Архив
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
2020-ЖЫЛЫ БИЗДИ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ?№894 19-25-декабрь, 2019-жыл ЧЫГЫШ ГОРОСКОБУ БОЮНЧА 2020-ЖЫЛ 25-ЯНВАРДА БАШТАЛАТ Кытай календары боюнча, Ак металл Чычкан 25-январда өз өкүмүнө кирет жана “башкаруусун” 2021-жылдын 11-февралында аяктайт. 2020-жылда 366 күн болот, анткени февраль айы 29 күндүк болот. 2020-жылдын стихиясы – металл. Металл – күрөш, күч, бекемдик, чыдамдуулук жана чечкиндүүлүктү билдирет. Ак өң – тазалык, акылмандык, адилеттүүлүк, чынчылдык жана идеалдуулуктун белгиси. Чычкан болсо мыкты тактик жана стратег, акылдуу, куу, ички туюму күчтүү, кайраттуу жана саткынчылыкты кечирбей турган жаныбар. Андыктан 2020-жылы адамдар аталган талаптарга ыңгайлашуулары керек. Адилеттүүлүк үчүн күрөшүүчүлөр, курчап турган чөйрөнү коргоочулар, тынбай мээнеттенгендер ийгиликке көп жетишишет. Байыгысы жана коомдо аброй тапкысы келгендер мыкты тактиканы колдонуулары зарыл. Чычкан дайыма энергияга толо болгондуктан бир эле кезде бир нече ишти бүтүрүүнү да талап кылат. Иште өзүмчүлдүккө чекит коюу керек. Максатка алдамчылык жол менен жеткендерди жолу болбостук жана көңүл калуучулук күтөт. Бул жылы күтүлбөгөн окуялар болуп өтөт, андыктан бардык нерсеге даяр туруу кажет. Негизинен бул жыл үй-бүлө курууга, балалуу болууга эң ыңгайлуу жыл. Чычкан баалуу нерселерди уясына ташыйт, бирок ашыкча буюмдардын болуусуна жол бербейт. Андыктан Жаңы жыл алдында үйдү тазалап, ашыкчалардан арылуу оң. Жылдын өңү – көгүш боз, ак, кара.
2020-жылдын 21-декабрында Суу куяр белгисинин астында Юпитер менен Сатурн планетасы тогошот. Тогошуу эң кыска күн жана эң узун түн (солнцестояние) датасына туура келет. 21-декабрь – Кудайлардын, падышалардын жана баатырлардын убагы делинет. Андыктан саясий аренада өлкөнү бириктире турган күчтүү инсан пайда болушу болжолдонот. Юпитер менен Сатурн планетасынын тогошуусу 20 жылда бир келип, жогоруда айткандай, саясаттагы өзгөрүүлөр менен коштолот. Орусияда бийлик алмашышы мүмкүн. Бийликке келген адам өлкөдө көп нерселерди өзгөртүүгө аракеттенет. Мамлекеттин ички саясаты өзгөрөт. Оор мезгил башталып, ал 4 жылга созулат. Анан гана жакшы тилке башталат. Орусиядагы өзгөрүүлөрдүн таасири КМШдагы айрым өлкөлөргө да тийиши мүмкүн. 2020-жылы адамдарда кыжырдануу, даңкты сүйүүчүлүк, ач көздүк сапаттар өсөт, бул чыр-чатактарга жеткириши мүмкүн. Саясатта интригалар көп болот. Юпитер менен Сатурн планетасы тогошкон жылдардагы саясаттагы өзгөрүүлөргө келсек, 2000-жылы Орусияда Владимир Путин, АКШда Жорж Буш (кичүүсү) президент болуп шайланган. Эми 2020-жылы Дональд Трамп тактан кетип, башкасы келиши мүмкүн. Эскерте кетсек, АКШда президенттик шайлоо 2020-жылдын 3-ноябрына белгиленген. Эл аралык аренада күтүлүп жаткан божомолдор Украина туруктуулукка акырындап кадам коёт. Ички, тышкы миграция, митингдер көп болот. Германияда экономикалык маселе оорлоп, өлкөнүн Евробиримдикке таасири начарлайт. Кытайда аймактык бөлүнүүлөр болушу мүмкүн. Бул митинг, каршылык көрсөтүүлөр менен коштолот. Дүйнөдө согуш күтүлбөйт.
Болгариялык көзү ачык Ванганын божомолу Картада жаңы өлкө пайда болот. Орусияда бийликке баарын өзгөртө турган адам келет. Нострадамустун божомолу Орусия, АКШ жана Жакынкы Чыгышты козгоп өтүүчү окуянын болушу күтүлүүдө. АКШнын президентине кол салуу болот. (Астролог Жанар Кадыралиевдин божомолу) “Бийликтегилердин көбү кызматтан кетет” Астрология боюнча гороскоптун 12 үйү (асман сфераларынын Жердин айланасында суткалык айлануусу боюнча түзүлгөн) бар. Гороскоптун үйлөрү дүйнө, биз жана биздин ички дүйнөбүз менен болгон байланыш. Чычкан жылына алардын үчөөнүн, башкача айтканда, биринчи, алтынчы жана онунчу үйдүн таасири тиет. Биринчи үй. Бул үй өз ичине өлкө жана анын ички иштери, саясаттын башкы багыты, коомдук аң-сезим, партия, элдин жашоо шартка карата бийликке реакциясы, реформа, уюмдар, сот иштери сыяктууларды камтыйт. Алтынчы үй. Бул үй ичине ден соолук, оору, жакындарга кам көрүү, тартип, кызмат, карьера, билим сыяктууларды камтыйт. Онунчу үй. Бул үй аткаруучу бийликтин башчысы (премьер-министр), титул, өкмөт, партия, атактуу инсан, стратегия, продукция, маданият, коомчулук алдындагы жоопкерчилик сыяктууларды камтыйт. Демек, жогоруда саналып өткөн нерселер 2020-жылы өзгөрүүлөр көп болорунан кабар берет. Өлкөнүн саясий багытын туура тандоо талабы чыгат. Саясий аренада мыкты инсандар пайда болот. Саясатта бири-бирине бут тосуу, алдоо, жагынуу аракеттери көп болот. Эл толкуп, митингдер өтөт. Бийликтегилердин коом алдындагы жоопкерчилиги өсөт. Анткени эл алардан көп нерсени өзгөртүүнү талап кылат. Чиновниктердин көбү жардамчыларынын, айланасындагылардын туура эмес кеңеши жана элдин талабынан улам кызмат ордуларынан кол жууйт. Улуттук баалуулуктарды баалоо өсөт. 2020-жылдагы эң кооптуу мезгилдер • 1-январдан 24-январга чейинки убакыт (эң кооптуу күн 12-январь) • 8-марттан 17-апрелге чейин (эң кооптуу күн 11-апрель) • 24-июлдан 2-августка чейин (эң кооптуу күн 26-июль) • 5-сентябрдан 3-октябрга чейин (эң кооптуу күн 19-сентябрь) Коомдогу, саясаттагы, жеке жашоодогу кооптуу окуялар 2020-жылы жогоруда аталган мезгилдерде болуп өтөт. 2020-жылдагы эң жакшы мезгилдер • 1-февралдан 27-февралга чейинки убакыт (эң ийгиликтүү күн 22-февраль) • 14-марттан 28-мартка чейин (эң ийгиликтүү күн 20-март) • 18-июлдан 7-августка чейин (эң ийгиликтүү күн 28-июль) • 2-октябрдан 20-октябрга чейин (эң ийгиликтүү күн 12-октябрь) Аталган мезгилдерде экономиканын өсүшү, кирешенин жана балдардын төрөлүүсүнүн көбөйүүсү, үй-бүлөдөгү ынтымактын артышы, долбоорлордун ишке ашышы, маданият жана искусстводогу жакшы жаңылыктардын болушу көп күтүлөт. Эскертип кетчү нерсе, планеталардын жайгашуусуна карата эң кооптуу жана эң жакшы мезгилдер эриш-аркак, аралаш жүрө берет. Кырсыктар Жыл ичинде ири табигый кырсык күтүлбөйт. Майда жер титирөө 8-13-январь аралыгында болуп өтүшү мүмкүн. Ал эми автокырсыктар, бири-бирин алдоолор, оорулар жылдын эң кооптуу мезгилдеринде көп катталат. Андыктан бийиктикте иштөөдө, узак жол жүрүүдө, тоо-ташка чыкканда, келишим түзүүдө, акча алып-беришүүдө өтө сак жана так болуу кажет. 1900-жылы 8-сентябрда – АКШнын Техас штатынын Галвестон шаарында болуп өткөн катуу шамал болжол менен 12 000дей адамдын өмүрүн алган. 1912-жылы 15-апрелде – “Титаник” кемеси айсберг менен кагылышып, натыйжада 1496 адам каза болгон. 1948-жылы 6-октябрда – Түркмөнстандын Ашхабад шаарында жана анын тегерегиндеги райондордо катуу жер титирөө болуп, болжол менен 110 миң адам каза болгон. 1960-жылы 22-майда – Чили өлкөсүндө күчү 9,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. 1960-жылы 27-майда – Түркияда аскерий төңкөрүш болуп өткөн. Канымжан Усупбекова koom@super.kg "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() ![]() Талкуу жабык. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|