Архив
897   898   899   900   901   902  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Анапия Райымбекова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “БҮГҮНКҮ КҮНҮМ ЭРТЕҢКИМЕ САБАК БОЛДУ”

№899 23-29-январь, 2020-ж.


Үч-Теректин кызынын бири, улуусу, сулуусу Анапия Райымбекова менен баарлаштык. Анын таланты, балалыгы, жеке жашоосу тууралуу кызыктуу макаланы сунуштайбыз.

– Анапия айым, саламатсызбы? Ырчы катары кыргыз элине таанымал инсансыз. Бирок эмнегедир маек көп бербейт өңдөнөсүз. Интернет айдыңында сиз тууралуу маалымат аз экен.

– Саламатсыздарбы? Балким, ошондой чыгар. Бизди бала кезден ата-энебиз улунуп-жулкунбаган адам кылып тарбиялашкан экен. Ошол бойдон калып калдым. Өзүм азыр чоң эне болсом дагы, бала мүнөз кыялым дагы деле бар.

– Бала мүнөз ырчынын балалык чагынан кеп кылалы анда.

– Балалыгым Токтогул районунун Өзгөрүш айылында өттү. Үй-бүлөдө он бир тууганбыз. Мен төртүнчүсүмүн. Ата-энебиз бизди тартиптүү, чынчыл, ынтымактуу болууга тарбиялады. Эң улуу байкебиз аскерге кете элек курагында үйлөнүп, эрте эле очор-бачар болгон. Ал кез Совет маалы болчу. Аскерден келгенден кийин чабан болуп иштеп жүрдү. Менин балалык кезим ошол байкем менен жеңеме кол кабыш кылып жүрүп жайлоодо өттү десем болот. Каначу жана Капка деген жайлоолор менин балалыгым өткөн жерлер. Кандай гана керемет эле ал кез. Тамак бышкыча бизди уктап калбасын деп атам “Бай терек”, “Үч бир тууган” сыяктуу жомокторду айтып берер эле.

– Ата-энеңиз туурасында айта кетсеңиз. Бир эмес, үч ырчыны тарбиялап өстүргөн инсандар чыгармачылыкка жакын болушса керек?

– Ооба, атам чыгармачыл инсан болгон. Акындык, жамакчылык, обончулук, ырчылык таланты бар эле. Биздин өрөөндө аны “Кадыркул ырчы” деп коюшчу. Бала кезибизден атамдын чыгармачылыгын көрүп, ал комуз черткенде комузунун башын тиштеп алып угуп жүрүп чоңойдук. Атам алгачкы жолу 49 жашында ата статусуна ээ болгон экен. Апамдан 27 жашка улуу эле. Биз бала кезде апам үйдө конок көп тосчу. Атам болсо комузун колуна алып эле жамактап ырдап, куюлуштуруп сүйлөгөн, бакылдап-шакылдаган ачык мүнөз киши эле. Анан да спорт менен машыгып, күрөш жаатында биринчиликти эч кимге берчү эмес экен.

Мени апама көп окшоштурушат. Мүнөзү жумшак, койкойгон сулуу аял болчу. Атам өзү чыгармачыл адам болсо да ырчылык кесипти тандаганымды ага араң угузганым эсимден кетпейт. Негизи алгач борборго кеткенимде "ырчы болом" деп ата-энеме айткан эмесмин. Бир ирет каникулда айылга барып калдым. Үйдө Турду аттуу эжем бар экен. “Шаарда кайсы окууда окуп жатасың?” деп сурады. Ошол жерден ата-энеме да жооп берүүгө туура келди. “Анда ырчы болсоң ырдап көрчү” дешип ырдаганымды сынашкан. Ага чейин уялчаактыгымдын айынан ата-энеме деле ырдап бербептирмин. Чындыгында мектеп курагымда уялып такыр ырдачу эмесмин. 10-классты аяктап жатканыбызда мени кыйнап жатып ырдатышканы эсимде. Бетим кызарып жатып бир ырды араң ырдагам.

– Алгач Бишкекке ким болом деп келдиңиз эле?

– Мектепти аяктагандан кийин 1 жыл ата-энеме жардам берип окууга тапшырган эмесмин. Кийинки жылы Бишкекке ырчы болууну самап келдим. Бирок убагында керектүү даректи таппай калып, айласыздан №3 кесиптик-техникалык окуу жайында окуп калдым. Ал жактан көркөм чыгармачылык ийримдерине катышып жүрдүм. Ошол жерден бир музыкант байке үнүмдү угуп, “сен филармонияга барышың керек” деп өзү ээрчитип барган. Ал жерден эстрадалык студиянын вокал бөлүмүндө окуп калдым. Улукмырза Полотов агайдын алгачкы окуучуларынан болдум. Талантым бааланып, 1986-жылы Карамолдо Орозов атындагы оркестрге кабыл алынгам.


– Эки сиңдиңиз менен трио болуп чыгуу кимдин идеясы болду?

– Алгач мен ырдап жүрдүм. Эки сиңдим мени ээрчишип, “биз дагы ырдап чыгалы” деген ойлорун билдиришти. Экөөнүн улуу эжеси катары бүгүнкү күнгө чейин ээрчитип жүргөнүмө сыймыктанам. “Үч-Теректин үч кызы” деген атка конуп, аздыр-көптүр элибизге кызматыбызды кылып келе жатканыбызга быйыл 25 жылдын жүзү болуп калыптыр. “Дайыма ээрчишип жүрөсүңөр, бири-бириң менен урушуп кетпейсиңерби?” деп да сурап калышат. "Бизди ата-энебиз ушундай ынтымактуу болууга тарбиялашкан экен" деп күлүп калабыз. Бир жерге үчөөбүздүн бирибиз же экөөбүз эле барып калсак да толук кандуу болбой калабыз. Кудайга шүгүр, кайда барбайлы улуулардын батасын алып, кичүүлөрдүн сыйына арзып, буюрса, ынтымактын символундай болуп али далай ырдайбыз.

– Эми жеке жашооңузга келсек. Өмүрлүк жолдошуңуз, балдарыңыз туурасында айтып берсеңиз.

– Чыгармачылык деп жүрүп 28 жашымда турмушка чыктым. Таластын Бакайыр деген жеринин кулуну Басылбек деген жигит менен филармонияда иштеп жүрүп таанышып, үй-бүлө курдук. Өтө таланттуу инсан. “Камбаркан” ансамблин түптөгөндөрдүн бири. Ар бир адам маңдайына жазылган тагдырды көрөт экен. Экөөбүз 4 жылдан кийин эки ажырым жолго түшкөнбүз. Ортобузда Азат аттуу уулубуз бар. Кийин 2001-жылы тагдыр мени Кыргыз Эл артисти, театр режиссёру Алмаз Сарлыкбековго жолуктуруп, экөөбүз баш кошконбуз. Экөөбүздү чыгармачылык табыштырды десем болот. Суусамырга малчыларга концерт коюп барганбыз. Ошол чыгармачылык топту Алмаз агай жетектеп, ошондо жылдызыбыз келишип калган. Азыр да Токтогулга баратып Суусамырга жеткенде ошол күндөр көз алдыма тартылып, жүрөгүмө жагымдуу сезимдер келе калат. Андан көп узабай таттуу, сыйкырдуу сөздөрүн арнап, “баш кошолу” деген сунушун киргизди. Ойлонгонго да көп убакыт берген жок (күлүп). Бат эле бирге түтүн булатып баштадык. Жашоонун ысык-суук, ачуу-таттуу күндөрүн бирге басып өттүк. 40 жашымда экөөбүздүн Эмир аттуу уулубуз төрөлдү. Буга чейин ал кишинин эркек баласы болгон эмес экен. “Тукумумду улаган уул төрөп бердиң” деп аябай кубанган. Кийин 2008-жылы күтүүсүз бул дүйнөдөн өтүп кетти. “Арбагы ыраазы болсун” деп ага дуба кылып келем.

– Ушул жерден сурай кетейин. Жакында эле социалдык тармактагы баракчаңыз аркылуу жолдошуңуздун үйүн төрткө бөлүп алганыңыздар тууралуу билдирүү жаздыңыз...

– Биз баш кошкон кезде жолдошумдун жер үйү бар экен. Анда мен өзүмдүн көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батиримде жашачумун. Баш кошконубуздан кийин өзүнүн үйүнө көчүрүп келип, ошол үйдө жашап калдык. Кийинчерээк Алмаздын демилгеси менен батиримди сатып жибергенбиз. Жолдошумдун көзү өткөндөн кийин үйүбүз талашка түштү. Жыйынтыгында сот анын мурунку никесинен кызына, баласына жана уулум Эмир экөөбүзгө деп төрткө бөлүп коюшту. “Кыштан чыгып алалы, жаз алды менен көчүп кетем” деп суранганыма карашкан жок. Ичимден жаман болдум. Ошол абалымды элиме айтып жеңилдеп алдым десем болот. Алар тууралуу жакшы да, жаман да айткым келбейт. Бир чети ушунчалык жеңилдеп, бир оор жүктөн арылгандай болуп калдым. Менде мындан ары баары сонун болоруна ишенем. Болгону бүгүнкү күнүм эртеңкиме сабак болду.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
27.01.2020. 12:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
196
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
19-02-2020 21:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракөл
+7
Абдан баалайм, жакшы ырчылар, сыймыктансак болчудай, жөнөкөй эже сиңдилер.... ийгилик каалайм.
28.01.2020. 11:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
29-07-2019
Соӊку аракети:
19-02-2020 15:10
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эх чиркин !маек деген ушундай болсо,окуп отуруп жан дуйнон эс алат!Сизге ден соолук жана чыгармачылык ийгилик каалайм.Капа болбонуз азыркы заманда сиздей конулу таза,ишенчээк адамдар ото аз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23623;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: