реклама
Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Бактыгүл Бадыева, ырчы: “ЭЛ ИШЕНИП ЖАТКАНДА ҮЙДӨ ОТУРА АЛБАЙ КОЙДУМ”

№927 10-16-сентябрь, 2020-ж.


Туулган күнүндө таң эрте ойгонгон сулуу айым жашоосун көз алдынан өткөрүп, саресеп салып жатты. “Аял үчүн 35 жашында эмнелер керек экенин билбейм. Бирок мен кыялданган нерселердин баарына жеттим. Бактылуумун” деди. Чындап ал баарына жетти. Ал жубай, эне, бизнесвумен болду. Сөз ырчы Бактыгүл Бадыева тууралуу болууда.

– Бактыгүл айым, тун кызыңыз Ширин мектеп босогосун аттады. Биринчи жолу баласын мектепке алып барган энеде кандай сезимдер болду?

– Ширин кызымды карап алып “сени кечээ эле төрөбөдүм беле?” деп толкундандым, ыйлагым келди. 1 жыл бою кайсы мектеп жакшы болорун изилдедим. Курбуларым менен кеңештим. Көпчүлүк курбуларымдын балдары жеке мектепте окушат. Алар балдар эрке болуп каларын айтышты. Ошондуктан мамлекеттик кыргыз мектепке бердим. Кыргыз болгондон кийин эне тилин билиши керек. Кызым кыргызча жакшы түшүнөт, бирок сүйлөй албайт. Түшүнгөн жетиштүү эмес, таптаза сүйлөсүн деп кыргыз мектепке бердим. Орус бакчага барганы үчүн, атасы да орус тилдүү болгону үчүн орусча сүйлөп калган. Азыр мектептен келери менен “тапшырмамды аткарышым керек” деп сабагын окуп калды. Аткарып жатканда көз салып турам. Азырынча “ө, ү, ң” тамгаларынан бир аз кыйналып жатат. Бирок аракети күч.

– Коронавирус менен күрөшүүдө шоу-бизнес өкүлдөрү чоң салым кошушту. Ден соолукту тобокелге салып жардам бергенге эмне түрткү болду?

– Бой жетип, акча таап баштагандан бери колумдан келишинче кайрымдуулук иштерин коомчулукка жарыялабай эле жасап келем. Оору күчөп кеткенде 2 аппарат алып бердим. Ошондо Австралия, Италия, Америка, Казакстан, Орусияда жашаган социалдык тармактагы катталуучуларым “биз дагы жардам бергибиз келет, сизге акча жөнөтөлү” деп жазып башташты. Мен аларга кайрымдуулук фонддорду сунуштасам, “жок, сизге эле жөнөтөбүз” дешти. Курбуларыма да “биз баарыбыз бир командабыз, жакшы адамдар” десем, “жок, аларды тааныбайбыз. Сен ишенимдүүсүң, ар бир тыйыныбызды элге жеткиресиң. Ошондуктан сага алып барып беребиз” дешти. Эл ишеним артып жаткандан кийин алар жөнөткөн акчаларды чогултуп, кайрымдуулук менен алек болдум.

– Жалаң кычкылтек концентраторун алып жаттыңыздарбы?

– Концентратор, дары дагы алып жаттык. 24 саат бою 1 мүнөт тынбай телефонго чалуулар келип жатты. Таңкы 5ке чейин “Клексан, Гепарин барбы? Бул дары керек, тиги дары керек” деп чалып жатышты. Түнү ойгонуп алып дары издеген күндөр болду.

Дары-дармек, концентраторлорду ар бир облуска жөнөттүк. Бир маалда “сен Токмокко эле жардам берип жатасың” деп чыгышты. Мен аппарат алган күнү “Токмокко аппарат керек” деп чалып калышты. Бул кокустук болду. Токмок Бишкекке жакын болгондуктан дары-дармекти алып өзүм жеткирип келдим. Мен үчүн трайбализм жат көрүнүш. Мисалы, атам Алайдан, апам Кочкордон болот. Өзүм Токмокто чоңойгом. Ошондуктан эл-жерди, улуттарды бөлбөйм. Сулуулук салонумда бир нече улуттун өкүлдөрү иштешет. 10 жылдан бери алар менен бир туугандай болуп калдым. Ар бирин жакшы көрөм. Ошондуктан “жаман улут жок, жаман адамдар болот” дегендей, жаман аймак болбойт.

– Ооруп калган жоксузбу?

– Кудай сактады, ооруган жокмун. Кээде түнкү 12де үйгө барчумун. Ошондо менден өткөн бактылуу адам жоктой сезилчү. “Соопчулук иштеримдин баары 3 кызыма жуксун, бактылуу болушсун” деп тилек кылдым.

– Бул кайрымдуулук ишиңизди жолдошуңуз кандай кабыл алды?

– Башында апам “балдарыңды ойлобойсуңбу?” дегенде “апа, эгер Кудай кааласа, азык-түлүккө чыкканы барып деле жуктуруп алышым мүмкүн. Эл мага ишенип жатканда жардам беришим керек” дедим. Апам ошондо “мен балдарыңды карайм, элиңе кызмат кыл” деди. Жолдошум болсо кайрымдуулук иштерин көп кылгандыктан мени колдоду. Ал түшүнүктүү, ар тараптан колдоо көрсөтүп келет. Уюштуруу иштери колумдан келип, эл мага ишенип жатса кантип үйдө отуруп аласың?

– Пандемияда чакан бизнес ээлери гана эмес, ири компаниялар да кризиске кабылышты. Сиз жеке ишкер катары ишмердүүлүгүңүздү кантип сактап калдыңыз?

– Сулуулук салонумдун 10 жылдан берки кардарлары бар. Алар жөн гана кардар эмес, дос болуп калышкан. Мастерлеримдин 20-30 жылдык тажрыйбасы бар. Ошончо жыл иштеген мастердин өзүнүн кардарлары болот да. Албетте, кардарларыбызда да кризис болду. Мурда бардык процедураларды бир учурда кылдырса, азыр бирде чачын кестирип, бирде тырмагын жасатып кетип жатышат.

Кийим саткан дүкөнүмдүн 7 жылдан берки өз кардарлары бар. Алар да кардар эмес, дос болуп калышкан. Түркияга барганда кийимдерди ар бир кардарым үчүн сатып алам. Келерим менен “мени кийинт” деп келишет.

– Сизди жакшы тааныгандар “жүрөгү кенен” деп сыпатташат. Бул табияттан берилген сапатпы же өзүңүздүн үстүңүздөн иштедиңизби?

– Жок. Мен кандай болсом ошондоймун. 15 жылдан бери шоу-бизнесте жүргөндөр “3 баланын энеси болсоң да, дагы деле ошол бойдонсуң” дешет. Тааныштар “ушунча ийгиликтерге жетсең да Токмокто жашап жүргөн баягы эле Бакулясың” дешет.

– Бала кыял мүнөзүңүздөн жапа чегип калбайсызбы?

– Убагында жапа чеккем. Бирок ар ким өзүнө кылат да. Бала кыял деп пайдаланып кеткендер да өзүнө кылат. Жашоо бумеранг эмеспи. Бара-бара психолог болуп калдым. Адамдын кандай экенин бир сүйлөшүп эле билип коём.

– Кандай адамдар жакпайт?

– Бой көтөргөн, жоопкерчиликсиз, алдамчы, эки жүздүү адамдарды жактырбайм.

– Чыгармачылыктан алыстап кетсеңиз да, азыркыга чейин күйөрмандардын көңүлүндөсүз. Бул жагымдуу болсо керек?

– Бул өтө жагымдуу. Кээде ушундай жакшы сөздөрдү жазышканда ыйлагым келет, ыйлап да алам. Жашоодо күчтүүмүн. Бирок жан эргиткен жакшы сөздөргө сезимтал адаммын.

– Сиз жарата турган ийгиликтер али алдыда. Маегиңизге рахмат!

Динара Абдыкадырова



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(8)
14.09.2020. 12:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
25-09-2020 16:20
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кызыңызды кыргыз мектепке бергениңиз жакты
14.09.2020. 14:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
29-12-2017
Соӊку аракети:
17-09-2020 11:54
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кыздарын да озуно окшош сулуу экен.
14.09.2020. 16:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
06-08-2015
Соӊку аракети:
26-09-2020 14:57
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыздар Бакулядан улгу алсанар.
15.09.2020. 01:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
08-07-2016
Соӊку аракети:
27-09-2020 00:41
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бакуля жаным десе чыгармачылыктан алыстап кеткенге бир аз арманын бардай ичинде. Булбулду алтын капаска салса да конулу гул бакчада демекчи сахнага кайтып келишинди куткон куйорманын!
15.09.2020. 22:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
26-11-2010
Соӊку аракети:
25-09-2020 10:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+3
Ажарлуу айым...
16.09.2020. 11:57 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
02-09-2020
Соӊку аракети:
26-09-2020 21:18
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын. Ушинтип жакшынакай, сулуу, келбеттуу болуп журо бер. Чачын узун болгон озуно жакшы жарашат экен. Кыздар силер да дайыма чачынарды жасап, кое берип жылдыздуу болуп журо бергиле.
sultan_bek түзөттү 2020-09-16 11:58:58
17.09.2020. 15:27 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
02-09-2020
Соӊку аракети:
22-09-2020 21:57
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бар бол. Дайыиа ушундай жаш жакшынакай болуп журо бер. Аял киши болгондон кийин озун карап, чачтарын жасатып, сулуу корунгону жакшы. Бети башынарды чумкоп албай. Аял киши сулуу корунуп турса, аны эркектер сыйлайт, конул бурат. Баардык аял кишиге сулуулук ден соолук каалайм.
Janyl98 түзөттү 2020-09-17 15:58:44
19.09.2020. 07:57 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
18-09-2020
Соӊку аракети:
26-09-2020 19:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чоң кызы Бакуляга окшош экен!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 2 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 2) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
24493;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: