Архив
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
«ТҮБҮҢӨ МЕН ЖЕТТИМБИ?»№909 13-19-апрель, 2020-ж.
– Көлгө суктанып отурасызбы?- деди. Андан корунуп үн каткан жокмун. Өжөр экен, унчукпасам да ар нерсени айтып берип, мени сүйлөтүп алды. Көлдө жүргөн 3 күн бизди жакындатып койду. – Бишкектен жолугуп туралы, дарегиңди бер, сени жоготуп албайын. – Өзүңүз жоголуп кетпеңиз,- деп тамашалай дарегимди айттым. Ошентип Бишкектен жолугушуп жүрдүк. Ал жигиттин Нарындан экенин укканда атам менен апамдан коркуп «болду, сүйлөшпөйм» дедим. Анткен менен жүрөк кургур ага жол бербеди. Жыл айланган соң атамдар «сени күйөөгө беребиз» деп айылга чакырышты. Чый-пыйым чыга Маратка айтсам, "өзүм эле алып кетем" деп февраль айында Нарынга алып жөнөдү. Ата-энем эмне десе да ушул мырзага турмушка чыгам дедим. Бирок ичимде Мараттын жакындарынан чочулап жаттым. "Жакын эле жерден албайсыңбы" деп мени кабыл албай коюшабы дедим. Бирок андай болгон жок. Аябай жакшы кабыл алышты. Тыпырап даярданып, Ошко ачуу басарга жөнөп кетишти. Менин катым эч нерсени чечпесин билсем да, кат жазып бердим. Атамдар киргизбей коёт го деп сарсанаа болуп жаттым. Оштон келишкен соң «менин чечимимди эп көрүшүптүр» деп жүрөгүм ылдыйлай түшкөн. Үйдүн тун келини болгонгобу же билбейм, кайненем баш болуп баары мени бөпөлөп эле жатышты. Марат менен болгону 9 ай жашадым. Бул убакыт жашоомдун эң даамдуу, эң кооз, көрктүү бөлүгү болду. Көрсө, ачуу басарды тосуп коюшканы менен, атамдардын планы башка экен. Бишкектеги эжем апамдын катуу ооруп жатканын айтып мени Ошко салып жиберди. Санааркап айылга барсам апам дени сак, сонун эле жүрүптүр. Мени таламайга алышты баарылап: – Аркалыкка эрге тийип кыйраттым деп жатасыңбы? Бул жакта сүйлөшүп чечишип койсок, бетимди жер каратып, ата-тегим катташпаган Нарынга жөнөп бергениң кандай? Эми кайра кетем десең топурагымды түйүп берем. Аталыктан кечем. Атамдын айтканынан чыкпаган апам да мени кемирип, жеп жатты. Кийинки аптада кудалашып койгондорун чакырып, мени салып беришти. Кыркка таяп калган адамга мени байлап берип ата-энем эмне утуш тапканын али күнчө түшүнбөйм. Ата-энем дүйнөдөн кайтып кетишкени менен, аларга болгон таарынычым азыр да боюма батпай кетет. Бир ирет Марат мени издеп үйгө келиптир: – Сен кандай немесиң, күйөөсү бар аялды аялдыкка алып алган, көзүмө көрүнбөй жогол, ит! Ал акмак мурун күйөөгө тийген болчу. Иштегени кетип, сага тийип алыптыр. – Жок, мен аны менен жолугушум керек,- деп көшөргөндө балдарга аябай сабатып жолуна салыптыр. Жашоомду жайына коюшса эмне?! Ошко келгенде боюмда бар экенин билдим. Эне байкуш түтпөйт экен. Аны билгенде мени качырмай болду. Эптеп эле Бишкекке жетсем деп качкан аракетим ишке ашпай калды. Атам апамды аябай сабап, таап кел деп жибериптир. Акыры өзүмдү курман кылдым. Апам ыйлабасын, атам көздөгөнүнө мени берип ыраазы болсун дедим. Баарына көнүп ичимдеги наристени эш тутуп, ушуну сактайын деп эле жашап жаттым. Анын үстүнө катуу кыйналып ооруканага түшүп калдым. Дарыгердин "дагы бир кыйналсаң баланы сактай албайсың, этият бол" дегени кулагыма сыргадай эле тагылды. Кандай болбосун ушул баланы жарыкка алып келем деп белсенип, күйөөмдүн да тилин табайын деп жаттым. Жапжаш мени турмушунан сууруп келип аялдыкка алып алганына манчыркап, күйөөм киши катары деле көргөн жок. Аны жек көрүп турсам да акыры моюн сундум. Бирок ичимде баары бир кетем деген ой дайыма ойноп турчу. Мен күткөн күн келип, Маратка куюп койгондой окшош кыздуу болдум, атын Нарындагы кайненемдин атынан Гүлжан койдум. Мараттын кызы болгону менен, экинчи күйөөмдүн фамилиясына жазылды. Ал да кызымды аябай жакшы көрүп, карап жатты. Атамдын ыраазычылыгы, апамдын көңүлү тынч болсун деп жатып, жашоого деле ыктап көнүп калдым. Бишкектеги эжемдин кызы Ошко келгенде Мараттын үйлөнгөнүн айтты. Жалгыз үмүтүм болгон адам үйлөнүп алганда кетем дегенимден кайттым. Ошентип 3 уулдуү болдук. Бирок бала деп жашаганым менен, Маратка болгон сүйүү, атамдын кылганы, күйөөмдүн мамилеси мени жөн гана балдар үчүн басып жүргөн сөлөкөткө айлантты. Жакында Бишкекте тигүүчү болуп чогуу иштеген кызга интернет аркылуу байланышып калдым. Ал "Марат сени сурап келип жүрчү, кийин ичип кеткен. Жакындары канча аракет кылып үйлөндүрө албай коюшту. Бир жыл болду, каза болуп калды. Апасы, атасы да өтүп кетишти" дегенде көзүм караңгылап кетти. Сүйүү канча болбосун жашайт экен. Байкушум, мен деп жүрүп жашоосун талкалаптыр. Кандай сонун адам эле. Өкүнгөнүм, жок дегенде миң аял алды дешсе да бир эбин таап кызы бар экенин айтып койбой, аттиң! Бир көргөндө өз кызы экенин таанымак. Керек болсо моюнундагы калынан бери окшош. Балким, ичпей калмак. Балким, биз бирге болмокпуз. Баштагы сонун күндөрдүн өмүрү узун болмок. Мына эми кимди күнөөлөөрүмдү билбей түнөрүп отурам. Адам жумшагын адам жейт деген чын белем?.. Медина "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(16)
rtuiop
![]()
15.04.2020. 22:56
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
16-08-2017
Соӊку аракети:
12-11-2020 22:18
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жакамды кармагандан башка эч нерсе кыла албадым кантип болсун ушундай? Кантип? Кайсыл заманда жашап жатабыз? Биринчи жолдошу талак бербесе кайдан отот нике? Калган балдары арам торолдубу?
Baktyluumun98
![]()
16.04.2020. 01:38
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
26-08-2019
Соӊку аракети:
10-12-2020 09:47
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушунчалык дагы чечкинсиз болобу? Жон эле жомок го. Автор бизге жомок айтып койду окшойт.
kabylan.dili
![]()
16.04.2020. 05:44
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
22-12-2013
Соӊку аракети:
19-01-2021 16:56
Жынысы:
Белгисиз
+6
Админ периштенин коз жашы менен бычак мизиндеги жашоо эмнеге чыкпады
admin_portal
![]()
16.04.2020. 14:49
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8595
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
16-07-2020 23:26
Жынысы:
Белгисиз
0
kabylan.dili, https://www.super.kg/article/show/51127
Beka0007
![]()
16.04.2020. 06:03
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
14-06-2019
Соӊку аракети:
19-01-2021 12:50
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошол үчүн өнүкпөйбүзда түндүк-түштүк, аркалык деп бөлүнгөнүбүз үчүн эле.
Beka0007 түзөттү 2020-04-16 06:03:49
tynar92kg
![]()
16.04.2020. 09:09
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
04-03-2013
Соӊку аракети:
19-01-2021 12:41
Жынысы:
Белгисиз
+5
Админ периштенин коз жашы менен бычак мизиндеги жашоо эмнеге чыкпады
admin_portal
![]()
16.04.2020. 14:49
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8595
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
16-07-2020 23:26
Жынысы:
Белгисиз
0
tynar92kg, https://www.super.kg/article/show/51127
gunu
![]()
16.04.2020. 09:58
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
09-08-2012
Соӊку аракети:
20-01-2021 00:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кыргызстан
+2
Урматуу админ периштенин коз жашы кайсы жерден окуйбуз
admin_portal
![]()
16.04.2020. 14:49
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8595
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
16-07-2020 23:26
Жынысы:
Белгисиз
0
gunu, https://www.super.kg/article/show/51127
munira-tilen
![]()
16.04.2020. 17:52
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
06-11-2016
Соӊку аракети:
20-01-2021 01:03
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_portal, периштенин коз жашы жокко
admin_portal
![]()
16.04.2020. 18:11
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8595
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
16-07-2020 23:26
Жынысы:
Белгисиз
0
munira-tilen, https://www.super.kg/article/show/51125
Baktyluu_bolgum_kelet
![]()
16.04.2020. 14:38
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
352
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
20-01-2021 00:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+2
Нервим кашайып кетти!
rtuiop
![]()
16.04.2020. 21:01
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
16-08-2017
Соӊку аракети:
12-11-2020 22:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baktyluu_bolgum_kelet,сизде нерв барбы дагы деле? Бизде кавай кааган
KaGaH
![]()
17.04.2020. 14:53
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
272
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
19-01-2021 21:07
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мени кечирип кой,көк мее экенсиң,ушул кантип болсун күйөөсү туруп башкага тийип кеткен,мен мындай нерсеге таң калбайм,анткени тааныш байкенин аялы да ушинтип тийип кеткен,Москвадан үйүмө барып келейин деп кетип,талагын да бере элек
Nuri1988Elim2010
![]()
17.04.2020. 20:03
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
368
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
24-12-2020 13:27
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ээх
taalay25
![]()
19.04.2020. 11:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайдагы жомокту ойлоп жаза бербегилечи! Жок эле нерсени токубай. Туштукто ооба «аркылыка кыз бербейбиз» дейт туура. Бирок никедеги кызын куйоосунон талак алмайынча башка куйоого бербейт, берген да эмес! Нервке тийип кайдагы нерселерди токуй бербегилечи,
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 2 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 2) бул макаланы окуду:
|