АПТАПТАН КАЧКАН АДАМДАР, БАЛЫР БАСКАН КӨЛМӨЛӨР
№24300

Жай саратан “бысмылда” деп башталганда эле катуу чамынып кирип, мынчалык ысыкка көнбөгөн мекендештерибиздин айласын кетирүүдө. Шаштыны алган ысыктан кайда качып, кандай кылаарды билбеген шаардын тургундары айласы кеткенде түрдүү көлмөлөрдү көздөй жөнөшөт. 40 градуска жеткен ысыкта кыйналгандан көрө суусу кир болсо да кайсы бир көлмөгө түшүп, жанды жай алдырууну көздөшөт эмеспи. Биз да алардын катарына...

толугу менен
ДЕНЕГЕ ТАТУИРОВКА ЖАСАТУУНУН БААСЫ КАНЧА?
№24200

ТАТУИРОВКАНЫН ТАРЫХЫНАН
Адамдын денесинде татуировка мындан 6 миң жыл мурун пайда болуп, алгачкы татуировканын ээлери египеттиктер болушкан. Негизи, татуировканын жөнөкөй түрү мындан да мурун пайда болгон. Алгачкы общиналык коомдо жашагандар өздөрүнүн кайсы урууга таандык экенин дал ушул денесине тартылган сүрөт­төрүнөн...

толугу менен
ТҮНКҮ КЛУБ, «ЖИВОЙ» СТРИПТИЗ КӨРСӨТКӨН КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫ
№24120
Батыштын таасири менен жашообузга кирген көрүнүштөрдөн көңүл ачуунун түрлөрү: түнкү клубдар, андагы түрдүү шоулар болду. Түнкү шоулардын алдыңкы катарында албетте, стриптиз турат. Көрүүчүлөрдүн көз алдында денесин көрсөтө бийлөө абийирдин кеткени катары бааланып, бул сыяктуу оюн-зоокторго катуу тыюу салынган заман өттү. Азыр мындай тамашаны капчыгында жетишээрлик акчасы бар же мындай стриптиз...
толугу менен
КУМАР ОЮНУНУН КЕСЕПЕТИ же ӨЗ ЭНЕСИН ӨЛТҮРГӨН КАНКОР
№24000

Жигит сунала жерде жаткан энесинин башын кучактап ыйлап жатты. Эненин чала ачылган көздөрү ушул учурда да уулуна боору ооругандай жалдырай тигилет. «Апаке, кечир мени, акылсыз акмак уулуңду кечир...» Ушинтип күбүрөй апасынын ажалына өзү кириптер болгон жигит жерден боорун көтөрө албай өксүй берди. Бирок, бардыгы кеч эле...

толугу менен
КЕЛГИНДЕРДИН КЫРГЫЗСТАНГА ВИЗИТИ
№24000
Уфологдордун айтканына караганда, Кыргызстанда таанылгыс учуучу объекттер (ТУО) акыркы жылдар ичинде убак-убагы менен пайда боло баштаган жана андай келгиндердин визитин байкоого алуу керек. Анткени, учуучу объектилерден бөлүнүп чыккан радиациялар экологияга, жаныбарларга, адамдардын денсоолугуна зыян алып келүүлөрү мүмкүн. Мындан тышкары, ТУОлорду байкоого алуу менен өз учурунда өзгөчө кырдаалдын күтүлүшү боюнча маалыматты алууга болот экен...
толугу менен
КӨЗҮ АЧЫКТАРДЫН АЛЛЕЯСЫНДА
№24012
Ушул тапта көзү ачык, бүбү-бакшы, экстрасенс, парапсихолог, деги койчу, “касиеттүүлөр” көп. Кимиси тубаса касиетке ээ экенин, кимиси мындай атка жамынып акча табууга кынык алганын айырмалап билүү мүмкүн эместей. Пайдалуу менен залалдууну ажыратып билүүгө жетишээрлик билими жок же врачтарга кайрылууга капчыгы жука болгон калктын аялуу катмары – ушундай “касиеттүүлөрдүн” олжолору. Чыныгы дарамети барлары жөнүндө кийинчерээк...
толугу менен
«КҮКҮК» ЭНЕ АКЫРЫ БАЛАСЫНЫН КЕСИРИН ТАРТАТ
№23900

Бала – ааламдын падышасы. Ооба, окурман, аёо дегенди билбеген жырткыч жаныбардын да, каардуу падышанын да жүрөгүн элжиретип, заматта көңүлүн ийдирген кичинекей периштелер балдар эмеспи. Муунду-муунга улаган бул периштелер, алардын келечек бактысы үчүн баарына, атүгүл төбөбүз менен жер казып иштегенге даярбыз. Анан... Бакыракай көздөрүн жалдырата «тээтиги келе жаткан...

толугу менен
УЛУТТУК ГВАРДИЯ «ДЕДОВЩИНАДАН» АЛЫСПЫ?
№23810
Ушул күндөрү гезиттер да, «кө­гүл­түр экрандар» да учурда кыргыз аскерлеринин арасында тартипсиздик күчөп кеткендигин, аскердик турмуштун күндөн-күнгө оордошуп бараткандыгын айтып, коңгуроо кага башташты. Мындай ызы-чуунун чыкканы да бекеринен эмес. Өткөн айда Нарын облусундагы аскер бөлүктөрүнүн биринде прапорщик жоокерди сабап өлтүрүп койгондугу маалымдалса, дагы башка бөлүктө бири-бири менен...
толугу менен
КАНБАГАН ӨЧ, БЕЙКҮНӨӨ КУРМАНДЫКТАР
№23700
Кабинетинде жалгыз отурган кабагы бийик генерал-майор Болот Ниязович чекесин бырыштыра азыр эле орун басарынан уккан кепти эстеп жатты. Токмокто бир жаш бала 5 дунганды
2 күндүн ичинде мууздап кетиптир. Бул окуя илгери өзү жаш кезинде туш болгон кылмыш ишин эсине салды. Азыр ИИМдин көзүрү болуп турган өзүнө «профессор», «интеллигент» деген кличканы ошондогу кылмышты ачуудагы кыраакылыгы
алып келген эле...

толугу менен
СУПЕР - ФОРУМЧУЛАРДЫН ЖОЛУГУШУУСУ
№23500
Редакциябыз www.super.kg сайтындагы форумдун катышуучуларына кайталангыс сюрприз тартуу­лоо максатын көздөп, 13-май жекшемби күнү саат 14:00дө Бишкектеги “Алатоо” кинотеатрынын алдына жолугушууга чакырган. Максатыбыз форумда активдүүлүгүн көрсөткөн катышуучуларыбызды бири-бири менен жакындан тааныштырып (форумда күн сайын баарлашканы менен көпчүлүгү бирин-бири таанышпайт), ыңгайы келсе достоштуруп, ынтымактуу компания да уюштуруп берүү эле...
толугу менен
ТИЛСИЗ ЖООДОН САКТАНАЛЫ
№23200
Өрттү, селди элибиз бекеринен «тилсиз жоо» деп атабаса керек. Айттырбай, күттүрбөй башталган өрт калайыкты чогулткан мүлкүнөн гана эмес, энеден баланы, жолдошунан ажардуу жарды көз ирмемде түбөлүккө ажыратып коё алат. Статистика боюнча алып карасак, жыл башынан бери Бишкек шаарында эле 206 өрт кырсыгы катталып, 9 адам каза таап, 18 адам оор жаракат алган. Тилсиз жоодон адамдарды өрт өчүрүү...
толугу менен
СТЮАРДЕССАЛАР- АСМАН КАРЛЫГАЧТАРЫ
№23100

Кесиптин түрлөрү көп. Айдоочу, актёр, мугалим, учкуч, стюардесса... Булардын ичинен стюардессалык кесипке келсек, өзүнүн жагымдуулугу, барктуулугу жагынан социологиялык сурамжылоолордо актрисалык, моделдик кесиптерди артка калтырат. Стюардесса дегенде эле көз алдыга аккуулардай койкоё тартып, тыкыйта үтүктөлгөн кийимчен, жүздөрүнөн күлкү тө­гүлгөн айымдар...

толугу менен
ӨГӨЙ АТАНЫН ӨЛҮМҮ
№23100

Жигит колдоруна тигиле карады. Колдору адам канына булганып калганын өзү гана билет. Аны эч качан жууп кетире албасын ойлоду. Эки колу менен башын мыкчый отуруп калды. «Бүттү! Мен мындан ары минтип чыдай албайм. Чындыкты айткан күндө деле баары бир апам мени кечирбейт. Андан көрө апамдын көзүнө ак боюнча калганым жакшы. Эч ким билбеши керек. Болбосо өз кылган күнөөмдү өз каным менен...

толугу менен
ТАШТАНДЫ ТЫТЫП ЖАН БАГУУГА БОЛОБУ?
№22900


Жол жээгине коюлган таштанды челектердеги акыр-чикирлерди чукуган адамдардын көбөйүшү калаабызда кадимки көрүнүшкө айланып баратат. Мындан 15-20 жыл илгери Бишкек союз ичиндеги жашыл, таза шаарлардын бири болуп саналаар эле. Союз тараган соң жол жээктей агала болуп чачылып жаткан таштандылар башкалаабыздын баягы атагын жокко чыгарып, көркүн да бузуп салды. Ал эми шаардын сыртында...


толугу менен
НООРУЗ БИЗГЕ КАНДАЙ ЖЫЛДЫ АЛЫП КЕЛЕТ?
№22800
Миңдеген жылдардын ашуусун ашып келе жаткан Нооруз майрамы 21-мартта жергебизге кирип келгени турат. Жаңы тилек, жаңы үмүт жараткан бул майрамдын таржымалынын көпчүлүк эл биле элек жагына бир аз токтолуп кетсек.21-мартта жазгы күн-түн теңелүү болот. Ошондон улам 21-март жаздын биринчи күнү катары эсептелет. Жаратылыштын мына...
толугу менен
МАФИЯ КАЙДАН ЖАРАЛГАН?
№22800
Мафиянын жаралыш тарыхы тээ орто кылымдарга барып такалат. Тагыраак айтканда, 1282-жылы фран­цуз баскынчыларына каршы Сицилия эли куралдуу көтөрү­лүшкө чыккан. Мына ошол көтө­рүлүштө “Morete alla Francia, Italia anela” – «Франция өлсүн, Италия эркин дем алсын» деген ураан пайда болгон. Аталган ураандын баш тамгалары «мафия» деген сөздү бириктирет. Чамасы, кийинчерээк Италияда уюшулган кылмыштуу топтор бийликке жана дыйкандарга таасир этиш үчүн ушул ураандын алдында...
толугу менен
«ФОРМАЧАНДАРДЫН» КАДЫРЫН БИЛГЕНДЕЙ БОЛДУМ
№22800
Көчөдөн «кызыл шапкечен» кызматкерди көргөндө көпчүлүгүбүздө жагымсыз реакция пайда болот. Бир даарыбыз аларды байкамаксанга салып өтүүгө аракет кылабыз. Чындыгында жалпыбыздын аң-сезимибизге сиңип калгандай, участкалык милиционер элдин үрөйүн учура кооптондурган, жөн шылтоо менен коркутуп-үркүткөн адам эмес, жарандардын укугун коргоп, бейпилдигин сактоочу кызматкер болуусу шарт. Биз ушинтип кадырлабай жүргөн участкалык...
толугу менен
ТӨРТ АЯЛ АЛУУНУН ТӨРТ СЕБЕБИ
№22702

Кыргызстандагы кылмыш-жаза кодексинин 153-статьясында “эки же андан көп аял алгандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат” деген жобо бар. Бирок, сот өкүлдөрү бул статья менен практикада эч кимди эркинен ажыратып көрө электигин айтышат. Негизи, көп аял алуу маселеси учур-учуру менен актуалдуу маселеге айланып келет. Эми бул маселе кайрадан козголуп, коомчулуктун бүйүрүн кызытып, түрдүү...

толугу менен
АБАЛЫҢ КАНДАЙ «ТЕЗ ЖАРДАМ»
№22710
«Биринчи байлык – ден соолук» демекчи, оору-сыркоо ар бир адамдын башында бар. Кокус жакындарыбыздын бири сыркоолоп калса, сөзсүз «тез жардам» кызматына кайрылабыз. Алар бир аз кечигип калса тилденебиз, жинденебиз... Бирок, «тез жардам» кызматкерлери кандай шартта, кандай абалда иштеп жатканына, канча маяна алаарына кызыгып көрдүңүз беле? Албетте, бизге жардам керек болсо гана кайрылып, калган учурда алар жөнүндө ойлонбосок да керек. Эмесе, келиңиз...
толугу менен
ПРЕЗИДЕНТТЕРДИН АЙЛЫГЫ КАНЧА?
№22400
КЫРГЫЗСТАНДЫКЫ...
2005-жылдагы көрсөткүч боюнча, Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин бир жылдык маянасы 279 миң 548 сомду түз­гөн. Бизге мамлекет башчынын басма сөз кызматынын жетекчиси Досаалы Эсеналиев билдиргендей, президенттин өт­көн жылдагы бир айлык маянасынын өл­чөмү жана жыл ичиндеги маянасынын жалпы суммасы канчага жеткени жакында март айында өткөрүлө турган киреше тууралуу декларациядан кийин белгилүү болот.

толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 6 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 6) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
23792;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: