Архив
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)№901 6-12-февраль, 2020-ж.
Бул арада апам менен сүйлөшүп жаттым. Телефон чалып "апа, кандайсыз?" дегенге араң үлгүрөм. Трубканы алары менен ден соолугумду сурайт да айылдагы жаңылыктарды айтып баштайт. Болуп өткөн окуяларды үтүр-чекитине чейин айтып берет. Мага башкысы, апамдын ден соолугу, маанайы жакшы болсо болду. Унчукпай, сөзүн бөлбөй угуп отура берем. Акыры баарын айтып бүтүп токтойт, өзүм жакшы жүргөнүмдү айтам да, коштошом. Арадан бир топ күндөр өттү. Бул жерден жакынкы шаарга чейин үч жүз чакырым экен. Расул ага кээде Нивага арабасын чиркеп алып бир жактарга кетет да, үч күндөн кийин азык-түлүк алып келет. Келгениме бир айдан ашып калган, бир күнү Расул ага бөлмөмө кирип келип: – Самат, Адылдар келатышат, эки машина менен тосуп келели. Бир аздан кийин конушат,- деп калды. Мен Ниваны, Расул ага Хаммерди айдап алып самолёт коно турган жерге бардык. Жарым сааттан кийин баягы мени жеткирген самолёт келип, ичинен Адыл ага, аялы, эки уулу, үч кызы, эң аягында апасы түштү. Баарын үйгө алып келип таштап, Нивага толтура брезент материалдарды жүктөп барып самолёттун үстүн жаап салдык. Бир топ күн жүрүштү, кыштын күнү болсо да бассейнге жылуу суу толтуруп түшүшөт. Кечинде баары залга кирип караокеде ырдашат. Үй ызы-чуу түшүп эле жатып калды. Күндүз Адыл аганын беш баласы тынчтык бербейт. Бири ыйлайт, бири ырдайт, бири үй ичин түп көтөрүп чуркайт, баягы жымжырттык жок, кыскасы... Менин бөлмөмө да бири-бирин кууп кирип, жулмалашат. Жиним келет, катуурак уруша да албайм. Акыркы күндөрү бөлмөмдү ичинен бекитип ала турган болдум. Кээде ызы-чуудан тажаганда эшикке чыга качам да, көпкө сыртта жүрө берем. Адыл аганын болсо үйдөгүлөр менен дегеле иши жок. Күндө эртең менен чуркайт, эки саат жер төлөгө түшүп машыгат. Келген күнү экөөбүз көпкө сүйлөшүп отурдук, ал мага Карагандадагы кырдаалды түшүндүрүүгө аракет кылды. Азыр өтө сак болуу керектигин, ашыкча шыбырт угулбашы зарылдыгын эскертти. Мага ишенерин айтып, оор учурда жанында болгонум үчүн ыраазы экенин билдирди. Хаммерди айдатып алып Расул ага үчөөбүз аңчылыкка барабыз. Эч жакка барбаган күнү бир бөлмөгө камалып алып чыкпайт, андайда ал өзүнчө мамлекет. Апасы алтымыштан ашып калган тың аял экен. Аялдар дээрлик ашканадан чыгышпайт. Өздөрүнчө бака-шака. 10 күн дегенде Адыл ага үй-бүлөсү менен кетти. Кетерде мени бөлмөсүнө чакырып: – Көп болсо үч айда ишиң чечилет, сени толук актап чыгабыз. Бир аз чыдап тур, Казакстанда кенен жүрө тургандай, милиция сенден бир да кынтык таппай тургандай болуп барсын деп жатабыз. Биз сени эч качан унутпайбыз, кыйынчылыкта таштап кетпейбиз. Иним, сен эми биздин адамсың,- деди колумду бекем кысып. Апасы Каныш апа жакшы аял экен. Дасторконго отурганда ашпоз аялга атайын эскертип көбүрөөк тамак салдыртып берип жүрдү. “Булар азыр иш десе ишке, аш десе ашка тойбой турган маалы” деп мени мактап калчу. Кээде "курсагың ачса, жатарда жейсиң" деп бөлмөмө самсы, мөмө-чөмө да алып келип берчү. Андайда Асел мени шылдыңдагансып карап күлөт. Бир күнү Расул агадан мага жаңы паспорт берип жиберишиптир. Март айы эле, түнкү саат экилерде Жайна эже эшикти такылдатып "Самат, телефонго" деп калды, жетип барып трубканы алсам Адыл ага экен: – Самат, сөзүмдү бөлбөй ук, иним. Азыр экөөбүз сүйлөшүп бүткөндөн кийин телефонуңар өчөт, байланыш үзүлөт... Адыл аганын шашып жатканы үнүнөн билинип турду. – Акыбал жаман жагына оогону турат, айтып болбойт. Телевизордун антеннасын билинбей турган жеринен үзүп кой, үйдөгүлөр жаңылыктарды көрбөй турушсун. Азырынча үйдө боло бер, эгер иш жаман жагына ооп кетсе, менин атымдан сага киши барат. Эсиңде болсун, ал адамдын колунда менин бриллиант шакегим болот, ошонун айтканын кыласыңар. Ошол адам силерди куткарып кетет. Эгер колунда менин шакегим болбосо, кандай десе да ишенбе. Уктуңбу? Ким болсо да ишенбе, сак бол! – Адыл ага, бул жерди сизден башка үч эле адам билет да... – Самат, шакек болбосо ким болсо да ишенбе. Менин “слабый” жерим апам менен Асел. Эгер аларды кармап кетишсе мен алсыз болуп калам, ашып кетсе бир ай корго аларды. Анан баары жакшы болуп кетет,- деп дагы бир нерсе айтайын деп баратканда ары жактан кыйкырык үндөр чыгып калганы даана угулду. – Түшүндүң да, Самат, апамдарды сага тапшырдым,- деп трубканы коюп салды. Уйкум ачылып кетти, эми уктай албайм баары бир. Сыртка чыксам жамгыр аралаш кар жаап жатыптыр, суук. Бирөөлөр бастырып кирчүдөй сезилип, дарбазанын бекемдигин текшерип, үйдү бир айланып чыктым. Шектүү эч нерсе байкалбайт. Адыл аганын шакек жөнүндө айтканы эске түшүп туруп алды. Эгер шакеги жок бирөөлөр келсе өзүм жалгыз эмне кылам? Расул ага менен Аскат ага жардам бере албайт, алар мындай ишке аралашып көрүшкөн эмес. Же бул аймакты жакшы билбесем. Айыл арасы болсо да бир жолун тапса болот эле. Асел менен Каныш апаны чыңыртып бирөөлөр сүйрөп баратканын элестетип, денем дүркүрөп кетти. Адыл ага жөн чалбайт эле, олуттуу коркунуч бар үчүн чалды да. Демек, жаңы аким анын бизнесин талашып, согуш башталыптыр. Мүмкүн, ушул тапта бул жакка бирөөлөр келе жаткандыр. Адыл аганын айласы кетип, таянар адамы калбаганы үчүн түн ортосунда шашылыш чалды. Ошондо оюма келди, Адыл ага мени эң ишеничтүү деп бул жакка алып келиптир. Ишенбесе башка жакка жөнөтүп жашырса деле болот эле. Мага апасынын, таякесинин кызынын өмүрүн ишенип тапшырды. Эки аялдын тагдыры менин колумда экенин түшүндүм. Короону дагы бир сыйра айланып чыктым, бир топко айланага кулак төшөп тыңшап турдум, тынч эле. Үшүгөндө үйгө кирип жаттым, бирок уктай албадым. Оюма ар нерсе келет. Эми эмне кылам? Бир нерсени толук түшүндүм, азыр өзүмө гана ишенишим керек, жадакалса Расул агага да ишенүүгө болбойт. Оюнда эмне бар экенин кайдан билем? Саат үчтөн өтүп калды, баары уйкуда. Биринчи кабатка түшүп антеннанын үйдөгү беш телевизорго кеткен зымын үзүп, билинбей тургандай кылып ороп койдум. Сырттан бир зым келип, үйдөгү беш телевизорго бөлүнүп кеткен жеринен үздүм да, өзүмдүн бөлмөмдөгү телевизордун антеннасына тийбедим. Машиналар жер төлөдөгү гаражда турчу, эки машинанын тең багын толтуруп бензин куйдум. Кошумча идиштерге да куюп, аларды Хаммердин артына салып койдум. Эмне болуп кетерин ким билет, он литрлик идишке таза суу алдым. Эртең менен саат тогуздарда үйдүн чатырына чыгып айланага көз чаптырып, кайсы жерде эмне бар экенин байкаштырдым. Жуунуп алып ашканага кирсем Расул ага дубалга илинген телевизордун антеннасын чыгарып, зымдын учун тазалап жатыптыр: – Телевизор көрсөтпөй жатат. Антеннаданбы десем жакшы эле, усилитель тынчыган окшойт,- деди. – Усилителден окшойт, меники да көрсөтпөй жатат,- дедим сыр бербей. Саат 9 жарымда жаңылыктар көрсөтүлмөк, тамакты шашып ичтим да, бөлмөмө кирип телевизорду күйгүздүм. Мына! Жаңылыктарда диктор адегенде эле Адыл аганын кармалганын айтты. Анын сүрөтү көрсөтүлдү, Адыл ага “уюшкан кылмыштуу топтун башчысы” деп аталып, күч органдары ага болгон күнөөнүн баарын илишти. Караганда облусунун "ханы" деп да аташты. Демек, Адыл аганы курмандыкка чалышкан экен... Түндө кармашыптыр, квартиранын кире беришинде үч бала колу-буту байланып жерде жатат. Бет капчан 2 опер кызматкери аларга автомат такап турушат. Жерде жаткан экөөсүн тааныдым, жаңы келгенде мени менен мушташып кеткендер эле. Бир бөлмөдө 4 бала жатат, беттери көрүнбөйт. Башка бөлмөдө Серик, төрдө диванда Адыл ага колу байлануу отурат. Теледен Адыл аганы болушунча жамандап, мыкаачы кылып көрсөтүштү. Адыл агага Карагандадагы ар бир ишкер ай сайын салык төлөп турган имиш. Кармалган балдардын баарын ууру, каракчы, башкесер, наркоман деп көрсөтүштү. Көргөн адам "Караганданы ээлеп алып, элдин ырыскысын жеп жүргөн тура” деп кыжыры келе тургандай жар салышты. Касен абаны да кеңсесинен кармап кетишиптир, аны мафиянын бухгалтери, күнүнө миллиондогон долларлар ушул адамдын колунан өтүп турган дешти. Тим эле акча которуп жатканда жанында карап тургандай сүйлөдү журналист. Милициянын "чоңу" комментарий берип, “Казакстанда эң чоң мафия кармалды, жаңы акимдин кылмыш дүйнөсүнө каршы аёосуз күрөшү жыйынтык бере баштады” деп акимди мактап өттү. Жаңы аким да сүйлөдү, өзүн тим эле эл үчүн күйүп жаткан адамдай көрсөттү. Каармандар күн мурун даярдалганы көрүнүп турат. Колго түшкөндөрдү жакшы билген адам катары “бул шоуну уюштурган киши да кыйын экен” деп турдум... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(4)
Baktyluu_bolgum_kelet
![]()
10.02.2020. 10:16
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
196
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
26-01-2021 22:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+1
Анан?
rafo80
![]()
10.02.2020. 22:35
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
01-10-2014
Соӊку аракети:
26-01-2021 15:29
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сонун.
Shef87
![]()
11.02.2020. 12:40
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
27-11-2015
Соӊку аракети:
22-12-2020 00:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм
manatova
![]()
13.02.2020. 15:08
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
18-12-2018
Соӊку аракети:
03-09-2020 15:39
Жынысы:
Белгисиз
0
кино коргондой эле болтам
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|