Архив
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Cойкулукка мажбурланган 16 жашар кыз: “БӨЛМӨГӨ КАМАП КОЮП, ЭРКЕКТЕРГЕ САЛЫП БЕРИШТИ”№900 30-январь-5-февраль, 2020-ж.
– Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринде жашайбыз. Мектепте окуган сиңдим жана апам болуп айылдагы бала бакчанын бир бурчундагы бош бөлмөдө турабыз. Акыркы мезгилде "жаңы бала бакча курулат, үйдү бошотуп, башка жакка көчкүлө" деп айтып келишет. Бирок биздин бара турган жерибиз жок. Ал эми атам тууралуу маалыматым жок. Башым оорулуу болгондуктан мектепти 9-класска чейин окуп, андан ары уланткан эмесмин. Башымда суу бар дешти, аны алганга да болбойт экен. Апам экөөбүз айылдагы дыйкандардын талаа иштерине жардам берип акча табабыз. Быйыл күздө экөөбүз картошка терүүгө жалданып иштедик. Ошол жактан Асема деген кыз менен таанышып калгам. Ал менин телефон номеримди алган. Бир күнү талаадан картошка терип бүткөндөн кийин мени Караколго чакырды. “Бирөөнүн туулган күнү экен, дискотекага барып келебиз” деди. Мага кызык болду. Караколго барганда мени тосуп алды. Экөөбүз жолуккан жерде бир аз тургандан кийин Асемага бирөөлөр телефон чалып калышты. Ал мени “ушундай туруп турчу” деп коюп телефон менен сүйлөшүп ары басып кетти. Көпкө күттүм, ал келген жок. Бир маалда кара машина келип жаныма токтоп, 2 эркек киши колумду толгоп салып кетишти. Унаада мени салган эки баладан башка айдоочу, анан бейтааныш аял бар экен. Ал эми Асеманы ошол боюнча көргөн жокмун. Каршылык көрсөткөнүмө карабай мени уруп-сабап, белгисиз жакка алып жөнөштү. Кийин билсем, Бишкекке келиптирбиз. Мени бир үйгө алып киришти. Жер үй экен, киргенде бир нече бөлмө жана мени менен кошо келген аялдын өзүнчө бөлмөсү бар экен. Аялдын аты Мээрим. Атырдын айтымында, ушул окуядан кийин ал үчүн тозок күндөр башталган. Алып келген 2 баланын бири кол салып, Атырды ошол жерден эле зордуктап койгон. Өспүрүм кызды алып келген жер “Ош базарынын” айланасындагы сойкукана болгон. Бул жерди иштеткен кожоюну, улгайып эле калган киши да келип уруп-согуп зордуктап кетти дейт Атыр. – Аптанын соңу болуп калганда Каным деген аял келип, Мээримден акча алып кетчү. Ал бизди кардарларга салып берип иштеткен жердин кожойкеси. Күйөөсү улуу эле киши. Ал мени уруп-тепкилеп, башка койгулап, жалынганыма болбой зордуктап кетти (каарманым ушул жерден ыйлап жиберди). Мени бир бөлмөгө камап коюп чыгарышчу эмес. Алар мага “сен бул жактан кетпейсиң, келген кардарларды тейлейсиң. 3 телефон уурдагансың, ошолордун акчасын төлөшүң керек, 15 миң сом карызсың. Келген кардарларга жашым 19да дегиниң” деп, эркектерге салып беришти. Үйдүн ичи суук, үшүчүбүз. Кечкисин бир гана маал тамак берет. Түнү менен уйку дегенди көрчү эмеспиз. Уктайлы деп көз ирмесек эле кыйкырып кайра тургузушат. Ал жакта 10дон ашык кыз иштечү. Өз каалоосу менен эле иштеп акча тапкандар. Алар мага караганда эркинирээк, күндүзү жумуштары менен эшикке чыгып келишчү. Бөлмөдө мени менен чогуу орус улутундагы 1 кыз да камалып жатчу. Аны да сабашчу, кээде аны менен жалгыз калгандан коркчумун. Эмне кылып жатканын билбей, өзү менен өзү сүйлөшүп калган кыз болчу. Ур-тепкиден башымдын оорусу күчөдү. Келген кардарларга мени уурдап келип иштетип жатышканын айтып жардам сурасам айрымдары Мээримге айтып барышчу. Ал келип эки-үч кыз болуп сабашчу. Коркконумдан кийинки учурда бул жакка кантип келип калганымды айтпай калдым. Бир күнү 2 жаш жигит келип, бир кыздын сүрөтүн көрсөтүп “тааныйсыңбы?” дешти. Мен аны көрбөгөнүмдү айттым. Алар менин эмне болуп бул жакка келип калганымды сурашты. Коркуп толук айткан жокмун. Бирөө телефонун берип “апаңа чалып ал” деди. Апама чалып, бирок сарсанаа болбосун деп эч нерсе айткан жокмун. Болгону үнүмдү угузуп, “мен жакшы элемин” деп санаасын тындырайын дедим. Ал балдар мага тийген жок, кетишти. Эшикке чыкканда апама чалып “кызыңыз мажбурланып ушундай бир жерде жатат” дептир. Апам эжеме чалып, анан ал келип мени сойкуканадан чыгарып кетти. Атыр сойкуканада күн санагын деле билбей калган. Болжолу 2 аптадай ошол жакта болгон. Анын айтымында, баш-аягы 4 эркек аны кордогон. Ал эми бул азаптан куткарып чыккан Атырдын таежеси милициянын шалаакылыгы тууралуу пикирин айтты. Ал аты-жөнүн жашырып коюуну өтүндү. – Бул окуя 2019-жылдын 12-ноябрында эле болгон. 21-ноябрда мен Бишкектеги Кулиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1 үйгө барып сиңдимди бошотуп аларым менен Бишкек шаарындагы Ленин РИИБине арыз жазгам. Мага кагаздарга кол койдуруп алышкан. Арасында окуяны коомчулукка таратпоо тууралуу макулдашууга кол коюп коюптурмун. Ошонун негизинде тергөөчү менин оозумду басып окуя тууралуу айттырбай жатты. Ошого карабай ал ишти алдыга жылдырган жок. Ишке тийиштиги бар бир да адам кармалган жок. Акыры укуктук клиниканын жактоочулары окуя тууралуу журналисттерге кабарлаптыр. Коомчулукта резонанс жаралгандан кийин гана, 2 айдан соң “сиңдимди сабаган” деп 3 кызды алып барып камашты. Ал эми сойкукананы иштетет делген Каным аттуу аялды жана анын сиңдимди зордуктаган күйөөсүн кармаша элек. Мен ошол башында турган адамдар кармалмайынча аракетимди токтотпойм. Бул иштер боюнча тергөөчү жакшы иштебей жатканда Ленин РИИБинин башчысына кирип ишти тездетишин өтүнөйүн дедим. Бирок мени киргизбей коюшту. Бөрк ал десе баш алган заманга келдикпи? Ооздо тургандар президентти кайтаргандай күзөтүп туруп алышты. Райондук милициянын башчысына кире албай ушунча убара болсок, министр, өкмөт дегендерге эл кантип кирип жатат билбейм. Акыры башка эле бирөөгө жолугам деп жатып мекеменин ичине араң кирдим. Башчысынын кабинетине кирсем, анын окуядан маалыматы жок окшойт. Баарын кайра башынан сурап кагазга тизмектеп кирди. Болгон окуяны айтып бергенден кийин орун басарына жиберди. Ал дагы башымды оорутуп баягы окуяны кайра башынан сурап кагазга жазып кирди. Бизде милиция деген адамдардын укугун коргомок тургай кордоп коёруна көзүм жетти. Жашы жете элек өспүрүм уурдалып, кордолуп, сойкулукка мажбурланып жатат. Кантип анан милициянын башчысы, орун басары андан маалыматы жок? Ошон үчүн 2 айдан бери иш жылбай турду да. Кармалган кыздар болбогон жомокторду токуп, “кыз өзү келген, 2 жылдан бери эле иштеп жатат” деп жатышты. Эгер мен болгон окуянын баарын өз көзүм менен көрүп, камалып турган жеринен куткарып кетпегенде башка эле бир сценарийлер менен иш жабылмак окшойт. Сойкукана катары иштетилет делген үйдүн маңдайында Ленин РИИБинин милиция бөлүмчөсү иш алып барат. Ал эми бул окуя “Ош базарынын” айланасындагы притондор тууралуу алгачкы маалымат эмес. 2014-жылы редакциябызга бир аял кайрылып, кызын издеп жүрүп, Кулиев көчөсүндөгү сойкуканадан тапканын айткан. Окуя болгон жерге барып, 26 жаштагы кыз менен жолугуп, притондо кечирген күндөрү тууралуу сүйлөшкөнбүз. Анын дагы тагдыры 16 жашар Атырдыкына окшошуп кетет. Жабырлануучуну сойкулукка мажбурлагандар “акча уурдадың, иштеп берип төлөйсүң, болбосо милицияга кабарлайбыз” деп коркутушканын айткан. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, Атырды сойкулукка мажбурлап, сабаган деген шек менен 32 жаштагы М.Н. жана 24 жаштагы К.А., Д.З. аттуу жарандар кармалды. 22-январда шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, Ленин райондук соту аларды 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Гүлжан Асанкожоева 16 жаштагы кыз: “Уруп-согуп, денемди сатууга мажбурлашты”
Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|
Айбандар адам солокотуу желмогуздар. Жазанарды алгыла Аллахтын алдында.
Жок,ушул ишти билип,бирок чара корбогон милиция кызматкерлеринин кыздарына эч кандай жамвн соз айтпаныз.
Милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгоп 10-15 жылга камап салуу керек.Адамдын тагдыры менен ойногон акмактар!
Ушул кызды коргоп коз салган эр азаматтар кыргыз жигиттер жер жок бекен???
Ушунчадан бери укугун коргогон адам билинбейт го...