03.04.2019. 09:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Aikaaaa, саламатсызбы! Ватные палочки
 
14.03.2019. 09:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
operaledi, саламатсызбы! К.К.Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндө төмөндөгүдөй берилген. 1. кызамык
мед.
краснуха.
2. корь
ж. мед.
кызылча (балдардын жугуштуу оорусу).
 
11.03.2019. 12:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Chagylgan2, саламатсызбы! Эл арасында ар кандай айтыла бериши мүмкүн. Бирок кыргыз тилинин жазуу эрежесине ылайык, канааттандырарлык деп жазылат.
 
08.03.2019. 16:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
chyngyz1988,саламатсызбы! Кыргыз тилинин эрежесине ылайык, 3-жактын көптүк түрү 2 формада колдонулат. 1-формасы толук түрү кош мамиленин -ыш (ш) мүчөсү кошулуп берилет. М: талкуулашты, алышты, келишти ж.б. Ал эми 2-формасы толук эмес түрү б.а. кыскартылып, талкуулады, барды, келди, алды ж.б. Эч кандай ката деп эсептелбейт!
 
08.03.2019. 15:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Bars., саламатсызбы! Кошмок сөздөргө тире коюлбайт, кош сөздөргө тире коюлуп жазылат! М: чымын-чиркей, узун-кыска, өйдө-төмөн ж.б.
 
07.03.2019. 21:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Chagylgan2, саламатсызбы! Кыргыз тилинин эрежесине ылайык, 3-жактын көптүк түрү 2 формада колдонулат! 1-формасы кош мамиленин -ыш (ш) мүчөсү менен жалганып айтылат, б.а. талкуула+ш+ты=талкуулашты, иштешти, барышты, келишти ж.б 2-формасы кыскартылган вариантта колдонулат. М: талкуулады, иштеди, келди, кетти ж.б. Эч кандай ката деп эсептелинбейт!
 
09.01.2019. 09:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Berkut-89, саламатсызбы! Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө бул сөз 2 мааниде берилген.
чеке
зат. 1. Баш сөөктүн үстүнкү бет жак бөлүгү, маңдай. Биздин арык казгандар Чекеси тердеп суу аккан (Турусбеков).
2. Кандайдыр бир нерсенин чети, бир тарабы, бөлүгү. Кийиз сатсаң айлыңа сат, бир чекесин жамына жат (макал).
 
15.11.2018. 15:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Mikra, саламатсызбы! Светтик өлкө - бул расмий дини белгиленбеген, башкача айтканда, дин мамлекетке, мамлекет динге кийлигише албайт дегенди түшүндүрөт. Андыктан ал кабарда эч кандай ката жок!
 
11.07.2018. 11:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Aziyat, саламатсызбы! Бул жерде эч кандай катачылык жок. Кокустуктан атып алганы тууралуу кабардын ичинде жазылган.
 
30.06.2018. 13:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Snejana, саламатсызбы! Кыргыз тилинин жазуу эрежесине ылайык уңгу сөздүн акыркы тамгасы үнсүз тыбыш менен аяктап, ага -ар мүчөсү жалганса созулма аа менен эмес, кыска үндүү менен гана жазылат. Мисалы, учурул + ар = учурулар,ал эми уңгу сөздүн акыркы тамгасы үндүү тыбыш менен аяктап, ага -ар мүчөсү жалганса анда созулма үндүү менен жазылат. М: тартуула + ар = тартуулаар.
 
19.06.2018. 16:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
tursunbaev78, саламатсызбы! Бул жерде эч кандай ката жазылган эмес. Төмөндөттү бул этиш сөз, ал эми бул жерде төмөндөтүү деп атооч маанисинде колдонулуп жатат.
 
10.04.2018. 10:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Zainidin96, саламатсызбы! Тукаба - баркыттын түгүнө караганда бир аз узунураак, жумшак түгү бар жалтырак түстөгү кездеме.
 
08.02.2018. 10:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Eli.91,Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-жылы)
мор
зат. 1. Очоктун, мештин кирпичтен же топурактан жасалган түтүн чыгаруучу трубасы; труба. Ал көрсө, мор ордуна коюлган түбү түшкөн карапа тура (Сыдыкбеков). Сукно фабрикасынын морунан кара кочкул түтүн буркулдады. (Сасыкбаев).
2. Түтүн чыгуучу тешиги тамдын төбөсүнө чейин көңдөйлөтө дубалдын бооруна кошо салынган очок.
 
08.02.2018. 10:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Eli.91, кечиресиз, кыргыз тилинин жазуу эрежеси боюнча мор деп жазылат! Ал эми айтылышы, угулушу моор деп угулушу мүмкүн. А бирок биз айтылышы боюнча эмес, кыргыз тилинин туура жазуу эрежесине таянып жазабыз. Айтылышы боюнча жаза берсек ар бир адам кандай укса ошондой жазып кыргыз тилинин грамматикасы бузулуп кетпейби анда!
 
08.02.2018. 10:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Eli.91, саламатсызбы! Кыргыз адабий тилинде мор деп эле жазылат. Сизге 1969-жылы чыккан "Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү" деген китепти сунуштайм. Сиз айтып жаткан моор деген сөз төмөнкүдөй колдонулат: салмоор
Күүлөнтүп таш ыргытууга ылайыкталган, таш салынчу кайышы жана боосу бар оюнчук курал.
Самоор ж.б. Өз алдынча моор деп колдонулбайт!
 
05.01.2018. 15:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Asem89, саламатсызбы! Тоос, павлин (кыргоол түрүнө кирүүчү кооз жүндүү куш) экөөнү тең колдонсок болот. Ал эми жекелик сан, көптүк сандагы сөздөр сүйлөмдүн маанисине жараша колдонулган, эч кандай катачылык жок!
 
21.12.2017. 10:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Kattaldym, саламатсызбы! Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы №567 токтомунун негизинде кыргыз тилинин жазуу эрежелерине бир аз өзгөртүүлөр киргизилген. М: баардык, ирээт деген сөздөр бардык, ирет болуп өзгөргөн.
 
08.12.2017. 17:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Asem89, саламатсызбы! "Каратал-Жапырык" коругунун жазылышында эч кандай ката жок, ушундай жазылат!
 
30.10.2017. 14:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
alisherchik, саламатсызбы! Бул жерде кээде карылардын сөзүн да угуп коюңуз деп туура эле жазылган. Ал эми каары деген сөз - бул жемелөө, жекирүү маанисинде колдонулат. Мисалы: Каарып-кууруп ар кимди, Айылга жек көрүнөт (Жантөшев).
 
20.10.2017. 18:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Bars111, саламатсызбы! Кыргыз тилинин жазуу эрежесине ылайык алынып келди деп жазылат. Бул жерде эч кандай ката жазылган эмес.
 
19.10.2017. 11:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
manchik0595, саламатсызбы! Табигый боёктор жөнүндө маалыматты бул жактан окусаңыз болот. http://www.super.kg/article/show/12039?searchtext=табигый
 
05.10.2017. 10:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Pandora, саламатсызбы! Бул жерде эч кандай грамматикалык ката жок. Кыргыз адабий тилинде курулушчу, куруучу деп колдонула берет. Сизге К.К.Юдахиндин "Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү" деген китебин сунуштайм.
 
19.09.2017. 15:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Kaary, саламатсызбы? Кыргыз тилинин эрежесине ылайык, бузбаш үчүн деп да, бузбоо үчүн деп да жаза берсек болот. Эч кандай айырмасы жок.
 
11.08.2017. 10:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
asmera, саламатсызбы? Бул жерде түз мааниде эмес, кыйыр мааниде колдонулган үчүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаары деп берилген. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаары дегенде эле Ысык-Көл району жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнөбүз.
 
10.08.2017. 15:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
ZHYRGAl1412, саламатсызбы? "Нефтчи" командасы болот, команданын расмий аталышы ушундай
 
07.08.2017. 09:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
kychan.98, саламатсызбы? "Жаат" деген сөз кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө мындай берилген:
жаат
зат. 1. Бири-бирине каршы топ, бири-бирине каршы тарап; мелдеште, оюнда ж. б. өз ара бөлүнгөн тарап. Көрдүк бейм баштан өткөрүп, Кесирдүү жаат урушун (Тоголок Молдо). Эки жаатка бөлүнүп ордо атышуу.
2. Жек-жаат — кыз беришип, кыз алышкан куда-сөөктүн жакындары. Кошой менен жек-жаат болуп калышы — Калтабайдын күтпөгөн таалайы (Аалы).
 
03.08.2017. 15:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
mirlan_86, кечиресиз, сизге Кусейин Карасаевдин «Кыргыз тилинин орфографиялык сѳздүгү» деген эмгегин сунуштайм. Ошол жерде кайсы сөз кандай жазылат, баарын табасыз. Китепти бардык китепканалардан тапсаңыз болот.

 
03.08.2017. 10:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
mirlan_86, саламатсызбы? Эрте менен деп түштүк диалектинин оозеки речинде колдонулса колдонулгандыр, бирок адабий тилдин нормасына ылайык эртең менен деп эле жазабыз, оозеки речте да эртең менен деп колдонушубуз керек.
 
31.07.2017. 10:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
jasgul, саламатсызбы? Бул жерде жараат деген сөз өтмө мааниде, башкача айтканда, ичинде жаман ою жок деген мааниде айтылган. Ал эми 1969-жылы чыккан "Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү" аттуу китепте мындай берилген: Жараат
зат. Көбүнчө жоокерчиликтеги кырсыктан денени жаралуу кылып алуу илдети, жара. Кол тааныш, жазуу тааныш Айшасынан! Унутту жараатынын ооруганын (Үмөталиев).
 
25.07.2017. 10:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
izdeim.seni, саламатсызбы? Кырдан баш баккан Күндүн нуру тегиздикти толук жапканча, мал-жандык былк этпей уйкуда жатты. Аңгычакты кылкылдап Күн өзү көтөрүлүп чыга келди.
Бул жерде Күн системасы (планета) жөнүндө сөз болуп жатат, ошол себептен баш тамга менен жазылган. Башкача айтканда, асман телолорун Жер,Күн,Ай ж.б баш тамга мн жазабыз, ал эми 1 күн, 2 күн же 3 ай мурун деген сөздөр кичине тамга менен жазылат.
 
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: