|
7-ноябрь, 1917-жылы акын, драматург, котормочу Мидин Алыбаев төрөлгөн![]()
Акын, драматург, котормочу Мидин Алыбаев Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Фрунзе педтехникумун бүтүргөн. Бир жыл комсомол кызматкерлеринин мектебинде окуган. "Жаш ленинчил" жана башка гезит-журналдарда иштеген.
Анын чыгармачылыгы 1934-жылдарда башталган. "Бактылуу жаштык" деген биринчи ырлар жыйнагы 1937-жылы жарык көргөн. Кийин "Ак чүч", "Мидин" деген сатиралык ырлар жыйнагы чыккан. Ал "Курорттогу окуя", "Жантектин керээзи", "Зоотехник Буйлаков" жана башка пьесалардын автору. А.С.Пушкин, М.Ю.Лермонтов, В.В.Маяковскийдин ырларын кыргыз тилине которгон. Орус тилинде анын эки ырлар жыйнагы чыккан.
(104 жыл мурун)
1959-жылы 42 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн. Комментарийлер(1)
abdrazakova
![]()
01.11.2017. 00:53
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
30-10-2016
Соӊку аракети:
26-12-2017 20:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Саламатсынарбы админ мидин алыбаевдин ырлары супердин дагы кайсы сандарында бар ал кишинин ырларын кайдан алып окуса болот?
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:
|