Архив
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Мерьем Узерли, түрк актрисасы: “ЭҢ ЧОҢ СҮЙҮҮМ ЖАНА КОРКУНУЧУМ – КЫЗДАРЫМ”

№979 9-15-сентябрь, 2021-ж.


“Менин атым Хюррем” деген сары чачтуу актриса жашообузга “Даңазалуу доор” сериалы менен кошо киргени эсиңиздедир. Сериалдын атактуулугун мындан билиңиз, ар бир айылдын өзүнүн Хюрреми, өзүнүн Сүмбүл агасы, өзүнүн султан Сулейманы пайда болгон. Мына ошол Хюрремди мыкты аткарган түрк жана немис актрисасы Мерьем Узерли 6-сентябрь күнү Бишкек шаарына учуп келди. Эмнеге келди десеңиз, айта кетейин.

“Asian World TV Series Awards” – бул Азия чөлкөмүндөгү телесериалдардын дүйнөлүк фестивалы. Актриса Мерьем Узерли бул долбоордун амбассадору. Фестивалдын “атасы” сиз билген, биз билген айтылуу Садык Шер Нияз. Мындан ары жыл сайын Түркиянын Стамбул шаарында аталган фестиваль өтүп турат. Алгачкысы 2022-жылдын май айында болот дешүүдө. Тасма боюнча көп фестивалдар бар эмеспи, долбоордун негиздөөчүлөрүнүн айтымында, телесериалдардын фестивалы биринчи жолу уюштурулуп жатат. Бул “Aitysh USA” негиздеген дүйнөлүк долбоордун экинчиси. Биринчи долбоор “Asian World Film Festival” алты жыл мурун негизделген. Азиялык кинонун дүйнө жүзүндөгү эң ири кинофестивалы катары кадыр-баркка ээ.

Мерьем Узерли эмнеге келгенин азын-оолак түшүндүрүп өттүм, эми келгендегисин баяндап өтөйүн. Маалымат жыйын борбор калаабыздагы чоң мейманканалардын биринде өттү. Коногубуздун эшиктен кирип келе жаткандагы жүзүндөгү ачык, эркин жылмаюусу жакты. Фестивалга түздөн-түз тиешеси бар инсандар, фестивалдын төрагасы Шухрат Ибрагимов, башкаруучу директор, бүгүнкү иш-чаранын уюштуруучусу Асел Шерниязова, операциондук директор Бред Сайсон жана Мерьем Узерли орун алып отурушту. Фестивалдын түптөөчүсү Садык Шер-Нияз, аткаруучу директору Жорж Шамшум, долбоордун Стамбулдагы башкаруучу директору Мендерес Демир видео кайрылуу аркылуу сүйлөштү.

Уюштуруу жакшы, баары өз ордунда, бирок таң калычтуу жана таарынычтуу жери – жыйын баштан-аяк англис, түрк, орус тилдеринде өттү. А түгүл Садык Шер-Нияз дагы орус тилинде кайрылуу жасады. Мындай жыйын өз тилибизде жүрсө мындан да барктуу, баалуу болот беле? Коногубузга да кыргыз деген элдин маанайын, маданиятын, дүйнө таанымын түшүнүү жакшы болот беле деген ой.

Жыйындын ортосунда “даңазалуу доор” тасмасындагы Сүмбүл аганын ролун кыргыз тилинде сүйлөткөн актёр Нурдөөлөт Копоев сөз алып, Сүмбүл аганы сүйлөткөнүн айтты. Актрисага өз колу менен белек берүүгө уруксат сурады. Мерьем Узерли муну өтө кубануу менен кабыл алып, актёр менен селфиге түшүп, белегин алды.

Жыйындын модератору ырчы Самат Дөөлөтбаков болду, ал актрисанын сөздөрүн орус тилине которуп турду. Түрк тилинде берилген суроолорду англис тилине которуп турганына караганда актриса түрк тилин жакшы түшүнбөйт. Эмесе, азын-оолак түрк актрисасы Мерьем Узерли менен болгон пикир алмашуунун урунттуу жерлерин сунуштайын.

МЕРЬЕМ УЗЕРЛИ:

– Кутман таң, мени сыйлап чакырганыңыздар үчүн рахмат. Мен үчүн бул убак бир аз эрте, убакыттардын айырмасы менен Германияда азыр таң. Бирок силерди көрүп, толкунданып уйкум качып кетти. Сиздерге рахмат! “Asian World Film Festival” кино сыйлыгында мени калыстар тобуна чакырышкан. Ошондон бери фестивалдын уюштуруучулары менен тыгыз катыштамын. Мени долбоордун амбассадору катары чакырышканда сүйүнүп макул болдум. Дүйнө жүзүнө бул фестивалды жайылтуу мен үчүн сыймык! Долбоордун ичинде болгонум үчүн кубанычтамын. “Эки гана саатка келиптир” деп ойлобоңуздар, азыр иш графиктин жыштыгы үчүн сиздер менен көп убакытка баарлашуу мүмкүн болбоду. Биринчи жолу келишим, бирок акыркы жолу эмес. Дагы Кыргызстанга көп жолу келем, силердин өзгөчө жаратылышыңарды, башка шаарларды көргүм келет.

– Кыргыз эли тууралуу мурун билчү белеңиз?

М.У.: – Кыргыз эли тууралуу көп нерселерди уккам, бул жакка келерден мурда интернеттен карап билдим. Жаратылышыңарга суктандым. Эмки жолу бир күнгө эмес, көбүрөөк убакытка келем. Ошондо мындан да жакшы таанышам.

– Кыргыз актрисаларынан кимди билесиз?

М.У.: – Тилекке каршы, мен азыр эч бир ысымды айта албай турам. Эмки келгенде сөзсүз кызыгам. Ал эми дүйнөлүк актрисалардан Кейт Бланшет, Моника Беллуччи, Мерил Стриптин ойногондорун жактырам.

– “Даңазалуу доор” сериалындагы Хюррем султанды аткарган соң башка ролдоруңуз көмүскөдө калгандай. Бул сизди капа кылбайбы?

М.У.: – Тескерисинче, Хюррем аркылуу мени таанышкандары мен үчүн сыймык. Роль мен үчүн жеңил болгон жок. Канча жыл өтсө дагы элдин мени бул ат менен байланыштырганы мага аябай жагат. Ал ролго чейин мен 10 жыл театр актрисасы болгом, дүйнөгө атымды тааныткан ушул роль болду. Азыр алдыңарда ким болуп турсам, муну ушу роль жана ушу долбоор жасады. Алдыда дагы башка ролдорум мени таанытат деп ишенем. Апрель, май айларында Стамбул шаарында 10 сериалуу долбоор башталганы турат. Анда башкы ролдордун бирин ойнойм.

– Кыргыз киносуна чакырса катыша аласызбы?

М.У.: – Биздин тилибиз башка болгону менен, дүйнө жүзүндөгү инсандар сезимдерибиз бирдей. Сүйүү, коркунуч эмне экенин билебиз. Бул нерсе бизди жакындаштырат. Мээмде, кабыл алуумда чек жок, актриса роль ойнош керек болсо бардык жерде ойношу керек. Ошол үчүн чакырсаңар сунушту кабыл алганга даярмын.

– Жашооңуздагы эң чоң коркууңуз эмне?

М.У.: – Менимче, үй-бүлөм, кыздарым. Ар күн сайын кыздарыма эч нерсе болбосун, оорубасын, аларга эч бир жамандык болбосун деп Кудайдан суранам. Кыздарым менин эң чоң сүйүүм жана коркунучум!

Нуржамал Жийдебаева



Мерьем Узерли Бишкекте маалымат жыйын берди

Автор: Айзада Кыдырмышева
Оператор: Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
13.09.2021. 10:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
17-04-2018
Соӊку аракети:
22-09-2021 20:43
Жынысы:
Белгисиз
+11
кыргыз актрисалардан кимди тааныйсыз деген суроону жо́н эле койбопсунар
15.09.2021. 15:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
19-01-2021
Соӊку аракети:
23-09-2021 05:59
Жынысы:
Белгисиз
0
садык шеринер орусча суйлойт, шерон стоундан бата алып келген неме. да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
26101;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: