25-ноябрь, 1935-жылы Жазуучу, котормочу Раимбек Абдиев туулган

 
Кыргызстан
Жазуучу Раимбек Абдиев Жети-Өгүз районунун Даркан айылында туулган. Фрунзе шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №5 кыргыз орто мектебин, 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, райондук, облустук, республикалык массалык маалымат каражаттарында кабарчы, адабий кызматкер, бөлүм башчы, башкы редактордук кызматтарды аткарган. 1982-1983-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинде жооптуу кызматта иштеген. Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясында ММКлар жана коомдук уюмдар боюнча иштеп, 1996-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Макалалары, фельетондору, очерктери, аңгемелери басма сөз беттерине жарыяланган жана бир катар радио-телеберүүлөрдү уюштурган. Француз классиги А.Доденин "Балакай" романын жана орус, украин, казак жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Кыргыз улуттук телерадио компаниясынын Алтын казынасында Р.Абдиевдин көп актылуу пьесалары сакталган. 1971-жылдан баштап СССР Журналисттер, 2009-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Жарык көргөн китептери: "Коммунисттин максаты" , "Күжүрмөндөр менен бирге", "Кыргызстан", "Абийир", "Таазим", "Алай закымдары", "Үмүт" жана башка.  (86 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9087;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: