Архив
897   898   899  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КЫРГЫЗ КЫЗЫ ТҮРК ЖИГИТИНЕН КОРДУК КӨРҮҮДӨ

№448 3-9-июнь, 2011-жыл


Редакциябызга акыйкат издеп, жардам сурап келген окурмандар көп. Бүгүн түрк жигитинен запкы жеген Чолпон Орузбаева аттуу кыргыз кызынын башынан өткөн жагымсыз окуя тууралуу кеп козгомокчубуз. “Бизде качан адилеттик орнойт? Канчага чейин башка улуттун өкүлдөрү кыргыз кыздарын кордоп жүрө беришет?”- деп кеп баштады ал.

“ЛИФТТЕ ЗОРДУКТАМАКЧЫ БОЛДУ”
– Мен Бишкек шаарындагы Абдрахманов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Вефа” соода борборунун 1-кабатындагы “Бета-Сторес-3” дүкөнүнүн кондитердик бөлүмүндө иштейм. 2011-жылдын 16-апрелинде таңкы саат сегиздерде жумушта иштеп жатсам, ушул эле жерде технолог болуп иштеген Гюнеш Йылмаз (36 жашта, Түркиянын жараны) аттуу жигит келип урушуп кирди. Анын ою боюнча, мен эскирип кеткен баклаваны (кондитердик азык) сатышым керек экен.
“Эски товарларды сата албасаң, жогол бул жерден” деп коркута баштады. Мен “кетпейм, кетсем, директор келгенде гана аны менен сүйлөшүп, анан кетем. Маркеттин директору жаңы товарларды гана саткыла деп айткан” деген жооп кайтардым. “Эмнеге менин сөзүмдү укпайсың?! Сен эскини да сатышың керек!” деп айтып, жаак талаштыра чаап жиберди. Мен түшүнбөй эле калдым, “эмнеге мени чабасың?!” дегиче эле дагы бир жолу чаап жиберди. Колумду толгоп, ичке тепти. Анан лифтти көздөй сүйрөп, ал жактан күч колдонуп зордуктоого аракет жасады. Мен андан араң качып кутулдум да, коопсуздук кызматкерлерине арыздандым. Алар ортобузга түшүп арачалап калышты.
Андан кийин маркетинг боюнча директор Өзгүр, коопсуздук кызматынын башчысы Саид келип, болгон окуяны уккандан кийин да Гюнеш Йылмазга карата эч кандай чара көрбөй, кабинеттерине кирип кетишти. Бир гана коопсуздук кызматынын башчысы келип, “ордуңа барып иштей бер” деди.

“ООРУКАНАГА БАРБАЙ ЭЛЕ АСПИРИН ИЧИП АЛ”
– Жаным кашайып, ошол жерден милицияга телефон чалдым, алар 10-15 мүнөттөн кийин жетип келишти. Милиция кызматкерлери Гюнеш экөөбүздү Биринчи Май РИИБинин №7-шаардык бөлүмүнө алып барышты. Ал жерден мени кантип сабагандыгы тууралуу арыз жазып бердим. Гюнеш Йылмаз “Бета-Сторес” соода тармагынын башкы директорунун орун басары Салих Ердогдурга телефон чалды.
Бир аз убакыттан кийин жетип келген орун басар №7-шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан деген менен мурунтан тааныш экен, экөө кучакташып учурашты. Нурлан “бул ишти мен өзүм карайм” деп жазган арызды алды да, экөө кабинетине кирип сүйлөшүп чыгышты. Мени да кабинетине чакырып: “Чолпон, бетиңдин шишигени эле болбосо, жараатың жеңил эле көрүнөт. Зордуктабаптыр деле, андан көрө кечиришип, ордуңа барып иштей бербейсиңби? Азыр биздин жумуш аябай көп. Бул ишти караганга башкалардын убакыты жок. Башка бөлүмгө кайрылсаң, сенин ишиңди эч ким карабайт”,- деди.
Ошентип, айласыздан арызымды кайра алдым да, жумуш ордума жөнөдүм. Жумушка барсам, түрктөр “сен эмнеге милицияга бардың? Бизди уят кылдың, эми бул жерде иштебейсиң” деп коркута башташты. Директор болсо “азырынча иштеп тур, анан көрөбүз” деп койду. Бир убакта дене табым көтөрүлүп, башым айланып, өзүмдү жаман сезе баштадым. Анан директорго кайрылып, “ооруканага барышым керек” десем, ал “үйүңө эле барып жат. Анальгин, аспирин ичсең, жакшы болуп кетесиң. Ооруканага барбай эле кой. Бүгүн эс ала бер, жумушка эртең келсең болот” деп уруксат берди.
Мен ошол эле №7-шаардык милиция бөлүмүнө барып кайра арыз жаздым да, үйгө кеттим. Кечки саат алтылардан өтүп калганда ичим аябай ооруп, тура албай калдым. Эжеме телефон чалсам, ал мени Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борборго алып барды.

“БАШТЫ ООРУТПАЙ ЧЫГЫП КЕТ!”
– Ал жактан дарыгерлер текшерип көрүшүп, “ичегиң айрылып, ичиңе кан уюп калыптыр” деген диагноз кошту. Көрсө, Гюнеш ичегимди жара тепкен экен, дароо эле операция жасашты. Ооруканада 17 күн дарыланып жаттым. Бул арада түрктөр да, тергөөчү да бир жолу келип, абалымды сураганга жарашпады. Биринчи Май райондук соту тергөө бүткүчө Гюнешти эки айга СИЗОдо камап турууга чечим чыгарыптыр. Бирок мен ооруканадан чыккандан үч күн мурун аны Бишкек шаардык соту бошотуп жиберген экен. Ооруканада жаткандагы кагазымды да делого тиркебептир.
Тимур Маржанов деген тер­гөөчүдөн эч кандай тергөө жүргүзбөй туруп эмнеге аны чыгарып жибергенин сурасам, “мен билбейм, барып прокуратурадан сурап ал” деп койду. Прокуратурадан райондук сотко, райондук соттон шаардык сотко жиберишти. Шаардык соттогу Нарымбаева деген судьяга жолуксам, “сен эмнеге келдиң? Сенин ишиң качан эле жабылган. Бар, башымды оорутпай чыгып кет” деди. Мага соттун кандай өткөндүгүн да айтпай койду. Ал жактан чыккандан кийин кимге барарымды да билбей калдым.

“МУРУН ДА БИР НЕЧЕ ЖОЛУ МЕЙМАНКАНАГА ЧАКЫРГАН”
Чолпон кебинин аягында Гюнеш ага башынан эле тийишип келгенин, андан башка дагы далай кыздар кыйналып жүргөнүн кейип айтып отурду.
– Гюнештин мага көңүлү мурун эле бузулуп жүргөн. Бир нече жолу мени кафеге, мейманканага чакырган. Мен аны кагып койгонмун. Жашырганда эмне, алар менден башка кыздарга да тийишип, кор кылышат. Арасында зордукталгандары да бар, алар кимге арызданышты да билишпейт. Мүмкүн, “арыздансам, жумушумдан куру калам же ден соолугума коркунуч келет” деп коркушат чыгар.
Кыргыз кыздарынын Кыргызстанда жашаган түрктөрдөн көргөн кордуктары адам эмес, ат көтөрө алгыс болуп калды. Бийликтегилер качан намысына келишет? Чыркырап чыкканы мен, а дагы деле кордук көрүп жүргөндөрү канча? Эртеңки күнү эле чоңдордун кыздары, жээн-карындаштары мендей болуп чет элдиктерден запкы жеши мүмкүн. Пулуң болсо, кулуңмун болбогула. Биздин мыйзам бизге каршы иштесе, анда илгеркидей сот кылышыбыз керекпи, таш бараңга алып? Муну күйгөнүмдөн айтып жатам.
Кайдигерликке салып, мени кордогон адамды коё беришсе, башкалары “боло берет турбайбы” деп ачык эле мууздап коюудан баш тартышпайт. Булар күнөө кылып коюп, аны намаз окуп жууп коёбуз деп ойлошсо керек.

«ЙЫЛМАЗ АЗЫР ИШТЕБЕЙ КАЛГАН»
Гүнеш Йылмаздын өзүнө жолугуп, анын пикирин угуу үчүн “Бета-Сторес-3” дүкөнүнө бардык. Дүкөндүн кондитердик бөлүмүнүн башчысы Эля аттуу кыз чыгып: “Ошол окуядан кийин жетекчилик «биздин атыбызды булгап койдуң» деп Йылмазды иштен кетирип жиберишкен. Азыр анын кай жакта экенин билбейбиз”,- деп жооп берди.

СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА
Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Бишкек шаардык сотунун судьясы Нарымбаева Людмила Петровнага кайрылдык. Ал курамында болгон үч судья коллегиялык сот өткөрүп, Гюнеш Йылмазды үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алышкан экен. Сот процесси бүтө электигине байланыштуу Людмила айым комментарий берүүдөн баш тартты.
Мына, окурман, Чолпондун айтып бергендери, чынында, намыска тиет. Бул жерде бир эмес, бүтүндөй кыргыз кыздарынын укугу жана намысы тебеленип жатат. Кыргызстандын укук коргоо, сот системалары качанкыга чейин кыргыздардын укугун башка өлкөнүн жарандарына тебелетет?!

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(141)
06.06.2011. 09:42 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
24-05-2011
Соӊку аракети:
20-02-2018 15:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Бизде жашаган улуттар биздин жерибизди, элибизди сыйлабаса, аларга наалат. Бизде орун жок аларга! Чолпон сен алардан адилеттикти тапмайынча аягына чейин тур.
06.06.2011. 09:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
16-05-2011
Соӊку аракети:
23-06-2016 21:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Balik bashinan sasiyt bolup Kirgiz kizdardin ukugun korkoy albagandan kiyin sot bolup ishtegendin emne kilasinar! Akcha algandar kokosuna tigip olsun! Kirgizdarda namis dele kalbay kaldi , Akcha , dunuyoo bolso ele boldu, olup kalsan anin baari kalat ushul duynodo. Jok debese adam uuktarin jakshilap chechip koyushbaybi !!!!
06.06.2011. 09:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
583
Катталган:
16-05-2011
Соӊку аракети:
06-09-2016 10:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
ушундай окуядан кийин кантип кыргыз жигиттери чыдап тура аласынар, бул кыздай силердин карындаштарынар бар да туурабы, ошол Бета сторесс -3 барып туруп ошол турктордун мойнун толгоп жулуп ала турган мырза барбы аранарда, эркек болсом барып туруп таш баранга алаар элем, оз жерибизде эмне учун озубуз азап чегип башкалардан таяк жейбиз, ойгон намыстуу кыргыз жигити!!!
06.06.2011. 11:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
21-05-2007
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
0
озунор ойлосонор чоон атандай болгон турктун экинчи катыны болуп тийип атса кыргыз кыздар анан ойлойтда буларга баары бир турбайбы деп
тепмек турсун сумкана наша салыпда койушу мумкун
06.06.2011. 11:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
18-05-2011
Соӊку аракети:
17-10-2014 17:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында аябай акмакчылык кылыптыр. Бета - 3 то кыргыз балдар иштейби негизи? алар байкашчу эмес бекен? Жакшы тушунбой калдым ушу жагын. Бул окуяны ушу бойдон токтотуп салыш туура эмес. Керек болсо мамлекеттик денгээлде кийлигишип Бета фирмасын чон компенсацияга жыгыш керек, акмактар ошондо тушунушсун. Албетте мамлекетибиздин экономикасы кыйналып тургнда бизге коптогон инвесторлор керек, бирок мындай инвесторлордун кереги жок.
06.06.2011. 11:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
18-05-2011
Соӊку аракети:
17-10-2014 17:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Укук коргоочулар, козунорду чон ачкыла, силердин да кыздарынар, эже-карындаштарынар бар...
06.06.2011. 11:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
262
Катталган:
15-05-2011
Соӊку аракети:
13-10-2019 22:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабат
0
озбектер бутуп эми турктор коптубу?бизди геноцидде куноолобош учун,соттор акыйкат чечим чыгарып,тиешелуу жазасын бериш керек.а соттор бизде преступниктердин арам акчаларын жеп тыркыйып чочкодой семирип чалкалаап отурат,эмне болсон ошо бол деп.
06.06.2011. 12:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
04-11-2010
Соӊку аракети:
17-08-2011 13:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Upsalla, Sweden
0
Супер: "Кыргыздын мырзалары, качанга чейин аруу-заттарыбызды башка улуттарга кор кылдырып, тебелетебиз?!" Эми эмне бизге туркторду кыргыла дегени жатасынарбы? Бул "разборкага" кыргыздын мырзаларын тарткычанар, бийлик органдарына даттанууну которбойсунорбу артынан тушуп? Ошондой коз-карандысыз болум тузуп койсонор, ушундай улан-кыздарыбызга жардамынар тиймек! Эгер мындай провокацияны кыргыз мырзаларына жургузсонор анда баарына маалым окуя эмне менен аякташына!Оз башыбызча чыксак геноцидке айланат
06.06.2011. 12:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
584
Катталган:
17-03-2008
Соӊку аракети:
29-05-2017 09:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
UvE бул кайрылуу улут аралык от жагуу эмес, "мырзалар" деп ошо болуп турган кылмышты кашайып корбой жатышкан милиция кызматкерлерине кайрылуу. Жабырлануучу оз алдынча унун жеткире албаган экен, эми гезит аркылуу тиешелуу жерлерге уну жетсин деген аракетибиз.
06.06.2011. 12:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
28-05-2011
Соӊку аракети:
17-12-2012 11:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва-бишкек
0
Тиги судьянар орус болуп атпайбы,ушу иштей албагандар кеткилечи картайдынар,жаштар билими толук эместер деле иштеп кетет,силерден кыйын эле...
06.06.2011. 12:44 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
308
Катталган:
18-04-2011
Соӊку аракети:
14-12-2012 17:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек.
0
Милиция,прокуратура,соттордо жалан ач-жыланачтар иштешет! Адамдын убал-сообун уруп ойнобойт. Кылмыш жасаган тараптан олчойгон сумма алышып,жабырлануучунун кебете-кешпирин,ахывалын корот,байкайт"ай бул бечара ушул кебетеси м/н эмне кылып алат. Чуркап,чуркап калып калат"дегендей мамиле кылып ишти жаап салышат! Тапкан арам акча м/н уй-булоосун багат,толгон-токой жыртыгын жамайт! Бул окуя болуп аларда майрам болуп жаткан турбайбы,курсактары тоюп! Мыйзамды мына ушулар оздору бузушат! НАМЫСЫТАРЫ жок!
06.06.2011. 13:14 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
308
Катталган:
18-04-2011
Соӊку аракети:
14-12-2012 17:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек.
0
Кыргызстанда мыйзам катуу иштебегендигинин кесепетинен башка улуттун адамдары бизде кутуруп кана ээн эркин журушот! Керек болсо оз олкосундо да мындай кутура алышпайт! Анткени аларда пара алуу деген жок! Мыйзамдары катуу иштейт. Бизде "пулун болсо кулунмун." Чолпон сен бул ишти жакшы карабай,жаап койгон адамдардын устунон иш козгот. Качырып жиберген жексурду оздору таап келишет! Озуно ден-соолук,ийгилик каалайм!
06.06.2011. 13:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
21-12-2010
Соӊку аракети:
03-06-2012 18:21
Жынысы:
Белгисиз
0
lider kg ayitmakchy keebir gog meeler bar turktor menen jurbalgan namysyn chydabayi e oyilon desen senin ish emne deyit seniki oorup ataby dep baardygy akcha uchun menterda turktor menen mushtashsan seni karmayit ichti kuyidurup
06.06.2011. 14:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
25-05-2011
Соӊку аракети:
29-04-2013 22:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин чондорубуздун ач коздугунон ушул болуп жатат.
намысы жок, милициянын озу да бир куну болбосо бир куну кордук коротю
06.06.2011. 14:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
18-05-2011
Соӊку аракети:
17-10-2014 17:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Сураштырганыма караганда Бетадан жумуштан чыгып калуудан корко тургандай, жарытып деле айлык бербейт экен. 8000-10000 тегерегинде эле экен. Билбейм может шабашка кылып жашашабы. Кыскасы Чолпон азаматсын, эгер чогуу иштегендериндин баары сендей тайманбас болушканда турктор эчак эле бир жерлерин кысып журушмок. Арыздануудан, оз укугунду коргоодон эч качан тартынбаш керек.
06.06.2011. 14:40 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
298
Катталган:
26-05-2011
Соӊку аракети:
07-12-2012 23:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Кунажын көзүн кыспаса,бука жибин үзбөйт эмеспи!!!Өзүбүздүн кыздарда да бар күнөө,тез эле алданып кетишет башка улуттардын акчасына кызыгып бирок сотторубуз деле алданып жатпайбы акчага!!!Бул эжеге кыйын болуптур.эмне демекмин ден соолук каалайм.
06.06.2011. 15:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
20-12-2008
Соӊку аракети:
29-05-2013 02:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 3-4 жыл мурун бир тааныш кызга жолугуп калсам, жанында бир турк бар экен. Ал мени туркчо билбейт деп, кызга бул ким деген жигит, анан тигил бул деп кыйкырып баштады. Мен жиним келип, сен кимсин деп туркчо суйлосом, сага эмне жок деп жулунду. Ошондо баса калып токмоктодум эле, эстен кетпес. Бети башы кан болуп, азыр братва чыкырам деп, бироолорго звонтетти. Кыргыз байкелер машина менен учуп келишти да, мени жакалап калышты. Аларга болгонун болгондой айтсам, тигил туркту кайра согуп коюшту.
06.06.2011. 15:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
06-06-2011
Соӊку аракети:
09-02-2013 12:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Унчукпай калган туурамес. Бугун бул кызга тийсе эртең сенин өз карындашыңа тиет. Бул жактагы түрктөр Туркиядан келен инвестор эмес, отходтору. Барбы мага кошулуп ошолордун өпкөсүн үзө турчу эр азаматтардан? Өкмөткө айтып убара болуп кереги жок, ТВга чыкса эл аралык конфликт деп кайра басып салат. Андан көрө милициадан тааныш табыш керек, токтоктогондон кийин ошолордой болуп коркпой чыгып кеткенге соттолбой
06.06.2011. 15:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
11-11-2010
Соӊку аракети:
22-08-2012 04:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Супер. Сиздерде болсо Чолпондун телефон номерин бере аласыздарбы. Кутурган Туркторду кууп чыга албасам да бир жерин кыстырганга кучум жетет. Иликтоо иштерин жургузуп, маселени аягына чейин чечуу керек. 312 39-20-64.
06.06.2011. 16:16 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
308
Катталган:
18-04-2011
Соӊку аракети:
14-12-2012 17:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек.
0
Салих Ердогдур менен кучакташып учурашкан Нурлан деген эргул милиционер Чолпондун ахывалын тушунгусу да келбегендей.Кайра Чолпонду далыга чаап алдап,Салихке барып башканы айтып чонтогунду томпойткондурсун!Аш болбосун!Качандыр бир кезде сенин кызын же эже-карындашын туркторго жем болгондо тушуноорсун Чолпондун ахывалын!
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23533;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: