Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Эмил Токтошев, вайнер: «ДӨӨПАРАЗ ДЕГЕН АТТАН УЯЛБАЙМ, БУЛ ТАСМАДАГЫ ОБРАЗ»

№900 30-январь-5-февраль, 2020-ж.




Бир күнү Бишкекте, кийинки күнү Ошто. Бул адамдын дайыма иш үстүндө жүргөнүн көрөбүз. Ал иш деп жүрүп кээде жумалап балдарын да көрбөй каларын айтат. Каарманым элге Дөөпараз аты менен таанылган күлкү жаратуучу, актёр, вайнер, ишкер, 2018-жылы “Жылдын кыргыз тилдүү супер вайнери” аталган Эмил Токтошев.

– Саламатсызбы, Эмил? Бир карасак Ошто, бир карасак Бишкекте жүрөсүз. Эмне менен алексиз?

– Саламатчылык. Вайн тартуу, тасмага тартылуу, тамадалык кылуу, тез тамактануучу жайларымды иштетүү менен алектенип жүрөм. Бишкек, Ошто биригип 5 кафем бар. Жакында алтынчы филиал ачылат. Келечекте ар бир облуста кафе ачкым келет. Мындан тышкары учурда Сапар Сайназаров режиссёрлук кылган “Love is” тасмасына тартылып жатам.

– Тасмадагы образыңыз кандай?

– Жашоодо кандай болсом, ошондой адамдын образын жаратып жатам. Сиз “дагы эле дөөпараздын ролун ойноп жаткан турбайсызбы” деп койбойсузбу (күлүп). Тамаша, бул тасмада кыздардын артынан чуркап, сүйүү издеп жүргөн баланын ролун аткарып жатам.

– Көбүнчө “дөөпараздын образын жаратып бериңиз” деген сунуштар түшөт окшойт?

– Ооба, “Түндүктүк келин” тасмасында жараткан образым режиссёрлорго жагып калган. Ошол себептүү дөөпараздын, акылы кем адамдын ролун сунуштай беришет. А мен роль тандабайм.

– Дөөпараз деп элге таанылып калган жаман болсо керек, ээ?

– Досторум, тааныштарым да “дөөпараз деген аттан уялбайсыңбы?” деп сурай беришет. Жок, уялбайм. Бул тасмадагы образ, жашоодо андай эмесмин. Дөөпараз деген аттын артынан көп ийгиликтерге жеттим, күйөрман топтодум, бир топ тасмаларга тартылдым. Бул ат биздин үйдө да көп колдонулат. Улуу баламдан “кимдин баласысың?” деп сурашса, “Дөөпараздын баласымын” деп жооп берет. Кээде балам тамашалап “Эй, Дөөпараз” деп кайрылат. Баса, дагы бир жаңылыгым бар. Жакында “Дөөпараз” деген тасма тартабыз. Мен башкы ролду аткарам.

– Жакшы. Өзүңүздүн актёрдук чеберчилигиңизге кандай баа бересиз?

– Мен өзүмө баа бере албайм. Эл баа берсин. Сындагандар да, мактагандар да бар. Мен колумдан келишинче аракет кылып жатам.

– Вайн тууралуу сурайын. Өзүңүздүн вайндарыңызга күлөсүзбү?

– Күлөм, күлгөнүм үчүн тартып жатам да. Күлкүлүү эмес болсо деле күлүп коё берем.

– 2018-жылы “Супер-Инфо” гезитинин “Жылдын кыргыз тилдүү супер вайнери” номинациясын жеңип алгансыз. Ошол күндү эстеп айтып бериңизчи, кандай сезимдер болду эле?

– Аябай кубангам, толкундангам. Баары эле билет, “Супер-Инфонун” сыйлыгын алуу – өтө чоң сыймык. Азыр ал статуэтка менен диплом кафелеримдин биринде турат. Эл киргенде эле көрүнө тургандай коюп койгом.

– Сыйлыктарыңыз көп болсун! Ошондо куудул Тынар Курбаналиев сизге сыйлык тапшырып жатып “Эмилдин вайндары Бишкектеги оштуктарга расса жагат да” деген эле. Анын оюна кошуласызбы?

– Туура эле айткан. "Тамашоудо" да биздин тамашаларыбызга бишкектиктер түшүнбөй калышчу. Биз бир аз башкача сүйлөйбүз го, аны оштуктар жакшы түшүнөт. Оштуктар күлсө, башкалар алардан “эмне деди?” деп сурашчу (күлүп).

– "Тамашоудо" «No Name» командасында ойнодуңуз. Бирок кийин командада келишпестиктер болуп, экиге бөлүнүп кеттиңиздер эле. Азыр мамилеңиздер кандай?

– Көптөр бизди урушуп кетишкен деп ойлошот экен. Бирок биз урушуп-талашкан эмеспиз. Жөн гана эки башка команда болуп иштөөнү туура көргөнбүз. Анткени популярдуу боло баштаганда ар бирибизде "мындан да көбүрөөк таанылсам" деген амбиция болду.

Ушунун айынан жаман-жакшы айтышып кетпеш үчүн бөлүнүп кеткенбиз. Бирок азыр мамиле биз аябай жакшы, катташабыз.

– Сиз клиптерге пародия тартып да жүрдүңүз. Башка ишке алаксып токтотуп койдуңузбу?

– Ооба, бир кезде орус, кыргыз ырчыларынын клиптерине пародия тарттым. Орусиялык “Serebro” тобунун “Между нами любовь” ырынын клибине пародия тартсак, аталган топ биздин пародияны жактырып, Инстаграм баракчасына бөлүшкөн. Ырчы T-Killah “Ноги молодцы” ырына пародияга сынак жарыялаган эле. Ал сынактан 10 миң рубль утуп алгам. Егор Криддин бир клибине да пародия тартып, андан 15 миң рубль уткам. Бирок Криддин акчасын ала элекмин, алып коюш керек эле. Кыргыз ырчыларынын клиптерине да пародия жасадым. Орус ырчылары юморду түшүнүп, капа болушпайт экен. Биздикилер жаман көрүштү. Ошол себептүү ал ишти улантпай калдым.

– Социалдык тармактагы баракчаңызга жазылган комментарийлерди окуп турасызбы?

– Окубайм. Анткени мактап жазгандар менен катар жамандап же сөгүнүп жазгандар бар. Жаман комментарийлерди окусам, көңүлүм түшүп калат. Ошондуктан окубаганга аракет кылам.

– Ишкерлик же чыгармачылык? Кайсынысы жан дүйнөңүзгө жакын? Кайсынысы кирешелүү?

– Экөөнүн бирөөсүн танда десе, чыгармачылыкты тандамакмын. Ал эми каражат маселесине келсек, чыгармачылыктан акчаны оңой табасың. Мисалы, тойду алып барсаң 4 сааттын ичинде акча табасың. Бирок оңой табылган акча оңой жок болот экен. Каякка кеткенин өзүң да түшүнбөй каласың. Ишкерликтен каражатты кыйналып табасың, бирок ал жугумдуу болот.

– Футболго кызыгарыңызды билебиз. Өзүңүз да ойнойсузбу? Кайсы команданын күйөрманысыз?

– КВНге келе электе футбол ойночумун. Жакшы ойнойм деп айта албайм. Топ тепкенди, пас бергенди, топтун тоголок экенин билем. Өзүм “Ак шумкардын” фанатымын. “Реал Мадридди” колдогончо “Ак шумкарды” колдогон жакшы. Командадагы ар бир оюнчуну сыйлайм, колдойм. Айрыкча Али Ифлазоглу деген кыргыз футбол күйөрманынын фанатымын. Ал биздин духубузду көтөрүп турат. Кыргыздар эмнегедир анчалык колдоо көрсөтпөйбүз.

– Аңчылык да кыласыз. Жаныбарларды, жаратылышты коргоо сизди ойлондурбайбы?

– Ооба, аңчылык кылууга уруксат алгам. Эл “жаныбарларды атып жатасың” деп жаман көрө беришет. Бирок мен аңчылыкка жаныбарларды атуу үчүн чыкпайм. Мага того чыгуу, жаратылыштын коюнунда, таза абада жөө баскан жагат. Басып жүрүп кыйналган, чарчаган, бутумдун суу болгонунан бери жагат. Ошентип эс алуу үчүн чыгам. Мага олжолуу кайтуунун зарылчылыгы жок. Эс алып келсем болду. Кээде курал албай эле чыгып кетем.

– Үй-бүлөңүз тууралуу кеп салып берсеңиз. Балдарыңыз чоңоюп калыштыбы?

– 2 уулум бар. Улуусу беш жарымда, кичүүсү үч жарым жашта. Келинчегим биздин кафелерди иштетет. Мен көпчүлүк учурда тасмага тартылуу, той алып баруу менен алекмин. Ошол себептүү балдарымдын бири чоң эне-чоң атасыныкында, экинчиси таене-таятасыныкында болуп калат. Кээде бир жума балдарыбызды көрбөй калган учурлар болот.

– Балдар ата-энесинин көңүл буруусуна муктаж да...

– Учурда балдардын, ата-энемдин жашоосу жакшы болсун деп аракет кылып иштеп жатабыз. Ишибизди таштап коё албайбыз да. Убактымдын болушунча балдарыма көңүл бурам. Бирок балдарыбыз биздин жаныбызда эркелеп жүрө беришет. Ата-энелерибиздин жанында болгондо бир нерсе үйрөнүшөт. Мисалы, орус тилин алардын жанында жүрүп үйрөнүп жатышат.

– Балдарыңыз бактылуу балалыкта чоңоюшсун! Маегиңизге рахмат.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg



Эмил Токтошев, вайнер: “Уулум “дөөпараздын баласымын” дейт”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(9)
03.02.2020. 09:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1077
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
06-04-2020 18:42
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кыргызда доопараз эмес доопороз деп айтылчы элего.
03.02.2020. 13:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
336
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
06-04-2020 22:26
Жынысы:
Белгисиз
-5
katerina.li, журналист да Оштук го)))
03.02.2020. 09:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
20-09-2019
Соӊку аракети:
06-04-2020 22:33
Жынысы:
Белгисиз
-5
Икрамдын колуна тукургондон бери жакпайт
03.02.2020. 11:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
202
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
07-04-2020 01:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+14
тамашоучу балдапдын бары эле тын чыгышты,бутка турушуп.
03.02.2020. 13:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
336
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
06-04-2020 22:26
Жынысы:
Белгисиз
+8
vikidiki,чын. 50% балдардын уй,бизнестери бар экен.30га чыга элек копчулугу.Атаандашуу да жакшы сапат.
06.02.2020. 00:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
06-02-2019
Соӊку аракети:
06-04-2020 23:32
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мыктысың
06.02.2020. 13:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1077
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
06-04-2020 18:42
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оз эне тилде жазгыла,ддопараз дебей. Ужас
07.02.2020. 16:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
22-01-2019
Соӊку аракети:
07-04-2020 10:30
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ийгилик
07.02.2020. 19:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
425
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
07-04-2020 02:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+6
Эрмек Нурбаевке рахмат деле айтышпайт ушулар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23792;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: