Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Максат Надырбеков, алпаруучу: “НУРЗАТТЫН КҮЙӨӨСҮ ДЕГЕН СӨЗ МЕНИ ӨМҮР БОЮ ЭЭРЧИЙ ТУРГАНЫН БИЛЕМ”

№903 20-26-февраль, 2020-ж.


Максат Надырбековду көпчүлүк тойдо тамадалык кылганын, түрдүү теледолбоорлорду алып барып жүргөнүн билет. Бул жолу Максат мырзанын ички дүйнөсүнө үңүлүп көрүүнү чечтик. Маегибиз кызыктуу болду, сиз дагы күбө болуңуз.

– Максат, акыркы жаңылыктарың менен бөлүшө кетсең...

– Чыгармачылыкта акыркы жаңылыгым – маркум Акжолтой Канатбек уулу тартылып бүтпөй калган тасманын акыркы бөлүктөрүнө дублёр болуп тартылдым. Буга чейин тасмаларга тартылып жүргөм, бирок дублёр болуп тартыла элек болчумун. Көп учурда жүзүмдү көрсөтпөй тарттык. Өтө эле баамчыл адам болбосо, мен экенимди байкабай деле калышы мүмкүн. Андан тышкары элдин кызматында эле жүрөм. “Нур” академиясында сабак берем. Мотивация бере турган сабактарды окутам. Туура кыялданганды, кыялыңды кайсы убакта ишке ашырышың керек экендигин үйрөтөбүз.

– Максатка жетүүнү өзүң кайсы жактан же кимден үйрөндүң?

– Ачыгын айтсам, жашоомо 2009-жылдан баштап тармактык маркетинг деген нерсе кирди. Ошондо өзгөрдүм. Мотивация бере турган китептерди окуй баштадым, ага чейин окучу эмесмин. Мен сүрөтчүмүн. Семён Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик Көркөм сүрөт окуу жайынын живопись бөлүмүндө окугам. 4-курска чейин окуп, чыгып кеткем. Анткени жумушту же окууну тандаш керек болуп калды. Компанияларда иштеп жүрүп сабакка жетишпей калдым. Куулуп чыкканча өзүм чыгып кетейин деп окуумду таштап койдум. Кайра улантып окусам болот.

Андан бери 9 жыл өттү. 2012-жылдан бери сүрөт тарта элекмин. Ошентип тармактык маркетинг жакка ооп кеттим. Көп акча тапкан жокмун, бирок көп нерсе үйрөндүм. Тартынбай, өз оюмду толук жеткире айтканга үйрөндүм.

Бир жолу "сүйлө!" деп 100 адамдын алдына чыгарып коюшканда аябай сүрдөп, жаман болгонум эсимде. Бирок ошол коркунучту жеңдим. Кийин ораторлук курсту бүтүп, сабак өтө баштадым. Анда 19 жашта болчумун, ошол компаниянын алпаруучусу болуп калдым. 4 жыл алып бардым. Ошондо өзүмдү сындадым, “кана, эмнени кыйраттым?” дедим. Анткени баарыбыз эле көп акча тапкыбыз келет да. Көрсө, анда тажрыйба топтоп жатыптырмын. Кийин “Нур” академиясына келдим. Алпаруучу болуп телевидениеге чыга баштадым. Эл алдында болом деп эч убакта ойлогон эмесмин. Эл алдына чыгуу максатым эмес болчу. Бирок жашоо пиар тура. Колдо бар мүмкүнчүлүктү колдонуш керек экен.

– “Максат Надырбеков деген атты Нурзат Токтосунова жасады” деген кептин канча пайыз чындыгы бар?

– Чындыгы бар, элдер узун жол менен келсе, мен бул жолго Нурзатка үйлөнүп, кыска жол менен жетип калгандай көрүнүшү мүмкүн. “Нурзат Токтосунованын күйөөсү” деген сөз өмүр бою мени ээрчий турганын билем. Бул чындык. Ал өтө күчтүү адам. Бул сөздү туура кабыл алам. Бирок бир нерсени тактап коюш керек. Эгерде орой айтканда мен “чимкирик” болсом, миң жолу түрткүлөсө да менден эч нерсе чыкмак эмес. Менде да лидерлик сапат өтө күчтүү. Көп нерсени өзүм да көтөрүп кеткенге даярмын. Сахнага чыкканда сөлдүрөп эле тура берсем, Нурзат канча аракет жасаса да окшошпой калмак.

– Нурзаттан да бийик көтөрүлдүм деген ойлор болобу? Анткени эркектер аялдан өзүн ылдый коюшу кыйын дешет...

– Көбү “Максат белгилүү болуш үчүн Нурзатка үйлөнгөн” деп ойлошот. Чындыгында андай эмес. Эң биринчиден, аны аял катары көрө алганым үчүн үйлөндүм. Ийгиликти өзүм жаратып, бийиктикке жете алам. Азырынча бийиктикке чыга элекмин, бирок чыгам.

– “Аялдын энергиясы эркекти ийгиликке жеткирет” дешет. Сенин жашооңдо бул ойдун канчалык чындыгы бар?

– Апаларыбызды эле алсак, “ай, тургула, оокат кылбайсыңарбы, жата бересиңерби?!” деп баарыбызга жумуш жасатып туруп өзү жатып алат го. Аял ошондой мотиватор. Дайыма түрткүлөп турат, оюн айтат. Бирок адам ийгилик жаратууга өзү тырышса, андан да жакшы. Анткени ал өзүнүн чечими, өзү жоопкер.

– Кызыңар чоңоюп калыптыр. Акбермет жашооңо эмне алып келди? Жоопкерчиликпи, сүйүүбү?

– Ата болуу сезимин алып келди. Кызымды аябай жакшы көрөм. Эзилип кетем. Көбү мага окшоштурат. Бала ажайып башкача дүйнө болот экен. Аны айтып түшүндүрө албайм. Бактысын эле тилей берем.

– Сооротуп, жалаягын алмаштырып жардам бересиңби?

– Ачыгын айтайын, андайга жокмун. Ал тургай ага канчанчы номердеги такма жалаяк керек экенин билбейм.

– Силер сүйүү менен баш кошконуңарды билебиз. Бирок сүйүү да аша албаган турмуштук оорчулуктар болот эмеспи. Андайда кантип жол табасыңар?

– Сүйүүгө кабылганда бактылуулукту сезесиң. Бирок кээде кыйынчылыкты алып келген да сүйүү болот экен. Сүйүү жок болсо жалгыздыктан кыйналасың, бар болсо аны кантип өчүрбөөнүн жолун билбей кыйналасың. Экөө тең сүйүшүп турса да жетелешип, бактылуу боло беришпейт. Тескерисинче, кенедей нерседен уруш чыга берет. Кабагыңды бүркөп койсоң деле таарынышып кетесиң. Бул нерседен кантип чыгып кетүү керек? Сый менен. Иренжип калбаш үчүн көңүлдү калтырбай жашаш керек.

– Силерди таарынышып жүрөт деген кептердин башы чыкты, чындыгы барбы?

– Сөздөр чыга берет. Бизде баары жакшы.

– Нурзат “элдин сөзүнө көңүл бурбаганды Максат үйрөттү” деди эле. Чындап эле сени элдин пикири кызыктырбайбы?

– Мен “эл эмне дейт?” деген нерсени жеңдим. Чындап эл биздин жашообуз менен жашабайт. Окуудан чыгып жатканда да атам ушул себептен капа болгон. Окууну таштап салганым кимди ойлондурат? Көп китеп окуп жатып ал нерседен арылдым.

– Өзүңдү сырттан караганда кимди көрөсүң?

– Ушул суроону мен дагы көбүнө берем. Атамдан “кандай адаммын?” деп сурайм. Ал “сен баламсың, кандай экениңди эл айтсын” деп коёт. Өзүм жөнүндө бир нерсени билем. Үйдүн кичүүсү болгонум үчүн өзүмчүлмүн, кызганчаакмын. Өзүмө чек койбогон эркин адаммын.

– Аялга эң негизгиси үй-бүлө керек эмеспи. А эркеккечи?

– Ислам дининде эркекке төрт аял алууга уруксат берилген. Ушул нерсе туура го деп ойлойм. Эмнеге? Анткени эркектин табияты ошондой. Аны аялдар эч түшүнө алышпайт. Эркектерге аялдын көңүлү, сүйүүсү өтө зарыл болсо керек. Бага алса экинчи аял ала бергени туура деген ойго кошулам.

– Бул оюң үчүн көпчүлүктөн сын угасың эми...

– Аялдар мени тепкилеп жатып калышат болуш керек. Бирок көпчүлүк эркектер колдошот деп ойлойм.

– Маегиңе рахмат!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg



"Нурзат Токтосунованын күйөөсү деген сөз өмүр бою ээрчий турганын билем" дейт Максат Надырбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(21)
24.02.2020. 11:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
07-12-2019
Соӊку аракети:
04-04-2020 15:16
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз Максат бейке
24.02.2020. 11:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
08-12-2019
Соӊку аракети:
05-04-2020 14:36
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уй-булоолук бакыт каалайм.
Оюн ачык айтыптыр.
24.02.2020. 12:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
19-05-2017
Соӊку аракети:
04-04-2020 15:41
Жынысы:
Белгисиз
+27
Oyuna karaganda ekinchi ayal alam dep jatat okwoysun.
24.02.2020. 13:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
05-04-2020 16:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+13
Эркектер колдогону менен аларга үйлөнө албайсыз да)
24.02.2020. 13:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
30-10-2019
Соӊку аракети:
05-04-2020 15:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Туулган айылым
+32
Балээ болдунар го деги шариятта 4 аял алганга руксат бар деп, а шариятта аялды иштетпей бардык нерседен камсыз кылуу да жазылганын кошо окусанар боло айланайындар
24.02.2020. 21:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
12-11-2019
Соӊку аракети:
04-04-2020 17:27
Жынысы:
Белгисиз
+3
Gospozhatsetok, Туура айтасың, Макс абжесин Үйдө отургузуп бакса жакшы болмок, миңдеген чоочун эркектердин арасына чыгарып койбой.
24.02.2020. 14:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
07-11-2019
Соӊку аракети:
05-04-2020 08:52
Жынысы:
Белгисиз
+9
Казанда бары чомучко чыгат,Нурзат Токтосуновадай аял мн жашап 4 аял алгым келет десен,бул турушта 4 эмес 99ун алсан деле сага кор эле болот экен))))) Аман эле бол
26.02.2020. 07:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
05-04-2020 09:47
Жынысы:
Белгисиз
-3
Sakura715,99 du tigi duinogo barganda alat kuranda jazylgan,
24.02.2020. 19:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
12-11-2019
Соӊку аракети:
04-04-2020 17:27
Жынысы:
Белгисиз
+6
Макс катын алганда эле ислам динин кыпчып каласың, тоесть дин эрежесин кармайсың, а бирок дин эрежеси аял затыны тойлордо, башка нерселерде чоочун эркек менен жанма жан туруп алып жылмайышып, күлүмсүрөп, көздөрүнө тиктешкенден да катуу тыйат, дегеним Нурзат абжең бүт чоочун эркектер менен жылмайышып дуэтте жүрөт алып баруучулук кылып, раз динди түшүнсөң абжеңди үйдө отургузуп өзүң бак жетеш.
24.02.2020. 21:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
354
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
05-04-2020 16:23
Жынысы:
Белгисиз
+7
Несерьёзный мужчина. Но,муж и жена одна сатана деп коет ко. Не мое дело
24.02.2020. 22:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
31-10-2019
Соӊку аракети:
05-04-2020 15:53
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу эле болгулачы...
26.02.2020. 07:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
05-04-2020 09:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakpady bergen kommentarii, buga karaganda nurzat sonun suiloitda tilin en Chan Chygyp koozdop sonun suiloitko, bul tort aial alam dép chyksa nurzatta 4 kuoogo tiem dép chykpasa boldu
26.02.2020. 10:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
28-01-2016
Соӊку аракети:
26-02-2020 10:51
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурзат эле болсо сага 4 аял алдыра койбос! Нурзатты мен ХХХХ элестетем.
Модератор admin_portal түзөттү 2020-02-26 15:57:36
26.02.2020. 13:08 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
02-02-2020
Соӊку аракети:
04-04-2020 00:18
Жынысы:
Белгисиз
+7
Динден озубузго керектуу нерсени калкып алгандар кобойду. Ислам менен жашасак аялдар принцесса болуп жатмакпыз, биздин эркектер чыдайт бекен ошого.
26.02.2020. 14:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
30-10-2019
Соӊку аракети:
05-04-2020 14:38
Жынысы:
Белгисиз
+5
Экинчи Алам деп ээлигип калган экен.
26.02.2020. 14:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
30-10-2019
Соӊку аракети:
05-04-2020 14:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааа кокуй башталдыбы буларда жа
26.02.2020. 17:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
21-03-2017
Соӊку аракети:
05-04-2020 15:14
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен ушу копчулук эркектерге тан калам, сооп иш, же бир нерсе болсо эле динде уруксат берилген мынча аял алганы деп чыга келишет. Ислам дининде билип коюнуздар аял алганданда коптогон сооп иштерди жасаса болот. Кудуретинер жетеби башка сооп иштерди жасаганы аракет кылыныздар. Копчулугу аял алуу мн соопту синоним катары коруп калышкан
eljana түзөттү 2020-02-26 17:48:15
28.02.2020. 10:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
05-04-2020 14:17
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балп эттириптир го байкебиз,эми сазайынды берип жатса керек жубайын))) Баарыбир Нурзаттай аял таба албайсын,башка аял алуу оюна келе баштап,бияктан элге кулак кагыш кылып коёюн дегени го чамасы....
Nur777 түзөттү 2020-02-28 10:12:23
29.02.2020. 00:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
14-07-2014
Соӊку аракети:
30-03-2020 19:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кемин
+4
Ай айланайындар, КУРАНДА АЙТЫЛГАНДАЙ баарына бирдей карап, бага алсанар ала бергилечи. Анан алат десе 4 аял деген жерин эле угуп каласынар, башка парздарды да аткарбайсынарбы?! 5 убак намазды окугула, аял, бала -чака, туугандарынарды да уйроткуло, оронтуп кийинткиле, эркектерге аралаштырбай уйдо баккыла, тапкан кирешенердин 4тон бир болугун муктаждарга бергиле. Тим эле 4 аял деген созду кыйын билесинер...
29.02.2020. 09:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
17-08-2017
Соӊку аракети:
05-04-2020 09:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзатты анчалык эле көкөлөтө бербегиле дегени го.
29.02.2020. 12:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
29-07-2013
Соӊку аракети:
08-03-2020 22:44
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бактылуу болгула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23792;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: