Архив
897   898   899  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КЫРГЫЗ КЫЗЫ ТҮРК ЖИГИТИНЕН КОРДУК КӨРҮҮДӨ

№448 3-9-июнь, 2011-жыл


Редакциябызга акыйкат издеп, жардам сурап келген окурмандар көп. Бүгүн түрк жигитинен запкы жеген Чолпон Орузбаева аттуу кыргыз кызынын башынан өткөн жагымсыз окуя тууралуу кеп козгомокчубуз. “Бизде качан адилеттик орнойт? Канчага чейин башка улуттун өкүлдөрү кыргыз кыздарын кордоп жүрө беришет?”- деп кеп баштады ал.

“ЛИФТТЕ ЗОРДУКТАМАКЧЫ БОЛДУ”
– Мен Бишкек шаарындагы Абдрахманов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Вефа” соода борборунун 1-кабатындагы “Бета-Сторес-3” дүкөнүнүн кондитердик бөлүмүндө иштейм. 2011-жылдын 16-апрелинде таңкы саат сегиздерде жумушта иштеп жатсам, ушул эле жерде технолог болуп иштеген Гюнеш Йылмаз (36 жашта, Түркиянын жараны) аттуу жигит келип урушуп кирди. Анын ою боюнча, мен эскирип кеткен баклаваны (кондитердик азык) сатышым керек экен.
“Эски товарларды сата албасаң, жогол бул жерден” деп коркута баштады. Мен “кетпейм, кетсем, директор келгенде гана аны менен сүйлөшүп, анан кетем. Маркеттин директору жаңы товарларды гана саткыла деп айткан” деген жооп кайтардым. “Эмнеге менин сөзүмдү укпайсың?! Сен эскини да сатышың керек!” деп айтып, жаак талаштыра чаап жиберди. Мен түшүнбөй эле калдым, “эмнеге мени чабасың?!” дегиче эле дагы бир жолу чаап жиберди. Колумду толгоп, ичке тепти. Анан лифтти көздөй сүйрөп, ал жактан күч колдонуп зордуктоого аракет жасады. Мен андан араң качып кутулдум да, коопсуздук кызматкерлерине арыздандым. Алар ортобузга түшүп арачалап калышты.
Андан кийин маркетинг боюнча директор Өзгүр, коопсуздук кызматынын башчысы Саид келип, болгон окуяны уккандан кийин да Гюнеш Йылмазга карата эч кандай чара көрбөй, кабинеттерине кирип кетишти. Бир гана коопсуздук кызматынын башчысы келип, “ордуңа барып иштей бер” деди.

“ООРУКАНАГА БАРБАЙ ЭЛЕ АСПИРИН ИЧИП АЛ”
– Жаным кашайып, ошол жерден милицияга телефон чалдым, алар 10-15 мүнөттөн кийин жетип келишти. Милиция кызматкерлери Гюнеш экөөбүздү Биринчи Май РИИБинин №7-шаардык бөлүмүнө алып барышты. Ал жерден мени кантип сабагандыгы тууралуу арыз жазып бердим. Гюнеш Йылмаз “Бета-Сторес” соода тармагынын башкы директорунун орун басары Салих Ердогдурга телефон чалды.
Бир аз убакыттан кийин жетип келген орун басар №7-шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан деген менен мурунтан тааныш экен, экөө кучакташып учурашты. Нурлан “бул ишти мен өзүм карайм” деп жазган арызды алды да, экөө кабинетине кирип сүйлөшүп чыгышты. Мени да кабинетине чакырып: “Чолпон, бетиңдин шишигени эле болбосо, жараатың жеңил эле көрүнөт. Зордуктабаптыр деле, андан көрө кечиришип, ордуңа барып иштей бербейсиңби? Азыр биздин жумуш аябай көп. Бул ишти караганга башкалардын убакыты жок. Башка бөлүмгө кайрылсаң, сенин ишиңди эч ким карабайт”,- деди.
Ошентип, айласыздан арызымды кайра алдым да, жумуш ордума жөнөдүм. Жумушка барсам, түрктөр “сен эмнеге милицияга бардың? Бизди уят кылдың, эми бул жерде иштебейсиң” деп коркута башташты. Директор болсо “азырынча иштеп тур, анан көрөбүз” деп койду. Бир убакта дене табым көтөрүлүп, башым айланып, өзүмдү жаман сезе баштадым. Анан директорго кайрылып, “ооруканага барышым керек” десем, ал “үйүңө эле барып жат. Анальгин, аспирин ичсең, жакшы болуп кетесиң. Ооруканага барбай эле кой. Бүгүн эс ала бер, жумушка эртең келсең болот” деп уруксат берди.
Мен ошол эле №7-шаардык милиция бөлүмүнө барып кайра арыз жаздым да, үйгө кеттим. Кечки саат алтылардан өтүп калганда ичим аябай ооруп, тура албай калдым. Эжеме телефон чалсам, ал мени Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борборго алып барды.

“БАШТЫ ООРУТПАЙ ЧЫГЫП КЕТ!”
– Ал жактан дарыгерлер текшерип көрүшүп, “ичегиң айрылып, ичиңе кан уюп калыптыр” деген диагноз кошту. Көрсө, Гюнеш ичегимди жара тепкен экен, дароо эле операция жасашты. Ооруканада 17 күн дарыланып жаттым. Бул арада түрктөр да, тергөөчү да бир жолу келип, абалымды сураганга жарашпады. Биринчи Май райондук соту тергөө бүткүчө Гюнешти эки айга СИЗОдо камап турууга чечим чыгарыптыр. Бирок мен ооруканадан чыккандан үч күн мурун аны Бишкек шаардык соту бошотуп жиберген экен. Ооруканада жаткандагы кагазымды да делого тиркебептир.
Тимур Маржанов деген тер­гөөчүдөн эч кандай тергөө жүргүзбөй туруп эмнеге аны чыгарып жибергенин сурасам, “мен билбейм, барып прокуратурадан сурап ал” деп койду. Прокуратурадан райондук сотко, райондук соттон шаардык сотко жиберишти. Шаардык соттогу Нарымбаева деген судьяга жолуксам, “сен эмнеге келдиң? Сенин ишиң качан эле жабылган. Бар, башымды оорутпай чыгып кет” деди. Мага соттун кандай өткөндүгүн да айтпай койду. Ал жактан чыккандан кийин кимге барарымды да билбей калдым.

“МУРУН ДА БИР НЕЧЕ ЖОЛУ МЕЙМАНКАНАГА ЧАКЫРГАН”
Чолпон кебинин аягында Гюнеш ага башынан эле тийишип келгенин, андан башка дагы далай кыздар кыйналып жүргөнүн кейип айтып отурду.
– Гюнештин мага көңүлү мурун эле бузулуп жүргөн. Бир нече жолу мени кафеге, мейманканага чакырган. Мен аны кагып койгонмун. Жашырганда эмне, алар менден башка кыздарга да тийишип, кор кылышат. Арасында зордукталгандары да бар, алар кимге арызданышты да билишпейт. Мүмкүн, “арыздансам, жумушумдан куру калам же ден соолугума коркунуч келет” деп коркушат чыгар.
Кыргыз кыздарынын Кыргызстанда жашаган түрктөрдөн көргөн кордуктары адам эмес, ат көтөрө алгыс болуп калды. Бийликтегилер качан намысына келишет? Чыркырап чыкканы мен, а дагы деле кордук көрүп жүргөндөрү канча? Эртеңки күнү эле чоңдордун кыздары, жээн-карындаштары мендей болуп чет элдиктерден запкы жеши мүмкүн. Пулуң болсо, кулуңмун болбогула. Биздин мыйзам бизге каршы иштесе, анда илгеркидей сот кылышыбыз керекпи, таш бараңга алып? Муну күйгөнүмдөн айтып жатам.
Кайдигерликке салып, мени кордогон адамды коё беришсе, башкалары “боло берет турбайбы” деп ачык эле мууздап коюудан баш тартышпайт. Булар күнөө кылып коюп, аны намаз окуп жууп коёбуз деп ойлошсо керек.

«ЙЫЛМАЗ АЗЫР ИШТЕБЕЙ КАЛГАН»
Гүнеш Йылмаздын өзүнө жолугуп, анын пикирин угуу үчүн “Бета-Сторес-3” дүкөнүнө бардык. Дүкөндүн кондитердик бөлүмүнүн башчысы Эля аттуу кыз чыгып: “Ошол окуядан кийин жетекчилик «биздин атыбызды булгап койдуң» деп Йылмазды иштен кетирип жиберишкен. Азыр анын кай жакта экенин билбейбиз”,- деп жооп берди.

СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА
Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Бишкек шаардык сотунун судьясы Нарымбаева Людмила Петровнага кайрылдык. Ал курамында болгон үч судья коллегиялык сот өткөрүп, Гюнеш Йылмазды үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алышкан экен. Сот процесси бүтө электигине байланыштуу Людмила айым комментарий берүүдөн баш тартты.
Мына, окурман, Чолпондун айтып бергендери, чынында, намыска тиет. Бул жерде бир эмес, бүтүндөй кыргыз кыздарынын укугу жана намысы тебеленип жатат. Кыргызстандын укук коргоо, сот системалары качанкыга чейин кыргыздардын укугун башка өлкөнүн жарандарына тебелетет?!

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(141)
07.06.2011. 15:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
24-05-2011
Соӊку аракети:
10-10-2013 14:23
Жынысы:
Белгисиз
0
bul kyz kandai bolgon uchurda da Turktor kyrgyz kyzdaryn urganga kandai akysy bar ozdorunun ayaldaryn kordogonu azby? Kyrgyz baldar jardam berse bolmok Kyrgyz baldar ozdorun inostranetsterdin arasynda bashkacha korsotso jakshy bolmok Inostranetster Kyrgyzstanda bizdin baldardan korkup jurrushu kerek
07.06.2011. 15:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
24-05-2011
Соӊку аракети:
10-10-2013 14:23
Жынысы:
Белгисиз
0
kandai bolgon uchurda da kyzga kunoonu koiboston bardyk inostranetsterdin oozun japkanga araket kylsangar
07.06.2011. 15:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
24-05-2011
Соӊку аракети:
10-10-2013 14:23
Жынысы:
Белгисиз
0
bardyk inostronetster bizden ozdorun biik sezishet bizdin aldybyzda kulgonu menen ichinde takyr bashkacha kyrgyzdardy ayabai tomon korushot men azyr da alar mn ishteim bardyk nerseni tushundum
07.06.2011. 16:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
240
Катталган:
26-05-2011
Соӊку аракети:
20-06-2013 14:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерди мен да окуп жиним келди,жанакы пулдун кулу болгон мент,сот болумуштар кара жерге киришсин.Жок дегенде кичине да намысы болсо,ушул ишти карап,туркту турмого тыгыш керек.
07.06.2011. 17:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
04-06-2011
Соӊку аракети:
13-06-2011 09:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой эмне дешти билбей калдым Кыргыздар эмне учун Кыргызстанда журуп кор болосунар кайдагы тентиген иттерден,Биз озубуз жаманбыз кыргыздар бири-бирибиздин баркыбызды билбейбиз колдобойбуз!Анан башкалар сыйлайбы
07.06.2011. 17:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
02-08-2010
Соӊку аракети:
28-01-2020 21:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Hamburg
0
akcha akcha degende baaryna dayar .sot ushintip jatsa bashkasyn aitpai elekoiolu da.
07.06.2011. 20:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
07-06-2011
Соӊку аракети:
02-05-2014 20:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Назырайан турктор менен журуп тобон кокко жеткен го дейм (егер кыргыз болсон )пока кеч болуп чачыны бирден жулуп калчакты ойлонсон боло............. калтырылган комменттерге бут кошулам кыргызды кыргызстанда коргой албасак анда эчтеке айта албайм . .....
насыр сага да кошулат элем жалко что россиядамын
кыргыздын атка минерлери ак уйго эле бийлик учун пикет дей бербей адам укугу учун да бираз сайрап койгулачы жок дегенде тапканынар адалга айлансын
сот прократура силер эмне о
07.06.2011. 20:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
07-06-2011
Соӊку аракети:
02-05-2014 20:15
Жынысы:
Белгисиз
0
сот прократура силер эмне ар зыбаган акча учун карындашынарды да сатып жибересинер го деп ойлойм
Нурлан оз карындашын болгондо емне кылмак елен же сен да чонтогун толтуруш учун журосун го

жетет акыры сатканга намысыбыз еле калган еле го акыры ойлонолу



07.06.2011. 20:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
07-06-2011
Соӊку аракети:
02-05-2014 20:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Чолпон сага ден-соолук жана йгиликтерди каалайм
07.06.2011. 23:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
234
Катталган:
28-05-2011
Соӊку аракети:
27-06-2018 01:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Uluttu jamandagand emme ozgorup ketmek bele turktor ketse bashkasy kelet. Kunoo biyliktegilerdin onoy satylyp ketkeninde. Uluttun dele jakshy jamany bar da. Биякка жапайлары отходдору келет окшойт тукендердин
07.06.2011. 23:05 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
29-01-2011
Соӊку аракети:
15-01-2015 13:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бул жалган дуйнодо
0
Бийликтег Саткындар биздин элди каалаганча колдонот ,бирок арабыздан чыккан чириктерибизда айла жок
07.06.2011. 23:12 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
29-01-2011
Соӊку аракети:
15-01-2015 13:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бул жалган дуйнодо
0
Крим чойродогу абройлууларды,Мыйзамдагы ууруларды жок кылабыз дешет,коомдо алардн баы деле жакшы мыйзам кучу жетпеген ушундай койгойлорду чечип коюшат.
08.06.2011. 01:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
21-05-2011
Соӊку аракети:
26-10-2019 22:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен силерге башыман откон окуяны айтайын бул революцияга чейин болгон.Биздин кошунабыз бар татар, уйубуздун жанында стройкага кум тогуп койсок кундо урдачу аны байкаган атам баласын туртуп койсо уйго келип апамды сабап оруканага жатканга жеткен апам милицияга кайрылган, ал моральный ущерб толоп ичи куйгонунон кызы м.н мени кочодон кармап сабайын деп андычу мен болсо качып журчумун кийн анын кызы туркко тийди
08.06.2011. 01:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
21-05-2011
Соӊку аракети:
26-10-2019 22:41
Жынысы:
Белгисиз
0
тийгенден кийин 2бу магазин иштетишчуда анан ал кыз мурун проститутка болчу магазинге менин байкем кирип калат татар кыз мн учурашып колун сунса тиги турк байкемин башына бутылка чабып, эсин жоготуп башы канап жаткан байкеми уруп тепкилейт байкем милицияга бергенден кийин революция башталып алар турцияга качышты а апасы татарка дагле кошунабыз эчкимге тийшпей калды
08.06.2011. 01:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
308
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
27-01-2020 09:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
germahiya
0
Ejege ayabay jaman boluptur,a tigi turkko tan kalganym urganga kanday akysy bar anysy as kelgensip ichke teep kishini kuydurot go bular!!!Bul okuya Turciyada bolso tushunuktuu ele osubusdun KRda b-p jatat!Janagy Nurlan d-n akmakka sabak berip koyso biroo jakshylap kyrgys karyndashynan oshol turk jakyn b-p kettibi SATKYN!Cholpon eje jakshy b-p ketinis iygilik sisge!Bul jakta okup alyp ysalanyp jatam!Germaniyadan sindinis
08.06.2011. 10:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
19-02-2011
Соӊку аракети:
04-11-2019 18:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Эй Serine, оозунду жапсан муунтуп кете электе.Коп башты оорутпай.
08.06.2011. 10:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
04-11-2010
Соӊку аракети:
17-08-2011 13:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Upsalla, Sweden
0
Аттин, Биште болгонумда турктордон оч ала турган убакыт келген экен! Чолпон мен сага кенеш берем, кыргыздын жигиттерин чогултта алып бар Бетага, коркпо, бир тытып келсин, мен негизи эле КРде эмесмин, эгер болгонумда ушуну сага уюштуруп бермекмин! Сукалардын козуно корсотуп коюш керек. Эгер мынтип журсок апаларыбызды да кордоп салат. Ырас, сага конул бурбай жатабы орган тараптан, анда бунт которуу керек!
08.06.2011. 11:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
11-03-2008
Соӊку аракети:
03-11-2019 21:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
0
Окуя кандай болгонун так далилдеш керек. Анан кыргыздын кыздары да оздору куноолу. турк, Араб, пакистандыктардын чалдарын ээрчип журушот... Сабак болсун, озголордон эмне гана кутсо болот экенин. Ошон учун кыкемдин эле кычыраган жигиттеринин жанынан чыкпасанар демекчимин.
08.06.2011. 11:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
24-03-2011
Соӊку аракети:
09-07-2011 09:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
pevisa
0
Чолпон ийгилик сага. Таких как Йылмаз надо стрелять они не достойны жить на этом свете
08.06.2011. 12:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
24-08-2009
Соӊку аракети:
03-03-2018 13:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде - Үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде «Бета Сторес-3» соода борборунда Түркия жараны, технолог болуп иштеген Гүнеш Йылмаз нан-сүт азыктары бөлүмүнүн жумушчусу, Кыргызстан жараны Чолпон Орузбаеваны сабап салган. Ар кандай жаракаттар менен кыз ооруканага жаткырылган. Ички органдарынан кан кеткендигине байланыштуу, кыз операцияга дуушар болгон.

Ч.Орузбаева ооруканадан чыкканына 24 күн болгондон кийин
08.06.2011. 12:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
24-08-2009
Соӊку аракети:
03-03-2018 13:01
Жынысы:
Белгисиз
0
кийин гана Г.Йылмаз 17-майда кармалып, Биринчи май райондук соту аны камакка алуу токтомун чыгарган. Буга чейин Бишкек шаардык соту өз токтому менен аны камактан бошотуу чечимин чыгарган.

Жогорку сот тарабынан Биринчи май райондук соттун камакка алуу чечими күчүндө калды. Мындай маалыматты Жогорку соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билд ирди.
Булак : АКИpress
08.06.2011. 13:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
04-09-2010
Соӊку аракети:
19-11-2019 15:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
0
oshol jerde ishtegen koopsuzduk bolumundo ishtegen kirgizdar nege kirgiz kizina jan tartip boolushkan jok? ushul jeri kizik. ishinen ayrilip kalabiz dep korkushkan go baykushtar. tushunom birok kanday bolso dagi namisti 1 orunga koyush kerek da. Oz elinde jurup bashka uluttun okuldorunon zapki jesen mundan otkon jaman nerse barbi. Kirgizdar namisibizga keleli.
08.06.2011. 13:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
04-09-2010
Соӊку аракети:
19-11-2019 15:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
0
naziraayan turktor menen chogu jurgon neme emes ele turk eken. jaganinan baykasanar(kizlar, erkejler ) dep jaziptir munun ozu anin turk ekendigin dalildeyt. men munun li4kasina dagi joob jazdim. ozdoru ushintip kijirga tiyip alishat dagi anan ulutchul dep chiga kalishat eken enendurayibdar.
08.06.2011. 14:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
18-05-2011
Соӊку аракети:
17-10-2014 17:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul jerde Turktu kamagandan tishkari , Betanin personalina emgek ukugu boyuncha kurs otulushu kerek. Beta dagy kompensatsiya tolop berish kerek Cholpon karindashibizga... a bizdin ukuk korgoochular ushunun baarin ozdoru alip aldi dagy, turktorgo po deshevke k#ttorun satip jiberishti... emi oshol aram akcha menen ozunun echnerseden kabary jok, uybuloosun bagat...
08.06.2011. 15:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
262
Катталган:
15-05-2011
Соӊку аракети:
13-10-2019 22:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабат
0
турктордон оч алабыз,дебегиле,ар кылмышкер кандай нацияда болсо да кылмышына жараша жоопко тартылыш керек,ошого жеткенге бул кызга жардам беруу керек,кучтуу адвокат жалдап,бета сторести талкалайбыз деп жазыптыр бироо,аны талкалагыдай,Б.Сти силер курдунар беле?талап тоногонду токтоткула,уят эми.бизге окшогон жаштар кайра куруп,жамагын бутошубуз керек мекенибиздин.акыйкаттык учун талкалап тонобой эле курошкуло.силерден сураныч.
08.06.2011. 15:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
06-06-2011
Соӊку аракети:
09-02-2013 12:06
Жынысы:
Белгисиз
0
naziraayan
ya off,tim ele,supermen bolup chiga kalasinar,sirazi ele,andan korok,ozunor,kirgiz kizlardin namisin korgop,siylap algilachi,anan men turktor menen jurgorum,senin,ishin kancha,timele ishin bolbosun...

ya off dep turktor ele aytat. sirazi, kizlardin, jurgorum dep jazgandarinan ele turk ekenindi bildirip koydun, senin IP adresin arkiluu taap karmasam tarinba. Kyrgyazstanga ketip jogoldu kilam seni
08.06.2011. 15:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
06-06-2011
Соӊку аракети:
09-02-2013 12:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдар барбы дагы кошулуп ошол түрктөрдү таап сүйлөшүп койгонго? Мага личкага жазып койгула. Отходторду мусорсо ыргыталы. Туркияда болгон болсо бул окуя анда бир да кыргыз жашамак эмес! Муну түрктөр да жакшы билет! Эмне отурабыз дагы эле?!
08.06.2011. 15:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
18-05-2011
Соӊку аракети:
17-10-2014 17:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Betada turktor emes kurttor ishteyt dep uktup go... nu vprinsipe kakaya raznitsa...
08.06.2011. 15:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
06-06-2011
Соӊку аракети:
09-02-2013 12:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Бета Сторес деген Бета деген холдингтики, күртөрдүкү. Туркиядакы ПКК деген күрттөрдүн түрктөргө каршы ачылган террористик партиясына жардам берет деп скандал болгон холдинги. Азыр буларды тепселеп чыксак бачым эле күрт эмес түрк боло калып Түркиянын өкүмөтүнө жана медиасына даттанышат. Түрктөрдөн айырмасы көп эле бирок бул жакта айырмасы жоктой эле кожоюн болуп алыш
08.06.2011. 16:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
18-05-2011
Соӊку аракети:
17-10-2014 17:52
Жынысы:
Белгисиз
0
serine
Турцияда да кыргыздар бар да алар кандай болот. Лучше Чолпон эжени сабаганды издоого салып соттотуш керек, талап кылыш керек элдер

Оз укугун билген адам эч жерден кор болбойт . Албетте укук тармагы болгон жерде.
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23533;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: