Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

№898 16-22-январь, 2020-ж.


(Башы өткөн сандарда)

– Мына, каскадёр, бүгүндөн баштап бул кара жорго сеники. Бул дагы сеники, Адыл агадан белек,- деген Арсен чөнтөгүнөн кагазга оролуу эки таңгак акча алып чыгып сунду:

– Самат, бул окуяны саналуу эле киши билебиз, эч кимге айтпа.

Ошол эле күнү МАИге барып айдоочулук күбөлүк алдык, күн мурун эле даярдатып коюшкан экен. Андан соң машинаны мага каттатып берди да, Арсен «эртең жууйбуз» деп кетип калды. «Мына, адамдын эмгегин баалайт деген ушул» деп койдум ичимден. Хундай Аванте деген жаңы эле машина экен, ылдамдыгы саатына 220 чакырым. Моторунун үнү угулбайт, жүрүп турганын же өчүк турганын билбейсиң.

Бир жума дем алып, кайра жумушка чыктым. Баягы эле жумуш, болгону эми өзүмдүн машинамда жүрөм, шеригим Макс деген жигит.

Баягы жолдогу окуядан он күндөй өтүп калган, Макс бир күнү «Арсен берип жиберди» деп гезит алып келди. Сүрөттөрү менен жаңылык чыгыптыр. Баягы каракчылар фураны бекитишкен мал сарай күйүп кетиптир, жерде беш адам жатат. Макалада «бандиттер бири-бири менен согушуп жатышабы? Бул беш адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү» деп жазылыптыр. Биздин окуяны Макс дагы билет окшойт, «өздөрүнөн көрсүн, экинчи бирөөнүн оокатына көз артпай жүрүшөт» деп сүйлөнүп калды.

Күндөр өтүп жатты. Арсен азыр чек арага каттабай калган, ишинен жогорулап, «чоң» болуп кеткен. Адыл аганын жанында ар дайым. Анда-санда эле жолугушуп калбасак, көрбөйм деле. Билинбей эле бул жерде иштегениме бир жылдан ашып кетиптир. Бир ай мурун таякемди ортомчу кылып, баягы банк тартып алган үйүбүздү кайра сатып алып, баштан аяк оңдоп-түзөө жүргүздүк. Мындан апамдын кабары жок эле. Жаңы жылдын алдында оңдоп бүтүп, 31-декабрь күнү таякем апама сүйүнчүлөгөн экен, аябай ыйлаптыр. Апам «эртең көчөлү» десе болбой таякем ошол күнү эле көчүрүп барып жайгаштырып келди. Телефон чалсам апам сүйүнгөнүнөн ыйлап, рахматын айтып бүтпөй жатты.

Бир күнү рейстен келсем базанын алдында Арсен күтүп туруптур, аны көрбөгөнүмө эки айдан ашып калган. Маанайы жоктой көрүндү, учурашып эле «жүрсөң» деп машинасына ээрчитип барды.

– Эч кимге айтпа, сөз тарабасын. Караганда облусунун акими алмашыптыр. Мурун КГБда иштеген бирөө экен. Сураштырып билдик, өтө катаал, куу, кайсы кызматка барбасын өзүнүн адамдарын кошо ала барат деп жатышат. Акыркы жылдары жалаң прокуратурада иштептир. Бизнесмендерге салык салып, баш көтөргөнүн коркутуп-үркүтүп, атүгүл жок кылып, далайынын бизнесин ачык эле тартып алган неме дейт. Каршылык көрсөткөндөрдү "наркоман, кылмышкер" деп жалган жалаа менен кармап, каматып жок кылат дешти. Тааныштары, «крышасы» күчтүү дейт. Эми Карагандадагы күч органдарына бүт өзүнүн адамдарын коёт. Бизге да ошол өнөрүн көрсөтөт болуш керек. Анткени Адыл аганын колунда жалаң кирешелүү жерлер, аны сөзсүз талашат. Угушума караганда, Адыл ага аны менен тил табыша албаган окшойт. Жолдо этият болгула, айтып болбойт, Адыл агага кысым башталышы мүмкүн. Бир-эки ай этият болуп турушубуз керек, бир жаңсыл болмоюнча.

– Бизге эмне кылышы мүмкүн?

– Каарына калсаң ар жактан кыса башташат. Беш жыл мурун да ушундай болгон, булар да билет кайсы жерге урушту. Эң «слабый» жерибиз – фуралар жана кафе-ресторандар. Ошондо беш фура жүк-пүгү менен кошо дайынсыз жоголуп, эки кафе, бир ресторан күйүп кеткен. Бул мен уккандары эле, дагы эмнелер болгонун бир Адыл ага эле билет. Эми уккандарың ортобузда эле калсын. Бир сыйра тополоң болуп, анан басылат баары бир, ага чейин чыдаш керек. Адыл ага да көк, айтканынан кайтпайт. Кичине ийилип, айтканына көнүп койсо болот беле дейм да. Мейли, мен ушул телефондо болом, трубканы мен албасам башка бирөө алат, коркпо, ишеничтүү адамдар. Айтчу сөзүңдү айта берсең болот, мага жеткиришет,- деп визитка берди.

Көп өтпөй, Арсен айткандай эле, Караганда облустук милициясынын, КГБ бөлүмүнүн, салык, бажы кызматтарынын башчылары четинен алмаша баштады.

Биз рейсте фураны эки машинада жети-сегизден киши коштоп жүрө баштадык. Жаңы балдар кошулду. Базага бир жолкусунда түндө келсек мылтыкчан ондон ашык бала туруптур. Бирөөсүн да тааныбадым. Адыл ага эч жакка чыкпай, шаардын бир четинде жашап, булардын тилинде айтканда, «уюкка» кирип кетиптир. Ошол жерден баарын башкарып жатыптыр. Эч ким билбейт экен анын кайсы жерде экенин, Арсен да көрүнбөй калды.

Декабрь айы эле. Кытайдын чек арасынан фураны тосуп алып, артка кайтып келатканбыз. Артта Макс, Русик, Куба деген үч бала Жигулиде, ортодо фура, алдыда мен өзүмдүн машинам менен, жанымда биздин топко жаңы кошулган эки жигит.

Жаңы жылга карата Казак-Кытай чек арасы жабылат. Ошондон уламбы чек арага каттаган машина көп. Алматы облусу тоолуу болгондуктан, чек арага алып барчу төрт катар кенен жол тоону аралап өтөт. Жолдо ылдамдыкты жүздөн түшүрбөй келатканбыз. Алдыбызда бир ак Мерседес бараткан, бир маалда бизге жол бошотуп жолдун оң тарабына өттү. Андан ашып өтө берерде Мерстин арткы эшигинин айнеги ачылып автоматтын учу көрүнүп калды. Терезе ылдый түшө баштаганда эле жүрөгүм бир жамандык сезген. Мындайда эркинен тыш кыймылдарга барасың, машинаны оңго буруп алардын машинасын жолдон чыгарып жибермекчи болдум эле, Мерстин айдоочусу кыйын экен. Дароо тормоз тээп артта калып калды. Катуу ылдамдыкта келаткандыктан рулду башкара албай жолдон чыгып кетип, 3-4 метр бийик жардан ыргып кеттик. Өзүмө келип башымды көтөрсөм жол боюнда ондон ашык машина токтоп турат, адамдар бизди тегеректеп калышыптыр. Мени машинадан алып чыгып, тегиз жерге жаткырып коюшуптур. Жашы алтымыштардагы бир аксакал бинтти аракка чылап бети-башымды тазалап жатат:

– Өзүңө келдиңби? Азыр шашпай тур, кыймылдаба, бети-башыңды аарчып коёюн.

Бир аз жаткан соң колу-бутумду кыймылдатсам соо, ооруганы деле билинбейт. Башым гана бир аз чымылдап жатты. Айнектин сыныктары бетимди тилип кетиптир. Ары жакта шериктеримди көтөрүп машиналарга салып жатышат.

– Шериктерим кандай, тирүүбү?

– Түзүк, жарааты жеңил эле экен. Дарыласа жакшы болуп кетишет. Тур эми жата бербей, сени «подушка безопасности» сактаптыр. Руль менен отургучтун ортосуна кыпчылып калыптырсың, көптөп сууруп чыктык.

Машинамдын айнектери талкаланып, капоту, эшиктери ачылып капталынан жатат.

– Тур эми, балам, суукта көп жатпа, ооруканага жеткирип коём.

Турайын деп жатып бир ой «кылт» дей түштү. Аткан адамдар билиши керек да кимибиз эмне болгонун. Мүмкүн, «баарын өлтүргүлө» деген тапшырма берилген болсочу? Алардан шефтери сурайт да эмне болгонун. Сулк жатып калдым, анымды аксакал байкады окшойт. Ары жактан бирөөлөрдү чакырып калды:

– Көтөргүлө, балдар, менин машинама алып барып салгыла. Ооруканага жеткирели,- деди. Мени балдар көптөп көтөрүшүп эски ГАЗ-24 Волгага салып, арткы орундугуна жаткызып коюшту. Аксакал койдун терисинен тигилген тону менен тумагын сунуп:

– Жамынып ал, сеникиндей кымбат болбосо да жылуу,- деп машинасын жүргүздү. Аксакалга көрсөтпөй курткамдын ичинен тапанчамды алып, алганга ыңгайлуу болсун деп шымыма кыстарып, тонду үстүмө жамынып, тумакты баса кийдим. Фура эмне болду экен? Жигуличи? Бир чакырымдай жүрүп бир тоону айланганда эле тээ алысыраакта бир Жигули жолдон он метрдей четте чалкасынан жатканы көрүндү. Жолдун берки четинде ак Мерседес менен КамАЗ сүзүшүптүр, катуу сүзүшкөн го Мерс КамАЗдын алдына кирип кетип, КамАЗдын алдыңкы дөңгөлөктөрү жерден көтөрүлүп калыптыр. Ал жерде да кишилер топтолуп калышыптыр.

– Сенин шериктериңби?

– Жок, аксакал, тааныбайм буларды.

– Ээ, балам, мен таксистмин, бул жолдо сегиз жылдан бери жүрүп эмнелерди гана көрбөдүм. Сенин машинаңды да жакшы тааныйм, жумасына эки жолудан каттап турасың. Тигил Жигули сенин шериктериң. Жана турайын деп баратып, кайра башыңды мыкчып жатып калганыңда эле куулугуңду түшүнгөм. Туура кылдың. Эми, балам, артта бир машина келе жатат. Сени акмалап жаткансыйт, бизден ашып кетпей же биротоло артта калбай келатышат. Ордуңдан турба.

– Тиги Жигулидегилердин абалы кандай болду экен?

– Жардам керек болсо адамдар турат го, жардамдашат. Абалын азыр жанынан өтүп баратып сурап коём.

Аксакал машинасын четирээк токтотуп, топтолуп тургандардан сурап калды:

– Эмне болуптур, адамдары соо бекен?

– Жок, баары өлүптүр. Тиги Мерстегилер автомат менен аткылап салышкан экен. Алар болсо тигинтип КамАЗдын алдына кирип кетиптир...

(Уландысы кийинки санда)



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(6)
20.01.2020. 09:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
12-01-2019
Соӊку аракети:
05-04-2020 00:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кино эми кызыдыго
20.01.2020. 09:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
11-12-2018
Соӊку аракети:
25-02-2020 18:07
Жынысы:
Белгисиз
+2
форсаждай эле го тимеле
20.01.2020. 10:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
19-09-2017
Соӊку аракети:
03-04-2020 21:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жүрөгүмдө жашайм )
+1
Жагатдааа)
20.01.2020. 13:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
06-10-2017
Соӊку аракети:
12-02-2020 16:20
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уф жарылып кетем китебин кай жактан таап окусак болот экен
20.01.2020. 14:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
20-08-2019
Соӊку аракети:
05-04-2020 00:17
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ух ий элестетип раса окуйм да
21.01.2020. 10:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
04-06-2019
Соӊку аракети:
05-04-2020 01:49
Жынысы:
Белгисиз
-1
Соонун чыгарма!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23792;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: