реклама
Архив
944   945  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Төлөгөн Мамыров, ырчы: «КӨРҮШӨ ЭЛЕКТЕ ЭЛЕ УШУЛ КЫЗДЫ АЛАМ ДЕП ЧЕЧТИМ»

№938 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.


«Суунун боюнда», «Жубайыма» ырларынын аткаруучусу Төлөгөн Мамыров 2 ай мурун үйлөнгөн. Кызыгы, ырчы жубайы менен жолугушканга чейин эле «ушул кызга үйлөнөм» деп чечип, алгачкы жолугушууга апасын ээрчитип барган. Жан шериктердин сүйүү баяны дагы кандай кызыктар менен коштолду? Аны ырчы келинчеги Айтурган Ураимова экөө айтып беришет.

– Кандайсыздар? Үй-бүлөлүк жашоо кандай өтүп жатат?

Төлөгөн: – Рахмат. Үй-бүлөлүк жашоо сонун экен. Бойдокторго үйлөнгүлө дегим келет. Муну билгенде 9-класста эле үйлөнүп алмак экенмин (күлүп). Биздин жашоо жомоктогудай. Мен азыр өзүм кыялдангандай жашап жатам.

– Жакшы. Жубайыңызды тааныштырып кетсеңиз.

Төлөгөн: – Жубайымдын аты Айтурган. 18 жашта. Экөөбүз тең 18дебиз. Өмүр бою 18 жашта болобуз, ортодогу келишим ушундай (күлүп). Айтурган Ош облусунун Кара-Суу районунан болот, мен Ноокаттанмын. Кесиби – чачтарач. Айтурганга мени кесиби таап берди. Анткени Ош шаарындагы ырчы досторум чачын Айтурганга жасатышат экен. «Үйлөнүш керек, сүйлөшкөн кызым жок» деп жүрсөм, досторум «мүнөзүңөр окшош, ал да шайыр кыз» деп Айтурганды сунушташты. Сүрөтүн көрүп, «жаш го» дедим. Айтурган анда 17 жашта болчу. Социалдык тармактардан жаздым, тааныштык. Жазышканда мен элестеткендей жаш кыз жок, ой жүгүртүүсү кенен экен, пикирлерибиз бир жерден чыгып жатты. Азыр «чоң кемпирди кичирейтип койгондойсуң» деп тамашалап калам.

Айтурган: – Мен ырчы экенин билчү эмесмин. Жазышып жатканда мен балдардан күткөн, бирок буга чейин уга элек сөздөрдү айтты. Үйгө келип эле апама «ушундай бала менен тааныштым, алам десе тием» дедим. Апам «кой, азыр жашсың, алдыңда эжең да бар, антип айтпа» деди.

Төлөгөн: – Айтурган чечкиндүү. Башында мен да «эжең бар экен, аны күтөт экенбиз да» десем, «жок, тием» деди. Ой жүгүртүүсүн, чечкиндүүлүгүн, башка кыздардан башкача, менин оюмдагыдай кыз экенин көрүп, жолуга электе эле өзүмө «Төлөгөн, алсаң ушундай кыз аласың, мындан жакшы кыз таппайсың» дедим. Мен жолугушканга чейин эле ушул кызга үйлөнөм деп чечип койгом.

– Анан алгачкы жолугушуу кандай өттү?

Төлөгөн: – Алгачкы жолугушууга эле апам менен барып, экөөнү тааныштырдым. Апама «сизге жакса, алам» дегем. Жолугушуудан кийин апамдын кубанычында чек жок.

Айтурган: – Мен эмнегедир сүрдөгөн жокмун. Мурдатан тааныш болуп жүргөн кишилердей эле сүйлөшүп кеттик.

Төлөгөн: – Ооба, апам экөөнүн мүнөзү окшош. Апам да шайыр, ачык адам. Мен башынан эле апама окшош кыздар жагат деп айтып жүрөм.

– Апаңыз эмне деди?

– Апама жакканын көрүп, машинага отурганда «апа, ушул жерден алып кетелиби?» десем, ал «жоолугум жок, балам» деди. «Базар жакын эле го, барып жоолук алып келе калабыз» десем, «көчөдөн жоолук алып саламбы? Жок, балам, келиндериме деп атаган жоолуктарым бар. Ата-энесинин батасын алып, колун сурап, жакшынакай алып кетебиз. Туурабы, кызым?» десе, артта отурган Айтурган «ооба» деп коёт (күлүп). Анан экөө сүйлөшүп кетишти. Мен таксисттей болуп эле четте калып калдым. Экөөнүн тил табышып кеткени мен үчүн чоң кубаныч болду.

– Муну Айтургандын ата-энеси кандай кабыл алды?

Төлөгөн: – Башында каршы болушту. Ата-энемди жиберсем макулдук беришкен жок. Бизде кыздын колун сураганда түйүнчөк түйүп барышат турбайбы. Ал салтты мен деле эми билдим. Кудалар макулдук берсе гана түйүнчөктү ачышат экен, ата-энеси ачпай коюшуптур. Эртеси үйүнө өзүм бардым. Түз кирип барып, апама гүл бердим да, төргө барып отуруп алдым. «Кана калпак?» дедим. «Эмнеге?» деп чочуп кетишти. «Мен күйөө бала болгону келдим» дедим. Апасы «ой, тобоо» деп таң калды. «Төрөтканага барып кыйналбай томпойгон уулдуу болуп жатасыз, жаманбы?» десем, «жакшы, бирок кызыбыз жаш, алдында эжеси бар. Анын үстүнө «Жубайыма» деген ырыңдан улам сени үйлөнгөн экен деп ойлоп, чочулаганбыз» дешти. Толкунданып жаттым. Бирок эмнегедир сөздөр өзү эле келе берди, аябай сүйлөдүм, тамашалаштым. Аягында батасын беришти. Чыктым да, ата-энеме «силер эптей албаганды мен эптедим. Куда кут болсун!» дедим.

– Жакшы. Анан Айтурганга үйлөнүү сунушун киргиздиңиз?..

Төлөгөн: – Ооба. Ойлонуп көрсөм, апама тизе бүгүп гүл бере элек экенмин. Апама бере электе кызга беремби деп ойлонуп, алгач апама тизе бүгүп гүл бердим. Анын эртеси күнү гүл, шакегимди көтөрүп кайнежем, досторум болуп Айтурган бир жакшылыкта конок болуп отурган жерге кирип бардык. Ошентип тойдун күнү белгиленип калгандан кийин колун сурадым.

Айтурган: – Ошол күнү чалсам албай, жазсам жооп бербей жаткан. Конокто жиним келип отургам. Анан эле сонун болуп кирип келди. Мага абдан жагымдуу болду.

– Сонун экен. Ошондо кыз-жигит катары сүйлөшкөн жоксуздарбы?

Төлөгөн: – Кыз-жигит катары кол кармашып баса алган жокпуз. 4 жолу жолуккандан кийин эле баш коштук. Биз азыр кыз-жигиттей болуп жүрөбүз.

– Азыр ата-энеңиздер менен турасыздарбы?

Төлөгөн: – Ооба. Мен үйдүн улуусумун. Иним үйлөнгөнгө чейин ата-энеме кызмат кылалы деп чечтик.

– Айтурган, келиндик доор кандай өтүп жатат?

Айтурган: – Жакшы, мага жагып жатат. Кайната-кайненем сонун адамдар. Алар мени өз кызындай кабыл алышты. Мен кээде келин экенимди унутуп калам. Колумдагы шакегимди көрүп эстеп кетип, жумуш кылып баштайм (күлүп). Жолдошум болсо мен кыялданып түшүмдө көргөндөй мырза. Жаман сапаты жок.

Төлөгөн: – Бизде таң атпай эшиктин алдын шыпыруу салтка айланган. Өзүнүн да тарбиясы ушундай болгондуктан, андан кыйналган жок. Эртең менен ойгонсом, эшик шыпырып жүргөн болот. Бул үчүн тарбиялаган кайненеме рахмат. Анан чын эле кээде келин экенин унутуп калат. Менин карындашым экөө курбу болуп алышкан. Экөөнүн ынтымагын көрүп аябай кубанам.

– Чогуу жашаган 2 ай ичинде келишпестиктер болдубу?

Төлөгөн: – Болбогон эле нерседен «туура эмес кылдың» деп бир ирет урушуп көрөйүн дедим. Бул урушпай эле «макул» деп койду. Уруша албайт экенбиз.

– Жубайыңыз чыгармачылыгыңызга кандай мамиле кылат?

Төлөгөн: – Баалап, колдоп турат. «Эмнеге ыр жазбай жатасыз? Мен тоскоол болуп жатамбы? Жалгыз калгыңыз келип жатабы?» деп турат. Эргүү келбей жатса эмне кылайын? Азыр үйлөндүм деп кубанып эч нерсе оюмда жок жүргөн чагым.

– Айтурган, сизге жолдошуңуздун аткаруусундагы кайсы ыр жагат?

Айтурган: – «Жубайыма» деген ыры абдан жагат.

Төлөгөн: – Ал кайсы аялзатына жакпасын?

– Ырда айтылгандай Төлөгөн жубайына жумшакпы?

Айтурган: – Жумшаксызбы?

Төлөгөн: – Сен айт.

Айтурган: – Ооба, ошол ырда айтылгандай жакшы жолдош.

Төлөгөн: – Вау, рахмат!

– Өзүңүз айтыңызчы, жумшаксызбы?

Төлөгөн: – Жумшак болгонго аракет кылам. Ал чыгармадан кийин баары эле менден жумшак жолдош болуумду күтөт да. Мен жумшак болгонго, түшүнгөнгө, колдогонго, колуна кол, бутуна бут болуп бергенге аракет кылам. Бирок менин да жубайыма талаптарым бар, аны моюнума алам.

– Жубайыңыз 18 жашта болсо, студент болсо керек?

Төлөгөн: – Мектепти бүткөндөн кийин окуган эмес. Өзү деле окууга кызыкпаптыр. Өзү каалаган, сүйүп жасаган жумушу – чачтарачтык. Башында эле «окуйсуңбу?» десем, «окуп эмне кылам?» деген. Бирок мен жубайымды турмуш тиричиликке керектүү ийне саюу, тигүүчүлүк сыяктуу курстарга катыштырып үйрөтөм деп өзүмө сөз бердим.

– Айтурган, 18 жашта экенсиз. Турмушка эрте чыгып алдым деп ойлобойсузбу?

Айтурган: – Жок. Кыз киши өз адамын тапса, жашап кетерине көзү жетсе, баш кошо бериши керек.

– Бактыңыздар түгөнбөсүн! Сиздерден жалаң жакшы жаңылыктарды угуп туралы.


Перизат Музуратбекова



Төлөгөн Мамыров: "Жубайыма жетүү үчүн үйүнө барып калпак кийгизгиле деп отуруп алдым"

Автор: Медина Найманова
Оператор: Элчибек Кыштообаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
30.11.2020. 10:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
15-10-2019
Соӊку аракети:
07-01-2021 21:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасы менен тен адамга тийип алганбы
30.11.2020. 15:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
19-01-2021 21:52
Жынысы:
Белгисиз
0
aybek88,мынча оюн бузуку.Жоолук салып алып калчы Айбеееееек десинби анан?
04.12.2020. 11:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
20-09-2019
Соӊку аракети:
19-01-2021 23:58
Жынысы:
Белгисиз
0
aybek88,ха хв
30.11.2020. 13:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
20-04-2014
Соӊку аракети:
19-01-2021 12:02
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жашсынарда барибир))
Нак 18 жаштагы интервью болуптур))
Али жашоо алдыда, ылайым эле ушинтип жаш болуп, жашоонун кыйнчылыгына сынбай, билбей, бактылуу откуло!
30.11.2020. 19:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
08-05-2017
Соӊку аракети:
27-12-2020 23:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Чечкиндуу кыз экени билинип турат
30.11.2020. 22:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
20-01-2021 02:21
Жынысы:
Белгисиз
+3
"өтө кызыл бат онот" болбогула анан. Нурзат Токтосунова менен Максат дагы кол кармашып келип интервью берип кетишти эле. А так бактылуу болгула
01.12.2020. 09:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
28-02-2012
Соӊку аракети:
19-01-2021 22:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия. Чита
+1
Окшошкон козулар! Бактылуу болгула!!!
02.12.2020. 13:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
113
Катталган:
09-04-2014
Соӊку аракети:
19-01-2021 23:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жолдошумдун айылы.
+1
Болгону 2 ай болуптур, 2 жыл жашагандай интервью беришиптир,али ыссыгыңар тарай элек го. Күтө тургула кичине асманга чыкпай.
Ушул оюңарда түбөлүк туруп бактылуу болгула
03.12.2020. 22:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
348
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
16-01-2021 15:39
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мынча ачык,ичинде кири жок адамдар. Бактылуу болгула
04.12.2020. 11:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
20-09-2019
Соӊку аракети:
19-01-2021 23:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала чайпанаго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
25035;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: