Архив
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Жалгыз бой эне: «ЖОЛДОШУМ МАЙЫП КЫЗЫМ ЭКӨӨБҮЗДӨН БАШ ТАРТТЫ»№905 5-11-март, 2020-ж.
-Мен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан болом. 2013-жылы коңшу айылдагы жигитке турмушка чыккам. Алгач уулдуу болгонбуз. Балам бир жаштан өткөндөн кийин аны кайненеме таштап, күйөөм экөөбүз үй-жай тургузалы деп Орусияга иштегени кеттик. Уулум 4кө чыкканда экинчи наристебиз боюма бүттү. Ичимден бала өспөй калыптыр. Дарыланып жатып, курсактагы балам экөөбүз тең жакшы болгондой болдук. Анан эле өзүмдүн да, кызымдын да каныбызда маселе жаралып, ай-күнүмө жеткирбей төрөтүп алышты. Бала нормадан кичинекей эле, төрөлгөндө ыйлаган жок. Дарыгерлер «канда вирус бар, бала кыйналып калган, кан алмаштырабыз» дешти. 20 күндөн ашык жандандыруу бөлүмүндө жатты.
Баланы дарылатып жатканыбызды укканда кайнатамдар жолдошума чалып «кызың жакшынакай эле экен, сүрөттөн көрдүк. Аялың жөн эле акча кетирип отурат. Биякка жөнөтүп жибер, келип баласын карасын» дешиптир. Чынында мен Москвада расмий иштегендиктен милдеттүү медициналык камсыздандыруу аркылуу өзүмдүн да, кызымдын да дарылануусу бекер болгон. Кыз 6 айга чейин дарыгердин көзөмөлүндө болсун дегенге карабай, жолдошум билет алып Кыргызстанга салып жиберди. Кыргызстанга келгендин эртеси күнү ыйлап аябай тынчы кетти. Сооротуп эмизип жатканда көзү аңтарылып калды. Коркуп дароо Базар-Коргондогу ооруканага алып бардым, саат сайын калтырап-титиреп жатты. Улам тынчтандыруучу дары сая беришти. Таң атканда калчылдаганы такыр токтобой калды. Эч кандай диагноз коё алышкан жок, анализ алган жеринен эле кан кете берди. Ошентип комага түшүп калды. «Кичине калтыроо менен келдик эле, абалын оорлоштуруп койдуңар» десем, дарыгерлер «сенин көңүлүң деп эле алып отурабыз. Кааласаң алып кете бер, өлсө колуңда өлсүн» дешти. -Ошентип кызымды Ошко алып жөнөдүм. Жандандыруу бөлүмүнө кабыл алып, дароо башын томографияга тартышты. «Консилиум кылып операция жасайбыз, атасын, чоң ата-чоң энесин чакыр» дешти. Кайната-кайненем, ошол күнү күйөөм да Москвадан учуп келди. Уруш ошол жерден башталды. Атасы күйөөмдү көрүп эле «сен эмнеге келдиң? Иштей бербейт белең» деди. «Кызым ооруп жатса кантип ал жакта жүрөт элем?» деп уруша башташты. Консилиум кылышканы менен, операция жасалган жок. Врачтар «мээге кан көп кетип калган, бизде заманбап аппараттар жок, мээге операция жасай албайбыз» деп коюшту.
Ыйлагандан башка аргам жок, эмне кыларымды билбей отурсам кайнатам кирип «баланы ары-бери сүйрөп кыйнап жаткан сенсиң, аппараттарды суурутуп, кызыңа ыраазы болуп ооруканадан чык! Бул баары бир адам болбойт. Жарым жан бала менен өмүр бою балама эле жүк болосуңар. Балам мени багабы же оорукчан кызың менен сени багабы?» деп урушту. «Кудайым канча өмүр берсе ошону жашайт, мен баламдан баш тарта албайм» десем, «анда өзүңдөн көр, өзүң сүйрөйсүң. Баламды эмес, кызыңды тандадың, эми адам кылып ал» деп кетип калышты. Жолдошум да кошо кетти. Кызым 12 күн дегенде көзүн ачты. Бирок денесинде эч кандай кыймыл жок. Бир ай жандандыруу бөлүмүндө жаттык. Жолдошум келип үйдөгүлөр менен урушуп кеткенин, Москвага барып иштээрин, ал жактан дарылатарыбызды айтып кетти. Ооруканадан чыккандан кийин жол жүргөнгө болбойт дешкенинен жакын жерден батир алып жашап калдым. Ата-энем каржылап жатты. Бир айдан кийин жолдошум байланышып, акча сала баштады. Ошто жашап жүргөндө өздөрү сурабаса деле небереңер жакшы деп жыйынтыктарды айтып кайненемдерге чалып турдум. Эки бала турганда жөн эле ажырашып кетпейин дедим. -Жолдошум Москвага чакырып калды. Кайнатамдарга уруксат алганы бардым. «Балаңар чакырып жатат, мага капа болбогула, кызды айыктырып алалы, анан келип кызматыңарды кылам» дедим. Небересин колуна да алышкан жок. «Болуптур, бара бер» дешти. Анан күйөөм өзгөрө баштады. Билет алалы деп чалсам, албай жатканынан «жөн жерден уруша бербегиле» деп билетти атамдар алып беришти. Чукул арага арзан билет чыгып калганынан кайненемдерге үйгө бара албасымды айтып байланыштым. Макул деп эле калышкан. Чыкканымды айтып күйөөмө СМС жазып койгом. Учакка отургандан кийин «эмнеге ата-энемди нааразы кылып келе жатасың, келбей эле кой» деп телефон чалды. Москвага жеттик, тосуп алган жок. Батирге барсам, кожоюнга мени киргизбөөнү табыштап, ошол күнү чыгып кетиптир. «Сенден эч жамандык көргөн эмесмин, кыштын күнү бала менен кантип эшикке калтырайын?» деп, ал киргизди. 3 күндөн кийин жолдошум келип «ата-энемди ыйлатып туруп келиптирсиң. Атам «эгер ошол аялыңды тандай турган болсоң, мен сага өмүр бою нааразымын» деди. Биз ажырашабыз, кызыңды каалагандай кылып бага бер» деп кетип калды.
Ыйлап-ыйлап, акыры бел байлап кызымды дарыгерге көрсөтөйүн деп, атама телефон чалып болгонун айттым. Малын сатып, акча кылып мага жөнөттү. Камчаткада иним, апам иштечү, ошол жакка кеттим. Кызымды жеке клиникага алып барып жаттым. 3 айда кызымды чет жакта алып жүрүүгө атасы берген макулдуктун убактысы бүтүп калды. Орусиядан чыгууга туура келди. Кайнатамдарга барсам «экөөң ажыраштыңар, эми башка келин алабыз» дешти. Мен эч нерсе деген жокмун, улуу баламды алып чыгып кеттим. Декабрда ажырашууга сотко арыз жазгам. Күйөөм экөөбүз Сахалинде жакшы иштегенбиз. Менин айлыгым 70 миң, аныкы 50 миң болчу. Чыгаша кылбай кайнатама айына 100 миңден салып турчубуз. Кайнагам менен биригип машина алып бердик. Биз салган акчага үй-жайынын баарын оңдошту. 3 жерден жер тилкесин алганбыз. Андан тышкары үй курганга керек деп 400 кой алганбыз. Ошолордон үлүш тийсе, кызымды дарылатууга жумшайын десем, күйөөм мүлктүн баарын атасынын наамына өткөрүп коюптур. Кайнатам сотто «башында эле кыздан баш тартса, минтип азабын тартпайт эле. Эч кандай жардам бере албайбыз» деди. Жолдошумду жаракат алган деп, эч жакта иштебейт деген документтерди өткөрүптүр. Кызым 3 жашка чыкканча ооруганы үчүн деп 2000 сом, эки балага деп 3000 сом алимент чектеди. Бирок аны деле беришкен жок. -Кызыма 1 жаш 8 ай болду. Гормоналдык дары алгандан улам салмагы 15 килограмм. Отура албайт, баспайт. Бир нерсени деле алаксып карай албайт, көрүүсү начар. Тамакты ыйлаганына карабай кыйнап ичирем.
Балаң ооруп турса жанында жөн гана жүрө албайт экенсиң. Бишкекте Жалдагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна алып бардым. Ал жактан «5-6 ай мурун келгениңде дарыламакпыз, баш сөөк ачылса мээ сууну соруп алат, суу мээге аралашып кеткен» деп дарылоодон баш тартышты. Кайсы жактан болбосун шыпаа издеп калдым. Үмүтүмдү кантип үзүп таштайм? «Бишкекте дагы бир клиникада күчтүү врач бар, ошол жерге баргыла» деп сунуштап калышты. Барсам «бүтүндөй калыбына келтире албайм, ден соолугунун үчтөн бир бөлүгүн кайтарып беришим мүмкүн. Бир курстук дарылоо 1000 доллар болот. Мындай оору менен кыйналып жашайт. Өмүр бою жөн гана баланын сөлөкөтүн багасың, паралич болуп жатып берет. Канчалык эрте дарылатсаң, ошончолук жакшы» деди. Дарылатсам, жылыш болсо дегенде эки көзүм төрт. Каражаттын тартыштыгы кендирди кесип турат. Кызымдын оорусу менен күрөшүп, эки бала менен иштебей, туугандардын колун карап калган кыйын экен. Кызым ооругандан бери ата-энем малын, машинасын сатышты. Такыр болбой калганда насыя алып беришкен, азыркыга чейин төлөп жатышат. Жакшы врач, жакшы табып дегенди уксам эле барууга шашам. Кызым жакшы болсо мен деле иштеп өзүмдү, балдарымды өзүм каржылайт элем. Колу-буту тырышып жазылбай калат. Айласыздан интернеттен ушундай балдарга кандай укалоо жасаса болорун карап ушалайм. Ар кимдин өз көйгөйү бар, бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт экен. Ошого карабай тууган-уругум кол сунуп келе жатышат. Кызымды дарылатуу үчүн коомчулуктан жардам сурайм. Динара Акимова "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул макаланы окуду:
|
Жакшы нерсе кылып жаткандай ырахаттануу менен жинге тийип азаптаган.
Бирок ошол неберелер,ошол келин эртен оорусанар жанынардан жылбай карай турганын эч эстебейсинер.Бирок качан гана тошокто жатып бироого коз каранды болгондо ыйлаактап келининен кечирим сурайт.
Адамдын тагдыры,жашоосун бузгандан ырахат алган менин апам,бир туугандарым.
Акча,байлыкка жеткенден кийин мени жемелеп бейишке жолдомо алгандай суйунгонсунор.