«Жылдын супер актёру» (Добуш берүү токтотулган)


Аскат Сулайманов, «Такебай»
45,7% (530)
Эмил Эсеналиев, «Апамды издеп-2»
16,6% (193)
Азамат Уланов, «Апамды издеп-2»
9,4% (109)
Улугбек Кадыров, «Делбирим»
7,2% (84)
Адиз Ражапов, «Делбирим»
5,7% (66)
Адилет Усубалиев, «Жамгырдан кийин»
5,5% (64)
Марат Амираев, «Такебай»
4,2% (49)
Тауекел Мусилим, «Апамды издеп-2»
4% (46)
Улан Султангазиев, «Жамгырдан кийин»
1,6% (19)

Жалпы добуш (1160)


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

№889 14-20-ноябрь, 2019-ж.


КЫРГЫЗ КЕРЕМЕТИНИН УЧУРДАГЫ ЖАРАТУУЧУЛАРЫ

  1. Өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин, 1994-жылдан баштап 17-ноябрь – Кыргыз киносунун күнү деп белгиленип келет. Андан бери кыргыз киносу кандай өнүктү? Кимдер өнүктүрдү? Канча тасмабыз сыйлыктарга арзыды? Мунун баарын макаладан окуңуз.

    Кыргыз керемети. Албетте, бул терминди жана Союз кезиндеги мыкты тасмаларды аттап кете албайбыз. Кыргыз кереметин жаратуучулардын сап башында Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Дооронбек Садырбаев,Геннадий Базаровсыяктуу залкар инсандар туруп, кыргыз киносунун атагын алыска таратышкан. Кыргызда көч дайым уланат делет. Аларды ээрчий эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин тасма талаасына Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Темир Бирназаров, Марат Сарылу сыяктуу таланттуу режиссёрлор келди. Андан кийинки көчтү улагандар Садык Шер-Нияз, Мирлан Абдыкалыков, Бакыт Мукул, Дастан Жапар уулу (экөө биригип «Атанын керээзи» тасмасын тарткан), Нурбек Эген, Айбек Дайырбеков, Таалайбек Кулмендеев болушту. Мындан сырткары Дальмира Тилепбергенова жана Наргиза Маматкулова, Бекзат Пирматов да бар. Аталган режиссёрлордун автордук тасмалары кыргыз элин чет элге таанытып, желегин желбиретип жүрөт десек болот.

  2. АКТАН АРЫМ КУБАТ

    Туулган жылы – 1957-жыл, 26-март

    Билими – С.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн

    Тарткан тасмалары – «Үйүң кайда, үлүл?», «Селкинчек», «Беш кемпир», «Маймыл», «Свет аке», «Кентавр» жана башкалар.

    Эгемен өлкө болгонубуздан кийин кыргыз киносунун башында турган режиссёрлордун бири – Актан Арым Кубат. 1990-жылдары Союз урап, эл оор кырдаалга учурап турганда кинонун көч башында тургандардан. Алгач 1992-жылы «Үйүң кайда, үлүл?» деген көркөм тасмасын тарткан. Кийинки жылы тартылган «Селкинчек» тасмасы Швейцариянын Локарно шаарында өткөн кинофестивалдан башкы сыйлыкты жеңип алган. Бул тасмасы менен чет элдиктердин көзүнө илинип, Актан мырзаны француз продюсери Чедомир Колар өзү издеп келген. Кийин ал «Беш кемпир», «Маймыл», «Свет аке», «Кентавр» тасмаларынын продюсери болгон. Актан Арым Кубат акыркы эки тасмасында башкы ролдорду өзү аткарган.

  3. АКТАН АРЫМ КУБАТ: «СЫЙЛЫК АЛГАНДА ЛИФТТЕН КЫЙКЫРГАМ»
  4. – Эң биринчи эл аралык сыйлыкты «Селкинчек» тасмасына алгам. Бул тасма Швейцариянын Локарно шаарында өткөн кинофестивалдын «А» классындагы категориясына катышкан. Негизи бул тасманы аябай кыйналып тарткам, анткени кыш мезгили болчу, «ооруп калбайлы» деп үч маал пияз жечүбүз. Муздак жерде жатып, үшүп-тоңуп тарткан элек. Ал убакта унаабыз жок болгондуктан аппараттарды эшек арабага жүктөп жүрчүбүз. Продюсерлерим Марина Абакировна жана Пётр Елиференко болчу. Алар кыйналганыбызды көрүп «жакшы тартсаңар баарыңарга костюм-шым кийгизебиз» дешкен.

    Режиссёр мен, операторум Хасан Кыдыралиев, сүрөтчүм Талгат Асыранкулов, анан сценарийин жазган жана экинчи режиссёр болгон Эрнест Абдыжапаров эле. Эмгегибиз акталып, сыйлыкка ээ болуп калдык. Ошондо аябай эле сүйүнсөм керек, азыр эсимде жок. Бирок костюм-шым убада кылгандары эсимде калыптыр (күлүп). Бишкекке келсем баягы убада кылынган костюм-шым жок, анткени сыйлык алып келгенден кийин режиссёрдун эмгегин кызгана башташты, бир аз талаш-тартыш болду. Биринчи сыйлыгым кубаныч да, көңүл калууларды да жараткан.

    Ал убакта чөнтөк телефон жок, тегерегимде бүт чет элдиктер, тил билбейм. Сыйлык тапшырып жатканда сыр билгизбей белектерди колума алып, куттуктоолорду кабыл алып жаттым. Анан мейманканага келип лифтке киргенде жалгыз калдым да, болушунча кыйкырдым (күлүп). Анда да үнүмдү чыгарбай кыйкырдым окшойт, иши кылып эмоцияга жол бердим. «Селкинчек» баарына жол ачты. Ошол жерден француз продюсери Чедомир Колар издеп келип, таанышып, кийинки тасмаларыма продюсерлик кылды. Ошо баягы убадаланган костюм-шымды кийбей калгангабы, кийин «Маймыл» тасмасы менен Канн фестивалына барганда биринчи жолу смокинг кийдим. Анткени сөзсүз түрдө смокинг кийүү керек деген эреже бар экен. Уулум Мирлан (ред.: Абдыкалыков) экөөбүз тең ошол жерден ижарага алып кийгенбиз.

  5. ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВ

    Туулган жылы – 1961-жыл, 27-февраль

    Билими – Бишкек шаарындагы (Фрунзе) педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты бөлүмүн аяктаган

    Тарткан тасмалары – «Менин пирим – Алманбет», «Таранчы», «Боз салкын», «Саякбай», «Айыл өкмөтү» жана башка





  6. Учурда кино жаатындагы лөктөрдүн бири – Эрнест Абдыжапаров. 1993-жылы алгачкы тасмасы «Менин пирим – Алманбет» деген документалдуу фильмин тартат. Кийин «Таранчы» тасмасын тартып, ал бир нече эл аралык сыйлыктарга ээ болот. Анын тасмалары 20дан ашуун эл аралык фестивалдарга катышып, 9 эл аралык сыйлыкты жалгыз «Таранчы» тасмасы чогулткан. «Айыл өкмөтү», «Саякбай» тасмалары бир нече кинофестивалдарга катышып, башкы сыйлыктарга арзыган.

  7. САДЫК ШЕР-НИЯЗ

    Туулган жылы – 1969-жыл, 10-март

    Билими – Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн (мындан тышкары кино тармагында жогорку курстарды бүтүргөн)

    Тарткан тасмалары – «Курманжан датка», «Чыңгыздын жылдызы өчпөсүн», «Биринчи кадр», «Аян»

    Садык Шер-Нияз «Курманжан датка» тарыхый тасмасынын режиссёру. «Курманжан датка» тасмасы «Оскар» киносыйлыгына, андан кийин «Ника» киносыйлыгына көрсөтүлгөн. 10дон ашык эл аралык сыйлыктарга көрсөтүлүп, көптөгөн статуэткаларды куржунуна толтурган тасма. Ошондой эле «Курманжан датка» тасмасы аркылуу кыргыз киноиндустриясы мыкты техника менен жабдылганын айта кетүү керек.

  8. МАРАТ САРУЛУ

    Туулган жылы – 1957-жыл, 26-сентябрь

    Билими – Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн (андан тышкары кино тармагында жогорку курстарды бүтүргөн)

    Тарткан тасмалары – «Көч», «Эргүү», «Алтын кыргоол» жана башкалар

    Эгемен өлкөбүздө тасма тартып баштагандардын алгачкылары. Чыңгыз Айтматовдун «Бороондуу станция», «Бетме-бет», казактардын «Оскарга» чейин талапкер болгон «Келин» тасмаларынын сценарийин жазган. Марат Сарылуну кино чөйрөсүндө «биздин Ким Ки Дук» дешет. Тасмаларында минимализм жанрын көп колдонуп, каармандары дээрлик сүйлөшпөйт. Бирок ар биринде терең маани камтылган. Тасмалары эл аралык фестивалдардан куру келбейт.

  9. МАРАТ САРУЛУ: «КИМ КИ ДУККА ОКШОШТУГУМ ЖОК»

    – Тасмаларымдын кайсынысы канча эл аралык сыйлык алды, азыр толук айта албайм. Анткени өтө көп. Эң абройлуусун «Алтын кыргоол» тасмам алган. Ал «Үч континенттин фестивалы» аталышындагы фестивалга катышып, баш байгени жеңип алган. Союз ыдыраган учурда Кыргыз өлкөсүндө кино тартууга эмес, тамак жегенге каражат жок болуп калбадыбы. Казакстанда аз болсо да тасмалар тартылып жатты. Кино жаатындагы таланттуу операторлор, актёрлор Казакстанда жүрүштү. Ошондуктан ал жакта көп жүрүп калгандыктан казак эли менен биргелешип көп тасмаларды жаратып жүрдүм. Корей режиссёру Ким Ки Дукка окшоштугум жок. Биздин тасмаларыбызда берейин деген идеяларыбыз да, койгон ыкмаларыбыз да башкача.

  10. ДАСТАН ЖАПАР УУЛУ

    Туулган жылы – 1988-жыл, 15-январь

    Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин оператордук бөлүмүн бүтүргөн

    Тарткан тасмасы – «Атанын керээзи»

    Жаш болсо да мыкты ийгиликтерге жетишкен Дастан Жапар уулу Бакыт Мукул менен биргеликте «Аталар керээзи» тасмасын тарткан. Идеясы, айта турган ою Бакыт Мукулдуку менен шайкеш келгендиктен, биргеликте иштешип бул бийиктиктерди багындырган.

  11. БАКЫТ МУКУЛ

    Туулган жылы – 1965-жыл, 25-январь

    Билими – Токтоболот Абдумомунов атындагы театралдык окуу жайдын актёрлук бөлүмүн бүтүргөн

    Тарткан тасмасы – «Атанын керээзи»

    Эл куудул, актёр катары таанып келген Бакыт Мукулдун режиссёрлук таланты өзүнчө сөз кылууга арзыйт. 2016-жылы тарткан «Аталар керээзи» аттуу алгачкы тасмасы 34 эл аралык фестивалга катышып, 27 жолу башкы сыйлыкты утуп алган. Учурда «Акыркы көч» аттуу тасмасын тартып жатат.

  12. БАКЫТ МУКУЛ: «ЖАЛГЫЗ ТАСМАМ АБРОЙЛУУ БОЛДУ»

  13. – Жалгыз эле тасмам бар. Аны Дастан Жапар уулу экөөбүз биргеликте тарттык. Мурун мааниси терең, философиялык тасмаларды көрчүмүн. Кыргыздар эмне эле чоң кино тарта албайт деп ойлоп жүрчүмүн. Тартып баштаганда эле «биз фестивалдардын атасы болгон тасма тартып жатабыз» десем мыйыгынан күлгөндөр болгон. Ошону ырас айтып коюптурмун. Болбосо бул жактагылар ишенбей «кокустук бул» деп күйдүрүшмөк (күлүп). 40ка жакын эл аралык фестивалга катышып, 27 жолу баш байгени утуп алдык. Монреалдагы «А» класска кирген абройлуу кинофестивалдан «Золотой зенитти» утуп алганыбыз өзгөчө жеңишибиз болду. Эми кыйкырып, өкүрүп деле сүйүнгөн жокпуз. «А» класска катышуу, 5 миң тасманын ичинен тандалып чакырылуу деле укмуш жеңиш болчу. Анан ойлоп көр, «силер жеңдиңер» дегендеги абалыбызды (күлүп). Албетте, сүйүндүк. Негизи баш байге мурунку жылдары
    110 миң доллар болчу экен. Ошол жылы жобосу өзгөрүлүп, азайып кеткен. 60 миң доллар алдык. Тасманы тартууга жарым акчасын мамлекет берген, жарымын карызга алганбыз, ошолорду төлөдүк. Андан кийинки фестивалдарды жеңгенде да 10-15 миң доллар алып жаттык.

  14. МИРЛАН АБДЫКАЛЫКОВ

    Туулган жылы – 1982-жыл, 3-июнь

    Билими – Кыргыз улуттук университетинин тележурналистика факультетин бүтүргөн

    Тарткан тасмалары – «Жөө күлүк», «Сүтак»
    Мирлан Абдыкалыков элге актёр катары таанымал. Атасы Актан Арым Кубаттын тасмаларына өспүрүм кезинен баштап тартылып келген. Ал экинчи режиссёр катары тасма талаасында иштеп жүрүп, 2015-жылы өз алдынча «Сүтак» тасмасын тарткан. Бул кыргыз киночуларынан эл аралык «Ника» сыйлыгын алган биринчи тасма. Экинчи тасмасы «Жөө күлүк» Түштүк Кореяда өткөн эл аралык кино сынчылардын Фипресси сыйлыгын утуп алды. Бул дүйнөлүк кино дүйнөсүндө абройлуу сыйлык. Аталган сыйлыкка атактуу режиссёрлор Эмир Кустурица, Андрей Тарковский, Френсис Форд Копполалар лауреат болушкан.

  15. МИРЛАН АБДЫКАЛЫКОВ: «НИКАНЫ» АЛГАНДА ИШЕНБЕЙ КОЙГОМ»

  16. – «Ника» сыйлыгы КМШ жана Балтия өлкөлөрүндөгү эң мыкты сыйлык. Тилекке каршы, мен сыйлыкты алууга бара албай калгам. 1-апрель күнү мага келинчегим чалып сүйүнчүлөсө тамашалап жатат го деп ишенбей койгом. Расмий сайтынан окуп аябай сүйүнүп, бири-бирибизди куттуктаганбыз. Тартуучу топ ушул күнгө чейин сыймыктанат. Статуэтканы Орусиядагы элчиликте иштегендер алып, бизге салып жиберишкен. Кийин Орусиядан кино тармагынын аттуу-баштуу адамдары Бишкекке келип, статуэтканы өз колу менен тапшыралы дешкенде мен дагы башка өлкөгө фестивалга учуп кеткем.

    Эми «Жөө күлүк» тасмасына келсек, идея тушоо тойдон келип чыккан. Ошол тушоо той аркылуу мен чыныгы жашоону бергим келген. Марага чуркап келе жаткан бала келечегине чуркап келе жаткан бала. Акыры ошондой кагылып-согулган балдар өлкөбүздүн келечегин көтөрүп кетет деген ишеним менен тарткам. Буюрса, «Жөө күлүк» да марага чуркап, алдыңкы эл аралык сыйлыктарды ала баштады.

    Эми «Жөө күлүк» тасмасына келсек, идея тушоо тойдон келип чыккан. Ошол тушоо той аркылуу мен чыныгы жашоону бергим келген. Марага чуркап келе жаткан бала келечегине чуркап келе жаткан бала. Акыры ошондой кагылып-согулган балдар өлкөбүздүн келечегин көтөрүп кетет деген ишеним менен тарткам. Буюрса, «Жөө күлүк» да марага чуркап, алдыңкы эл аралык сыйлыктарды ала баштады.

  17. ТЕМИР БИРНАЗАРОВ

  18. Туулган жылы – 1965-жыл, 22-август

    Билими – Алматы шаарындагы Т.Жүргенов атындагы Улуттук көркөм театралдык университетинин режиссёрдук бөлүмүн бүтүргөн

    Тарткан тасмалары – «Түнкү кырсык», «Кумар», «Белгисиз маршрут», «Парз» жана башкалар

    Темир Бирназаровдун тасмалары ар дайым талкуу чордонунда. Ал орчундуу бир ойду айтып маселе көтөрөт. Анын «Белгисиз маршрут» тасмасы Орусиянын абройлуу «Ника» сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ар бир тасмасы эл аралык фестивалдарга катышып, башкы сыйлыктарды алып келген.

  19. АЙБЕК ДАЙЫРБЕКОВ

    Туулган жылы – 1979-жыл, 16-май

    Билими – Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн (андан тышкары кино тармагында жогорку курстарды бүтүргөн)

    Тарткан тасмалары – «Дарак ыры», «Кыялданууга укук» сериалы (Казакстан), «Тез жардам» сериалы (Казакстан), «Эркектердин окуясы» сериалы (Казакстан) жана башкалар

    Учурда Айбек Дайырбеков Кыргыз Кинематографисттер союзунун төрагасы. Ал биринчи жолу кыргыз тилинде мюзикл тартып кино жаатына жаңычылдык киргизди. «Дарак ыры» ага аброй гана эмес, көптөгөн эл аралык сыйлыктарды алып келди.  

  20. Нуржамал Жийдебаева
    koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
Комментарийлер(3)
18.11.2019. 12:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
06-04-2018
Соӊку аракети:
10-12-2019 08:54
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундай жакшы макалаларды жазса да болот экен ээ
19.11.2019. 10:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
10-03-2009
Соӊку аракети:
28-11-2019 09:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстанымда жашайм
+5
Руслан Акунду да бул сапка кошунуздар. "Кок бору","Салам Нью-Йорк" ж.б. фильмдери мыкты деп эсептейм.Менимче копчулук да бул ойду колдойт!
24.11.2019. 09:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
15-12-2014
Соӊку аракети:
30-11-2019 12:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйун Откеев да жакшы тасмаларды тартат. Бакыт Осмонкановдун Такебай сонун тартылыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23318;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: