18.12.2015. 17:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
begimai93, чындыгын айтыпсың,азыр кино,радио, теле аркылуу кыргыз тилин өнүктүрбөсөк болбой калды, кыргыз тили кыйрап калмай болду. КТР ди сыйлайм, бирок кыргыз тилин,деги эле кыргыз экенине сыймыктанбаган алып баруучулардын иштегенине жаның кейийт.Кайсы бир берүүдө Санжар кичинекей кыздар, балдарды мырзалар жана айымдар деди.Айым деп күйөөгө чыккан аялды,мырза деп чооң эле эркекти айтат да.Ал эми "НонСтоп" тобундагы Чолпонай Жыргаллайфта чаначты көрсөтүп"это делают из шерсти лошади" деп салды
 
18.12.2015. 17:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
bapa,мындай мыкаачынын органынын кереги жок, Кудай сактасын.Эмне себептен өлтүрдү экен бул акмак наристени? Бетсиз, бул байкуштун үйүнө келип, чайын ичип жүрүп, кылганын кара. Эмне үчүн мурун соттолгондор чет өлкөдөгүдөй милициянын текшерүүсүндө болбойт. Башка жерде бирөөнүн түрмөдө отуруп келгенин баары билет, а бизде минтип арабызда үйүбүзгө келип, чайыбызды ичип,чогуу иштеп жүрсө да билбейбиз
 
11.12.2015. 19:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
Байкасаңар,"эшегине жараша тушагы" дегендей, айдоочу өзү таза, тыкан кийинип, чачы-башы да тыкан болсо, айдап жүргөн унаасы (автобус, маршрутка, троллейбус д.у.с) да таза, жолдо да жакшы жүрөт.Кээ бир унаага кирсең, ичи кир, орундуктары чаң, терезенин чаңынан сырт жак көрүнбөйт. Айдоочусун карасаң чачы саксайган колу,тырмагы кир, кийиминин тамтыгы кеткен.Ошолордун колуна кандай жакшы абалдагы унаа тийсе да,талкалап керектен чыгарып жиберишет.
 
04.11.2015. 18:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
Ушундай кароо-фестивалдарды көп өткөрүш керек окшойт, анткени кыргыз тилибизди сыйлабай, орусча сүйлөгөндөр көп. Башкалар үйрөнүп жатса, өзүбүздүн жаштар кыргызча сүйлөгүлөрү келбейт. Деги азыркы жаштар патриоттук дегенди билеби? 20-кылымдын 20 жылдарынан кийин биздин канчалаган аталарыбыз, Кыргызстан өз алдынча республика болуш керек деп жанын үрөп, анын айынан реперессияланып, атылып кетишкен. Кыргыздын өз алфавити, өз мектептери болсун деп абдан аракеттенген. Алар болбосо биз ким болот элек?
 
21.10.2015. 23:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
aminali, ой койчу бул эжең дасыккан карышкыр, көптөн бери көрүнбөй калыптыр эле. Эми бирөөлөр финансы бөлүп берген го, НПОдогуларды Америка каржылайт деп уктум эле. Акыйкатчы болуп чыга келген тура.
 
21.10.2015. 23:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
orhidea,кантип күнөөлөрү жок, а тиги булар өлтүргөн милиционерлер эсепке такыр кирбейби? Токтайым НПОго кирип алып, биздин бийликти сынап эле жүрөт. Калп эле элди дүрбөтүп жатат, ошондуктан көп ишенбегиле
 
20.10.2015. 13:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
Medina9384,кандайча баарын өлтүрдү, тескерисинче бул бандиттер баарын өлтүрүп жатпайбы?
 
20.10.2015. 12:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
Alatoo12,алар милиция кызматкерлерин өлтүрүп,түрмөдөн качып кетишпеди беле, эми да өлтүрө берсинби?
 
20.10.2015. 12:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
Бул мектептин окуучулары спорт менен машыкпай эле,башкаларды сабаганды үйрөнүп жаткандай. Бул окуу жайда олимпиадалык резерв даярдалыш керек эмес беле? Балык башынан сасыйт дегендей, бул мектептин окуутучуларын, жетекчилерин бүт алмаштырбаса, мындай окуялар кайталанып жатпайбы. Анткени, тарбия жок экен,жылыга угабыз булардын "эрдиктери" жөнүндө. Ушул окуянын катышуучуларын бүт кууш керек.Спорттон айланабы булар, өзүнүн жердештерин сабап жатса
 
12.10.2015. 12:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
nurkojo,сакалды эмнеге коёт, "биз шариятка баш ийген мусулманбыз" деп коюшат да. Чыныгы мусулман болсо,киши өлтүрөбү?
 
12.10.2015. 12:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
jigit.85,киши өлтүргөн адамдын жүзүнөн нур төгүлүп турса, анда ал "касиеттүү" болсо керек. Булар мээлери айланган мыкаачыла десе болот

 
06.10.2015. 20:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
atai9292, аймактарда эл кайсы партиянын өкүлдөрү барса эле, силерди колдойбуз деп эле жатышты го, айта беришет экен, 1000 сомго, же 2-3 кг тамак-аш азыктарына сатылышыптыр көпчүлүгү, жөн эле "күйдүм чок" деп ырдагың келет
,
 
06.10.2015. 20:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
nurkasym-2014,туура айтасың, Мадумаров шайлоо өткөн сайын ушинте берет. Мен өзүм бир шайлоо участогунда, добуш саналып жатканда агитатор катары катышып, карап тургам. Анын үстүнө ар бир партиядан байкоочулар көздөрүн албай карап отурушту. Саноо жагынан кемтик жок, үгүттөөдө көп эле кемчиликтер кетиптир, акча, тамак-аш бериптир элге, 4 партия экен мен билгенден. Ошолордун баары тизмеге илиништи, эл жөн эле кыйкыра берет экен, "таза шайлоо болсун" деп, көпчүлүгү акчага сатылыптыр.
 
06.10.2015. 20:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
EdikoKG,жанагы шайлоо учурунда партиялар жөн эле ырчы-чоорчуларга, үгүттөө баракчаларына короткон акчаларын пенсияга кошуп берсе, канча бата алат эле!!!
 
28.09.2015. 22:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
Ушинтип "Өзүмдү өзүм билем,өтүгүмдү төргө илем" дегени деген Ташиевдин. Мына азыр эле Жаңылыктардан тиги таяк жеген кишини көрсөттү го,ал эмне өзүн өзү сабап салдыбы? Ташиевди психологго кайрыл деп кеңеш беришиптир го
 
28.09.2015. 21:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
arash96,сен кайдан билип койдуң буйрук экен. Ташиевди бирөө: Ак үйдүн дарбазасынан аттап түш, же бирөөнү барып саба деп айтыптырбы? Андай болсо башкаларды да ошентип каралабайт беле? Бир нерсени байкап, талдап көрсөңөр. Жалгыз эле Ташиевге калган 13 партиянын мүчөлөрү ушуну уюштурду деп ойлойсуңарбы? Ушинтип чатак чыгат, эмнеге калыс болбойсуңар?
 
14.09.2015. 20:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
EdikoKG, башканы эле эмес законду да сыйлабайт экен да
 
14.09.2015. 20:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
tabyshmak,туура, ошол энесин да соттош керек, анткени энеси ошолордун баарын көрүп эле жүргөн да. Орусча айтканда соучастник болгон ал эне сөрөй
 
11.09.2015. 13:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
Туугандары кайда болду экен, өзү да үйүнөн жакшы жашоо издеп качып кетсе керек. Эми эптеп өз жерине кайтып келсе,үйүндө эч кимиси жок, кантээр экен
 
11.09.2015. 13:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
Тилсиз жоо деген ушу да,ылайым жерибизди ушундай тилсиз жоодон сактасын:өрт болбосун,суу каптабасын. Кээ бир жерлерде суу жетишпей кагыраган чөл болсо, бул жердеги суунун көлөмүн көр. Кудай сактасын
 
02.09.2015. 20:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
KGstan81,ооба, булар "Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" болуп атышат да. Анын үстүнө жылы бою аябай "иштеп",чарчашса керек. Эс алып бүтпөй атышкандыр,отпускной акчаны жакшы алышса керек, аны да түгөтө электир
 
31.08.2015. 23:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
kubat_1973,эң туура, эмнеге башка өлкөлөргө барсак, аяктын тазалыгына, сулулугуна суктанып, тамшанабыз.Ошол эле учурда өзүбүз тазалыкты сактабайбыз, жашаган жерибиздин айланасын таза кармабайбыз,таштандыларды каалаган жерге таштап кете беребиз. Анан "таштаба" деп айтып көрчү, эмне деген сөздөрдү укпайсың! Мына биздин жетишкендигибиз! Чоң-чоң машиналарды минип манчыркагандарга күлкүң келет бир чети. Айлананы тазалаганга салымын кошуп, таза жаркыраган шаарда минип машинасын, анан кайкалашсын да
 
31.08.2015. 23:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
Xanif бул күндө болуп жатат, шаардын ичин карачы, эмнеге айланып баратат? Элдин тазалыкка маани бербегенине зээниң кейийт.Азырынча тазалыкка маани анча-мынча бар, бирок 10-15жылдан кийин шаардын ичи таштандыга толуп, баса албай калабызбы деп корком.Антисанитария болсо ооруулар пайда болоорун билесиң да. Анан айланабыз таза болсо көңүлүбүз да көтөрүлөт. Келечекте өсүп келаткан кичинекей бөбөктөргө да таза шаар, таза өлкөбүздү өткөрүп берсек жаманбы?
 
18.08.2015. 21:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
Ииий эртең да ысык болот турбайбы!
 
30.07.2015. 21:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
alickjan,ааай аны бир айтасыңбы,эки айтасыңбы, биздин эл эмне болуп,кайда баратабыз?Кыргыздарга эле ушундай мамиле кылат экен деп ойлогом,көрсө чет өлкөдөн келгендер да биздин абалыбызда болот экен да.Азыр жумуш таппаган кандай билимдүү жаштар бар,конкурс жарыялап,эң жакшыларын тандаса болмок ошондой жерлерге иштегенге.Менимче таеке-жээн,куда-кудачаларын ала беришет ишке, алар болсо Кудайдын оозунан түшө калышкансып манчыркайт, өзүлөрүнүн билимсиз,маданиятсыз экенин билбей,бир чети күлкүң келет
 
30.07.2015. 21:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
Лепшаков деген фамилия кыргыздык эмес го десем, аты кыргызча эле Дастан экен,азамат, дагы көп ийгилик жаратышына тилектешмин
 
28.07.2015. 23:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
Мага өзүбүздүн :Аксай,Ак Мөөр, Адилет абдан жакты,өзүбүздүкүлөргө жок дегенде 1-орунду берсе болмок үчөө тең сонун ырдайт экен.Алып баруучулардан үчөө эле болсо жетмек,жанагы Назира Айтбекова көп кишиге жаккан жок.Кыргыздын тарыхын баарыбыз эле толук билбейбиз го,бирок Назира Эрмек Нурбаевге "Айчүрөктүн сулуулугун көрүш үчүн Манастын көзү керек" деп салды, өзү ойлоп калды, сонун жооп бердим деп.Манас Айчүрөктү көргөн да эмес да.Бул айым токтолгон куракка деле жетти, кайын-журту көрсө эмне дейт?
 
24.07.2015. 19:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
saltanat.,ушул паранжадан кутулуш үчүн, Октябрь Революциясынан кийин канчалаган кыз-келиндер өлүмгө дуушар болушкан. Ошентип аялдар теңчилдикке,эркиндикке жеткен, эми кайра артка тартышыбыз керекпи? Жакшынакай жарашыктуу кийинип алып жүрсө болот да.Эң негизгиси ыйман болсун ар кимде
 
24.07.2015. 19:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
chubi,мен бир дене дүркүрөткөн нерсени укканым бар. Мени менен иштеген бир аял айтып берген эле.Улутун жазбай эле коёюн,хиджап кийген бир кызды эжелери төрөт үйүнө аборт кылганы алып барышыптыр.Бул кыз турмуш кура электе боюнда болуп калыптыр,туугандары боюнан алдырып,дагы башка процедураларды жасап, башка күйөөгө бермек экен. Мына, хиджап кийип, же сакал өстүрүп чапан кийгендердин 60-70%ти ыйманы жоктор деп билем. Бул жеке эле менин ойум эмес
 
24.07.2015. 19:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
Kairatmyn,Аравиянын дин өкүлчүлүгүнөн келген адам (аты эсимде жок), теледен интервью берип айтпады беле:хиджап кийген эч кандай мусулмандардын мыйзамында жок, бул биздин климатка байланыштуу кийим, мусулмандар жөн гана таза, тыкан жана өтө ачык эмес кийиниш керек деп. Мен бүгүн маршруткадан сакал коюп,узун чапан кийген жаш эле жигитти көрдүм, өзүнөн улуу аялдардан мурда бош орунга отура калганын. Мына ушу абдан жаман көрүнөт экен
 
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: