Архив
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)№899 23-29-январь, 2020-ж.
Демек, бизди өлтүрүүгө тапшырма болгон, эми мени да жок кылууга аракет кылышат. Биз авария болгондо кишилер көбөйүп кетип, тие алышпады окшойт. Фура эмне болду экен? Адыл агага басым күчөптүр да, демек, тил табыша албаптыр. Арсен туура айткан экен, тирешүү башталыптыр. Макс, Русик... Кандай жакшы балдар эле... Макс менен жети айдан бери шерик болуп иштешип жүргөм. «Көчөнүн тамагынан тажап деле калгандырсың» деп үйүнө чакырып көп жолу коноктоду. Ата-энеси да жакшы адамдар эле, барганда апасы «дос болуп жүргүлө» деп дасторконун жайнатып, кетерде батасын берип узатчу. Бир жолу жылуу болот деп төөнүн жүнүнөн жасалган одеяло берген. Атасы «аяш энең мага да бербей, сыйлуу конокко деп бекиткенин сага берет» деп күлүп калчу. Алардын уулун жоктоп, ыйлап отургандарын элестетип жүрөгүм жанчылып кетти. Русик... Шайыр жигит эле, анекдот эле айта берчү. Абдан күлкүлүү анекдотторду билчү, кээде өзүм жалгыз калганда анын айтып бергендери эсиме түшүп күлүп жиберчүмүн. Экөө тең ак көңүл, орус мүнөз, куулук-шумдугу жок балдар эле. Ой тынчтык бербей койду. Шериктерим өлсө, унчукпай кетип калганым туурабы? Анысы аз келгенсип эми бул аксакалды да атып кетишсе эмне болот? – Аксакал, арттагы Жигули келатабы? – Келатат. – Бир аргасын таап, мени түшүрүп коюңуз. Сизге да зыяным тийбесин. – Ой, балам, сени ооруканага алып барайын, көрүнүшүң керек. Күндүз го, тийише алышпайт алар. – Аксакал, мен баары бир түшүп калышым керек. – Кантип түшөсүң? – Канчалык жакын келатышат? – Бир жакындап, бир алыстап калышат. Жакын эле. – Тиги бурулушта бүркүттүн эстелиги бар го, ошол жерден тезирээк түшүп калам. Сиз катуурак айдап кетип калыңыз. – Сен эмне кыласың? – Кайра артка барышым керек. Жолдон машине тосом, кабатыр болбоңуз. – Этият бол анда, тонду кийип ал. Кокус, тигилер тосчу болсо сени жолдон башка машине тосуп, артка кетти дейм. Жанагы бурулуштан өтүп эле машинадан түшүп, эстеликтин артына жашынууга үлгүрдүм. Аксакал болсо андан ары кетти. Көп өтпөй тиги Жигули көрүндү, катуулап калыптыр, эч ким жок ээн жерде «тынчыталы» дешкен окшойт. Машина «бүркүткө» жыйырма метрдей калганда жолго чуркап Жигулини карай ок аттым. Мындайды күтүшкөн эмес да, айдоочусу рулду башкара албай машина жолдон чыгып барып чоң ташты сүзүп токтоду. Катуу ылдамдыкта келаткандыктан, Жигулинин алды бырчаланып, айнектери талкаланып түтөп кетти. Ичиндегилер каршылык көрсөтсө атам деп даярданып турдум, эч ким чыкпады. Чуркап барсам баары эс-учун билбей сулк жатышат. Баарын атып салайын деп барып, токтоп калдым. Кийин ойлосом ошол маалда өзүмдү жоготуп койгон окшойм, үстүмдө тон, башымда кулакчындары чечилип кеткен тумак, тапанчамды колума кармаган бойдон жолдо чуркап кете бериптирмин. Канча чуркадым билбейм, бир убакта өзүмө келип артты карасам бир Москвич келатыптыр. Тапанчамды көрсөтүп «токто» деп белги кылсам, машина мага он метрдей жетпей токтоду. Машинага отуруп тапанчамды айдоочунун башына такадым: – Түз айдай бер, мен айткан жерден буруласың. Айдоочу коркуп, көзү алайып калыптыр: – Макул, макул. – Кеттик, айда тез. Салонуна 3 кой салып алыптыр. Жашы кырктан ашып калган, арык, көздөрү жүлжүйгөн кичине киши экен. Коркконунан роботтой түптүз отуруп айдап баратат, аяп кеттим: – Коркпо, атпайм. Шарт ушундай болуп калды, мен айткан жерге жеткирип кой да, кете бер. Айдоочу башын ийкеп койду. Бир жерге жеткенде чакан жолго түшүп, оңго бурулдук. Бул жол ушул аймактагы айылдарга алып барат, беш-алты чакан айыл бар. Алардан өтсөң Алакөлдүн жээгинде чакан бир айыл, андан арыраакта дачалар бар. Дачалар тынч, эл аз жер, эки-үч жолу бирге иштеген балдар менен келип туулган күн белгилеп кеткенбиз. Кышында дээрлик эч ким болбойт. Жааган карды улам шамал учуруп кеткендиктен машинанын изи да калбайт. Дачаларды улгайган бир адам өзү жалгыз карап калат. Андан башка жан адам жок. Эгер менттер издесе, айылдарды кыдырып дачаларга жеткенче бир топ убакыт өтөт, ага чейин бир нерсе ойлоп табарбыз. Эки саатта дачаларга жетип бардык, артта эч ким көрүнбөйт. Кароолчунун үйү айылдын аркы башында эле, бизди көрмөк эмес. – Сол жактагы көчөгө буруп айдай бер, жеткенде өзүм айтам. Мен бара турган үй көчөнүн ортосунда. Ачкычы эшиктин үстүндө эле турат, машинаны көздөн оолак жерге токтотуп, айдоочу экөөбүз үйгө кирип, эшикти ичинен кулпуладым. – Атың ким? – Кадыр,- үнү калтырап чыкты. – Кадыр, коркпо, мен сага тийишпейм. Болгону азырынча ушул жерде боло тур. – Макул. – Азыр колу-бутуңду байлайм, туура түшүн, шарт ушундай. Мен бир жерге барышым керек. Азыр мештерди жагам, үй тез эле ысыйт. Мындай учурда өтө сак болбосоң болбойт. Кадырдын колу-бутун байлап, бир көйнөк таап алып айрып оозун таңып салдым. Жардам сурап кыйкыра албашы керек эле. Эшикти сыртынан бекитип коюп кароолчунун үйүнө бардым. Эшиги ачык экен, өзү бөлмөдө уктап жатат. Мас окшойт, үйдүн ичи спирт жыттанат. Газ плитадагы казанда эт акырындан кайнап жатыптыр. Дароо баягыда Арсен берген визиткадагы номерге чалдым: – Алло. – Арсен, мен Самат. – Эй, барсыңбы? Каякта жүрөсүң? Уктук эмне болгонун. – Арсен, убактым аз, көп сүйлөшө албайм. Алакөлдүн жээгинде, Коктума деген айылдын жанында дачалар бар, ошол жердемин. Чыгып кетиштин жолу барбы? – Өлсөң да койбой тур трубканы, мен кайра келем,- деп бир жакка кетти. Демек, угушуптур да. Арсен беш мүнөттөн кийин келди: – Самат, сага Ан-2 деген самолёт барат, «Кукурузник» деп коюшат го. Ал кичине эле айыл да. – Ооба, үч кыска көчө. – Эртең менен саат жети жарымдарда, жарык түшөрү менен самолёт барып тегиз жерге конот. Көп күтө албайт, тез отуруп учуп кетишиңер керек. Ошого өзүң кара, кайсы жерге коно алат, кар жок дегендей. – Түшүндүм, макул. – Эй, этият бол!- деп дагы бирдемелерди сүйлөп баштады эле трубканы коюп салдым. Үйгө келип Кадырдын колу-бутун, оозун чечтим. Үйдүн ичи ысып калыптыр. – Кадыр, айла жок. Мени менен эртең мененкиге чейин отуруп турасың, саат 8де кете берсең болот. Үйдө анча-мынча азык-түлүк бар экен, тамак жасап жедик. – Сен уктай бер, бул сага, кеткен убактың үчүн,- деп Кадырга үч жүз доллар бердим. – Бул акчага Жигули сатып алсаң болот,- дедим акырын. Өңүмбү-түшүмбү дегендей бир мени, бир акчаны карап туруп калды. Бөлмөдөгү столду терезе тушка жылдырып, отургуч алып келип сыртты тиктеп отурдум. Сактык үчүн айылга келген жолду карап отурушум керек эле. Эшикти ичинен бекитип, ачкычты чөнтөккө салдым. Кайсы маалда уктап кеткенимди билбейм, чочуп ойгондум. Саат таңкы алтыдан өтүп калыптыр, эшик капкараңгы. Кадырды ойготтум. – Кадыр, мен кетем азыр. Эгер өзүңө ашыкча түйшүк жаратпайын десең, мен жөнүндө бир дагы адамга ооз ачпа, макулбу? Сен саат сегизден кийин кете берсең болот. Түшүндүңбү? – Түшүндүм, эч кимге айтпайм. Менден маселе болбойт, кам санаба. – Өтүгүңдү мен кийип кетейин, сага кроссовкамды таштайм. Кадыр өтүгүн чечип берип, менин кроссовкамды кийди. Үстүмдө тон, башымда тумак, Кадырдын өтүгүн кийип үйдөн чыгып кеттим... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(7)
Soulmate
![]()
27.01.2020. 09:41
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
12-01-2020
Соӊку аракети:
20-05-2020 03:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынча аз
suban78
![]()
27.01.2020. 09:44
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
502
Катталган:
06-08-2015
Соӊку аракети:
03-03-2021 14:48
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул автордун "Ботон жердин буудайы" деген китеби чыгыптыыыр. Уйго алып барсам баары талашып окуп жатышат, эки чыгармасы бар экен
suban78 түзөттү 2020-01-27 09:44:43
KAREGLAZAYA_VOLCHICA
![]()
27.01.2020. 13:55
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
29-01-2012
Соӊку аракети:
07-09-2020 10:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
глобус не крути меня там не найти
+1
suban78,кай жерден сатып алдынар?
suban78
![]()
27.01.2020. 16:07
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
502
Катталган:
06-08-2015
Соӊку аракети:
03-03-2021 14:48
Жынысы:
Белгисиз
0
KAREGLAZAYA_VOLCHICA,0709546345 ушул номерден. Гезитке чыгыптыр рекламасы
rafo80
![]()
27.01.2020. 23:49
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
135
Катталган:
01-10-2014
Соӊку аракети:
04-03-2021 00:22
Жынысы:
Белгисиз
-1
suban78, Автор өзүңсүн го брат. Азамат, чыгармаларың жагат бирок.
Baktyluu_bolgum_kelet
![]()
27.01.2020. 11:50
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
362
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
03-03-2021 18:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+1
Кызыктуу болуп жатат
Shef87
![]()
28.01.2020. 03:21
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
27-11-2015
Соӊку аракети:
22-12-2020 00:18
Жынысы:
Белгисиз
-1
Автор алдына бүт ылайыктуу жашоо түзүп алып кыялданып отура берет экен да
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|