ДУБАЙ - КЕЛЕЧЕКТИ ЖАШАП ЖАТКАН ШААР
№33600
Туристтерди оригиналдуу жайлары менен тарткан, ишкер адамдарды ири бизнес-борборлорунда чогулткан жана секунд сайын гүлдөп келаткан шаарга чогуу сапар тарталы.
толугу менен
КЫРГЫЗ ТАЙГАНЫ ТАЗ ЖОРУДАН ЖАРАЛГАНБЫ?
№33500
Таза кандуу кыргыз тайганы тоо-ташта чуркоо боюнча алдына эч бир жандык чыгарбаган күлүк ит . Күлүктүгүнөн да анын алгырлыгы биз үчүн мактанаарлык. Кыргыз элинин маңдайына жазылган табылга катары каралган тайгандарды учурда аздектеп баалагандар жок эмес.
толугу менен
Шампан
№32102
Шампандын бөтөлкөсүн бекем кармап, капкагын кысып турган зымды бошотуп жатканда мына-мына атылат деп күтөсүздөр. Анан жарылган көбүктөрдүн шуулдаган үнү менен бокалдарга куюлган алтын түстүү ичимдиктин даамын татууга шашасыз. Башка шараптардын арасында өзгөчө барктуу болгон шампан тууралуу сөз кылсак кантет?..
толугу менен
МЕККЕ
№31910
Жыл сайын араб календары боюнча Зуль-Хиджа айында (быйыл ноябрь-декабрь айларына туш келген) дүйнө жүзүндөгү миллиондогон мусулмандар бир жерде чогулат. Ал – Сауд Арабстандагы Мекке шаары. Мусулмандардын жүзү бурулган Кааба турган жер, Алланын элчиси пайгамбарыбыз Мухаммеддин (САВ) мекени Мекке туу­ралуу макала төмөндө...
толугу менен
АРМАНДА ЖҮРГӨН ЖАЛГЫЗ АК КУУ
№31800
Кыргызстанда зоопарк биринчи жолу 1987-жылы Каракол шаарында түзүлгөн. Уюшула баштаганда эле Советтер Союзуна кирген республикалардан ар түрдүү жаныбарлар алынып келинген. Көп өтпөстөн союз тарап, аны менен кошо зоопарк да каралбай, жаныбарлар четинен кырылып, жоголо баштаган. Калкты кыйнаган 90-жылдар өткөн соң, кыйрап бараткан зоопаркты кайра калыбына келтирүү иштери башталган.
толугу менен
СУЛАЙМАН ТОО– КАСИЕТТҮҮ ТОО
№31700
Сулайман тоонун ыйыктыгы, жашыруун сыры ушул мезгилге чейин адамдарды таң калтырып келет. Тоого чыккан адам анын касиеттүү экендигине ынанып, Азия чөлкөмүндө бекеринен “экинчи Мекке” деп аталып жүрбөгөндүгүн туят. Бүгүн биз дал ушул ыйык тоо тууралуу кеп сапарын улайбыз.
толугу менен
БРИЛЛИАНТ АСЫЛ ТАШТАРДЫН ПАДЫШАСЫ
№30600
Бриллиант деген эмне? Бриллиант (французчадан “brillant” – “жалтырак”) – катуу алмаздын тунук түрүнөн жасалган баалуу зер буюм. Ал табигый жалтырак түсү жана белгилүү бир түрдө өгөөлөнүп-жылмакайланган геометриялык формасы менен айырмаланат. Бриллиант жарык нурду эки жолу “сындыруу” сапатына ээ, башкача айтканда, ага түшкөн нурду өзүнүн ичинде эки жолу толук чагылдыра алат.
толугу менен
АЛАТОО УЛАМЫШТАРЫ, ЫЙЫК БУЛАКТАРГА БАЙ МАНЖЫЛАТА
№30500
Ысыккөлдүн Тоң аймагы пансионаттары менен гана эмес, ыйык булактары көп Манжылыата менен да даңктуу. Мында көчмөн кыргыздарга ислам динин жайылткан суфизмдин (исламдын бир агымы) окутуучусу Манжылыатанын мазары бар. Антсе да, Манжылыата дегенди кененирээк мааниде, ошол өрөөндөгү «жер-сууну, мал-жанды, жол жүргөндөрдү колдоочу» деп түшүнүү орун алган.
толугу менен
Планетабыздын жаңы рекорддору
№30300
АКШ жана Англиянын өкүлдөрүн бириктирген Улуттук географтар ассоциациясы дүйнөлүк географиялык ...
толугу менен
КОСМОСТУК ТУРИЗМ
№29000
“Жер планетасынын жашоочулары! Жерди сырттан көргүңүз келсе, космоско бир жумалык жолдомо алыңыз. 6 айлык...
толугу менен
ОЙГО КЕЛБЕС ӨЛҮМДӨР
№28212
Картайып же оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышкан адамдарды узатуу – адатта ый-муң менен коштолчу...
толугу менен
ТАҢКАЛЫШУУ МЫЙЗАМДАР
№27800
Англиялык “The Times” гезити тажрыйбалуу юристтердин кеңештерин колдонуп, дүйнө өлкөлөрүндө расмий түрдө кабыл алынган эң таңкалыштуу мыйзамдардын тизмесин түзгөн. Мисалы, Францияда торопойлорду Наполеон деп атоого же АКШнын Огайо штатында балыктарды арак берип мас кылууга катуу тыюу салынган. Эмесе, саны 300гө жакын таңкалыштуу мыйзамдардын толук эмес тизмесине көз чаптырсак...
толугу менен
ЖАҢЫ ЖЫЛ ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ
№26800

Ар кайсы өлкөнүн өзүнүн Аяз Атасы бар: Швецияда –
Юль Томтен, Англияда – Фазер Крисмас, Финляндияда – Жулупукки, Кытайда – Дун Че Лао Рен, Италияда – Ла Бефана, Түркияда – Ноэль баба, Америкада – Санта Клаус. Ошондой эле ар бир өлкө Жаңы Жылды өзгөчө тосуп алат.

толугу менен
ӨЛГӨНДӨН КИЙИН...
№25712

Австриялык Георг Треммель менен жапониялык Сихо Фукухара – Лондон искусство колледжинин окуучулары. Жаш окумуштуулар дүйнөдөн кайткан адамдардын ДНКсынан (дезоксирибонуклеиндик кислота) алма дарагын өстүрүп көрүүнү сунушташкан. Алардын негизги идеясы: күмбөздөр жансыз болушат, ал эми жашоонун символу болгон алма дарагы жакындарын жоготкондорду соорото алат.

толугу менен
ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ КЫМБАТ РЕСТОРАНДАР
№25500
ГЕРМАНИЯДАГЫ РОБОТ-РЕСТОРАН
Германиянын Нюрнберг шаарында жер шарындагы эң биринчи толук автоматташтырылган ресторан ачылды. Бул ресторанда бир дагы официант жок. Кардарларды электрондук система тейлейт. “Баггерс” ресторанында кардарлар сенсордук меню аркылуу тамак тандашат. Бул – ар бир столго бекитилген электрондук...

толугу менен
ГЛАДИАТОРЛОР-«АЖАЛДЫ ООЗДУКТООЧУЛАР»
№25110
Талуу жерге сокку жеп жайрап калуу бул – кан майдандагы кадимки көрүнүш. Азуусун айга бүлөй ач кылычын сүйрөгөн ажал майдандагы ар бир эр жигитти тооруп, курмандыгын күтүп ту­­раа­р­ эле. Амфитеатрда уу-дуу, кыйкырык-сүрөөн... Майдандагылардын оюнда бир гана нерсе... Аман калуу...
Байыркы римдиктердин бүйүрүн кызытып, популярдуулуктун туу чокусуна жеткен гладиатордук оюндардан өтө кеткен жапайы, аёосуз жырт­кыч оюнду адамзаты азырынча ойлоп таба элек. Табылган күндө да гумандуу заманыбыз мындай оюнга жол бербейт.

толугу менен
ТАБЫШМАКТУУ УРУУЛАР
№24810

Сырдуу дүйнөнүн сыры ачылып бүтпөйт го... Өз ыктыярлары менен цивилизациядан толук баш тартып, байыркы каада-салтын сактап, бүгүнкү күнгө чейин жеткирген жапайы уруулар – дүйнөнүн ачыла элек сырларынын бири. Бир планетада, бир заманда чогуу жашайбыз, бирок, табышмактуу адамдар тууралуу көп нерсени билбейбиз. А балким, алардын сырын ачууга жанталашпай тим койгонубуз туурадыр?! Ошол укмуштуу уруулар тууралуу төмөнкү макаланы сунуштайбыз...

толугу менен
ДҮЙНӨНҮН ЖАҢЫ 7 КЕРЕМЕТИ
№24730

Байыркы дүйнө кереметтеринин ичинен бүгүнкү күнгө чейин жалгыз гана Мисирдеги Хеопс пирамидасы сакталып калганы өкүнүчтүү. Ошол себептен швейцариялык саякатчы, изилдөөчү жана кинематограф Бернард Вебер дүйнө кереметтеринин тизмесин жаңыртууну сунуш кылган. Жаңы 7 кереметти тандоо жолу жөнөкөй: жер шарынын ар бир жашоочусу интернет же телефон аркылуу эң татыктуу тарыхый жайларга, имараттарга өз добуштарын берүүгө укугу бар эле. Бүткүл дүйнөлүк добуш берүү 2001-жылдан тартып үстүбүздөгү...

толугу менен
УКМУШТУУ ИМАРАТТАР
№24500
Жер планетасы мындан 4 миң 600 миллион жыл мурун жаралган. Жердеги жашоо 3 миң 500 миллион жыл мурун пайда болгон. Ал эми алгачкы имараттарчы? Цивилизация өнүккөндөн бери Жер шарыбыздын бетине эмнелер гана курулуп, канчалаган шаарлар тургузулбады экен? Балким, алардын башаты тээ адам баласы жашаган үңкүрлөрдүр? Алардын бетине тартылган сүрөттөр болсо азыркы заманбап тил менен “дизайн” деп аталган...
толугу менен
ААЛАМДАГЫ ӨЗГӨЧӨ ЖАҢЫЛЫКТАР
№24400

КАНАТ ӨСҮП ЖАТКАН МЫШЫК
Кытайдын Сяньян шаарындагы бир үйбүлөнүн сүйүктүү мышыгына канат өсүүдө. Азыр канатынын узундугу 10 сантиметрге жакын. Мышыктын кожойкесинин айтканына кулак салсак, алгач канаттардын ордунда эки дөмпөк­чө пайда болуп, анан чоңоё баштаган. Эки айдан кийин дөмпөкчө­лөр канаттарга айланган. Кожойкенин пикиринде, канатчан мышыгы “мышык-периштеге” окшошот. Мындай шумдуктуу мышыкты текшерген эксперттер “канаттын чыгышы...

толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
23087;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: