Архив
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Алтынай Жайнакова, ырчы: “ЖАШОО МАГА ОКШОГОН СУЛУУЛАРДЫКЫ”

№959 22-28-апрель, 2021-ж.


Бул ырчы мындан 4 жыл мурун Ошто МАИ кызматкеринин кашын жара тээп, чуу жараткан. Ошол окуя тууралуу, деги эле Алтынай бийкечке тийишкен суроолорубузду бердик. Ырчы ошого жараша жооп узатты.

– Салам! Алтынай деген ким?

– Кыргыздын эң жөнөкөй, боорукер, ак көңүл кызымын.

– 11-классты бүткөнүңө канча болду?

– Жашымды сурагыңыз келип жатат, ээ? Кө-өп жыл болду.

– Өз жашыңдан улуу көрүнөм деп ойлойсуңбу?

– Жок. Башка себептерим бар.

– Элге хайптын артынан таанылдың да?

– Ооба.

– Таанылуунун жеңил жолу ошол да азыр.

– Албетте, кыйналбай эле “дүң” деп атыңды чыгарып аласың. Бирок, моюнга алыш керек, негативди көтөрүү оор.

– Мыйзамды көп бузасыңбы?

– Жок. Бир бузганым көп болуп эсептелбесе керек (күлүп).

– Чын эле чоң кызматта иштеген тааныштарың барбы?

– Ооба, бар.

– Ким же кимдер?

– Кыйын адамдар көп да, тааныштарымдын арасында андайлар көп.

– Баягы чуулуу видеодо “УВДнын жетекчисинин үйүндө жашайм” деген элең...

– Мен аларды чаап салайын десем күчүм жетпейт болчу. Анан ачуум менен көп сөз айткам. Күчүмдү сөздөн чыгаргам. Ал байкеден дагы бир жолу кечирим сурайм.

– Ал окуяны азыр да оор кабыл алат экенсиң. Жүрөккө жакын кабыл албай өткөрүп коё албайсыңбы?

– Күчтүү болгонум үчүн азыр минтип эл арасында жүрөм. Ал видео бир түндө 6 миллион жолу көрүлүп, мени Оштогу орустар да таанып калышкан. Негативди көтөрө албай, өмүрүмө кол салууну ойлонгон учур болду. Бирок ата-энемди ойлодум. Туура эмес нерсе кылганым үчүн Кудай мени ушундай жазалап койгондур деп кабыл алып, азыр каталарымды кайталабай калдым.

– Май айында концерт коём деп жатасың. Канча ырың бар?

– 20га жакын ырым, 6 клибим бар.

– Канчасы элге алынды?

– Кыйраттым дебейм. Бирок иштеп жатам.

– Күйөөгө тие электе эмнеге “Балам”, “Жубайыма” деп ырдап жатасың?

– “Балам” деген ырды тойго керек болуп калып 4-5 жыл мурун жаздыргам. Бирок былтыр чыкты. “Жубайыма” ырын бир жыл мурун угуп "ооруп" калгам. Ошо, быйыл турмушка чыгат окшойм, ушундай ырларды ырдап калдым го.

– Туугандар “күйөөгө тий” деп тажатыштыбы?

– Ооба, ошон үчүн туугандардыкына көп барбайм.

– Өзүң тийгиң келеби?

– Тийиш керек. Убакыт өтүп баратат. Быйыл, буюрса, тием деп ниет кылып жүрөм. Бирок жигитим жок. Жакшы жигит жөнөтүп койчу деп Кудайдан тилеп жатам.

– Унаа, үй, Айфон менен мактанган жагабы?

– Ал нерселердин бар болгону кантип жаман болсун? Бар болсо мактана беришсин. Мактанган бекер да.

– Сенде мактана турган эмне бар?

– Сулуулугум, фигурам бар. Андыктан кааласам “любой” мырзаны “чаап” алам. Эркектер көп сөз айтышат. Менде сулуулук гана эмес, аларды байлап ала турган дагы бир нерсе бар. Ал эмне экенин билбейм. Балким, энергия.

– Учурда сага “чабылып” жүргөн мырза менен тааныштырчы.

– Бир баланы сырттан жактырып жүрөм. Ага да мен жагам. Ушул сезимдер көпкө созулсун деп ал жигитке аракет кылбай жүрөм. Акыркы 5 жылдан бери олуттуу мамиле боло элек.

– Негизи жашооңдо канча жигитиң болду?

– Бирөө.

– Ушул жериң окшошпой калды. Мейли, бирок кыздарга бирөөнүн көңүл буруусу керек да.

– Өткөндө 1200 сомго 9 даана гүл сатып алдым. Өзүмө өзүм көңүл буруп турам ушинтип.

– Укмуш го. Жигиттерден акыркы жолу кандай белек алдың?

– Өткөндө 101 роза алдым. Кыздар менен туулган күн тосуп кафеде отургам. Жаныбыздагы столдо отурган мырза туулган күнүм экенин билип, 101 роза алып келип берген.

– Үй, унаа алып берем дегендер болгон эмес беле?

– Антип айткандар болсо алдырмакмын, жок. Тамаша, мени байлык азгыра албайт. Алсыздыгым акчада эмес, сүйүүдө.

– Үй-бүлөлүү мырзаны сүйүп калсаңчы?

– Анда сүйүүнү курмандыкка чалам. Өзүм кызганчаакмын. Менин жолдошумду бирөө сүйүп калышын элестете албайм. Анын аялына да мындайды каалабайм. Мен кыргыз айымдарын аябай сыйлайм, тилектештигим күч.

– Кандай мырзаны тандайт элең? Элге таанымал адамдардан мисал кылып айтсаң?

– Нурлан Насиптин ийгиликтери менен Омардын тарбиясын кошуп койсок идеалдуу, мага жаккан мырза чыгат. Бирок чыгармачылык чөйрөдөн болушун каалабайм. Аларга кыздар кандай билдирүүлөрдү жазып, кантип артынан чуркаганын көрүп жүрөм. Кызганычтан кыйналып кетишим мүмкүн.

– Башка тармакта иштегендерге деле кыздар жазат да?

– Ырчыларга жазгандай эмес го.

– Көңүлүңдү калтырган сүйүү болгонбу?

– Жок. Мен чыныгы сүйүүгө кабыла элекмин.

– Сени көрө албагандар барбы?

– Эмнемди экенин билбейм, бирок бар. Же мен кыйратып 4 кабаттуу заңгыраган үйдө жашасамчы, же банкта миллиарддаган акчам болсочу. Кыздардын табиятында көп окшойт көрө албастык.

– Сулууларга жашоо жеңилби?

– Ооба. Анткени жашоо сулуулукту жакшы көрөт. Жаман жолго барганы үчүн жашоосу жеңил болуп кетет дебейм. Балким, өзүн сүйүп, баалаганы үчүн жашоо да ага ошондой жооп кылаттыр. Негизи эле жашоо мага окшогон сулуулардыкы болуп калды.

– Бул кайсы учурда байкалат?

– Күнүмдүк турмушта деле байкалат. Мисалы, дүкөнгө барсаң, “сулуу кыз экенсиз, сизге түшүп берейин” деп турушат. Бир нерсе алам десеңер мени ээрчитип алсаңар.

– Ошентет окшойм. Ырчылык менен элге таанылбай калсаң эмне болот?

– Азыр бир аз болсо да таанылып калбадымбы. Сулууларга жашоо оңой дедим го, баары бир таанылмакмын.

– Кирпиктен башка эмнең жасалган?

– Оозум.

– Өзүңө жагабы?

– Ооба. Баарына жагат. Инстаграмдан деле “ммм” деп суктанышат.

– Жашоодо башкы максатың эмне?

– Ата-энемдин ыраазычылыгын алышым керек. Баягы окуя аларга катуу тийген, таарынтып алгам. Таарынычтарын жазышым керек.

– Сүйлөшпөй калдыңар беле?

– Сүйлөшөбүз, мамилебиз жакшы эле. Бирок алар мага капа. Атам негизи эле бизге катуу сүйлөбөйт. Ошончолук туура эмес иш болуп жатса да урушпай, жанына отургузуп алып 10 мүнөттөй сүйлөдү. Менин көз жашым токтогон жок. “Кызым, мен сага ишенем, сени жакшы көрөм. Сени көп эркелетип коюптурмун” деген (көзүнө жаш алып).

– Андан кийин өзгөрдүңбү?

– Мен негизи ушундай эле жөнөкөй, токтоо кызмын. Жаштык кылыптырмын. Азыр ак менен караны айырмалап калдым.

– Апаң бул окуяны кандай кабыл алган?

– Апам бизге дайыма “жүрөгүмдү оорутпагыла. Силер тууралуу жаман сөздү көтөрө албайм” дейт. Ошондуктан ал видеону көргөн эмес. Апам мени ар тараптан колдоп турат. Азыр да көзөмөлдөп, “китеп окуп жатасыңбы, өзүңдү жакшы алып жүрөсүңбү, узун кийим кийип жүрөсүңбү?” деп күндө чалат. “Сага ишенем, көп ийгиликке жетесиң” дейт. Ушундай жакшы инсандардын кызымын. Туура эмес жагымдан таанылып алганым үчүн эл мени жаман кыз деп кабыл алып калган.

- Апаң эмнеге “узун кийим кий” деп айтат?

– Чоң атам менен чоң энем ажы, чоң атам айылдын молдосу. Үйдө тартип күчтүү. Ырдап чыкканыма деле ата-энем каршы. Бирок жан дүйнөм чыгармачылык деп туруп алды. Эркемин да. Кээде алардын сөзүн укпай коём.

– Жарым жылаңач болуп клипке же тасмага тартылуу сунушу түшсө, ал сага өтө пайдалуу келишим болсо...

– Мага анын эмне кереги бар? Ошто хайп жасабадымбы. Эми Бишкекте дагы бир хайп жасап атымды чыгарып алсам эле жетиштүү (күлүп).

– Сага ийгилик каалайм! Көрүшкөнчө.

Асия Алиева



"Азыр мендей сулуулардын заманы"-дейт ырчы Алтынай Жайнакова

Автор: Медина Найманова
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -5 
Комментарийлер(15)
SUPER.KG видео
25.04.2021. 12:00 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
02-02-2021
Соӊку аракети:
11-05-2021 16:20
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсыз. Ишине, жашооно ийгилик. Кыздар дайыма озунооду карап, чачынарга мыкты прическа жасатып, сулуу бойдон журо бергиле. Эң сулуу, сүйкүмдүү, эң сонун жана жөнөкөй керемет кыз болуп журо бер! Сага эң сонун мүнөттөрдү, жагымдуу көз ирмемдерди, сонун жолугушууларды, сонун жаңылыктарды каалайбыз жана жаңы жаркын элестерди тартуулаган тагдыр ар дайым сени жылмайып турушун каалайм!
26.04.2021. 09:17 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
02-02-2021
Соӊку аракети:
11-05-2021 16:20
Жынысы:
Белгисиз
-8
Кыздар биринчи кезекте жакшы көрүнүшү керек. Сырткы сулуулугун арттырып, чачтарын жасатып, кое берип дегендей. Кыздар өзүнө кам көрө баштагандан кийин, ага кам көргөн адамдар пайда болот. Сулуулук жан дуйнону багындыра алат. Азыр шаардын көчөлөрүндө өзүнүн сырткы көрүнүшү жана сулуулугу менен көңүлдү өзүнө бурган аял затын көп кезиктирип калдык. Анткени мезгил, менталитет өзгөрдү.
zhazgul98 түзөттү 2021-04-26 09:17:35
26.04.2021. 09:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
18-02-2019
Соӊку аракети:
22-06-2021 12:14
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушу чачтарын коё берип- деп эле журот экенсинда .Чынында жакшына кыз экен ,бирок кыздын милдети мыкты жубай болуп .Чыгааан жигит кыздарды тарбиялоо .Жакшы ата-энен бар экен ,ошолорду угуш керек .
26.04.2021. 11:21 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
02-02-2021
Соӊку аракети:
11-05-2021 16:20
Жынысы:
Белгисиз
-6
alaialaibekov,
Кыздин биринчи милдети сырткы келбетине, сулуулугуна көнүл бөлүп, чачтарын жакшынакай жасатып, жарашыктуу кийинип, өзүнө көңүл бөлдүрүп жашаш керек. Ошондо гана кыз киши толук кандуу инсанга айланат. Өзүн жашоосунда мыкты сезимдер менен жашайт.
26.04.2021. 13:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
21-10-2020
Соӊку аракети:
22-06-2021 13:18
Жынысы:
Белгисиз
+3
zhazgul98,доорубочу коп
26.04.2021. 23:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
18-02-2019
Соӊку аракети:
22-06-2021 12:14
Жынысы:
Белгисиз
+3
zhazgul98,ошенткенделе чачтарын жайып апсайып чыкса жакшыбы?кызык адамдар кобойду тообо .чачын жайбай эле озун мыкты сезсе болбойт бекен?
26.04.2021. 23:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
18-02-2019
Соӊку аракети:
22-06-2021 12:14
Жынысы:
Белгисиз
+2
zhazgul98,ошенткенделе чачтарын жайып апсайып чыкса жакшыбы?кызык адамдар кобойду тообо .чачын жайбай эле озун мыкты сезсе болбойт бекен?
27.04.2021. 01:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
21-06-2021 18:48
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhazgul98,Түшүнүгүң өтө төмөн экен.Көп оку,билим ал.Бир сөздү жаза бергенден тажабайсынбы?Күйөөгө кана,качан келесин,кайда жүрөсүн-деген сөздү жүз жолу айтсан керек.Көп айымдар он жолу айтат.Сен алардан он эсе көп айткыдайсын.
26.04.2021. 13:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
22-03-2020
Соӊку аракети:
21-06-2021 14:59
Жынысы:
Белгисиз
+7
Милиция мн болгон окуяда кандай кыз экенин корсоткон озунун. Чон иште иштегендердин дежурный о... шу.( элитный ш... а
26.04.2021. 14:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
19-10-2016
Соӊку аракети:
21-06-2021 23:36
Жынысы:
Белгисиз
-3
Чычалаганда эмне, чындап эле сулуу, сымбаттуу. Биз озубуз жудоп какап отурабыз дагы анан ушундай сонун кыздарга уялбай сын тагып коебуз. Чын да, коом сулууларды жакшы корот, аларга дайыма поблажка бар
27.04.2021. 01:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
21-06-2021 18:48
Жынысы:
Белгисиз
+1
Erlan_95,Сулуулук сырткы келбетте эмес,сулуулук жүрөктө.Жашы да бир топко барып калды,жигиттер жүрөгү сулуу болсо эчак жүрөгүн багынтып алмак.
Ата-энеси ичинен сыздап,сыртынан күлүп айтып жатканын түшүнбөй калган окшойт.Ата-энеси жакшы эле кишилер окшойт.Ата-энесин бул жакта туруп мен аяп кеттим.
27.04.2021. 22:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
03-01-2021
Соӊку аракети:
20-06-2021 22:50
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жашоо сулуулардыкы эмес Кемчонтой,жашоо ыймандуулврдыкы,тарбиянды өзгөрт жакшы аял,мыкты эне бол,менмин деген уул-кыздарды төрө.
27.04.2021. 22:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
03-01-2021
Соӊку аракети:
20-06-2021 22:50
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бетинин актыгы эле болбосо,жылдызы жок экен
29.04.2021. 00:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
210
Катталган:
08-07-2016
Соӊку аракети:
21-06-2021 20:32
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бети крем эле
08.05.2021. 01:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
198
Катталган:
12-12-2014
Соӊку аракети:
08-05-2021 06:05
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оштогу оозду я ачырган видеондун свежий кезинде коруп абдан уялгам. Кийин ал видеонун жаман жерлерин алып бир аз которумдуу кылып коюуптур. Ойсоктоп кеткендин баары негизи Бир нерсени корот. Жердин бети менен ган журуш керек! Сага кенеш
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
25710;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: