Архив
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Омар, ырчы: «АТАЛАР КЫЗЫН СҮЙҮП ГАНА ТУРУШУ КЕРЕК»№911 21-27-май 2020-жыл
– Кудайга шүгүр, жакындарыбыздан эч кимиси ооруган жок. Карантинде баарыбыз эле зеригип жатсак керек. Жумушун, окуусун сагынгандар бар. Алардын арасында мен дагы сахнаны сагындым. Үйдөн ар кандай каверлерди аткарып күн өткөрүп жатам. Үй-бүлөбүз менен жакын болуп, анекдоттогудай «көрсө, үйдө 4 киши жашайт экенбиз. Ата-энем жакшы кишилер экен» дегендей дайыма бирге болуп, жакшы болуп жатат. Кызыма көбүрөөк көңүл бурганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Андан тышкары «Элим, барсыңбы?» кайрымдуулук фонду менен муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратуу иштери менен жүрдүм. – Үйдөгүлөр кооптонушуп «бир-эки бар, болду да» дешти. Өзүм да кооптонуп жаттым. Себеби ата-энем 60 жаштан ашып калган адамдар. Дарыгерлер «жаштар оңой айыгып, улуулар үчүн коркунучтуу» деп жатышты го. Маска тагынып, атайын коргонуучу кийим кийип жүрдүм. Ырчылар, бизнес менен алектенген адамдар да акча жагынан кыйналып жаткандарын көрдүм. Ал эми айлыкка иштегендер, муктаж адамдар ачка отуруп калышты. Муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк жеткирип барып кичинекей балдары бар жесир эжелердин ыйлаганын көрүп үйдө отура албай койдум. Кайрымдуулук фонд ырчы-бийчи кыз-жигиттердин башын бириктирип жакшы иш аткарды. Элдин батасын алдык. Өзгөчө эсте калган окуя тууралуу айтсам, жашы 60тан ашкан апага азык-түлүк жеткирип бардык. Анын кант диабетинин көрсөткүчү 20дан ашып кетиптир. Кызы Орусияда иштеп акча салып турчу экен. Кызы да үйдө отуруп калып, апа неберелери менен жалгыз калыптыр. Барганда аябай ыйлады. Дарысына акча керек болуп жатыптыр. Менде да акыркы акчаларым калган. «Кудай берет» деп ошол акыркы акчамды бердим. Үйгө келгиче жүрөгүмдү жылуу сезим каптап келди. 2-3 күндөн кийин жумуштарым оңунан чыгып, ошончо суммадагы акча кайра кайтып келди. Бирөөгө бир нерсе берсең, Жараткан аны 10 эсе кайтарат деген чын окшойт деп ойлоп койдум. Андан тышкары Кант тарапта жашаган жаш келиндин 4-5 баласы бар экен. Сарайга окшогон жерде жашашат. Анын ыйлап жатканын көрүп, жашоосун жаңы баштап жаткан жаш кыздардын кейиштүү абалга кириптер болуп калганы жүрөктү оорутту. – Карантин мугалимдин, дарыгерлердин баркын билүүгө үйрөттү. Үйдөгүлөр менен убакыт өткөргөндү үйрөттү десем болот. Үйгө канализация киргизиш үчүн жер казып, бошогон жокпуз. Иш көп болду. Жер үйдө жашагандыктан жаз жарыш болуп иштеп жаттык. Ошондо да эшикке көп чыкпай, досторум менен көрүшө албай буулуктум. Жалпы жонунан алганда, карантин маалында жумуш көп болуп, кайрымдуулук иштери менен алпурушуп, каверлерди жазып, Инстаграмга көбүрөөк көңүл буруп, кызым менен ойноп өткөрдүм. Үйдө жатып кинолордун баарын көрүп чыктым (күлүп). – Диана экөөбүз «кызды сен тарбиялайсың, эркекти мен тарбиялайм» деп сүйлөшүп алганбыз. Албетте, насааттар эки жактан тең болот. Бирок мен кызды тек гана сүйүш керек деп ойлойм. Кызымды кеч киргенде эшикке чыгарбай, арам нерселерден оолак тарбиялаганга аракет кылам. Кызым менен урушуп мамиле кургум келбейт. Кызды урушуу мүмкүн эмес болуш керек. Чарчап келип, уктай албай кыйналып жатканда жаныма кызым келип ойносо ойгонуп кетем. Башка бирөө ойготсо жиним келсе керек. Кызым ойготуп жатканда «Арушка, уктайынчы» деп жалдырап эле коёсуң да. Кызымды эстесем ушинтип элжирей берем да (күлүп). Азыр «Арушка жок кантип жашап жүрдүк экен?» деп калабыз. 2-3 күн көрбөй калсам кадимкидей сагынып кетем. Башканы андай сагынбайм. Ал да эмне жесе оозума сала берет. Апасы «мага берчи» десе да болбой мага келип оозума салат. Акыл-эс киргенден баштап кыз бала атасына жакын болот окшойт. Кызыма болгон сүйүүм чоң. Ар бир намазымда, дубаларымда кызым бар. – Эл деген эл. Ак болуп турсаң да баарына жагып, купулуна толуу мүмкүн эмес. Эл адамы болгонго бул нерсени жакшы билем. Кандай кийиништи ар бир адам өзү чечет. Жоолук боюнча көп нерселерди жазышат, «чечип салдыбы?» деп сурашат. Жаңы келин болуп келгенде жоолукту чечпей салынып жүрдү. Бирок хиджаб кийип, паранжа тагынган эмес. Жоолук эле салынчу. Ыңгайы келгенде кийип, кээде чечип жүрчү. Интернетте жаңы келин болуп келгендеги жоолукчан сүрөттөрү көп болгондуктан, хиджаб кийет деп ойлоп калышты окшойт. Диана 23 жашта. Окуусун бүткөндөн кийин жоолук ороном деген ою бар. Жоолукту кыйнап кийгизип салуунун кажети жок деп ойлойм. Ал дагы өзүнүн акылы, жүрөгү менен кийген туура болот. Эң башкысы, намазыбызды калтырбайбыз. – Мурда Диана кандай апа болорун элестете алчу эмесмин. Бирок кош бойлуу болгондон баштап баласына сүйүүсү чоң. Курсагын кармап дем салып, аябай асырап көтөрдү. Арушка бир нерсе болсо баарын таштап чуркап кетет. "Чалынып кеткен жокпу, эшик-терезе ачык калып калган жокпу?" деп турат. Башка жерин айтпай эле турайын. Бирок энелик сапатына "5" деген баа берем. – Кечкисин тамак жегенимден толуп кеттим окшойт. Эсиңизде болсо, былтыр тиземди сындырып албадым беле. Дайыма чуркап, футбол ойноп активдүү жашоо образында жүргөн жаным бүгүнкү күнгө чейин аябай кыйналып жүрөм. Чуркап, футбол ойногум келет. Ошол нерсе да толуп кеткенге түрткү болду. – Балким, ата катары үйрөнө турган нерселерим көп болушу керек. Балдарына кылдаттык менен мамиле кылган аталар бар. Алардай болбосом да сүйүүм алардыкынан кем эмес. – Ырчылыктан тышкары майда иштерим бар эле. Алар да токтоп калды. Карантинге чейин үй-бүлөбүз менен Египетке барып эс алып келгенбиз. Мындай болуп кетерин билген жокпуз да. Март айында Орусияда концерттик тур башталмак. Кетейин деп даярданып жатканда рейстер токтоп калды. Көбү «ырчысың да, 100 миң сом сага кеп бекен, берип койбойсуңбу» деп айтышат. Ырчылар бизнесмен эмес, бизге караганда тамадалар көбүрөөк табышат. Биздин тапкан акчабыздын көбү ырга, клипке, формаларга сарпталып калат. Карантинде жалгыз эле ырчылык менен алектенүү ушундай мүшкүл түшө турган болсо кыйын болуп каларын түшүндүм. Же үнүң бузулуп ырдай албай калсаң отуруп каларыңды билдим. Биздики чоң эстрада болбогондон кийин дайымкы кошумча жумуш керек экен деп калдым. Маегимдин соңунда кыргыз элиме кайрылуу жолдоп алайын. Кыйынчылыктын артында Жараткан ыроолоп койгон ырыскыбыз менен кошо жакшылыгыбыз да бар. Эртерээк бул кырдаалдан чыгалы. Жакшы күч топтоп алдык. Эми эффективдүү иштейли. Ар бирибизде бизнес идея калыптанды окшойт. Бизнесмен болуңуздар. Акча табыңыздар. Муктаж болбогон жашоодо жашайлы! Динара Абдыкадырова "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|
Атасы котороору менен соороп калчу эле.
Макул Омар байке бизнес кылганга аракет кылып атабыз Эми Кудай кааласа