Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

МИЛИЦИЯ КҮНӨӨЛҮҮНҮ КАРМОО ҮЧҮН ЖАБЫРЛАНУУЧУДАН АКЧА СУРАЙБЫ?

№904 27-февраль - 4-март, 2020-ж.


Коомдо милиция кызматына ишенбөөчүлүк күндөн-күнгө күчөп барат. Ууру-кескиден жабыр тартып «милицияга арыз жазгам, ошол бойдон эч жыйынтык жок» деп күтүп жүргөндөр миңдеп саналат. Айрымдары «укук коргоо кызматкерлерине ишенбей, өзүңө сак болушуң керек» деген жыйынтыкка аргасыздан келишет. Мындай жагдайдан жабыр тарткан Дөөлөтбек Касымбек уулу «арыз жазып, керек болсо шектүүнүн сүрөтүн, дарегин таап берсем дагы милиция кызматкерлери реакция кылбай жатышат» дейт.

«БУЛ ИШТЕ БИР ДАГЫ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ИШТЕГЕН ЖОК»

– Москвага барганыма бир ай болгон. Бул жакта иштер чыгып калып кайта турган болуп калдым. Бош кетпей кардар болсо сала кетейин деген ойдо унаама 3 киши салгам. Анын бири «менин жол кирем жок, акча, телефон, баарын тоноп кетишти, Кыргызстанга жеткенде жол акысын берейин, апам Түркияда иштейт, акча салып ийген» деди. Соопчулук үчүн макул болуп салып алдым. 14-январга караган түнү саат 4төрдө Бишкекке келдик. Эки жүргүнчү түшүп калгандан кийин Нуридин деген бала «азыр менин бара турган жерим жок» деп калды, «анда менин жанымда кал» дедим. Үйгө баратканда «ушунча жол жүрүп келип кирдедик, мончого түшүп албайлыбы» дегенинен макул деп мончону көздөй айдадым. Барсак жабык экен. Ачылышын күтмөй болдук.

Чарчагандыктан катуу уктап калыптырмын, канчада ойгондум, билбейм. Карасам Нуридин жок, машинанын эшиктери ачык калыптыр, негизи эшиктер бек болчу. Курсагым ачкандыктан бир нерсе алайын деп сумкамды карасам жанымда алып жүргөн 15 миң рубль, 5500 теңге жана 3 миң сом акчам жок. Эмне кыларымды билбей калдым. Дарек боюнча Бишкектин Павлов-Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде турганбыз. Ошол жердеги бир байкеге айтсам, «102ге чалып милиция чакыр» деди. Бир нече убакыттан кийин милиция кызматкерлери келишти. Биринчи Май РИИБине барып арыз жаздым. Унаамда калган ал баланын буюмдарын тергөөчүгө өткөрүп бергем. Ошол жерден бир милиция кызматкери «кагаз болсо таштап кет чайга» деп калды. Башында түшүнгөн жокмун. Көрсө, анысы акча экен. «Өзүм тонолуп отурсам кайдагы акча?» дедим. «2-3 күн сайын сени чакырып турабыз. Шартың туура келеби? Тергөөгө катышпайм деп жазып бересиңби?» дешти. «Жок, мен катышам» дедим. Бирок андан кийин чалган да, чакырышкан да жок. Тескерисинче, мен аларга Нуридиндин дарегин, сүрөтүн, жакындарын, жүргөн жеринен бери таап берип жөнөтүп жаттым. Тергөөчү болгондон кийин издеши керек эле да.

Ачыгын айтканда, бул иште бир дагы милиция кызматкери иштеген жок. Телефон аркылуу милиция кызматкерлерине шектүүнүн сүрөтүн, жүргөн жерин айтып турдум. Тааныштары аркылуу анын Ошто жүргөнүн тактадым. Милиция кызматкерлери «жол киреге кеткен чыгашаны төлөп берсең, шектүүнү кармайбыз. Биздин деле бала-чака, үй-бүлө бар, кичинекей айлыкка иштейбиз» дешти. «Бул силердин ишиңер да» дедим.

Менин силерге кайрылганымдын себеби дагы ушул кызматкерлердин мага болгон мамилеси болду. Мен аябай таң калдым. Мындан улам массалык маалымат каражаттарына алардын ушул кылыгын айтайын деп чечтим.

«ШЕКТҮҮ МОСКВАДА ДА ШЫЛУУНДУК КЫЛЫП ЖҮРҮПТҮР»

– Кийин сураштырып жатып Нуридиндин Москвада чогуу жашаган балдарын таптым. Менин акчамды уурдап, жол киресин төлөбөй качкан бала ал жактан да батиринин ижара акысын төлөбөй, алардын да акчасын уурдап кеткенин уктум. Көрсө, ал менин унаама отурарда «тоноп кетишти» деп жалган айтыптыр.

Жүргүнчүлөрүм менен Москвадан Кыргызстанга чейин 4 күн чогуу жол жүрдүм. Жолду катар ар кайсыны сүйлөшүп, алар менен жакшы эле тааныш болуп калат экенсиң. Нуридин башында мени менен Нурик деп таанышкан. Анын толук атын кийин издештирип жатып өзүм билип алдым. Бир жолу ал оозун ачып алып уктап келатканда тамаша катары аны сүрөткө тартып алгам. Ошол сүрөт аркылуу сураштырып отуруп, анын апасын таптым. Бирок андан деле адамгерчиликке жата турган жооп уга албадым.

Ага карата арыз жазганымды уккан, андан жабыр тарткан Москвадагы мекендештердин «ушул баланы карматып, ишин акырына чыгарчы» деген өтүнүчү үчүн бул иштин артынан түшүп жатам.

«ИЧКИ КЫЗМАТТЫК ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРҮП ЖАТАТ»

Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы төмөнкүчө маалымат берди:

– 2020-жылдын 14-январында К.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда анын машинасынан белгисиз адам тарабынан 15 миң рубль жана
5 миң теңге, 3 миң сом акча каражаты уурдалганы жана ал адам из жашырып кеткени жазылган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (тоноо) менен бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Учурда тергөө кызматы Нуридин аттуу жүргүнчү – 1999-жылы туулган М.Нга карата издөө иштери жүргүзүлүп жатат. Муну менен катар тоноого башка дагы шектүүнүн катыштыгы бар деген версия каралууда.

Ал эми Биринчи Май РИИБинин милиция кызматкери кылмышкерди кармоо үчүн кеткен чыгашасын төлө деп акча сурады деген маалымат боюнча учурда кызматтык ички текшерүү дайындалган.

КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫНЫН АБАЛЫ

Жакында эле Бишкекте Патрулдук милиция кызматы ишке кирген. Жаңы кызматка Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Патрулдук кайгуул кызматы бириктирилген. Алардын айлыгы мурдагыдан 2 эсеге жогорулап, шаар ичиндеги 4 райондо тартипти жана жол кыймылын көзөмөлдөп турушат. Мындан тышкары өкмөт, президент баш болуп өлкөдөгү тартип жана коопсуздук сакталышы үчүн укук коргоо кызматкерлеринин айлык маяналары жогору, курсактары ток, үй-бүлөсүндө маселе болбошу керек деген пикирлерин айтып келишет. Эгер ушул талаптар аткарылып, кызматкерлердин айлык акылары жогорулап жатса, анда эмнеге катардагы тергөөчү же тартип сакчысы жабырлануучудан «чай-пайга» акча сураган деңгээлге түшүп жатат деген суроо жаралат. Укук коргоо органдарынын мышык ыйлаган абалын жакында эле жарандык активист Болот Ибрагимов ашкерелеп чыкты. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына ИИМге таандык мамлекеттик номерлүү унаа жол жээгинде мыйзамсыз сатылып жаткан күйүүчү майдан куйдуруп жаткан сүрөтүн илген. Коопсуздук сакталбаган, экономикага зыянын тийгизип, жайсыз жерде сатылып жаткан май ээлерин тартипке чакыруунун ордуна уурданып барып ошол жерден май алып жаткан укук коргоо кызматкерине, «ууруну кармап бер» деп суранган жабырлануучудан жең ичинен акча сураган тергөөчүгө кандай баа бересиз, окурман?

Динара Акимова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(9)
02.03.2020. 10:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
18-08-2017
Соӊку аракети:
20-03-2020 17:30
Жынысы:
Белгисиз
+7
Медиктер менен милициялар аз айлыкка иштейт дегенге кошулбайм мен. Булардын мейли айлыгы аз дейли бирок бул каракчылар элдин чонтогун оморуп атат. Биздин Кыргызстанда медиктер менен милициялар акча берсен гана кыймылдайт. Акчасы жоктор ыйлап ыйлап эле калып кетип атышат. Ач болсокта тынч болойук, кудайым милиция менен медиктерге күнүмдү түшүрбө деп тиленип жашаган замандабыз азыр.
02.03.2020. 10:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
31-10-2019
Соӊку аракети:
30-04-2020 11:52
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сойку сатып алгандай, сатып алса болот милиция кызматкелерин. Акча сурабаган кызматкер коро элекмин. Намёк кылганга ото уста. Тушунбойм да жогорку билим алып атышканда кантип намёк айтуу учун озунчо да билим алышабы тооба?
02.03.2020. 11:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
31-05-2020 14:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+1
Жашабай туруп уурулугун кара!ХХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2020-03-02 11:58:03
02.03.2020. 11:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
31-05-2020 17:53
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айлыктарын эки эмес беш эсе көтөрсо деле сурай беришет булар, беш колун салып үйрөнүп калышкан
02.03.2020. 19:33 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
12-11-2019
Соӊку аракети:
17-04-2020 04:50
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менттер менен медиктер культурный тилемчилер, и наглый тилемчилер, акчаң болбосо босогосунан айдап чыгышат!
02.03.2020. 19:40 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
12-11-2019
Соӊку аракети:
17-04-2020 04:50
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тиги бала Нуриктин жүргөн жерин, тел номерин, апасынын тел номерин, почти бүт эле маалыматтарды бериптирго, дагы кайсы издөө иштерин жүргүзүп жатышат? Дагы кайсы версияны карап жатышат? Нурикти тапса бүттүда бүт версиялар табылат. Эзилген блин тормоз урук бузуучулар!
04.03.2020. 18:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
13-05-2017
Соӊку аракети:
31-05-2020 10:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин досум да машинасын уурдатып арыз жазса сом сурашыптыр,байкуштун бергенге акчасы жок азыр озу издеп жатат,кызматкерлер издеп жатабыз деп коет экен болду башка жооп жок...
04.03.2020. 18:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
295
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
14-05-2020 15:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
0
Издоо журуп жатат,суйлошуулор журуп жатат,жакынча чечилет,жакында барган атабыз,буюрса баары жакшы болот деген создордон тажап буттук го.
06.03.2020. 11:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
373
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
30-05-2020 17:19
Жынысы:
Белгисиз
+3
Милиция кызматкерлери пара алып үйрөнүп калган,үйрөнгөн адат калабы, медиктер да ошондой. Ушулардыкын коюп мугалимдердин айлыгын көтөрүш керек болчу. Айрыкча мектеп мугалимдердин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23946;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: