Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

БОЗО АЗ КАНДУУЛУКТУН АЛДЫН АЛАТ

№902 13-19-февраль, 2020-ж.


Бозо – таруу, жүгөрү, арпа, сулудан жасалган ден соолукту чыңдоочу, организмди жылытуучу, сергитүүчү жана кубат берүүчү касиеттерге ээ суусундук. Өзгөчө кыш мезгилинде адамды суукта чыдамкай, күүлүү-күчтүү, тоюмдуу алып жүрөт деп көп жасалат. Бозо дагы кандай касиеттерге ээ, аны үй шартында кантип даярдоого болот? Чогуу таанышалы.

БОЗОНУН ПАЙДАЛУУ КАСИЕТТЕРИ

  • Кандагы гемоглобиндин деңгээлин көтөрүп, аз кандуулуктун алдын алат.
  • Иммунитетти бекемдейт.
  • Ичеги-карындагы ферменттерди активдештире турган биологиялык баалуу компоненттерге, белок, май, углевод, макро жана микроэлементтерге, витаминдерге бай.
  • Тамак-аштын сиңимдүүлүгүн арттырат.
  • Табитти ачат.
  • Организмдин жалпы абалын жакшыртып, чарчоону басат.
  • Заара кубалоочу касиетке ээ.

Эскертүү! Кан басымы жогоруларга, ашказан жарасы барларга көп ичүүгө болбойт.

БОЗОГО КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:

Шак – жүгөрү, арпа, сулу же буудайды тазалап, тегирменден кесек кылып чыгарып алуу керек. Ал эми таруу шагы дандын өзүнөн даярдалат.

Угут – өндүрүлгөн жүгөрү, буудайдан даярдалат. Анын эки түрү бар, жаш угут жана как угут. Данды 1 күн сууга чылап, көөп чыккан соң нымдуу чүпүрөккө же мүшөккө ороп өндүрөт. Андан соң жаргылчактан, же болбосо эт туурагычтан өткөрүп, көлөкө жерде кургатылат. Бул жаш угут деп аталат. Ал эми өндүрүлгөн данды алгач кургатып, андан соң тегирменден ирик чыгартып алсак, бул как угут деп аталат. Как угуттун бозосу күчтүү болот.

Кор. Бозону даярдоодо угуттан сырткары жакшы бозодон алынган аз өлчөмдөгү кор колдонулат. Бозо жакшы ачып, жагымдуу суусун болсо "кору жакшы экен" деп баалашат.

БОЗО КАНТИП ДАЯРДАЛАТ?

Бозо даярдоо үчүн шак, угут, кор (ачыткы, көрөңгө) жана чапчак керектелет. Шактын эң жакшысы – таруу жана жүгөрүнүкү деп айтылат. Ал эми бозонун күчү угуттан, сапаты шак жасалган аштыктан болот. Өзгөчө шактын тартылышына, анын ачытылышына, кайнатылышына жана салынышына жараша болот. Бозо 3 баскыч менен жасалат.

1. Шак чылоо. Ал үчүн жылуу сууга (болжол менен 1,5-2 литр сууга 1 килограмм шак туура келет) шакты салып, үстүнө 1 чеңгээл топту (бозону сүзүп алгандан кийинки калган масса) кошуп жакшылап аралаштырып, жылуу жерге 1-2 сутка коюп коёбуз. Топ жок болсо, ордуна 150-200 миллилитр бозо кошууга болот. Шак ачыганда анын бети ар кайсы жеринен жарылып калат. Шак жакшы ачыбаса же 4-5 күн туруп калса, бозонун даамы, сапаты бузулуп, ойдогудай болбой калат.

2. Шак кайнатуу. Казанга сууну куюп (1 килограмм шакка 6-7 литр суу туура келет), ал чыбырчыктай баштаганда (кайноого жеткирбей) ачыган шакты салып, 1-1,5 саат бышканча кайнатуу керек. Бышкан шак чөмүчкө жармашпай калат. Чийки бышкан шактан жакшы бозо чыкпайт. Кайнап жаткан шак казандын түбүнө тартып кетпеш үчүн бышканча аралаштырып туруу шарт. Шак таза бышкан соң оттон чыгарып, муздаганча каймактатпай улам аралаштырып туруу керек. Өзгөчө көк буусун (алгачкы буусун) ичинде калтырбайт. Антпесе бозо ачуу болуп калат. Белгилей кетсек, айрым аймактарда алгач малдын майына бир аз буудай унун кууруп, андан соң суу куюшат. Бул сууга ачыган шакты салып кайнатышат.

3. Бозо салуу. Шак жылымык болуп (орточо 12-18 градус) калганда үстүнө 200-250 грамм угут салып, аралаштырабыз. Баштапкы коюу шак дароо суюлат. Эми шактын үстүнө корду (1-2 литр керектелет) куюп аралаштырып, 7-10 саат жылуу ороп койсок, бозо жетилет. Жетилген бозону баштыкка куюп бир аз суу кошуп сүзүп алабыз. Айрымдар аталгы менен сүзүшөт. Бозо даяр!

БОЗОНУН ТҮРЛӨРҮ

Бозо салыныш ыкмасына жана күчтүүлүгүнө карата бир нече түргө бөлүнөт:

Жумшак бозо – угуту азыраак салынган бозо.

Кордолгон бозо. Шагы 3-4 күн ачытылып, угут көбүрөөк салынат.

Тегелеки – суу кошпой накта сүзүлгөн бозо.

Ачытма бозо. Бозо сүзүлүп, жылытылып, бир аз кумшекер кошулат да, жылуу жерде ачытылат. Болжол менен 5 литр бозого 1-1,5 килограмм кумшекер салынат. Аны 3 күндүк, 5 күндүк жана 7 күндүк кылып ачытышат. Бозонун бул түрү күчтүү (15-25 градус) болот.

Киричме бозо. Ачытма бозо менен жаңы сүзүлгөн жаш бозонун аралашмасы.

Кара куурдак бозо. Кадимки эле бозону ичердин алдында бир аз тоң май кошуп ыкчам ысытып берет. Болжол менен 1 литр бозого 100 грамм май кошулат. Мындай бозону сыркоолоп (чыйрыгып) же күчтүү тамактан соң күптү болгон учурда ичсе, тамакты тез сиңирүүгө жардам берет.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg



Бозо – аз кандуулуктун алдын алат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(22)
17.02.2020. 11:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
426
Катталган:
22-10-2017
Соӊку аракети:
24-05-2020 15:58
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыр молдолор бозо, кымыз ичпегиле деп элдин башын айлантышпасын. Ислам дини арабтардын салтуу маданиятын бул жака таашып келишпесин. Эмне бозону арабтар ичишпесе эле, кыргыздарга да ичпегиле деп айтууга эч акысы жок. Жаштардын светтик коз карашын которуш керек. Ислам дини озу кыргызды арабташтыруунун бирден бир жолу.
17.02.2020. 14:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
04-06-2016
Соӊку аракети:
18-02-2020 12:09
Жынысы:
Белгисиз
+7
Mirlan27011987,туура айтасыз булар кыргыздыыын баалуулуктарына тыюу салууга акысы жок. Жаштардын башын айлантып ар кайсыны айтышып. Болбосо арабча суйлоп,арабча жашап ошо Аравияга барып жашашсын.
18.02.2020. 02:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
07-01-2012
Соӊку аракети:
27-05-2020 06:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirlan27011987,молдонун айтканын кыл акыретиңе пайда тууганым.Ислам дини шариат бирөө гана антип адашпаңыз. Сен арапсың а сен кыргызсың деп бөлбөйт динде. Аллах тааланын өкүмү баарына бирдей. Дин менен жашадың уттуң,динсиз жашадың убактылуу жыргал жашоодой сезилет акыр аягында өкүнүчтө болосуң. Ниетти тууралап тууганым Аллах субханаку таъаала арап же ажам деп бөлбөйт Аллах сенин такыбалыгыңа карайт.
18.02.2020. 21:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
27-05-2020 02:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
-1
Mirlan27011987,кой Мики,ар нерсени дооруй бересиңби
17.02.2020. 17:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
14-01-2015
Соӊку аракети:
25-05-2020 21:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия Иркутск ♥♥Озгон♥♥
+10
Оа бозо гемоглобинге абдан пайдалу,бозо ичип 120 мн торогомун.кайненем бозо салдыртып кунуно, 1литрден азырак ичирет болчу.бирок коп ичсен ашказанын ачышып ичкин келбей калат экен.бекитип ичбей жургон кундор да болгон.
17.02.2020. 20:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
07-02-2020
Соӊку аракети:
26-05-2020 20:12
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бозону молдолор да ичиш керек
17.02.2020. 21:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
05-03-2018
Соӊку аракети:
12-05-2020 14:05
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жашоодо ар бир адамдын өз жеке тандоосу бар экен биздин молдолор билип жүргүлө. Ким эмне ичет, эмне жейт силер чечпейсинер. Жатып алып акылга сыйбаган эрежелерди ойлоп чыгара бергенди токтоткула.
17.02.2020. 22:53 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
02-02-2020
Соӊку аракети:
05-05-2020 22:34
Жынысы:
Белгисиз
-6
sinej, Бозону ислам дининде чыныгы мусулмандарга болбойт дейт, а силерге окшоп тилинде мусулман, чала мусулман, теңирчи, атеист, каапырларга боло берет, динге, шарият эрежелерине сайылбай иче бергиле каалаган харамдарды!
18.02.2020. 02:35 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
29-01-2020
Соӊку аракети:
09-05-2020 21:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал Абад
-5
Center, бозо арам экени чындык
Super TV
17.02.2020. 21:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
05-03-2018
Соӊку аракети:
12-05-2020 14:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Молдолордун кыл дегенин кыла бербей, оз ден соолугунарды ойлогула. Ооруп калсанар молдолор келип силерди айыктырып бербейт.
17.02.2020. 23:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
05-03-2018
Соӊку аракети:
12-05-2020 14:05
Жынысы:
Белгисиз
-2
Шарият - бул арабтарга таандык орто кылымдын жашоо эрежелери. Шарияттын кыргызга эч бир тиешеси жок. Кыргыздар эч качан шарият менен жашаган эмес жана жашабагыла. Шарияттан дагы биздин мыйзам эрежелери жогору тураарын молдолор унутпасын.
18.02.2020. 11:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
31-10-2019
Соӊку аракети:
30-04-2020 11:52
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бозо жонундо маалымат...молдолор жок жерден куноолуу тооба...
18.02.2020. 13:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
03-03-2020 01:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Egypt...
-7
Бозо момун-мусулмандар учун арам, калгандарынар иче бергиле ар нерселерди бир доорубой.
18.02.2020. 14:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
06-02-2019
Соӊку аракети:
26-05-2020 22:37
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бозону мас болуп ичсе арам болсо керек,даарылык үчүн бир стакан ичсе боло берет менимче
18.02.2020. 16:37 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
02-02-2020
Соӊку аракети:
05-05-2020 22:34
Жынысы:
Белгисиз
-9
pero5184, "Адамдан чыккан нажастан киичине жеп кой дарылыкка" десе жейт белең?
Арамда даары, шыпаа болбойт, дарылыкка андан башка ошончо ичетурган нерселер бар, ошолорду иче бергиледа!
Center түзөттү 2020-02-18 17:12:27
18.02.2020. 23:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
11-04-2014
Соӊку аракети:
26-05-2020 12:47
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргыздар талаша турган эч нерсе жок Ата Бабабыздан келе жаткан салтыбыз тамак ашыбыз менен жашай беребиз эң башкысы адамды кордобо ууру кылба ушак сүйлөбө улууну сыйла кичүүнү ызатта жардамыңды аяба адамкерчиликтен тайба ошол акылыңдан адашпа болду.
19.02.2020. 02:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
07-11-2019
Соӊку аракети:
26-05-2020 22:40
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул жерде да өлөт экенсиңер да болбосо баарың биригип бир эле ник болсоң керек
19.02.2020. 15:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
25-03-2015
Соӊку аракети:
23-05-2020 23:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара-балта.
+2
Адамдар не болуп баратабыз? Бири-бирибизди чукуп жаман уйронуп алдык. Кыларга иши жокторго бардык акылдуулар.Оозунарды тырмасада окуп чыгып кете бергиледа. Созсуз динди аралаштырып жибересинер. Куран китепти тоолук окуп чыксанарда мындай жазбайт эленер.
19.02.2020. 16:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
05-06-2017
Соӊку аракети:
02-03-2020 09:47
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бозону ичкендер иче бергиле. Ичпегендер ичпей эле койгула.Ар кимдин тандоосу ар кандай да. Денсоолукка пайдасына карап ичебиз.
19.02.2020. 21:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
365
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
22-04-2020 16:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракөл
+2
Бозону жанысында ичсе болот, ачуу кылыпмас болуу максатында ичпөө керек
19.02.2020. 23:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
22-09-2012
Соӊку аракети:
05-03-2020 11:27
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу Мусульман бир туугандар. Динге асылбагыла. Биз олгондо шарият менен жаназа окулуп шарияттын мыйзамы менен жерге берилебиз баарыбыз. Ошол молдолорубуз бизге жаназа окуйт. Каалагандай жашагыла бирок акыретте биз баары учун суралабыз. Алаахым баарыбызга ыйман хидаят берсин. Сурагыбызды женил кылсын Аминь Аминь.
21.02.2020. 19:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
14-12-2019
Соӊку аракети:
27-05-2020 01:39
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мусулманбыз,кудай бар бирок арабдар оздорун идеологиясы мн озгортуп оздоруно пайда жагына чечип койгон! Аллах Аллах дейсинер толтура жаман иштерди кылып жаткандар биз мусулмандарбыз! Чочконун этини жеген орустарда бизден жакшырак! Бироо мн иши жок! Церковь ко барса барып келет сен барбадын кудай сени тозокко салат дебейт! Барса барат тарбиясы озуно жараша ыйманы,тутунган дини мн журоберет. Бизеле бул жыргал жашоону тозокко айлантыкко! Же кудай ошончо жестокийби баарын тозокко тыккан?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23946;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: