Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ВАГОНДО ЖАШАП, ӨЗҮНҮН 4 БАЛАСЫНА КОШО КӨЧӨДӨ КАЛГАН 9 АДАМДЫ БАККАН АЯЛ

№909 7-13-май, 2020-ж.


Үстүндө үйү, бүтүн кийими, алдында ашы болгонуна карабай "тиги жок, бул жок" деп барга шүгүр кылбагандар көп. Биздин бүгүнкү каарман Айчүрөк Закирова 4 баласы менен вагондо жашаганына карабай көчөдө калган 9 адамды кошо багып келе жатат. Бирок 40 күндөн ашкан карантин буларды күнүмдүк таап жеген тамагынан айрып, кыйынчылыкка салууда. Эскирген вагон жана 2 күркөдө оор шартта күн кечирип жатышат.

– Айчүрөк айым, алгач өзүңүз тууралуу маалымат берсеңиз…

– Аты-жөнүм Айчүрөк Зикирова, көп жылдан бери Бишкекте жашайм. Өзүмдүн 4 балам бар. Тагдыр ар түрдүү болот экен, 4 баламды өзүм жалгыз багып, окутуп келе жатам. Балдарыма кошуп түрдүү себептер менен көчөдө калган 10 адамды да жаныма алып, аларга эне ордуна эне болуп келе жатам.

– Алар кимдер, кандайча болуп сиздин колуңузга келип калышты?

– Жашоо кандай болорун эч ким алдын ала билбейт экен да. Турмуш аларды ары калчап, бери калчап, акыры ар кандай себептер менен көчөдө калышкан. Аларга боорум ооруп чогултуп отуруп, саны 10го жеткен. Адамдай болуп жашашсын, ысык-суукта талаалап ооруп калышпасын, ушуларга башпаанек кылып берейин деп өз акчама 2 күркө сатып келип, өзүм жашаган вагондун 2 жагына койдуруп, үй кылып бердим.

Алар мени экинчи апабыз деп калышат. Учурда 8 эркек жана Гүлгаакы деген келин, менин 4 балам болуп ушул короодо күн кечирип жатабыз. Бир жигитибизди жакында үйлөнттүк, ал келинчеги менен батирге чыгып кетти.

– Өзүңүз жашаган вагон канча бөлмөлүү?

– Кире бериште бут чечүүчү жай, анан чакан 2 бөлмө бар. Анын бирин мага сиңди катары болуп калган Гүлгаакыга бошотуп бергем. Берки бөлмөсүндө мен 4 балам менен жашайм. Албетте, тар, бирок айла жок.

– Короого киргенде эле чоң мүшөктөргө толгон желим бөтөлкөлөр көзгө урунду...

– Ооба, башынан эле желим бөтөлкө чогултуп өткөрүп жан багып келебиз. Мен деле 4 баламды ошентип чоңойтуп, окутуп жатам. Ар кимиси ар жактан таап, чогултуп келишет. Мен аларды өткөрүп, акчасын алып келем. Анан баарыбызга деп тамак-ашка акча алып калып, калганын ар кимисине бөлүп берем. Гүлгаакы баарыбызга күн сайын 2 маал 1 казандан ысык тамак жасайт. Ошону бөлүп ичебиз. Коронавируска байланыштуу карантин болгондон бери желим бөтөлкө алчу пункттар иштебей, тамак-аштан кыйналып кеттик. Биздин абалыбызды уккан бир жигит 2 күн катарынан келип азык-түлүк таштап кетти. Эми ал деле ушунча адамга канча күнгө жетерин билбейм. Жаныбыздагы дүкөндөн карызга тамак-аш алып отуруп көп карыз болуп калдык.

– Сиздин бакма балдарыңыздын жашы канчада?

– Алды 54тө, арты бой жетип калган жигиттер. Жашоонун оор тузун татып калган немелер бул жерге келип, адамдай болуп жашап башташканда кадимкидей эреркеп, мага алкыштарын айтып ыйлап калышат. Азыркыга чейин «сиз болбосоңуз жашообуз кандай болмок эле билбейбиз» деп калышат. Бир үй-бүлөдөй болуп калганбыз, баарыбыз бири-бирибиздин мүнөзүбүздү билебиз. Мен кимисинин ичинде кандай күйүт бар экенин билем, ошого аларды аяп турам.

Учурда өзүмдүн 2 балам студент, 2 балам мектепте. Студент балдарымдын контракттарын да желим бөтөлкөлөрдү чогултуп өткөргөн акча менен төлөп келе жатам. 2 күркөдө эски болсо да телевизор бар, ошону көрүшөт. Биздин вагондо болсо телевизор жок, силер көргүлө деп балдарга бергем.

– Бул жерде ушундай абалда канча жылдан бери жашап жатасыздар?

– Мурун башка жакта баш калкалачубуз. Бул жерге келгенибизге 3 жыл болду.

– Бул короо эмне болгон короо? Шаардагы мекемелердин бирине караштуу жерби?

– Бул нан заводго караштуу короо. Бул жерде жашаганыбыз үчүн айына 7000 сом төлөйбүз. Кээде убагында бере албай калсак "чыккыла, бошоткула!" деп кубалашат. Андыктан чакан да болсо жер тилкебиз болсо, баарыбыз батып жашай турган там тургузуп алат элек. Негизи эле оюмда кароосуз калгандар үчүн атайын жай ачайын деген оюм бар. Бул боюнча атайын жазган долбоорум да бар.

– Жер тилке алуу үчүн аракет кылып көрдүңүзбү?

– Мурун мэрияга 2-3 жолу кайрылгам. 5 сотых болсо да жер тилке бергиле, үй-жайсыз адамдарды кошо багып жашаганга деп. Берилбейт деп коюшкан. Өкмөттөн жардам болушунан түңүлүп, өз арабабызды өзүбүз тартып келе жатабыз.

– Ооруп калганда кайда кайрылып дарыланасыздар? Алардын шаарда каттоосу жок болсо…

– Көбүнчө жеке клиникаларга алып барып текшертип, дарылатам. Кымбат алышат, бирок айла жок. Бир врач бар, ошол кээде келип текшерип турат.

– Өзүңүз вагондо жашасаңыз да 9 адамга башпаанек таап берип, аларга жол көрсөтүп келе жатыпсыз. Кайрымдуу адамдарга айтар сөзүңүз барбы?

– Биринчиден, «Супер-Инфо» гезитине рахмат, биздей адамдардан кабар алган. Нускаңыздар көбөйө берсин. Анан албетте, кайрымдуу адамдар чыгып жер тилкесин алууга жардам берсе деген үмүтүм бар. Жер алсак, эптеп үй салып алат элек.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн Айчүрөк айымдын телефон номери: 0770467790

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(16)
04.05.2020. 11:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
163
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
31-05-2020 20:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+7
Күчтүү айым экен.Аллаахым жар болуп, үй тургузуп алыңыздар.
04.05.2020. 13:28 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
28-03-2020
Соӊку аракети:
31-05-2020 16:53
Жынысы:
Белгисиз
+6
Окмот ушундай адамдарга жардам бериш керекда.Боор ооруй турган акыбалда жашашат экен.
04.05.2020. 19:51 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
23-04-2020
Соӊку аракети:
31-05-2020 11:27
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тиги эркектер дени сак, күч-кубаты бар эле немелер экен, өздөрү деле иштеп үй жай салып чыгып кетсе болмок экен цыгагдардын эркегиндей болуп бир аялдын көзүн колун карабай!
05.05.2020. 14:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
03-11-2019
Соӊку аракети:
31-05-2020 16:04
Жынысы:
Белгисиз
-4
Тенирим ден соолук берсин.
06.05.2020. 00:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
10-02-2020
Соӊку аракети:
31-05-2020 14:16
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баккан балдары Өспүрүм балдар кыздарбы десе баары эле сөөгү каткан чоң кишилер экенго, аларды неге багат түшүнбөдүм өзү араң жашаса... дагы талап кетпениздер, ар бир адамдын өзүнүн ойу бар дегендей... мага жаккан жок кайрымдуулук, сүрөттө кишинин алдында арак бөтөлкөлөр турат, эптеп кардын тойгузуп күнүн өткөргөн адамдарго
06.05.2020. 07:38 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
23-04-2020
Соӊку аракети:
31-05-2020 11:27
Жынысы:
Белгисиз
+6
Dorukchum, Ооба, бүтеле көчөдө үйү жок калган полу бомждарды киргизип алган окшойт, эгер норма адамдар болсо иштерин таап, кв снимат этип кетишмек, мындай жерде жашаганга эркектик намыстары жол бербейчи, тем более эркектер экен, аялдар болсо бир жөн.

Короче супер.инфо, болбоду бул жаңылыгыңар!
0001KG түзөттү 2020-05-06 07:40:08
06.05.2020. 08:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
20-04-2019
Соӊку аракети:
21-05-2020 22:24
Жынысы:
Белгисиз
+6
Dorukchum,Туура, бул аял жон гана кызматын корот окшойт ботолко тердиртип иштетип, селсаяк болсо эмне жээрге тамагы жата турган жайы болсо журо беришет да. Тем более озунун балдары студент болсо ботолко тербесе керек.
06.05.2020. 10:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
394
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
31-05-2020 19:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чооң эле киши таенесинин төрүндө отургансып отурат го. Бекер тамакты жеп тиги аялды мактап койсо багып жатат да. Көчүккө тээп иште деш керек. Майыптар бир нерселерди жасап сатып жан багып жатышпайбы
06.05.2020. 10:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
432
Катталган:
06-08-2015
Соӊку аракети:
30-05-2020 20:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Байлар мечит курганы туураго, бирок ушундай уй булолорго да чакан там салып берсе, хотя бы беш жуз тоок алып берип ферма ачып берсе иштешип кетмек.
suban78 түзөттү 2020-05-06 10:04:58
06.05.2020. 16:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
28-05-2020 17:32
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сынтага албайм. Сын да айта албайм. Ар кимдин жашоосу озундо
08.05.2020. 10:54 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
07-05-2020
Соӊку аракети:
25-05-2020 10:44
Жынысы:
Белгисиз
+2
katerina.li,акылдуу экенсин,Бактылуу бол
07.05.2020. 00:05 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
18-04-2020
Соӊку аракети:
30-05-2020 16:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарын Аллах билет..бирок тиги эже.ботолко чогултуп эки студент баласынын контрагын толоп жатканына ишенбей кеттим...чон эле кишилерди Бекер бакпайтта тирилигин откоргон ошолор окшойт
07.05.2020. 12:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
436
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
14-05-2020 15:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+5
Булардын жашоосу бир аз башкачараак.Тиги эркектер желим ботолко чогултуп келет кунуго,аны тиги эже Кытайга откоруп турат.Айына эн аз дегенде 40минге откоруп турчу,азыр чек аралар жабылып калып токтоп калды да.Андан тушкон акчаны эже алып тиги кишилерди арак,тамак менен камсыздайт болгону.Ал эми вагонго киргизип алганын себеби мындай.Ботолко терген кишилерди абдан талашышат,терип келген ботолконду мага откоз деп бомжтарды паралап арактан кобуроок куюп берип турушат.
07.05.2020. 13:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
436
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
14-05-2020 15:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+4
fanatka19,Себеби аларга арак,тамак болсо болду чогулткан ботолкосу канча тураары менен деле иштери жок.Тан атпай баштары ооруган немелер терип келип ким алса ошого откоруп жиберип арак ичишет да.Ал эми эже постоянный клиент болсун деп буларды киргизип алган,бул кишилер терип келгенин эжеден башкага откорушпойт.
08.05.2020. 00:40 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
23-04-2020
Соӊку аракети:
31-05-2020 11:27
Жынысы:
Белгисиз
+1
fanatka19, сен кайдан билесиң мунун баарын? Же тааныйсыңбы эжеңди?))
Анда ошентип эле айтпайбы, типа колумда иштеген ишчи балдарым деп)).
08.05.2020. 11:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
27-09-2019
Соӊку аракети:
31-05-2020 00:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
Да по виду не похожа на того,кто живет в вагончике... кол алдымдагы адамдар деп эле айтпайбы,чондорго окшоп " жумуш, турак-жай мн камсыз кылдым" деп, эми граница жабык киреше булагы азаыйп, олумуштонбой
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23946;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: