Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

БУТТУН ГРИБОК ДАРТЫ МОНЧОДОН, СПОРТ ЗАЛДАН ЖУГАТ

№902 13-19-февраль, 2020-ж.


Учурда буттун грибок оорусу менен жабыркагандар көп. Буга негизинен ички жана тышкы миграция агымынын өсүшү, адамдардын убагында дарылана албай жаткандары себепкер. Денеге жуккан грибокту чыгаруу кыйын, өзгөчө “отурукташып” калгандарын. Анткени алар бат көбөйүшөт жана топтошуп жашашат. Грибок адамга кайдан жугат жана зыяны эмнеде? Дарылоо жолдору кандай? Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дерматовенерология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Мейкин Усубалиев айтып берет.

ДАРТТЫ ГРИБОК СЫМАЛДАР КОЗГОЙТ

Адам денесинде мителик кылып жашай турган козу карын сымалдардын түрлөрү көп. Алар пайда кылган дарт жалпысынан микоз деп аталат жана бир нече түрү бар. Мисалы, бут кетменин, анын ичинде таманды жабыркаткан дарт – дерматомикоз, ал эми буттун тырмактарын жабыркаткан дарт – онихомикоз делет. Аталган 2 дартка ымыркайлардан тартып чоң адамдар да чалдыгат. Таман жана тырмактагы грибоктор андагы кератин белогу менен азыктанып, споралары менен көбөйүшөт. Өсүп, көбөйүшү үчүн аларга нымдуулук, жылуулук керек. Ошондуктан кечке бут кийимин чечпей жүрө берген, тар бут кийим кийген, бутун убагында жууп, тазалабаган, терчил адамдарда, нымдуу жерде иштегендерде, анан спортчуларда грибок оорусу көп учурайт.

Грибоктордун споралары кайсы жерге жабышса, ошол жерде жайгашып, көбөйүп отуруп, акырында колонияны түзүп калышат. Тырмактагы грибоктор аны чекесинен кемирүү менен түзүлүшүн бузат. Кээде буттун грибогу менен үй-бүлө мүчөлөрү бүт ооруган учурлар кездешет. Буга биринин бут кийимин бири кие берүүсү себеп.

Иммунитети төмөндөр, кант диабети, рак жана ВИЧ/Спид дарты барларда грибок дартына учуроо коркунучу чоң.

ГРИБОК КАЙДАН ЖУГАТ?

Бассейн

Душ

Мончо

Башка бирөөнүн бут кийими, байпагы, сүлгүсү, дене жышкычы

Спорт зал, фитнес клуб

Нымдуу, жылуу өлкөгө саякаттоодо


ТАМАНГА ГРИБОКТУН ЖУККАНДАГЫ БЕЛГИЛЕРИ:

Тамандын терисинин түлөшү же калыңдашы, кээде кызарышы, кычышуусу

Жагымсыз жыт. Анткени грибокторго бактериялар кошулганда жагымсыз жыт пайда болот

Теридеги майда жарылуулар

Басканда оорутуу

Ичинде суюктук толгон ыйлаакчалардын пайда болушу


ТЫРМАККА ГРИБОКТУН ЖУККАНДАГЫ БЕЛГИЛЕРИ:

Тырмактын өңү өзгөрөт. Тырмак жылмакай көрүнгөнү менен, түп жактары саргыч тартат. Калыңдайт, жол-жол сызыкчалар түшөт жана катмарланат

Үбөлөнүп түшө баштайт

Тырмактын формасы өзгөрөт. Өмпөк-дөмпөк болуп, сына баштайт

Дарылоодо спрей, кремдер колдонулат

Грибокту дарылоо ыкмалары көп. Дарылоо тамандын канча пайызы же тырмактын канчасы жабыркаганына жараша жүргүзүлөт. Жаңы башталгандарын аз убакытта айыктырууга болот. Өтүшүп кеткендерин айыктыруу үчүн бир нече аптадан бир нече айга чейин убакыт талап кылынат жана бир топ каражат кетет. Мисалы, таманга грибок жугуп, оору жаңы башталганда дары май, крем, спрейди колдонуп бат айыктырууга мүмкүн. Мисалы, тербинафин, гидрокартизон, итраконазол, клотримазолду колдонуу.

Эгер 1 тырмактын 40 пайыздайы грибокко учураса, анда атайын суюк дарылар тырмакка тамызылат. Кокус бир нече тырмак жабыркаган болсо бир нече дары түрү колдонулат.

Тырмак, таман да дартка чалдыккан учурда дары май сүйкөлүп, дары ичилет. Грибок тырмактардын көбүнө жайылган учурлар болот. Андайда дары-дармектен тышкары тырмактарга грибокко каршы чыгарылган лак коюлат.

Бут кызарып, шишип, жарылып, ыйлаакча пайда болгон кезде дарылардан тышкары дары ваннасы же муздак компресс сунушталат. Дары ваннасынын эң оңой ыкмасы калий перманганатына (марганцовка) аш содасын кошуп жасоо. Муздак компресс үчүн антисептикалык суюк каражатка 5-6 катталган дакини нымдап алып, бутка жабуу керектелет.

Акыркы кездерде лазердик дарылоо ыкмасы да колдонулууда.

Грибок дартына бактериялар кошулуп кеткенде антибиотик да ичилет.

Кокус дарылоо толук бүтпөй таманда, тырмакта саналуу грибок калып калса, анда алар көбөйүп, дарылоо башынан кайталанат. Андыктан аягына чейин толук дарылануу кажет.

ДАРТТЫ ЖУГУЗУП АЛБОО ЖОЛДОРУ

Башканын бут кийимин кийбөө, сүлгүсүн колдонбоо

Конькини ижарага алууга туура келсе, үйгө барганда бутту жууп, таманга грибокко каршы спрейди чачуу

Кийип жүргөн бут кийимди убак-убагы менен формалин эритмеси жана 40 пайыздуу уксус же хлоргексидин менен дезинфекциялоо

Грибокко чалдыккан адамдын өзүнүн тырмак алган кайчысы, тырмак өгөөсү болушу, аларды башкалар колдонбошу шарт

Үйдө маникюр үчүн шайманды спирт менен дезинфекциялоо сунушталат. Спирттен грибоктор 2 саат аралыгында өлөт

Бут кийимди убак-убагы менен жууп, күн тийген жерге кургатуу да жакшы

Үйдө грибок оорусу менен жабыркаган адам бар болсо, анда калган үй-бүлө мүчөлөрү да текшерилүүдөн өтүшү керек. Анткени грибок жугуштуу дарт

Спорт залдагы шаймандарды кармоодон мурда аны аарчып-тазалоо

Мончого барганда чылапчынды хлор менен жуу

Мейманканада килем үстүндө жылаңаяк баспоо

Мончо, душка түшкөндө, саунага барганда резина бут кийим кийүү

Дүкөндө же базарда бут кийимди жылаңаяк кийип көрбөө

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
17.02.2020. 12:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
05-03-2018
Соӊку аракети:
01-04-2020 19:48
Жынысы:
Белгисиз
+3
Грибоктон кутулуунун эн жонокой ыкмасы бар. Бутка йотту кенен шыбайсынар озгочо жанагы грибок бар жерлерге. Анан бутунарды салафан менен оройсунар. Ошол бойдон 6-7 саат кармагыла. Ушул ыкманы 2-3 кун жасагыла. Созсуз грибоктон кутуласынар. Ишенип койгула. 99% адамдарга жардам берип келе жатат. Эн башкысы йот грубокко сиңип кетиш керек. Грибоктун тамыры өлмөюнчө грибок чыга берет. Йот грибоктун тамырын жок кылат. Кутуласыңар сөзсүз.
sinej түзөттү 2020-02-17 12:11:31
17.02.2020. 16:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
05-03-2018
Соӊку аракети:
01-04-2020 19:48
Жынысы:
Белгисиз
0
sinej,
Йот шыбаганда бутуңар ачышат. Андан эч нерсе болбойт.
18.02.2020. 11:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
31-10-2019
Соӊку аракети:
01-04-2020 18:34
Жынысы:
Белгисиз
0
sinej,созунузго кошулам. Себеби озум коргом йод менен айыктырганын. Дарылоо копко созулбайт.
19.02.2020. 15:23 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
07-02-2020
Соӊку аракети:
01-04-2020 20:21
Жынысы:
Белгисиз
0
sinej,Грибоктун тамыры болбойт. Аны дарылоо учун адамга эрк жана пунктуалдуудук гана керек. Анткени узак убакыт дарыланат. Ламизил,Тербизил сыяктуу кымбат дарыларды колдонуунун деле кажети жок.Эн арзан мазь тербинафин мфф.Болгону 52-57 рубль турат. Бир айда 3-4 тюбик кетет. 6-7 айда эки жолу бутту жууп,кургатып колдонуп турсанар грибоктон эч нерсе калбайт. А эгер ашказанынарда проблема жок болсо ошол эле тербинафин мффнын таблеткасын бир ай ичсенер ошол эле эффектди берет.
20.02.2020. 01:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
14-12-2019
Соӊку аракети:
01-04-2020 18:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой йодду куйуп аттык, маздарьды суйкодук, ваннаны туру мн жасадык уксус,маргансовка, соода, бир кир самын тугонгончо акыры кутулбай! Суу май мн 70% уксусду бирдей олчомдо кошуп аралаштыр суюк домашний мазь жасап баарын суйкодук ошентип бут куйуп Эми пузырик болуп Эми куйгонго мазь суйкоп жатабыз. Билбейм 2ай жоголот кайра чыгат, Эми теринида кошо куйдуруп алып отурабыз,коробузда
21.02.2020. 22:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
23-06-2011
Соӊку аракети:
20-03-2020 19:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Arstan18.18,хаха ар кимдин айтканын кыла берсеңер ошондой болот. Бирөө "геморройго чесноктун суусу дары болот" деген экен, котону кайра ырбап кетиптир күйүп калып
23.02.2020. 00:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
19-01-2016
Соӊку аракети:
01-04-2020 17:51
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эликсир бүт чөптөрдөн жасалган суюктүк жыты укмуш ошол айыктырат. Эликсир беш түрүнөн алып ,баарын аралаштырасың да бутка сүйкөйсүң беш күн сен көр, мен көр жөголот. Биринчиден мында витаминдер көп. Экинчиден спирт менен жасалган.
Андан айыкпаса ден солугуңда витаминдер жетишпей имунитетиң түшүп кеткен.
25.02.2020. 23:31 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
24-02-2020
Соӊку аракети:
01-04-2020 19:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча грибоктун да түрү бар окшойт.
Мен да өз билгенимди айта кетейин. Жөнөкөй эле тамак-ашка колдонулуучу сооданы суу менен аралаштырып 5-10 минут грибок чыккан жерди ванна кылыш керек. Ванна кылгандан кийин грибоктун учун кыркып туруу керек. Акырындап жоголот күн сайын кайталоо керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23792;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: