реклама
Архив
944   945  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

№893 12-18-декабрь, 2019-ж


АЙТМАТОВДУН ТАСМАДАГЫ КААРМАНДАРЫ КЕЧЭЭ ЖАНА БҮГҮН

  1. Танабай, Толгонай, Дүйшөн, Данияр, Казангап, Мылгун, Ильяз, Нургазы, Ысмайыл, деги койчу, адабияттын алпы Чыңгыз Айтматовдун каармандарын санап отурсак тизме узундан узун. Ал каармандардын образы менен бир гана кыргызга эмес, бүтүндөй адам баласына таасирдүү тарбия бере алат.

    12-декабрь улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Анын көзү тирүү болгондо бүгүн 91 жашка чыкмак. Бул күндү 2011-жылдан бери Улуттук адабият күнү деп белгилеп келебиз. Адабият күнүнүн урматына кино тасмаларда Айтматовдун каармандарынын образын чагылдырган инсандар тууралуу жазууну туура көрдүк.

  2. БУСУРМАН ОДУРАКАЕВ: «ЫСМАЙЫЛ СОГУШТАН КОРККОНУНАН КАЧПАПТЫР» («КУШ ӨМҮР» – ЫСМАЙЫЛ)

    Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Бетме-бет» повестинин негизинде 1990-жылы режиссёр Бакыт Карагулов «Куш өмүр» деген аталышта тасма тарткан. Анда баш каарман Ысмайылдын ролу Бусурман Одуракаевге буюрган. Бусурман Одуракаев азыркы күнгө чейин кино тармагында эмгектенип, учурда режиссёр катары тасма тартуу иштери менен алек.

    Актёрдун айтымында, бул чыгарма менен алгач ал 7-классында таанышкан. Ал кезде тасмага тартылып Ысмайылдын ролунда экранга чыгам деген ой үч уктаса түшүнө кирген эмес. 1989-жылдын аягында чыгарманы экрандаштыруу чечими чыгып, кастинг жарыяланган. Актёр алгач фото, видео сынактан, андан кийин көркөм кеңештин сынынан өткөн. Баары бүткөн соң Чыңгыз Айтматов өзү дагы баш каармандарга тандалган актёрлорду карап, макулдугун бергенден кийин гана аталган ролго бекитилген. Тартуу иштери башталарда чыгармадагы чыныгы Ысмайылга жолугуу үчүн Таластагы Көк-Сай айылына барышат. Бул тууралуу актёр буларды эскерет:

  3. - Ысмайыл чыныгы жашоосунда узун бойлуу, чап жаак, тамашакөй киши экен. Биз барганда аттан жыгылып, буту сынып төшөктө жатыптыр. Ал бизге согуштан коркконунан качпаганын айтып берген. Эки адамга бирден эле мылтык. Окоптон баш баккан эле киши өлүп жатса же согушайын десе колунда куралы болбосо, андан көрө айылыма барып эле өлөйүн деп качып келе бериптир. Качканы үчүн көп жыл түрмөдө жатып жазасын алган экен. Ал адамга жолуккандан кийин тартуу иштери 6 айга созулган. Таластын Беш-Таш айылындагы үңкүрдөн баштап, акыры үйдүн ичинде тартылган эпизоддорду Ташкенттеги «Өзбек фильм» павильонунан тартып аяктаганбыз.

  4. ШАЙЫР КАСЫМАЛИЕВА: «СЕЙДЕ МЕНИН ДЕБЮТТУК РОЛУМ, АНДЫКТАН БИР АЗ КООПТОНГОМ» («КУШ ӨМҮР» – СЕЙДЕ)

    «Бетме-бет» тасмасындагы Сейденин образын Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева чагылдырган. Актриса бүгүнкү күндө дагы байма-бай кинотасмаларда роль жаратып, режиссёрлук өнөрүн да эл назарына алып чыгып жүрөт. Актриса Сейденин ролу тууралуу төмөндөгүлөргө токтолуп өттү:

    -Сейденин ролу менин кинодогу дебюттук ролум болгондуктан, башында бир аз коркуу, кооптонуу сезимдери курчап турду. Бирок режиссёрдун жетегинде камера алдындагы ишимди талапка ылайык аткарып кете алдым деп ойлойм. Ал учурда азыркыдай шарттардын болбогондугуна байланыштуу бир топ кыйынчылыктарды басып өттүк. Мисалы, кинонун бир бөлүгү тартылып бүткөндөн кийин плёнканын, кадрлардын сапатын текшерүү үчүн тасманын ал бөлүгүн Санкт-Петербургга же Ташкентке жөнөтүшчү. Эгер ал жактан бир мүчүлүштүк болгондугу аныкталса, тасманын ошол бөлүгүнө кайра башынан тартыла баштачубуз. Анткен менен улуу жазуучунун чыгармасындагы баш каармандын ролун ойноо бактысы мага буюрганына азыркы күнгө чейин кубанам.

  5. НАЗИРЕТ ДУБАШЕВ: «ЧЫН ЭЛЕ ӨЛҮП КАЛГАН ЖОКМУНБУ ДЕП ИЧИМДЕН КОРКУП КЕТКЕМ» («ЖАМИЙЛА» – СЕЙИТ, «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» – СУБАН)

    Назирет Дубашев атактуу жазуучунун бир эмес, эки чыгармасындагы эки каармандын образын тасмада калың элге татыктуу чагылдырып берген инсан. Назирет Дубашевдин эки гана ролу бар. Кийин дагы тасма тартуу иштерине аралашып жүргөнү менен, актёр катары роль жараткан эмес. Учурда ата конушунун очогун өчүрбөй Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында жашап келет.

    Айтматовдун каармандары тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

    -Мен Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында окугам. Ал жакка кээде тасмага тартуу үчүн таланттуу балдарды издеп келип калышар эле. Ошондо мени менен кошо 3-4 баланы алып кетишкен. Ырдатып, бийлетип, сүйлөтүп сындашат экен. «Ырдап бергиле» дегенде чогуу барган балдардын баары эле уялып ырдабай коюшту. Эки жагымды карасам бир шкаф турган экен, мен «ырдайм, бирок тетиги шкафтын ичине кирип алып» дедим. Шаршен Термечиковдун «Ой тобо» деген ырын ырдап бердим. Ошентип «Биринчи мугалим» тасмасындагы Субандын ролуна тандалып калгам. Ал кезде болгону 9-10 жаш курагым болчу. Эсимде калганы, Субан кырсыктан каза болгондо, башында кемпирлер кошок кошуп отурушкан жери бар эмеспи. Ошондо чын эле өлүп калган жокмунбу деп ичимден коркуп кеткем. Кийин «Жамийла» тасмасына сынап көрүшүп, бардык сындан өткөн соң бир өзбек бала экөөбүздү алып калышты. Акыры мени Чыңгыз Айтматов өзү тандап, «Жамийла» тасмасында Сейиттин ролуна бекитилгем. Тасма иштери буга чейин да мага тааныш болгондуктан бул ирет бир аз жеңилирээк болду. Жамийла кетип калганда Сейиттин ыйлап чуркаган жери бир эле дубль менен тартылган. Баары даяр турушту, башкы коюучу «даяр болгонуңда айтып кой» деди. Ары-бери бир аз басып туруп ичимден даяр болгонумду сездим да, «баштадык» дегендей ишарат кылдым. Шар эле тартып койдук.

  6. НАЗИРА МАМБЕТОВА: «КАДИЧА ШАМ ЖАГЫП ИЛЬЯЗДЫ КҮТКӨН ЭПИЗОДДУ МЕН ОЙЛОП ТАПКАМ» («МЕН ТЯНЬ-ШАНЬ» – КАДИЧА)

    Кыргыз Республикасынын Эл артисти, театрдын, кинонун жылдызы Назира Мамбетова Ч.Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын негизинде тартылган «Мен Тянь-Шань» кинофильминде Кадичанын ролун жараткан. Ал учурда актриса Москвадагы Луначарский атындагы театралдык институттун 4-курсунда окуп жаткандыгын айтат. Актёрдук чеберчилик сабагы жүрүп жаткан жеринен "Мосфильмдин" режиссёру Ирина Поплавская кирип, бардык студенттерди фото сынакка чакырган. 24 кыргыз студенттин ичинен видео сынакка Наталья Аринбасарова, Таттыбүбү Турсунбаева жана Назира Мамбетова тандалып алынган. Жыйынтыгында аталган ролго Назира Мамбетова бекитилген. Бул тууралуу актриса мындайча баяндайт:

    -Видео сынактан бизге «Төө-Ашууну ашканга жогору жактын уруксаты жок чиркемени бердиң, эми автобазанын башчысы билип калса, Ильязды да, сени да иштен айдайт. Сенин абалың? Ошону көрсөтүп бер» деген тапшырма беришкен. Ойлонуп жатып бул тапшырманын негизинде Кадича шам жагып Ильязды күтүп отурган жерин ойлоп таап, даярдап баргам. Кийин режиссёр ал этюдду тасмага киргизем деп Чыңгыз Айтматовго айтып, кадр сыртындагы текстин жаздырган. Ушул күнгө чейин бул ролум үчүн мактагандар да, ошол эле учурда терс каармандын таасири менен жек көргөндөр да бар. Кийин Ош кыргыз драма театрында иштеп жүргөндө Болот Шамшиев «Ак кеме» тасмасындагы Бекейдин ролун сунуштап, ал тасмада да роль жараткам. Ошентип, Чыңгыз аганын 2 каарманын тасмада ойнодум деп сыймыктанып келем.

  7. НАТАЛЬЯ АРИНБАСАРОВА: «АТТЫН ҮСТҮНӨН ЭСИМ ТАНА ЖЫГЫЛГАМ» («БИРИНЧИ МУГАЛИМ» – АЛТЫНАЙ, «ЖАМИЙЛА» – ЖАМИЙЛА)

    «Биринчи мугалим» жана «Жамийла» повесттериндеги баш каармандар Алтынай менен Жамийланын образдарына жан киргизген актриса – Наталья Аринбасарова. Советтер Союзунун жана Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Наталья Аринбасарова учурда 73 жашта. Бир уул, бир кыздын энеси. Эки баласы тең режиссёр болгондуктан, шарты келе калганда тасмаларга тартылып жүргөнүн айтып келет. Режиссёр Андрей Кончаловскийдин «Биринчи мугалим» тасмасындагы Алтынайдын образы анын кино дүйнөсүндөгү эң алгачкы ролу. Аталган тасмада роль жаратып калуусу боюнча актриса өз маектеринде мындай баяндайт:

    – Тартуу иштери жүрүп жаткан учурда өзүбүздүн ден соолугубузду тобокелге салганбыз. Мисалы, Болот Бейшеналиев менен жаанда аткарган эпизоддордо өрт өчүрүүчү машина менен дарыядагы аккан суудан эле алып чачып турушкан. Бир күн бою жаан алдында иштөө оңой эмес. Анан да Дүйшөн Алтынайды күмүш менен бетке чапкан эпизодду 10 жолу тартканбыз. Ошол күнү тартуу иштери бүткөндө жаагым көгөрүп, шишип, үстү-башым суу болуп, аттан эсим тана жыгылгам. Эс-учумду жыйып өзүмө келгенде «жасалма чачты жаратпай салдың» деп гримёрдон да жеме укканым эсимде. Бирок бул эмгегим бааланып 20 жашымда Венеция кинофестивалынан сыйлык алгам.

  8. ЭМИЛ БОРОНЧИЕВ: «СУЛТАНМУРАТТЫН СҮЙҮҮСҮН ЧАГЫЛДЫРУУ КЫЙЫН БОЛГОН» («ЭРТЕ ЖАЗДАГЫ ТУРНАЛАР» – СУЛТАНМУРАТ)

    «Эрте жаздагы турналар» чыгармасындагы баш каарман Султанмуратты жакшы билебиз. Бул каарманды тасмада ийине жеткире ойногон Эмил Борончиев мындай дейт:

    –Роль жаратууда мага Султанмураттын Мырзагүлгө болгон сүйүүсүн талаптагыдай аткарып берүү эң оор болгон. Баарын жакшы эле аткарам да, ошол жерине келгенде кыйнала берем. Анан да тартуу иштери кыштын күнү жүргүзүлгөн учурларда суук бир топ эле жүдөткөнү эсимде. Бул тасмадан кийин менин кино дүйнөсүнө болгон кызыгуум артып, кийин Москвадан бул жаатта билим алгам. Ал тургай балалуу болгонумда энем тасманын таасири менен уулумдун атын Султанмурат койгон. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинде кино кафедрасында мугалиммин.

  9. ДОГДУРБЕК КЫДЫРАЛИЕВ: «ТАНАБАЙДЫН ОБРАЗЫ ҮЧҮН 13 КИЛОГРАММ АРЫКТАГАМ» («КОШ БОЛ, ГҮЛСАРЫ» – ТАНАБАЙ)

    «Гүлсарат» повести алгач 1970-жылы режиссёр Сергей Урусевский тарабынан экрандаштырылган. Кийин 2008-жылы казакстандык режиссёр Ардак Амиркулов кайрадан бул повесттин негизинде «Кош бол, Гүлсары» деген аталышта тасма тарткан. Анда баш каарман Танабайдын ролун кыргызстандык актёр Догдурбек Кыдыралиев ойногон.

    –Бир күнү эле Ардак Амиркулов «Доха, Гүлсаратты тасма кылып тартам, сен Танабайдын ролун ойнойсуң» деп калды. Андан көп өтпөй, Чыңгыз Айтматов агабызга барып уруксатын алып келишти. Ошо менен эле тынчып калышкан, көрсө, сценарийин абдан дыкаттык менен 3 жылда 3 жолу жазып чыгышыптыр. Ал үч жыл аралыгында мен да камданып жүрдүм. Ата-тегим жылкы баккан, тоодо жашап, карышкыр аткан кишилер болушкан. Туугандарымдын жанында тоодо жүрүп укурукту кантип кармашты, кантип жылкыга салышты үйрөнүп жүрдүм. Танабайдын образына дал келүү үчүн 13 килограмм арыктадым. Ошентип убакыт өтүп тасманын тартуу иштери мына бүттү деп, кино даяр болгондо агабыз Чыңгыз Айтматовдун көзү өтүп кетпедиби. Тасманын тартылганын билгени менен, көрө албай калды.

  10. ТОКТОГУЛ КАКЧЕКЕЕВ: «КИНО ТАРТУУ ТАТААЛ ИШ ЭКЕНИН ОШОНДО ТҮШҮНГӨМ» («САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ» – ЖАЙНАК)

    Чыңгыз Айтматовдун дагы бир керемети «Саманчынын жолу» чыгармасын режиссёр Геннадий Базаров өзүнүн дипломдук иши катары тасмага тарткандыгын билсеңиз керек. Андагы атактуу каармандардын ролун жараткан Бакен Кыдыкеева, Болот Бейшеналиев, Таттыбүбү Турсунбаева, Насыр Кытаевдердин катарында Жайнактын ролу менен учурда кыргыз элине төбөсү көрүнгөн инсан, аскер кызматкери Токтогул Какчекеев да бар. Токтогул Какчекеев Жайнактын ролунан кийин бир дагы тасмага тартылган эмес. Ал каарман тууралуу буларды айтып берди:

    – Ошол жылдары «Кыргыз фильм» киностудиясында киномеханик болуп иштеп жүргөм. Геннадий Базаров өзү «режиссёрдун жардамчысы катары иштеп бер» деп чакырып калды. Ошентип бул тасмага аралашып калгам. Бир күнү эле Жайнактын ролун сунуштады. Эзели роль жаратып көрбөгөн жаным бир аз кооптондум. Бирок кер мурут, салабаттуу, келишимдүү, шайыр жигиттин образы дароо жакты. Кочкор районунун Коммунизм деген айылында көпчүлүк бөлүгү тартылса, Толгонай ортончу уулу Майсалбекти поезд жолдун боюнда күткөн жери Кенес-Анархайдан, үркүндү чагылдырган бөлүгү Кажы-Сайдан, Тоң районунун Туура-Суу айылынан, айтор, бир топ жерде тартуу иштери жүргөн. Кино тартуунун ушунчалык татаал иш экенин ошондо түшүнгөм. Бирде ток, бирде ачкасың, бирде ысып, бирде тоңуп дегендей. Чыгармада Жайнак эки агасы каза болгондугунан кабар алган соң апасы Толгонайга да айтпастан, жашынын жетпегенине карабай фронтко кетип дайынсыз жоголот эмеспи. Мен дагы аскердик кызматкер болуп калганымды тамашалап «ошондо Жайнак качып барып Ленинграддагы аскердик окуусунда окуп, бүгүнкү күнгө чейин полковник болуп жүрөт» деп айтып калам.

    Албетте, жогоруда биз сөз кылган инсандардан тышкары да Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарга жан киргизген актёр, актрисалар көп. Мисалы, Нургазы Сыдыгалиев («Ак кеме» – бала), Айтурган Темирова («Ак кеме» – Гүлжамал), Нургүл Кендирбаева («Эрте жаздагы турналар» – Мырзагүл), Динара Чочунбаева («Мен Тянь-Шань» – Асел), Гүлсара Ажибекова («Кызыл алма» – Сабира), Жамал Сейдакматова («Акбаранын көз жашы» – Көктурсун), Асел Эшимбекова («Махабат дастаны» – Бегимай) жана башка. Санай берсек, тизме абдан узун. Көзү өтүп кеткен таланттарыбыз Сабира Күмүшалиева, Болот Бейшеналиев, Сүймөнкул Чокморов, Таттыбүбү Турсунбаева, Бакен Кыдыкеева, Орозбек Кутманалиев, Асанкул Куттубаев, Дүйшөн Байдөбөтов жана башкалардын Айтматов ааламын ачып берүүдө орду чоң экени талашсыз.

  11. Чолпон Сүйүнбаева
    star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Башка сандарда:
Комментарийлер(5)
16.12.2019. 12:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
13-04-2013
Соӊку аракети:
04-01-2021 12:18
Жынысы:
Белгисиз
+11
Өзүнчө рубрика ачып ушул айтылбаган актер, актрисалардан да маек алууңуздарды сунуш кылат элем.
16.12.2019. 14:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
384
Катталган:
04-06-2019
Соӊку аракети:
25-01-2021 00:45
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эн жакшы макала болуптур. Айтматов менен бир столдо отуруп маектешем деген кыялыма жетпей калгам((( Адабияттын алпы, кыргыздын чыгаан уулу Айтматов жана анын чыгармалары жонундо канча жазса да аздык кылат. Тоо которо алгыс зор эмгектери калды артында.
16.12.2019. 22:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
20-09-2013
Соӊку аракети:
04-12-2020 21:35
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир эле адам ушунча каарман жаратып,ар бир каарманга өмүр бергени кандай гана даңк!Айтматовдун бардык чыгармалары жүрөгүмдө.Саманчынын жолун он жолу окусам,он жолу тең ыйладым.Жамийланы болсо түк эле жакшы көрө албай койдум.Чыңгыз атабызды айтып олтурсак казына сыяктуу.Азыркы жаштарга көбүрөөк Айтматовдун чыгармаларына басым жасашса демекмин.
Akylai_aktan түзөттү 2019-12-16 22:17:29
17.12.2019. 11:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
16-05-2017
Соӊку аракети:
25-01-2021 01:37
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сүрөттөрдү бир аз чоюп койгула. Былчыйып калыптыр
20.12.2019. 23:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
06-05-2020 11:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шахризааданын жомогу
+2
Эн акыркы каармандарды окуганда ыйлагым келип кетти. Кинонун эле эмес, кыргыздын каймактары эле. Баары жер жазданып жатышат.(((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
25035;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: