Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Арсен, ырчы: «ЖУБАЙЫМДЫ КУДАЙДЫН БЕЛЕГИ ДЕП КАБЫЛ АЛДЫМ»

№903 20-26-февраль, 2020-ж.


10 жылдан бери сахнада жүргөн, угармандарына жагымдуу ырларын арнап, популярдуулугун жоготпой келе жаткан таланттуу ырчыларыбыздын катарын Арсен да толуктайт. Арсен мырза үй-бүлө кургандан бери кенен отуруп маектеше элек экенбиз. Кызы тууралуу өзгөчө сезимдери, чыгармачылык пландары жана жубайына карата ыраазычылыгы ушул маекте.

– Арсен, салам! Көптөн бери маектеше элекпиз. Жаңылыктарыңыз көп болсо керек?

– Салам. Ооба, жаңылыктарым көп. «Сары-Ой» деген элдик ырды жаңылап классикалык жанрда жаздырдым. Бул ырды жакында угасыздар. Көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк табат деп ойлойм. Андан тышкары джаз-фанк стилинде орус жана англис тилдериндеги ырлардан турган мини-альбом жаздырып жатам. Бул мен үчүн эксперимент. Буюрса, жай айларына чейин чыгып калат.

– Ошондо англис тилинде кавер ырдайсызбы?

– Жок. Жаңы ырларды жазып жатабыз. Бул жанрда орусча, англисче ырлардын сөзүн жазган акындарды табыш бир аз кыйын болду. Бирок табылып жатат.

– Англисче ыр демекчи, сиздин ырдоо стилиңизди, үнүңүздү англиялык ырчы Лемарга окшоштурам.

– Туура. Муну көп кишиден угам. Өзүм дагы эң биринчи жолу англис тилинде Лемардын «If there is any justice» («Эгер адилеттүүлүк болсо») деген ырын ырдап чыккам.

– Анда жакында сахнадан кыргыз Лемарды көрөт экенбиз да

– Буюрса.

– «Голос», «Х-фактор» сынактарына катышуу кыялыңыз бар экенин айтып келесиз. Качан ишке ашырганы турасыз?

– Бул сынактарга КМШ өлкөлөрүнүн эмес, Европанын чөлкөмүндө катышкым келет. Мындай кадамдарда шашпаш керек деп ойлойм. Даярдыксыз барып алып уят болгум келбейт. Ошондуктан 2-3 жыл болобу, толук даяр болгондон кийин катышам.

– Көпчүлүк ырчылар эл аралык сынактарга катышууда мамлекет тараптан колдоо жок экенин айтып келишет...

– Биз ар бир нерсени өзүбүз үчүн жасайбыз да. Мен мамлекет, жеке ишкерлер колдоо көрсөтөбү же жокпу деп ойлонбойм. Ошол эле учурда өлкөнүн атынан чыгып, желегин желбиретип жаткандан кийин өлкө да кызыкдар болуп, колдоо көрсөтсө, чоң стимул болмок. Бизде маданиятка көп көңүл бурулбайт.

– 2011-жылы Айбек Замиров менен «Жаңы толкун» сынагына катышып, 4-орунду багындыргансыздар. Ошол учурдагы президент Роза Отунбаева сиздерге колдоо көрсөтөрүн, Лондондо музыкалык билим алууңуздарга жардам берерин айткан эле. Ал убада аткарылбай калдыбы?

– Сөз бойдон калып калды. Анткени ал учурда президенттер алмашып жаткан болчу. Ошол иштерге алаксып кетишти го. Биз деле сураган жокпуз. Алар да бул маселеге кайрылышкан жок.

– Обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошовдон маек алганыбызда ал киши «Курсагы ток, кийими бүтүн, жыргап жашап жатканда эч ким чыгармачылык менен алектенбейт. Жан дүйнөң кыйналганда чыгармачылык менен алек болосуң» деген эле. Сизде да ошондойбу?

– Мага айланамда болуп жаткан ар бир окуя муза болуп бере алат. Тескерисинче, курсак ток, акча көп болсо курсак ачка кездегиге караганда жакшы идеялар келет.

– Жеке жашооңузга кайрылсак, кызыңыз Алия кандай чоңоюп жатат? Кандай ата экенсиз?

– Кызыма 8 ай болду. Өнөрү чыгып калды. Жумуштан келсем кубанып тосуп алып, жумушка кетерде ыйлап, баарын түшүнө баштады. Кызым менен ойногон, уйкудан ойгонсом кичинекей болуп жанымда жатканы, кылыктарын көрүү өзүнчө бир керемет. Кудайга миң мертебе шүгүр кылам.

– Бактылуу кыз болсун. Үйлөнгөндөн кийин жашооңузда эмнелер өзгөрдү?

– Мен негизи эле көп убактымды жумушка арнайм. Үйлөнгөндөн кийин үйгө барышым керек экенине, жубайыма көңүл бурушум керек экенине көнө албай бир аз кыйналдым. Азыр өз нугуна түшө баштады. Токтолдум, ашыкча акча коротпой калдым. Кыскасы, баары тартиби менен болуп калды.

– Бир ирет «жаш кызга үйлөнгүм келет» деген элеңиз. Кыялыңызга жеттиңиз, ээ?

– Кудайдын буйругу экен, өзүмдөн 7 жаш кичүү кызга үйлөндүм. Мындайда ортодо сый болот. Кээде жубайымдын аң-сезими меникинен улуудай сезилет. Үй-бүлөдө аял кишиден көп нерсе көз каранды экен. Аял киши акылдуу болсо, үй-бүлөдө баары сонун болот. Жубайым токтоо, акылдуу киши. Мага аябай жагат. Сиздерге маек бергенде башкача ойлонуп сүйлөсөм керек. Азыр антип сүйлөбөйт болчумун. Ооба, мен кыялымдагы адамга жолуктум, бактылуумун. Ушул сезим эч качан кетпесе экен.

– Бегайымды бир көргөндө эле сиздин адамыңыз экенин сездиңиз беле?

– Бегайымды алгачкы жолукканда эле жактыргам. Сүйлөшүп жүргөндө андан да жагып калды. Ошол учурда жумушумда, жан дүйнөмдө кризис болуп жаткан. Бегайым жардам берип, түшүнүп, колдоо көрсөттү. Мага кылган мамилеси жакты. Ошол кризис учурунда мага жолуккан жубайымды Кудайдын белеги деп кабыл алдым. Мен ага жасалмасыз, кандай болсом ошондой көрүндүм. Дегеним, биз мамиле куруп баштаганда жакшы жагыбызды гана көрсөткөнгө аракет кылабыз. Кыздарга жакшы унаа айдап барып, жакшы жерлерге алып барып, акылдуу сүйлөп, чөнтөгүбүздө акча көп экенин көрсөтүп дегендей. Атайын эмес, болгону баарыбыз жакшы жашоону каалайбыз, кандай жашагыбыз келсе, ошону көрсөткөнгө аракет кылабыз. Учурдан пайдаланып, жаңы мамиле куруп жаткандарга кичинекей кеңеш берип кетким келет. Мамиле куруп жаткан адамыңарга чыныгы жүзүңөрдү көрсөткүлө. Ошондо баш кошкондо жеңил болот. Сүйүшүп, бири экинчисинин артынан чуркап жүрүп үйлөнгөндөрдү көп көрдүм. Анан үйлөнгөндөн кийин маскалар чечилгенде бири-биринин чыныгы жүзүн көрүп «кантип ушул адам менен турмуш курдум?» деп таң калышат.

– Сиз кичинеңизде көп кыйынчылыкты башыңыздан өткөргөнүңүздү айтып келесиз. Бала чакта көргөн кыйынчылыктар кийин терс таасирин тийгизет дешет. Ошол соккулардан толук айыгып чыкса болот бекен?

– Ата-эненин тарбиясы башка, жашоонун тарбиясы башка. Мен жашоонун тарбиясын көрдүм. Ошол себептүү ушундай деңгээлге жеттим деп ойлойм. Кичине кезимде колдоо көрсөткөн адамдар болгон жок. Айрым учурда эжемдер, тааныбаган адамдар жардам беришкен. Азыр бала чагымда көргөн кыйынчылыктарды өзүмдүн балдарыма көрсөтпөйүн, камкор ата болоюн, мен жетпей калган нерселерге балдарым жетсин деп аракет кылам. Ата-энеси менен чоңойгондордун көбү мен түшүнгөн айрым нерселерди түшүнбөшү мүмкүн. Ушундай ойдо болгондуктан кыйынчылык көрүп чоңойгонумду позитивдүү кабыл алам.

– Маегиңизге рахмат! Бактылуу болуңуз!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg



Арсен: "Кыялымдагы жубайга жолукканыма бактылуумун"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(7)
24.02.2020. 10:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
23-05-2017
Соӊку аракети:
19-03-2020 12:03
Жынысы:
Белгисиз
+3
Берген маеги аябай жакты. Конур ундуу, ырлары дагы жакшы. Суйлогон ар бир создорунон бактылуулуктун нуру берилип турат. Уй булоолук бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайм.
MKW.MYRZAiYM түзөттү 2020-02-24 10:09:17
24.02.2020. 14:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
05-04-2020 16:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+6
Бактылуу болгула.Бирок фотосессия кылганда кичине тыйынды аябай атайын адис жалдап алсаңар болмок.Мойнундагы чынжырды Дордойдогу кийим саткан бирөөдөн ала койюпсунар аа?)))))
24.02.2020. 18:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
336
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
01-04-2020 14:14
Жынысы:
Белгисиз
+4
Baktyluu_bolgum_kelet,чынжыры кыйкырат го)))) Жок дегенде аялынын сумкасынын чынжырын тагып алса болмок ,тузугуроок)))
24.02.2020. 14:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
354
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
05-04-2020 16:23
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми уну жакшы эле бул баланын. Бирок эл аралык сахна, сценага не тянет ачык айтканда.
24.02.2020. 18:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
336
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
01-04-2020 14:14
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сахнага классика кийип,тыкан чыыканы аябай жагат.Кызыл-тазыл,кок-сары,гулдору менен кийим кийбегени жакшы аябай.Мундуу ырларга уну жарашат. Аялы мактанчаак эмес. Жарашкан жубайлар.
24.02.2020. 19:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
14-07-2015
Соӊку аракети:
05-04-2020 11:09
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар бир адам бактылуу болсун!
Бакыт тынчтыкты,жөнөкөйлүктү сүйөт,бул нерсени мен турмуштук тажрыйбамдан улам жаштарга айтаарым.
28.02.2020. 09:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
05-04-2020 14:17
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озгочо ундуу,позитивдуу ырчы.Бир жолу иш-чарада коруп жонокойлугуно,кичипейилдигине тан бергем,жылмайып жанындагы адамдарга жакшы энергия берет экен,кыскасы ушунундан жазба!Бактылуу бол!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 4 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 4) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23792;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: