өтөрү белгилүү болгон.  (8 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9086;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: