Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

№890 21-21-ноябрь, 2019-жыл


“BLACKPINK`ТИН” ЖҮЗҮ КИМ ЖИСУ

  1. Беделдүү компания менен болгон келишимге карабай бул сулуунун аты коомчулукта көпкө чейин жашыруун жүрдү. Белгилүү агенттик менен кызматташуу каарманыбызга атак-даңк, популярдуулукка жол ачты. Андыктан анын өмүр таржымалы жаштарга абдан кызык. Учурда дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан түштүк кореялык “Blackpink” тобунун солисти Ким Жису менен таанышып алыңыз.



  2. КИМ ЖИСУ

    Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары

    Туулган жылы – 1995-жыл, 3-январь

    Бою – 162 сантиметр

    Салмагы – 45 килограмм

    Үй-бүлөдө – агасы жана эжеси бар

    Билген тилдери – корей, япон

    Лейбл – YG Entertainment

    Топто – негизги солист, топтун жүзү

    Кесиби – ырчы, актриса, модель

    Тартылган тасмалары – “Продюсер”, “Жарым айлыкка иштеген айдол”, “Асдалдын тарыхы”

  3. КЕЛЕЧЕГИН ӨЗГӨРТКӨН КЕЛИШИМ

  4. Табиятынан сулуу, мукам үнгө эгедер Ким Жису Blackpinkлейблине чейин мектебинде популярдуу болчу. Назик, арыкчырай келген кызга жигиттердин көбү ашык эле. Анын өзгөчө келбети, үнү YG Entertainment агенттигинин көз жаздымында калган жок. Корей шоу чөйрөсүнүн дөө-шаасы атыккан, дүйнөлүк ырчыларды, актриса, актёрлорду таптап чыгарган компанияга Жису 2011-жылы стажёр катары кабыл алынат. Ырчы кыздын бул кадамы келечегин түп тамырынан бери өзгөрттү. 16 жаштагы секелек кыз агенттик менен келишимге кол коюп жатып жакынкы жылдары миллиондогон күйөрмандарды ээрчитип, баш айланткан атактуулукту багынтарын ошол учурда аңдабаса керек. YG Entertainment агенттиги Ким Жисуну 1 жылдан кийин эле жарнамалай баштады. 2012-жылы интернеттеги расмий баракчасына Жисунун сүрөтүн жүктөп “бул кайсы кыз?” деп суроо салды. Көп убакыттан кийин гана сүрөттө Ким Жису экенин ачыкташты.

    2013-жылы аталган агенттик кайрадан Жисунун сүрөтүн чыгарып жакында Pink Punk аттуу топ дебют жасаарын жар салды. Бирок мындай аталыштагы топ бактыга жарашабы же тилекке каршыбы, жарыкка чыккан жок. Эмнеси болсо да Жису баары бир уттурган жок.

  5. “BLACKPINK`ТИН” АЛГАЧКЫ СОЛИСТИ

    2016-жылы 15-июнда YG Entertainment агенттиги жаңы түзүлгөн Blackpink тобунун мүчөсү деп эң биринчи Жисунун сүрөтүн жарыялайт. Кийин гана Женни, Розэ, Лалиса кошулган топтун толук курамынын сүрөтүн чыгарышкан. Муну менен Жису топко эң биринчи болуп кабыл алынганын билсе болот. Топ дебют жасаган күнү YG Entertainment агенттигинин негиздөөчүсү Ян Хён Сок топто лидер жок экенин билдирген. Бул ролго топтогу кыздардын баары татыктуу болгондуктан арасынан бирөөнү иргеп алуу кыйын деп түшүндүргөн.

  6. “АНГЛИС ТИЛИН БИЛБЕЙТ...”

    Ушул жылдын башында Blackpink Американы жана Европаны дүйнөлүк тур менен кыдырарын жар салды. Концерттик турнеге бет алган топтун кыздары бир нече америкалык телешоуго катышканга жетишип, алпаруучулардын суроолоруна жооп беришти. Кореялык телеберүүлөрдө тили тилине тийбей сүйлөгөн Жису бул ирет унчукпай отуруп бергенин топтун күйөрмандары байкап калышты. Күйөрмандардын бир тарабы “топто Жисудан өткөн сүйлөөк кыз жок болчу. Англис тилин билбегендиктен сүйлөбөй отурду” деп сынга алышты. Экинчи тарабы Жисуну колдоого алып “Жису, сен өмүр бою англисче сүйлөбөй койсоң да биз сени жакшы көрөбүз” дешти. Женни Жаңы Зеландияда, Розэ Австралияда чоңойгондуктан, Лалиса 3 тилде эркин сүйлөгөндүктөн англис тилинде оюн билдирүү маселе жараткан жок. Түштүк кореялык Жису тилдик барьерден жапа чегип калды.

  7. “БИЙЛЕЙ АЛБАЙТ...”

    Жису топтогу Лалиса менен Женниге салыштырмалуу ийкемдүү эмес. Муну анын дайыма арткы планда бийлеп жатканынан байкаса болот. Мындан улам “Жису жакшы бийлей албайт” деп сындалып келет. Анткен менен Жису кооз үндүн ээси. Бекеринен топтун негизги солисти эмес да. Анын жаздырылган үнү менен жандуу үнүнүн айырмасы жок. Бирок “ырлардын көпчүлүк бөлүгүн Женни менен Лалиса ырдайт, Жису менен Розэге адилетсиз мамиле кылынат” деп күйөрмандары капа болуп келишет.

  8. ЖИГИТИ КИМ?

    Таланттуу кыздын жеке жашоосу жети кулпу артында катылуу. Маалымат каражаттарынан ырчынын карьерасы, хоббиси, кызматташуусу тууралуу гана окуй аласың. Бирок айрым маалымат каражаттары “Жисунун бай үй-бүлөнүн уулу, Ким Намжун аттуу жигит менен мамилеси бар” деп жазып чыгышкан. Бирок бул маалымат тастыкталган эмес. Ырчы жеке жашоосу тууралуу суроолорду кулак сыртында калтырат. Болгону “камкор жана көңүл буруп турган жигиттер жагат” деп жооп берип келет.

  9. ЖИСУ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР:

    • Топтогу Женни анын жакын курбусу
    • Лалисага корей тилин үйрөнүүгө жардам берген
    • Кулагынын 9 жери көзөлгөн
    • Шопингге кызыкпайт
    • Бийиктиктен коркот
    • Бир нече корей дорамаларына тартылган

















  10. Урматтуу К-рор күйөрмандары, кайсы корей жылдызы жөнүндө окугуңуз келсе, гезиттин Инстаграмдагы super_info_official расмий баракчасына сунушуңузду жазсаңыз болот.  

  11. Динара Абдыкадырова
    star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(2)
25.11.2019. 12:04 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
915
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
30-05-2020 15:02
Жынысы:
Белгисиз
0
eljana, гезиттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын-пикирлерди тиешелүү дарекке жиберилиши керек.
25.11.2019. 23:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
01-10-2019
Соӊку аракети:
24-02-2020 02:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суроттору эмнеге толук корунбойт ушу бир четиэле корунот чоон кылып чыгарасынарбы не балээ, батпай калат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 2 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 2) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23968;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: