реклама
14.09.2015. 17:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
28-11-2015 15:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
Айткылачы кимге салсак жарашат?
Партиялар мага сал деп талашат.
Канааттанбай добушума негедир.
Кемпиримдин добушун да самашат.

Кошуна, дос жүрөт мени үгүттөп.
Мобуга сал ушул мыкты жигит деп.
Кимге ишенип, кимисине салайын?
Кетишпесе экен шайлоо бүткүчө жиликтеп.

Сөзүн угуп Ажыбыз Чубактын.
Миң сомун албай койдум чунактын.
Күнөө кылбай жүрдүң беле мурда деп.
Кемпир жеди кужурун кулактын.

Кетсе дагы кээбирөөнөн ишеним.
Калп айтса ишенебиз биз элим.
Калың элди кан какшата бербезтен.
Кагылайын депутаттар түзөлүң.

Ошкадан ашып өттү жарнамаң.
Акчаңарга ичим ачып арданам.
Добушумдун аямакмын эмнесин.
Эл катары берүүгө камданам.
Элге окшоп мен деле алданам.

Автор: Алтынбек Эгембердиев.
 
10.08.2015. 21:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
28-11-2015 15:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
Омар депутат байкелеринин жолун жолдоду азамат башты көтөр айыгып кет биз сен мененбиз!
 
01.08.2015. 12:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
28-11-2015 15:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
Баха супер.
 
28.07.2015. 13:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
28-11-2015 15:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
Мелис маладес чет жерде качып жүрө бер келбе
 
11.07.2015. 08:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
28-11-2015 15:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
Супер
 
20.06.2015. 07:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
28-11-2015 15:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
Ит үрө берет кербен жүрө берет. Алга браток.
 
15.06.2015. 11:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
28-11-2015 15:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
Шайлоодо депутаттар ыбыр дыбыр.
Жүрөгү эмнегедир чымыр чымыр.
Ай сайын шайлоо болуп калганда не ай.
Алмакпыз бир мешок ун сахар сыр.

Аттин аттин Аттин аттин.
Акчага алданып калабызбы.
Биз эмне алдангандай балабызбы.

Аттин аттин Аттин аттин
Сал десе эле салабызбы.
Алданып ачка отуруп калабызбы.

Шайлоодо кур сөзүн угам жыргап.
Колдойбуз сөзүн сүйлөп ырын ырдап.
Кайра аны каалаганда тушурсоң не ай.
Кечирип кой ак үйдөн кадам жылбайт.

Алтынбек Эгембердиев.
 
15.06.2015. 10:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
28-11-2015 15:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
Тарс эткендин баары тамаша!

Кыргыз, Өзбек, Орус үчөөнү бир миллонер кармап алыптыр.
Анан үчөөнү шашпай отургусуп алып, үчөөңө бир миллондон берсем эмне кыласыңар дептир.
Орус баштаптыр минтип:
Мен деген пиво кана ачмакмын.
Шашлык, крешки, сыр закускасы менен.
Маңдайына чоң экран коймокмун. Футбол Кыргызстан vs Австраля.
Кыскасы буттан турмакмын дептир.
Өзбек акебиз баштартыр минтип:
Мен самса кана ачмакмын, Самса канамдын аты Эсенбайдын эски самсасы болмок.
Сексени пияз, сегизи эт.
Кызыктырып жегизет.
Баасы 80 сом десең.
Өлүп кетишет го дегизет.
Дегендей кылмакмын дептир.
Кыргыз сүйлөбөй турат дейт.
Миллонер, ой сен эмине унчукпайсың?
Кыргыз: мен карызыма бермекмин.
Миллонер: калганынчы?
Кыргыз: калганын күтө туратта дептир)))))
 
15.06.2015. 09:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
28-11-2015 15:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
Турмуш деген курулат тырмышуудан.
Мындайда жардам бербейт курбу тууган.
Үч балаңды тирүүлөй жетим кылба.
Күчүңдү чыгарба жинди суудан.
 
15.06.2015. 09:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
28-11-2015 15:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
Эмне дейм эми бул кызка.
Уршайын десем тил кызка.
Болоору болуп бүтүптүр.
Болду эми чыккын турмушка.
Баардыгы келет оордуна.
Бар күчтү салып тырмышса.
Байкеңди алыс ойно де.
Түшүндүр ага кыргызча.
 
08.06.2015. 18:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
28-11-2015 15:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
Кемпиримдин тамагына таң бердим.
Кошуп же деп бир ксок нан бердиң
Өзүм жебей итке берип текшерсем
Байкуш итим жаштайыңдан жан бердиң
 
08.06.2015. 18:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
28-11-2015 15:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
Эгер сызыкчаларыныз мазоль болуп көрүнбөй калса, сиз иштерман адамсыз.
 
08.06.2015. 16:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
28-11-2015 15:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
Концерт койсом ушул деп.
Таарынганың бекер кеп.
Талпына бер максатыма жетем деп.

Элиңе концертти арнап салгын.
Эл артиси болуп ардакталгын.
Асан менен Самарага таарынбай.
Афтартетти эже кармап калгын
 
05.06.2015. 13:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
28-11-2015 15:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
Атаандашып алмага.
Ызычуу кылды жер жемиш.
Койкоюп алма бутакта.
А биз куурап жердебиз.
Анысы ас келгенсип.
Каптады бизди жөргөмүш.
Көрүнгөн куртка жем болуп.
Жата беребизби эмне биз.
Жайында жакшы карабай.
Күз келсе бизден көрбөңүз.
Талады бизди Жук деген.
Тамтык жок тешик бүт денем.
Талаада калган немени.
Жоготпойсуңарбы күч менен.
Бөтөлкөгө чогултуп.
Сайгылап кыйна шиш менен.
Алысыраак ойносун.
Теңтуш болбой биз менен.
Кылсаңар жакшы закуска.
Карабайсыңарбы деди капуста.
Кийип алып халатын.
Кемпириң кылат салатын.
Даярдап алат эмеспи.
Камдап кышкы таматын.
Памидор уршту үй ээсин.
Давай кемпириңе каратың.
Катардан калбай бадыраң.
Каарданып баштады.
Чукуп чыгып былыкты.
Бакалажанга таштады.
Айтпайын ашып артык кеп.
Айтпагын мени тантык деп.
Аркы терки тешкилеп.
Денемде тамтык көп.
Балдарың отойт күнүгө.
Картошканы менден артык деп.
Картошка айтты арманын.
Кетти дейт менин дарманым.
Чакалап чачсаң дагы.
Тайфунуң бербей жардамын.
Унчукпай турду чиснок.
Курт пурт менен иши жок.
Өзү эле өсө берет экен.
Караган деле киши жок.

Алтынбек Эгембердиев.
Тел: 0776337212.
 
04.06.2015. 14:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
28-11-2015 15:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
Үй бүлөөлүк сармерден.
Күбөбүз көрүп ар жерден.
Күйөөсү болот күнөөлү.
Аялы жеңет ал жерден.
Аялы:
Алганча жаным алтыным.
Алган соң болду катыным.
Баягы жакшы сөздөрүң.
Кайжака кетти жакыным?
Күйөөсү:
Тийгенче мени сүйөм деп.
Тийген соң болду күйөөм деп.
Тилимди укпай какшатып.
Туфли бийик кием деп.
Казды туурап карганын.
Буту сынат каралдым.
Оюндагысын кылат орусуң.
Жүзү курсун алардын.
Аялы:
Аңгыл дөнгүл жер жаман.
Асфальт кылбас мэр жаман.
Акчасын аяп аялдан.
Жмоттонгон эр жаман.
Күйөөсү:
Кыздын көөнү кызылда.
Күз келселе ушулда.
Көмүрдүн акчасына көйнөк алып алсаң.
Тоңуп өлөлүбү кышында?
Аялы:
Жаманды кудай неге албайт.
Жаткан төөгө мине албайт.
Аядын көркү чүпөрөк.
Акмак эрим ошону биле албайт.
Күйөөсү:
Аялым боорду эзет да.
Айсулуу өзүн сезет да.
Үстүнө клем жапсаң да.
Баары бир эшек, эшек да.
Аялы:
Өзүнүкү билинбейт.
Өгүздүкү салаңдайт.
Өзгөгө күлкү кылып.
Өмүрдө кээбир эркектер.
Өз аялын жамандайт.
Чогуу:
Ийдиш аяк кагышат
Урушушат чабышат.
Эрди катын болгон соң.
Экөө кайра табышат!!!

Автор: Алтынбек Эгембердиев.
Тел: 0776337212.
 
04.06.2015. 12:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
28-11-2015 15:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
KG Жигиттер.
Алагачып алагачып.
Анараны алыш керек.
Баса калып баса калып.
Машинага салыш керек.
Женелерим жарышып.
Жоолуктарын салышып.
Башын тартып салдырбай.
Журогу от каны ысып.
Дос балдары шок болот.
Кетип калса жок болот.
Анда бала ох болот.
Кыргызымдын жигиттери.

Дуркуротуп дуркуротуп.
Куда жактан кууп келет.
Дунгуротуп дунгуротуп.
Шумкар сындуу уруп келет.
Тосуп чыгат аталар.
Койгула деп апалар.
Ал анткени алардын.
Баласында ката бар.
Женелерин тоготпой.
Кошогого жолотпой.
Акыл эсин камчылап.
Алып кетем деп талпынат.
Суранышат жалпылап.
Кыргызымдын жигиттери.

Учту мына, учту мына.
Кашка тишпи, же азуубу.
Сокту мына, сокту мына.
Куда боксёр сыяктуубу.
Кармап алды жакадан.
Калпак ыргып атадан.
Ана тепти, тепти, тепти.
Кызын алып кетти кетти.
Кошунага кеп болот.
Туугандарга жек болот.
Кызыл гулун соолбосун.
Кыдыр болуп жолдошун.
Кыраан Манас колдосун.
КG ЖИГИТТЕРИ.
Автор: Эгембердиев Алтынбек.
 
03.06.2015. 22:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
28-11-2015 15:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
Аккан суум акпай калды.
Аялым жакпай калды.
Арыктан суу ташытып.
Аягым баспай калды.
 
03.06.2015. 19:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
28-11-2015 15:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жумгал
Токтогулдай ырчы бол
Толубайдай сынчы бол
Атайдай бийчи бол
 
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: