Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Илгиз Абдалиев, ырчы: «ЖУБАЙЫМА ЭКИНЧИ ЖОЛУГУШУУДАН КИЙИН ЭЛЕ ҮЙЛӨНҮҮ СУНУШУН КИРГИЗГЕМ»

№909 7-13-май, 2020-ж.


Ырчы Илгиз Абдалиев жубайы Назима экөө 2019-жылдын ноябрь айында баш кошушкан. Түгөйлөр баш кошуу чечимин кабыл алуу үчүн 2 жолугушуу эле жетиштүү болгонун айтышат. Шайыр, тамашакөй жан шериктердин кызыктуу маеги алдыда.

– Илгиз, Назима, кандайсыңар? Илгиз, алгач жубайыңды окурмандарга тааныштыра кетсең...

Илгиз: – Жакшыбыз, рахмат. Жубайымдын аты-жөнү Назима Муратбекова. Нарын облусундагы Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын кулуну. 2001-жылы туулган. Экөөбүздүн ортобузда 12 жаш айырма бар. Назима азыр 2-курстун студенти. Кесиби боюнча эсепчи.

Жакшы. Махабат баяны эки жаш таанышкан күндөн башталдыбы?

И.: – Экөөбүз былтыр октябрь айында таанышканбыз. Назима мени сыртымдан байкап, жактырып жүрчү экен. Сезими тууралуу жеңесине айтыптыр. Жеңеси менин классташ кызым менен чогуу иштечү. Анан экөө сүйлөшүп отуруп бизди тааныштырып коюуну чечишиптир. Ошентип классташ кызым аркылуу жан биргем менен таанышып калдым. Алгач WhatsApp`тан жазганымда Назима ырчы Илгиз жазып жатканына ишенген жок. Өзүмдү видеого тартып жибергенде араң ишенди. Эки күн WhatsApp аркылуу сүйлөшкөндөн кийин жолугушууга чакырдым.

– Алгачкы жолугушуу кандай өттү?

И.: – 26-октябрь болчу. Шеринеге бармакмын. Ага чейин Назима менен жолукканда ал жагып калса кошо алып барам, жакпаса өзүм эле барам деп ойлонуп койдум.

Назима.: – Ошентип ойлонгон экенсиз да, ээ?

И.: – Ооба (күлүп). Анан шеринеге ээрчитип кеттим. Назима жеңесинен бир саатка эле суранып чыккан экен, ал улам чалат, жазат. Бир маалда телефонун алып туруп «жеңе, кабатыр болбоңуз. Саат 11де жеткирип коём» деп жазып койдум. Жеңеси классташ кызыма да улам чалып «ал чоң эле киши го. Жаш кызды бир нерсе кылып салбайбы? Коркуп жатам. Байкеси келсе бизди өлтүрөт» дептир.

– Анан үйгө барганда жеңең уруштубу, Назима?

Н.: Урушкан жок. Биринчи жолу жолугушууга кетип, кечиксем коркуптур.

– Андан ары мамилеңер кантип уланды?

И.: – Андан кийин экинчи жолу жолугуп, кафеде тамактандык. Ошондо жолугушуудан чыгып Назима үйүнө кирери менен WhatsApp`тан «мага жактың. Макул десең, үйлөнгөнгө даярмын. Бир айдын ичинде алып кетем. Мага бир эле жооп керек, «ооба же жок» деп айт» деп айттым. Назиманын анда турмушка чыгуу оюнда жок экен. Алгач таң калды. Бирок ойлонуп туруп бир аздан кийин оң жообун берди. Бул макул болгондон кийин кайра өзүм «мен даярмынбы?» деп ойлоно баштадым. Мен тез чечим кабыл алган, кабыл алган чечимимден артка кайтпаган адаммын. Ушундан кийин экөөбүз бир тойго чогуу бардык. Анан 22-ноябрь – менин туулган күнүмдө баш коштук.

– Илгиз, айткандарыңа караганда Назиманын сырткы келбетине көбүрөөк көңүл бургандайсың?

И.: – Бири-бирибизге жарашпай калбайлы деп келбетине да көңүл бурдум. Келбетинен тышкары назиктиги, орундуу сүйлөгөнү, чечкиндүүлүгү, тамашакөйлүгү, тазалыгы, тыкандыгы жакты, жылдызыбыз келишти. Анан да көп убакыт сүйлөшүп жүрө берсең мамиленин баркы кетип калат го. Ошол себептүү убакытты созуп жүрө берүүнү туура көргөн жокмун. Мага күлүп-жайнап жүргөн адамдар жагат. Назима экөөбүз тең шайырбыз. Күлүп, тамашалашып коюп жашап жатабыз.

– Назима, күйөрмандар арасында «Илгиздин ырчылыгына кызыгып эле баш кошууга макул болду» деген сөздөр да айтылса керек?

Н.: – Ооба, Илгизди мурда сырттан таанычумун. Бирок атактуулугунан мурун жан дүйнөсү, адамдарга кылган мамилеси басымдуулук кылып кетти. Башында эле «атактуулугуңузга кызыгып сизге турмушка чыгып жатат деп ойлосоңуз, жаңылышасыз» дегем.

– Сен дагы чечимди бат кабыл алыптырсың. Башында баары бир корккон чыгарсың?

Н.: – Корктум. «Жашап кете аламбы, Илгиз ата-энем менен тил табыша алабы?» деп ойлондум. Бирок баары бир жашап кетериме ишендим. Атамдын туугандары, бир туугандарым мүнөзү оор адамдар. «Чоң энем эмне дейт?» деп корктум. Бул тууралуу алгач апама айттым. Апам мага таарынып сүйлөшпөй жүрдү. Анан ал чоң апама, атамдарга айтса, чоң апам «турмушка чыгам деп жатса, демек, өз теңин тапты, кызды кармабагыла» дептир. Атам болсо «мен кызыма ишенем, макулмун» дептир. Алар Жумгалда, мен Бишкектемин да. Атам менен чоң апамдын бул сөздөрү мага күч, ишеним берди. Анан апам чалып «ал ким?» деп сурады.

И.: – Алар сураса да Назима кимге турмушка чыгып жатканын айтпай койду. Анткени изилдеп киришпесин деп «мен тууралуу айтпа» деп сурангам. Үйлөнүү тоюбузга 2 күн калганда ата-энелерибиз жолукту. Ошондо гана Назиманын ата-энеси мен тууралуу билишти.

– Билгенден кийин эмне дешти?

Н.: – Апам «бактылуу болсоңор болду» деди. Атам «негизгиси кызым үйгө ыйлап келбесе болду» деди.

И.: – «Ыйлап келбейм, ушул балага тийбесем болбойт» деп тийбедиңби (күлүп)?

– Илгиз, кайнатаңдын сөзү дайым эсиңде болобу?

И.: – Албетте, Назима үйүнө ыйлап барбайт. Бул ыйласа өзүм коркуп кетем. Кичине катуу сүйлөп койсоң эле ыйлап калат экен. Бир ирет экөөбүз бир жерге баралы деп даярданып жатып, «эмне кеңкелестейсиң?» деп алгам. Назима унаага отурганда эле ыйлап баштады. «Эмне болду?» десем айтпайт. Өзүм коркуп кеттим. Бир маалда «эмне мени урушуп жатасың?» дейт. Анан эркелетип койсом басылып калды.

– Ортодогу жаш айырма өзүңөрдү, туугандарыңарды чочуткан жокпу?

И.: – Мен башында эле «мен жөнүндө баарын билесиң, өзүң макул болдуң. Туугандарыңа өзүң түшүндүр. Кийин мен жаманатты болбоюн. Жаш кыздын башын айлантып алдың деген сөз болбосун» дедим. Калганын Назима өзү жайгарды. Мага болсо Назима жакты. Анын чечкиндүүлүгү, тамашакөйлүгү жакты. Жаш, тарбиялап алам дедим.

– Анан, кантип тарбиялап жатасың?

И.: – Тамашалап жатам. «Тарбиялап алам» деген туура эмес экен. Адам жаш болобу, улуу болобу, дээринде тарбиясы болушу керек экен. Андайга көнбөйм деп өзүнүкүн бербегендер ошол бойдон калат окшойт. Туура эмес болсо да өзүнүкүн талаша берсе эркектин көңүлү калат да.

– Назима, сени Илгиздин улуу болгону чочулаткан жокпу?

Н.: – Жок. Мага жакты, кичүү деп сыйлап, эркелетип турат экен.

– Келиндин келгендегиси эстен кетпейт дейт. Назима, кандай кызыктуу окуяларга кабылдың?

Н.: – Тойдун алдында кыз узатууга даярданып уктаган эмесмин. Эртеси күнү эле Бишкектен Ат-Башыга келдик. «3 күн катары менен жакшы уктабаптырмын. Ат-Башыга баргандан баштап келин көргөнү эл келип жатты. Эртеси көшөгөдө отуруп уктап калыптырмын. Бир маалда кайын сиңдим «жеңе, келин көргөнү келатышат» деди эле уйкусуроо менен туруп алып жүгүнүп жаттым. Бир маалда көзүмдү ачып карасам, жанымда эч ким жок экен. Кайын сиңдим «жеңе, кишилер кеткенден кийин жүгүнүп жаттыңыз го» деп каткырат.

– Бири-бирин аз гана таанып үйлөнгөндөрдүн жашоосу кызыктуу болот дешет...

И.: – Ооба, ошондой экен. Азыр бири-бирибизге ар нерсе айтып берип сөзүбүз бүтпөйт.

– Өзүңөрчө жашайсыңарбы?

И.: – Негизи Бишкекте өзүбүзчө жашайбыз. Азыр карантин учурунда Ат-Башыда ата-энебиз менен жашап жатабыз.

– Назима, кайнене-кайната менен жашаган кандай экен?

Н.: – Атам менен апамды өзүмдүн ата-энемдей кабыл алам. Күндө алардын ыраазычылыгын алганга аракет кылам. Мага башынан эле айылда жашаган жагат. Турмушка чыга электе студент болуп Бишкекте жашап калдым да. Акчам болсо эле айылга кетип калчумун. Анан айылда атам эмне жумуш кылса да ээрчип жанында жүрө берчүмүн. Ошого көнүп калгангабы, турмушка чыккандан кийин Илгизди ээрчип калдым. Азыр Илгиз эшикке чыкса эшикте, үйгө кирсе үйдө ээрчип жүрөм (күлүп).

И.: – Аны угуп менин атам «Илгиз жокто мени деле ээрчип жүрө бер» деп коёт. Анан бул жакта Назима курактуу иним бар. Көп учурда экөө ойноп кетишет (күлүп).

– Үй-бүлөдө аялдар зомбулук көргөн окуялар азайбай жатат. «Аялды алсыз эркек урат» деген пикирге кошуласыңбы?

И.: – Аялды алсыз эркек урат дегенге кошулам. Аялың сага жакпаган иш жасап жатса, жакшы сөз менен айтып түшүндүрүү туура. Акылы жетсе, аял өзү түшүнүп алат. Түшүнгүсү келбеген аял жолу каякта экенин өзү билет. Жашоону алып кете алган аял башынан эле билинет. Эркекке аялдан жылуу сөз, даамдуу тамак жана аны уга билүүсү гана керек.

Н.: – Менимче, эркек башкарган үй-бүлөдө туруктуулук болот. Анан ар бир күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат дешет. Мен күчтүү аял болгонго, үй-бүлөнү сактаганга, жолдошумдун сөзүн укканга аракет кылам.

– Илгиз эл көзүндөгү адам. Күйөрман кыздары жазып, чалып калышы мүмкүн. Кызганууга шылтоо боло элекпи?

Н.: – Күйөрмандарын түшүнүү менен кабыл алам, аша чаап кетпесе эле. Илгизге ишенем, кызганууга шылтоо жок.

И.: – Негизи чагымчылдар болуп жатты.

Н.: – Ооба, андайлар көп болот экен.

– Кандай чагымчылдар? Түшүндүрүп берсеңер...

И.: – Эски окуяларды айтып чыккандар болду. Назима баарына түшүнүү менен мамиле кылды, ошондуктан мага жеңил болду. Экөөбүз биргеликте баарын жеңип, андай адамдарды блокко салып жок кылып жатабыз.

– Бири-бириңердин телефонуңарды текшересиңерби?

И.: – Албетте, мен текшерем. Ар нерсени жазып Назиманын көңүлүн оорутуп коюшпасын деп социалдык тармактардагы баракчаларына кирип, комментарийлерди, жеке каттарды карап турам. Айрымдарын Назимага көрсөтпөй жок кылам. Таанышуу максатында жазган балдар да бар. Аларды өзүм жолго салам.

– Канча балалуу болгуңар келет?

И.: – 10 бала төрөйсүң деп жатам. Сен төрөп эле бер, өзүм багам дейм. Мен баланы жакшы карайм.

– Назима анда бала карап үйдө отурган жубай болот экен да?

И.: – Жок, иштейт дагы. Айымдар балдар менен үйдө отура берсе депрессия болушат, өзүн карабай калышат, толуп кетишет. Бул нерселер мени ойлондурат. 10 бала төрөсө да чекчейип өзүн тыкан алып жүрүүсү керек.

– 10 балалуу болууга Назиманын пикири кандай?

Н.: – Буюрса, ден соолук болсо, төрөй берем. Азыр эртерээк балалуу болсок экен деп тиленип отурабыз.

– Илгиз, чыгармачылыкта кандай жаңылыктарың бар?

И.: – Жубайым экөөбүз дуэт ырдап көрөлү деп жатабыз. Тагыраак айтканда, мен аны көндүрүп макул кылып жатам. Карантин бүтсө ыр жаздырабыз. Эл жакшы кабыл алса, чогуу ырдоону улантабыз.

– Назиманын көңүлү барбы? Атактуу болууга даярбы?

Н.: – Ооба, бар. Үйрөткөнүн үйрөнүп жатам. Атактуу болууга даярмын.

– Кызыктуу маегиңер үчүн рахмат! Бактылуу болгула, кыялдарыңарга жеткиле!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(18)
27.04.2020. 14:41 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
31-03-2020
Соӊку аракети:
31-05-2020 01:29
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бактылуу болунуздар
27.04.2020. 15:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
31-05-2020 14:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+7
Таззале го.Ото жаш кыз экен, баркына жериңиз.
27.04.2020. 15:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
31-05-2020 14:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+10
10ду төрөп, чекчейбей семирип кетсе,не таштап кетет бекен?
27.04.2020. 15:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
03-03-2016
Соӊку аракети:
31-05-2020 19:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын
+4
Периштенин коз жашы,,,качан чыгат,ошону чыгаргылачы биринчи...
27.04.2020. 18:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
24-02-2016
Соӊку аракети:
31-05-2020 04:49
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жаш балдардын интервьюсун окугандай болдум.Бул атактууну тааныбайт экем.
27.04.2020. 21:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
17-05-2017
Соӊку аракети:
10-05-2020 12:17
Жынысы:
Белгисиз
+2
bul kim ele taanibait ekenmin
27.04.2020. 23:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
30-10-2019
Соӊку аракети:
31-05-2020 03:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Туулган айылым
+4
Ырчыдан коп нерсе жок, тааныбайт экем. Бактылуу болсун, Кудайым берип 10 балалуу болушсун
27.04.2020. 23:40 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
18-04-2020
Соӊку аракети:
30-05-2020 16:44
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аябай озун атактуу сезип алышыптыргоо кантседа бактылуу болушсун..Данияр эрматовдун аялына окшош экен
28.04.2020. 05:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
31-05-2020 16:43
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тааныбайт экем бул ырчыны, бактылуу бол!таш ыргыткан ырчыга тиет го канк этип
28.04.2020. 14:20 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
19-03-2020
Соӊку аракети:
31-05-2020 11:54
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайсыл ырды ырдайт бул ырчы? Озунчоле озу жактырып озу кондуруп деп эле звездаго
28.04.2020. 17:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
605
Катталган:
06-03-2012
Соӊку аракети:
31-05-2020 13:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эски шаар
+3
Аялы тарбиялуу экен инстаграмдан комментарийлеринен байкадым.Илгиздин бешенеси ачылыптыр.Бактылуу болгула.
29.04.2020. 06:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
03-11-2019
Соӊку аракети:
31-05-2020 16:04
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жубайын абдан сулуу экен.
29.04.2020. 21:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
281
Катталган:
16-02-2014
Соӊку аракети:
28-05-2020 20:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Кайсы ырчы бул?
30.04.2020. 01:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
205
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
31-05-2020 14:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Бактылуу болгула! Бирок Куйоосу улуу болсо деле тушунугу жаш баладай го.
30.04.2020. 08:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
20-06-2017
Соӊку аракети:
26-05-2020 13:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Периштенин коз жашы качан чыгат ай?
30.04.2020. 16:14 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8595
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
30-05-2020 15:02
Жынысы:
Белгисиз
02.05.2020. 22:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
15-04-2012
Соӊку аракети:
31-05-2020 11:21
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аиий 2001 жылы торолгондор мага дале садикте жургон жаш балдардай туюлат. Ужас, каарыптырмын
13.05.2020. 13:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
14-02-2018
Соӊку аракети:
28-05-2020 11:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоонун ортосундагы жаш айырма 12жаш экени билинбейт деле го,тендей эле корунот экен аялы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23946;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: