Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

“АТА, ЭМНЕГЕ КЕЛГЕН ЖОКСУҢ?”

№903 20-26-февраль, 2020-ж.


Кичинекей кезимден атамдын болушун аябай кааладым. Атасы ээрчиткен, атасы тууралуу айтып берип жаткан балдарды көргөндө суктанчумун. Бара-бара бул суктануу ызага айланып, атама болгон жек көрүү күчөдү. Ага ушунчалык таарындым. Келип мени ойнотпойбу, жөн эле көргөнү келбейби дечүмүн. “Атам кайда, эмнеге келбейт, өлүп калса айтпай жүрүшөбү?” Айтор, мындай суроолор эс тартканы дайыма оюма келе берчү. Апама бул суроону көп бердим. Бирок жооп ала алган жокмун.

Кийин ойлосом, улам-улам сурап байкуш апамдын жүрөгүн жанчып жүргөн экенмин. "Кичинекей балага айтпай эле турайын" деп жүргөнүн анда кайдан түшүнмөк элем?

Мектеп курагында бир күнү апам жумуштан келери менен:

– Апа, атам кайда? Жөн эле асмандан түшүп калбасам керек?- деп бир тийдим. Апама бул сөз катуу тийди окшойт.

– Сурооңду жоопсуз калтыргандан мен деле тажадым, балам. Жөндүү нерсе болсо айтып эле коймокмун. Бир күнү сени көргөнү келер дедим. Атаңды жаман көрүп калбасын деген ойдо ооз ачпай келдим. Мына, сен эми эрезеге жеттиң, ушул убакка чейин бир келбеди. Үмүтүм деле калган жок,- деп көзүнө жаш алды.

– Тирүү турбайбы. Ал азыр кайда?

– Мурун Казакстанда жашачу. Азыр ушул эле шаарда жашайт.

– Эмнеге бизди таштап кетти?

– Сен төрөлгөндөн кийин башка кызды сүйүп калып, аны ээрчип кеткен. Ага үйлөнгөн, балдары да бар,- деп көп нерселерди айтып жатты.

Селдейип отуруп калдым. Көз жашын төгүп жанымда турган энемди аядым. Кадырына жетпеген бир адам үчүн бүтүндөй өмүрүн жалгыз өткөрдү. Мени багып өстүрдү, окутту. Бүт эмгегин мага арнап, мен үчүн жашаган энем үчүн эмне гана кылбайын, аздык кылат.

Чындыкты билгенден кийин бир саамга чоңоё түштүм. Ошондон баштап колумдан келген иштерди кылып, акча таба баштадым. Машина жууп иштедим, коробкаларды чогултуп саттым. Айылдарды кыдырып соода кылгандарга жардам берип, кийин кафе-ресторан, айтор, көп эле жакта иштедим. Аракет кылсаң баарына жетет экенсиң. Ар кайсы эшикти сүзгүлөп жүрүп иштин көзүн таптым. Акыры жеке ишкер болдум. Томсоруп калган эне-бала үйлүү, унаалуу болушту. Бизди 20 жыл күттүргөн ата үчүн жашообузда кымындай да орун жок эле.

Бирок жашоодо күтүлбөгөн окуя болду. Бир күнү жумуштарым менен шашып баратып чоң көчөлөрдүн биринен жол тандабас менен сүзүштүм. Дендароо болуп жерге түштүм. Ушунча жыл мени издебеген атам менен тагдыр ушинтип бетме-бет жолуктурду. Анын ким экенин изилдеп, көрүп-билип койгом. Бирок өз баласынан жүз буруп кеткен атага басып баргым келген жок. Көчөнүн ортосунда ата-бала бири-бирин тиктеп турушту. Мындай атага айтар сөзүм жок болчу. Ал дагы сыртымдан карап жүргөн өңдөнөт. Эч нерсе деген жок. Карады да калды. Көздөрүмдөн жайнаган суроолорду окуган чыгар. Эгер мен эмес, башка бирөө болгондо жакадан алып, машинасынын талкаланган жерин көрсөтсө керек эле. Мага анте албады. Артка кетенчиктедим да шарт бурулуп унаама отурдум. Кудай жалгап от алды. Айнеги сынган, мурду талкаланган унаамда газды болушунча басып, өпкөм-өпкөмө батпай ыйлаган бойдон кетип бара жаттым. Эмнеге ыйладым, ага жолукканымабы, унчукпай койгонунабы же ушунча жылдан бери бир да жолу "балам бар эле" деп бир кайрылып койбогонун эстеппи?.. Балким, ушул ый менен болгон ызам чыгып кеткендир.

Ал адамга биздин жашообузда орун жок деп кыйын болгонум менен, жүрөктө баары бир күтүү сезими жашайт экен. Күтүлбөгөн кез келүүдөн кийин кайрадан атамды күтө баштадым. Мүмкүн, ал да келе албай жүргөндүр.

Ата, сен келесиң же өзүм барам... Бере турган суроолорум көп. Эми өз оозуңдан жооп алгым келет...

Жоодар



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
24.02.2020. 13:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
207
Катталган:
04-06-2019
Соӊку аракети:
03-04-2020 14:27
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ата сен, мен жарыка жаралгандан кийин бир айдан кийин кеткенсин ошо менен келген жоксун. 4 жаш бала менен апам корбогон кундун баарын корду. Мени, бизди бир ирет издебей, мына эми эч болбосо бир ирет куран окуганыма арзыбай жер кучактап жатасын. Сени корсом балким кечирет белем билбейм. Бирок мен сенин жузунду таш боор ырайымсыз адамдай элестетем. Же суротундон корбосом. Аракет кылдым бирок кечире албадым. Апамдын коз алдымда откон азаптары учун эч качан кечирбесем керек!
25.02.2020. 02:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
07-01-2012
Соӊку аракети:
03-04-2020 04:35
Жынысы:
Белгисиз
+5
akmanai,ок антпе көзү өткөн адамдын артынан жаман сөз айтпайт ар ким кылганын мойну менен тартат
04.03.2020. 05:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
92
Катталган:
04-04-2015
Соӊку аракети:
30-03-2020 08:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
akmanaiсабыр тилейм. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет экен, бул жашоодо,Баардыгы биз ойлогондой боло бербейт. Мүмкүн атаңыздында турмуш шартына байланыштуу келе албагандыр Атаңыз оо дүйнөгө кетиптир, ыйманы саламат болсун, кечирип койо бериңиз. Пенде эмес Аллах деле кечирип жатпайбы.
03.03.2020. 15:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
10-09-2016
Соӊку аракети:
06-03-2020 11:47
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атаңды түшүн. Мен да үйлөнгөн соң ушундай окуя болуп кете жаздаган да. Азыр эстеп алып шүгүр кылам. Ушундай жакшы келинчегимди таштап кете жаздаган экенмин. Балдарыбыз менен бактылуубуз азыр.
04.03.2020. 05:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
92
Катталган:
04-04-2015
Соӊку аракети:
30-03-2020 08:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Gena1,Азаматсың, үй бүлөөңүз менен бактылуу болуңуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23792;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: