Архив
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Ая София Шамшиева, Болот Шамшиевдин жубайы: "Ортобуздагы 39 жашка карабай бактылуу жашадык"

№942 24-30 декабрь, 2020-ж


«Кыргыз кереметин» түптөгөн адамдардын бири, «Ак кеме», «Эрте жаздагы турналар», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Бөрү зындан» сыяктуу кыргыз киносунун шедеврлерин тарткан атактуу режиссёр Болот Шамшиев 2019-жылы 21-декабрда 78 жашында каза болду. Генийсиз бир жыл өттү. Жубайы Ая София Шамшиева Болот агайдын акыркы күндөрүндө жанында болгон адамдардын бири. Атактуу инсанга куюп койгондой окшош 3 баласынын апасы. Ая София айым Болот ага экөөнүн ортосундагы 39 жаш айырмачылыкты, сүйүүсүн, арманын, тагдырын баяндап отурду. Социалдык тармактарда айтылып жаткан врачтардын катасы тууралуу да бизден биринчи окуңуз.

– Ая София айым, Болот агайдын каза болгонуна бир жыл болуптур. Эл үчүн оор жоготуу болду. Жакындары үчүн андан да оор болду окшойт...

– Ооба, байкаганыңыздай, оор жыл болду. Мен үчүн, балдарым үчүн андан да оор. Анткени булар атасына аябай жакын эле. Эми алаксып келе жатканда кычап карантин болуп калды. Ал дагы кошул-ташыл болду. Жакшы жагы – бир туугандарым, атабыздын достору, жакшы мамиледе жүргөн адамдар бар. Алар чалып алаксытып, колдоо көрсөтүп турушту. Азыр бир аз өзүбүзгө келип калдык. Болот Төлөновичтин ордун эч нерсе толуктай албайт. Бирок күнүмдүк тиричиликке алаксып жатабыз. Ушул жерден айта кетейин, атабыздын кыргыз элинде гана эмес, башка улуттарда да кадыр-баркы аябай чоң экен. Казактар, орустар бул датаны көңүлдөн тыш калтырышкан жок. Эскерүүлөрдү чет өлкөлүктөр биринчи жаза башташты. Мага да телефон чалуулар болуп жатты. Биздикилер бул дата боюнча бир аз кечирээк ойгонушту окшойт. Каза болгондон бери журналисттерден биринчи болуп сиз байланыштыңыз, рахмат.

– Буга сиздин атыңыздын коомчулукка көп жайылбаганы себеп болсо керек?

– Бул атабыздын каалоосу болчу. Бизди, балдарды элдин көзүнөн кызганып, суук көз, суук сөздөн сактаар эле. Мен карапайым эле жашоодо чоңойгон кыз элем. Көп адам топтолгон жерден сүрдөп, тайсалдап турчумун.

– Ортоңуздарда жаш айырма бар эмеспи. Кандай жагдайда таанышып калган элеңиздер?

– Болот Төлөнович менен 2007-жылы таанышкам. Ошол учурда аябай оор абалды башынан өткөрүп жүргөн экен. Мурунку аялы менен болгон чырды коомчулук билсе керек. Ошол стресс менен жүргөн учуру экен. Мен анда жаш кыз болчумун. Бир тааныш эже «аябай жакшы адам бар, оор абалда жүрөт, жардам берип коёлу» деп айтып калды. Оюмда эч нерсе жок эле кафеге баргам. Таанышып, сүйлөшүп отурдук. Эртеси ошол эже «ушул киши кор болуп калды, үйүн жыйнап берип койбойлубу?» деди. Чочуп «эже, бирөөнүн үйүн жыйнап көргөн эмесмин» десем бир нерселерди айтып көндүрдү. Бул атабыздын суранычы менен уюштурулган нерсе экенин мен кийин билдим. Эжеге «мага жакшы кыз керек эле, балалуу болгум келет» деп айткан экен. Мени жактырып калганын кийин билдим. Мына ушул отурган үйгө келип жардам берип кеткенбиз. Ошондон кийин тааныш болуп калдык. Мени күндө жумуштан тосуп алып үйүмө жеткирип, абалымды сурап турчу. Камкордук кылчу аябай, мен да көнүп калдым. Ошентип 9 айдан кийин уулубуз төрөлдү. Дагы 1 жылдан кийин экинчи уулубуз, кийин кызыбыз төрөлдү.

– Агай сиздин бир сапаттарыңызды жактырса керек?

– Мен айылда төрөлүп, чоңойгом. Мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайда окугам, кесибим – экономист. 10 бир тууганбыз, атамдын каза болгонуна 20 жылдай болуп калды. Бизди ата-энем «өз эмгегиңер менен нан таап жегиле» деп катуу тарбияда чоңойтушкан. Менимче, ошол жөнөкөй мүнөзүм, көп нерсеге чыдамкайлыгым жакса керек. Оор жумуштан эч коркпойм. Ал чоң маселе көргөн нерсени мен тез эле жайгарып «ушундай эле болот» десем сүйүнүп, «сен айылда өскөн үчүн тың турбайсыңбы» деп калчу.

– Ортоңуздагы жаш өзгөчөлүк сезимге тоскоол болгон жокпу?

– Атабыз менин жашым тууралуу такыр айткысы келчү эмес. Кызганчубу, билбейм. Ал менден 39 жаш улуу болчу. Жаңы баш кошкондо ал «бул 40 жаштан ашкан келин, жаш деп ойлобогула» деп тамашалап калчу (күлүп). Бирок жаш айырма такыр билинчү эмес. Ал болгону цифра эле болчу. Болот Төлөнович үйдө аябай энергиялуу, тамашакөй, көп нерсени билген адам эле. Түнү менен сүйлөшүп кызыгым тарачу эмес. Окуяларды күлкүлүү, кызыктуу айтып берчү. Ал билбеген нерсе жоктой сезилчү. Кызыктуу адам, эми аны сөз менен түшүндүрө албайм. Аны менен жашаган жылдарымда чоң институттан өттүм десем болот. Дүйнө жүзүн кыдырган, терең адам болчу. Чогуу көп өлкөлөргө бардык, саякат жасадык, легенда болгон адамдар менен жолугуп чай ичишип жүрдүк. Учакта балдардан да жүдөбөй чогуу алып жүрчүбүз. Атасы балдарына көп нерселерди көрсөтүп айтып берчү. Москва, Америка, Кытайда, айтор, көп жерлерде болдук.

– Ата-энеңиз сиздин тандооңузга эмне дешти?

– Атам каза болгон. Апам ичинен таң калды окшойт. Бирок каршылык көрсөткөн жок. Кийин баарыбыз көнүп кеттик. Апам бул кишиден бир аз жаш эле. Кайненесине «мама, телевизорду күйгүзүп коёсузбу?» деп калса, апам телевизордун пультуна чейин алып келип жанына коюп койчу.

– Балалуу болгондо катуу сүйүнсө керек. Анткени улуу балдары менен кичүү балдарынын ортосунда көп жыл бар эмеспи...

– Аябай сүйүндү. Балабыз төрөлгөндө менин тиземди кучактап алып ыйлады. «30 жыл бою ушул баланы кыялданып жүргөм» деди. Эки кичине эркек бала, анан кичине кыз элесинде тура берчү экен. Кийин достору айтып калышты. «Болот, сен мурун эле ушинтип кыялданчу элең, кыялың ишке ашыптыр» дешти. Көрсө, Кудай берет экен. Балдарын аябай жакшы көрчү, кубалашып ойноп кетчү. Атасына экинчи баламдын мүнөзү окшош, өңү, келбети биринчи уулума окшош. Кызым толук көчүрмөсү.

– Мурун Болот агайдын кинолорун көрчү белеңиз?

– Эл катары эле кинолорун көрүп, залкар адам экенин билчүмүн. Ушундай адамга турмушка чыгам деп кыялданган да, максат койгон да эмесмин.

– Генийдин аялы болуу кыйын болсо керек?

– Оор деп айта албайм, башкача болду. Бир нерсе жакпай калса чарт-чурт болуп, жарылып кетчү. Ошол учурда сүйлөбөй, эс алгандан кийин акырын айтып калчу элем. Ак көңүл болчу. Мен жолукканда ал киши 66да эле. Мурун, угушума караганда, чатак мүнөздөрү болгон экен. Артисттер «биз Болот агай менен иштегенде ашыкча үн чыгаргандан коркчубуз» деп айтып калышчу. Бирок мага андай мүнөзүн көрсөткөн жок. Балалуу болуп калганы үчүн да аябай жумшак болуп калды. Мени деле балдарындай эркелетип турчу.

– Мурунку жубайы Айтурган Темирова менен таанышсызбы?

– Каза болгондо келди деп айтышты. Бирок өзүм көргөн жокмун. Боз үйгө кириптир. Мен чыкканда кирген окшойт. «Актёрлор менен келди» деп айтышты. Ал кишинин өзүнүн үй-бүлөсү бар. Тойлордо кезигип калчубуз, учурашып эле калбасак, сүйлөшүп көргөн эмеспиз.

– Болот агайды каза болоруна жакын тойдон көрдүм эле. Бийлеп, аябай жакшы жүргөн...

– Аябай жакшы жүргөн. Чын эле тойго барганбыз. Өзү тамакты аябай тандап жечү. Ошол жактан келгенде «туура эмес тамак жеп алдым окшойт» деп калды. Эртеси дене табы көтөрүлүп баштады, «Тез жардам» чакырдым. Алар келип ийне сайып кетишти. «Ооруканага алып баралы» десе болбой койду. Өзүнүн врачы бар эле, ал келип анализдерди алып кеткен. Эртеси өздөрү чалып «анализдер жакшы эмес, тамчылатма дары алып кетпейсизби? Үч күндөй жатыңыз» деген экен. Макул болуп, даярданып алып ооруканага жөнөдүк. Өзүнүн буту менен басып кирди. Врачтар «ууланып калыптыр» деп эле ошого жараша дарылай беришиптир. 2012-жылы өтүнөн операция болгон. Ал боордун иштешин жайлатат эмеспи. Маселе боордо болгон экен. Толук анализдерди албай эле үстүртөдөн дарылай беришиптир. Муну врачтар өздөрү да айтышты. Натыйжада бөйрөктөрү иштебей калды. 29 күн ооруканада жатты. Күндүз улуу балдары карап, түнкүсүн мен карап жаттым. Көп нерселерди айтты. Ал сөздөр экөөбүздүн ортобузда эле калсын. «Үч балам жаш, балдарды жакшы кара» деп көп өтүндү. Эмнегедир эч кимди көргүсү келбей жатты. Ошондон улам ал мурунку жашоосундагы адамдарды кечирбей кеттиби деп ойлоп калдым.

– Арманы эмне болду?

– Кино тарткысы келчү. Үйдө отуруп калганына аябай кыжыры кайнап кетчү. Кожомкул тууралуу тасма тартам деп жатып ишке ашыра алган жок. Кыргыз тарыхына аябай кызыкчу, архивди казып эле жүрчү. Бюджет жок болуп тасма тарта албай аябай стресс болду. Акча сурап президент, министрдин баарына жалдырап кирди, суранды, кат жазды. Бир тасмамды тартсам деп арманда кетти. Мындай адамдар иши жок отуруп калышса канатын кескен куштай болуп калат экен. Дем ала албай кетчү. Тасмага акча жоктон улам отуруп алып китеп жазды. Биринчи китептин бет ачары болуп, экинчисин чыгарып, бет ачарын кылууга жетишпей калды. Өзүнүн апасы Авина апабыз мыкты врач болгон. Анын туулган күнүндө «бет ачары болот, апамды эскерем» деп жаткан. Апасынын туулган күнүндө өзү үзүлүп кетти. Апабыз 100 жашка чыкмак экен, ушул датаны белгилейм деп жаткан.

– Болот Шамшиевдин тасмаларына, китептерине, сценарийлерине автордук укук кимге берилди? Бул чоң казына эмеспи...

– Каза болгондон алты айдан кийин нотариуска барып документ өткөрүш керек экен. Мен ал тууралуу ойлогон эмесмин. Анткени тирүүсүндө өзү бөлүштүрүп кеткен. Улуу балдарына «силер бутуңарга тургансыңар, үй, машине алып бердим, чет өлкөдөн окуттум. Эми болгон нерсем кийинки үч баламда калат» деген. Бул сөздү ал баарына айтчу. Улуу балдары «папа, бизге эч нерсенин кереги жок, ушу балдарыңарды эле чоңойтуп алгыла» дешчү. Атабыз ошол сөздөргө аябай ишенип алган. Мен деле мурасына эч ким кийлигишпейт болуш керек деп ойлогом. Улуу балдары адвокаттарды жалдап, «бөлүшөлү» деген сөздөрдү айттырышты. Мен дагы юристтерге кайрылууга аргасыз болдум. Мыйзам менен мурастары алты адамга бөлүндү. Мага, үч балама, анан мурунку никедеги эки баласына. Автордук укук деле ошондой боло турган болду.

– Үйүн, машинесин өрттөп кеткен окуя болду эле. Аягы эмне болду?

– Эки окуя тең ден соолугун алып койду. Эки учурда тең күнөөлүү адам табылган жок. Аябай стресс болду. Айрыкча машинеси өрттөнүп кеткенде жаман болду. Кан басымы көтөрүлүп кетти. Ким экени билинбеген боюнча калды.

– Канча жыл чогуу жашадыңыз?

– 12 жылдан ашык чогуу жашадык. Ар бир күнүбүз майрамдай болуп сонун жашадык. Эң негизгиси, мен ага үч бала белек кылып, ал мага өзүнүн үч бөлүгүн таштап кеткенине ыраазымын.

– Маегиңизге рахмат!



Array ( [0] => 269281 )

Ая София Шамшиева, жубайы: “Болот тиги дүйнөгө эч кимди кечирбей кеткендей сезилди”

Автор: Нуржамал Жийдебаева
Оператор: Равшан Тойчиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(11)
28.12.2020. 11:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
08-05-2016
Соӊку аракети:
31-07-2021 19:42
Жынысы:
Белгисиз
+3
39 жаш,Жантай чао болуптурда
28.12.2020. 12:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
22-06-2021 19:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-1
Бул аялынын тушунугу бир аз азыраак окшойт. Мага ошондой сезилди.
28.12.2020. 20:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
19-10-2016
Соӊку аракети:
02-08-2021 01:14
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nurzada_0111, Озунор чыныгы ушундай акылы озгочо адамдар менен суйлошуп отурбаган окшойсуз))
28.12.2020. 15:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
26-08-2015
Соӊку аракети:
14-07-2021 18:42
Жынысы:
Белгисиз
+2
Улуу адамдын артында ишин улап, атын өчүрбөөчү урпактары калыптыр. 67-72 жашында балалуу болгон керемет да, чын эле мүмкүн турбайбы деп отурам. Улуу баласы менен кызы Шамшиевге аябай окшош экен.
28.12.2020. 16:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
15-09-2020
Соӊку аракети:
09-03-2021 01:42
Жынысы:
Белгисиз
+3
27жашта 66жаштагы Шамшиевге тийген экен ээ.Азвр 39да болсо,отто эле чооң көрүнөт экен...мейли,жашоосуна ыраазы болсо болду да.
29.12.2020. 23:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
31-07-2021 16:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тооба, менин башыман ылдый алтын менее көөмп салса да ынамак эмесмин. Тааныштырган аял да ортодо акча алса керек, жаш кыздын кийинкисин ойлобой. Бирок молодец ыраазы экен баарына. Мага кызыгы А. Темирова менен эмнеге ажырашканы болуп атат. Ал да бир топ жаш эмес беле. Бөлүштүргөнү келгенде чөн балдарынын ичи ачышкан го. 71 жаш аз да, дагы жашамак экен.
02.01.2021. 19:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
139
Катталган:
21-10-2020
Соӊку аракети:
01-08-2021 21:19
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazira...,бироонун неге ажырашканы менен ишинер не
SUPER.KG видео
01.01.2021. 11:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
03-11-2020
Соӊку аракети:
31-07-2021 20:05
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу аял экен, кыргыздын чыгаан инсаны менен омур кечирип, балдарды жарыкка алып келген.
01.01.2021. 21:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
223
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
29-07-2021 04:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+4
Өзүнөн 39 жаш кичүү кызга кызыккан ата деле оңой эмес экен
SUPER.KG видео
01.01.2021. 21:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
01-08-2021 17:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Чон балдары талашпай эле койбоптурда,кичинекей экен балдары
02.01.2021. 15:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
05-11-2014
Соӊку аракети:
17-03-2021 09:24
Жынысы:
Белгисиз
+3
Самара Каримова отдыхает.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
25868;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: