Архив
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
6 МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ КИШИ ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ№938 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
Тергөө учурунда жогорудагы кылмышты жасаганга шектелип Ош шаарынын Он-Адыр кичи районунун 27 жаштагы И.Э. аттуу тургуну суракка алынып, Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Териштирүү иштеринде дагы бир шектүү катары Ноокат районунун Муркут айылынын 26 жаштагы тургуну К. уулу М. кармалган. 26 жаштагы жаран Ош ОИИБине алынып келген учурда эс-учун жоготуп, каза болгон. Маркумдун жакындары Ош облустук милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазышкан. – УКМКнын тергөө органдары Ош ОИИБинин административдик мекемесинде каза болгон 1994-жылы туулган жарандын өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин тергеп жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренесинин (кыйноолор) экинчи бөлүмүнүн бешинчи пунктунун (этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирүү) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ушул эле жылдын 19-ноябрында Кылмыш процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Ош ОИИБинин Криминалдык милиция кызматкерлеринин алтоо жогорудагы кылмышка шектүү катары кармалышты. Алар Ош шаары боюнча УКМКнын тергөө абагына киргизилишти. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. – Маркумду 15-октябрда кечки саат 20:00 чамасында Ош ОИИБинин кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарындагы «Айбек» базарында иштеп жаткан жеринен кармап, Ош шаарындагы ОИИБинин имаратына алып баргандан кийин аны суракка алышкан. Кармалган жаран ошол жерден эсин жоготуп, белгисиз бир себептер менен каза болуп калган. Эртеси 16-октябрда анын жансыз денесин өлүкканага өткөрүшкөн. Мен өзүм кирип сөөктү көрүп чыктым. Маркумдун денесинде соо жери жок. Аны кыйнап, күч колдонушканы көрүнүп турат. Бирок облустук милиция «жигиттин жүрөк оорусу кармап калган» деген маалымат тараткан. Биз бул маалыматтарга ишенбей, соттук-медициналык экспертиза жасатканбыз. Экспертиза «маркумга карата кыйноо болгон» деген бүтүм чыгарып берди. – Балам жакында эле турмуш куруп, балалуу болушкан. Небереме жети ай болду. Беш маал намазын окуп, өз тиричилигин жасап жүрчү. Бирөөнү талап-тоногудай акчага деле муктаждыгыбыз жок. Базарда тиричилик товарларын сатабыз. Байлыкка деле кызыкчу эмес, «мага заңгыраган чоң үйдүн кереги жок, эки бөлмөлүү үй жетет» деп айтып калчу. Колунан келишинче муктаждарга жардам берчү. Балам кандай балээге туш болуп калды билбейм. 15-октябрда үйгө келип, инилерине кезигип, «мен кечинде Бишкекке чыгам» деп айтып кеткен экен. Ошо күнү кечинде милиция кармап кетиптир. Ишемби күнү кайним базарда жүрсө, бир милиция кызматкери келип, «мени айтты дебеңиз, иниңиз Ошто өлүкканада жатат» деп айтып кетиптир. Телефон чалып байланыша алган жокпуз. Бишкектен унаа сатып алып келем деп жаткан. Жанында ошого жумшаганга 500 миңден ашык акчасы бар болчу. Ал акчадан да бүгүнкүгө чейин дайын жок. Ошентип туугандар өздөрүнчө чогулуп, сөөк сактоочу жайга барышса, ал жерде жок. Көрсө, уулумдун сөөгү жаш балдардын өлүкканасында жаткан экен. Ал жердегилер «жүрөк оорусу кармап каза болгон» деп жазып коюшуптур. Ал күнү өлүкканадагылар сөөктү көргөзүүдөн баш тартышкан экен. Уруксат алып киргендер баламдын денеси тамтыгы жок көк ала болгонун айтышты. Мындай мыкаачылыкты адам баласы жасабайт эле. Кылмышты баламдын моюнуна алдырыш үчүн катуу кыйнашыптыр. Камалган милициялардын туугандары Ошто нааразычылык акциясына чыгышты. Алар менин балам өңдөнүп каза болуп калган жок. Эгер чындап күнөөлөрү жок болсо бошонуп чыгышат. Алар митингге чыксак эле бошотуп коёт деп жатышса керек. – 17-октябрда сөөк сактоочу жайга барган учурда кызматкерлер бизге денени көрсөтүүдөн баш тартышты. Ишемби күнү барган болчубуз, бизге «дүйшөмбүдө сөөктү алып кетсеңер болот» дешти. Анын себебин башка адистерден сурасам, «денеде өзгөрүү болуп, эт чирип, бул арада тактар жоголуп кетет экен. Ошол себептен кечиктирип жатышы мүмкүн» деп түшүндүрүштү. Ал жерде менден башка туугандар дагы бар болчу. Көгөрүп отуруп, кыйноолор боюнча көзөмөл жүргүзгөн мекеме бар экен, ошолордон эки өкүл чакырып кирдик. Бизге сөөктү муздаткычтан алып чыгып көрсөтүштү. Денесинде соо жери калган эмес. Моюнунда бирөө муунткандай из бар. Эки бөйрөгүнүн тушу көгөргөн. Тырмакка келгенде, бардык тырмактарынын учтары бир нерсе менен тебелеткендей көгөрүп кетиптир. Жыныстык мүчөсүнө да тепкилешкенби же электрошокер менен токко тарттырышканбы, айтор, жанчып салышкан экен. Колуна кишен салган жерлери да көгөрүп чыгыптыр. Тизеден тартып, таманына чейин көк ала. Аны союл менен сабашкан деп божомолдодук. Мен учурда Бишкектемин, эки-үч күндө Ошко барып, экспертизанын жыйынтыгы менен таанышам. Биздин бала мурун соттолгон. Бул нерсени тана албайбыз. Бирок алар баланы шектүү катары алып келген соң өлтүрүп салбай, жакшылап ишти териштириши керек эле. Акыйкат жазаларын алышсын. Бул жерде жетекчилердин да кайсы бир деңгээлде күнөөсү бар. Алтоо эле эмес, окуяга жооптуу бардык кызматкерлер жазаланышы керек. – Көз жумган 26 жаштагы жаран оор кылмышка шектелип кармалган. Мурун каракчылык менен соттолгон. Кийинки фактысы да каракчылык болуп саналат. Бул жигитке түз көрсөтмөлөр болуп, бир эмес, үч кишинин таануусу болгон. Кызматкерлер Кызыл-Кыяга барып, ал жаранды кармап жаткан учурда куралдуу каршылык көрсөткөн. Экинчиден, аны Ошко алып келгенден кийин «кылмышты моюнга алдыруу үчүн кыйнап өлтүрүп коюшту» деп жатышат. Милиция кызматкерлерине аны кылмышты моюнга алдыруу зарыл болгон эмес. Анткени таануулар болгон, бардык буюм далилдер такталган. Шектүүнү кыйноого зарылдык болгон эмес. Аны кармап келгенде тергөөчү өз бөлмөсүндө жок болгон. Шектүүнү бир бөлмөгө киргизип коюп, бардык кызматкерлер чогулушка кирип кетишкен. 10-15 мүнөттөн соң аны карап отурган кызматкер «эс-учунан танып жыгылып калды» деп кабар берет. Ошол учурда «Тез жардам» чакырып отурбай эле, өздөрү алып барууну чечишет. Ооруканага алып барганда бала көз жумган болот. Үчүнчүдөн, азыр экспертизанын жыйынтыгында «өлүм травманын натыйжасында болгон» деп чыкты. Көз карандысыз эксперттерди тартышты. Бирок бизге корутундунун көчүрмөсүн беришкен жок. Баланы кармоо учурунда ал куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн жерге жаткырып колуна кишен салып, ага карата физикалык күч колдонуу болгон. Шектүү жөн эле колго түшүп берүүдөн баш тартканы үчүн ушул көрүнүш болду. Ошол учурда 102ге телефон чалынган. Төртүнчүдөн, азыр төргөө ишин УКМК жүргүзүп жатат. Алардын биз тараптан далилдерди карайын деген ниеттери жок. Мен жактоочу катары көрүп жатам. Экспертизаны тааныштырышты, бирок көчүрмөсүн беришкен жок. Биз күбө катары сурак бердик. Ошол сурактарыбызды да кагаз жүзүндө бербей жатышат. Аны мыйзам боюнча алууга укугубуз бар. Биз кызматкерлердин күнөөсүз экенин далилдейбиз. Менде бул иш боюнча бир нече фактылар бар. Бирок азыр УКМК ишти бир тараптуу карап жаткандыктан, аларды УКМК кызматкерлерине бербей, түз эле сотко алып барам.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(10)
janka7
![]()
30.11.2020. 12:30
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
18-09-2013
Соӊку аракети:
16-01-2021 03:42
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мурун соттолсо эмне кайра кармап олтуруп алыш керек беле?милицялардын адвокаты Эл Кубо актай албайсыз.Каршылыкта анчалык жене когорбойт.500000акчасы кайда анда?Ким Аллы Аны?таап чыккыла кыйын болсонор.Мурун кылмышкер олду ,асынып алды,атынып алды,муунуп алды,Деги койчу ###### менен канчасы олду.Кылмышкер олду деген Бир тыянак свечу.Азыркы коомду алдай албайсынар.Туура так иштеген милицяларыбыз бар бирок кылгылыкты кылып кыл жир мн буугандардын айынан баардыгынын аброю тогулуп жатат
Noon
![]()
30.11.2020. 15:24
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
07-04-2020
Соӊку аракети:
19-01-2021 18:08
Жынысы:
Белгисиз
+5
Милициядан кудайм озу сактасын. Жакшылык келбеген колунан таш боор болушат.
Luna15
![]()
30.11.2020. 20:57
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
31-08-2016
Соӊку аракети:
07-01-2021 08:05
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жапшаш жигит экен:(Кудай озу тараза,милициялар куноолуу болсо жазаланышсын,бироонун чырактай уулун олтургонго кандай акылары бар!?
Asmat84
![]()
30.11.2020. 21:06
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
02-11-2020
Соӊку аракети:
19-01-2021 15:05
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир жактуу кылып анализдеш кыйын көрбөгөн соң бир нерсе деш болбойт. Кудай бар ким күнөөлүү ким күнөөсүз экенин
Jibakana
![]()
30.11.2020. 23:40
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
15-05-2020
Соӊку аракети:
20-01-2021 01:07
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кызыгы мага 21жаштагы балада 4миллион акча кайдан болот?
Aidyn-nuru
![]()
01.12.2020. 12:14
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
17-09-2020
Соӊку аракети:
19-01-2021 22:20
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мыйзам адамдары деген аты эле болбосо чыныгы мыкаачылар
rola
![]()
01.12.2020. 22:02
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
366
Катталган:
28-03-2020
Соӊку аракети:
18-01-2021 09:36
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куру дооматтан Кудайым озу сактасын.Жайы жаннаттан болсун.
Sara1993
![]()
02.12.2020. 16:18
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
16-12-2019
Соӊку аракети:
18-01-2021 10:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин уй було дагы ушундай окуя болгон, байкемдин иштеген жерден акча жоголуп байкемди калп эле мойнуна алдыртайын деп милициялар байкемдин башына кара пакет кийгизип алып аябай сабашкан, такыр мойнуна албай койгонда дагы айла жок кой беришкен, кийин кунолууну табышты.Бирок байкемдин ден соолугу начар болуп калды, ошон учун милицияларга ишенич жок эптеп ишти жабыш учун ар нерсени ойлоп табат.
Sara1993
![]()
02.12.2020. 16:19
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
16-12-2019
Соӊку аракети:
18-01-2021 10:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошон учун милицияга ишинер такыр тушо корбосун, алар бизди коргобойт тескеринче кордойт.
Baxtigul95
![]()
05.12.2020. 15:15
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
23-10-2020
Соӊку аракети:
19-01-2021 23:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир соз бар милицияларда
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|