«Жылдын супер ырчы мырзасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ГҮЛЖАЙНА АТАКАНОВА АТАСЫ БЕРГЕН АТТЫ УСТАТЫНА БЕЛЕК КЫЛДЫ

№889 14-20-ноябрь, 2019-ж.


Концерттин аталышы – Гүлжайна Атаканованын 10 жылдык чыгармачылык концерти

Өткөн күнү – 8-ноябрь

Өткөн орду – Спорт ордосу

Билет баасы – 500 сом

Башталышы – 19:20 (бир саат кечигип башталды)

Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы

Куудул, тамада, алпаруучу, актриса, тармактык бизнес менен да алектенип жүргөн, айтор, өзүн ар тараптан сынап жүргөн Гүлжайна Атаканованын чыгармачылыктын казанында кайнап келатканына 10 жыл болуп калыптыр. Жакында эле анын ырчылыктан өзүн сынап көрүүнү чечкенин, ал ортодо концерт күнүн белгилеп, 3-4 ыр жаздыра калууну пландап жатканын окуп “элдин балдары кыйын, өздөрүнө ушунчалык ишенишет, жадакалса концерт күнүн белгилеп койгондон кийин гана ыр жаздырууну ойлонушат” деп ойлоп койдум эле.

Көз ачып-жумгуча анын концерти болор күн келип калыптыр. Шакылдаган Гүлжайнаны концерт койгондо көрөлү деп 8-ноябрь күнү чөнтөгүмө көптөн бери катып жүргөн 500 сомумду салып Спорт ордосуна бардым. Күнүмдүк тиричиликтен алаксып күлкүгө тоюп кетүүнү самап келгендер Спорт ордосунун залын толтурду. Орундук жетпей, туруп көргөндөр да болду. Бали дедим, залды көрүүчүгө толтуруу баарынын эле колунан келе бербейт. Гүлжайна өзгөчө шоу-концерт уюштурууга болгон аракетин жасаптыр. Анысы концерттин башында эле байкалды. Куудул сахнага эшиктен же залдагы элдин арасынан эмес, селкинчекке отуруп алып шыптан түшүп келди. Бирок ушул жерден уюштуруучулардын фантазиясы түгөнүп калганбы же мындан артык өзгөчөлүк жаратууга убактылары жетпей калдыбы, айтор, концерттин жүрүшүндө башка элди таң калтырарлык сюрприздер болгон жок.

Эми мындай, окурман, мен деле ар бир концертке барганда көөдөнүм толуп, жан дүйнөм эс алып, ушундай бир эргүү менен ошол кечти силерге мактап бергим келет. Бирок куудулдун концертине барып, күлө албай келсем, аны кантип мыкты деңгээлде өттү деп өзүмдү да, силерди да алдайын? Чыныгы күлкүгө сугарган сатиралар болуп калар деп концерттин аягына чейин күтүп отурдум жана күткөнүмө жетпей кала бердим. Такыр күлдүрө алган жок деп калп айтпайын, адамдын өлүмүнөн пайда таба калууну көздөгөн кошок кошуу, көр казуу сыяктуу кызматтар тууралуу коюлган сатиралары маанилүү жана күлкүлүү болду. Ар адам сатираны ар кандай кабыл алары да талашсыз. Жанымдагылар куудулдун ар бир тамашасына күлүп, жыргап отурушту.

Элге тамаша тартуулагандар “Ар бир айдын алтысы” долбоорунун куудулдары болду. Кечеде Дайыр Исмадияров, Ишен Назаров, Нурмат Садыров, Ильяз Кудретов, Гүлжигит Калыков жана башка ырчылар келип, обон созушту. Куудулдун өзүн сүйөрүн ушундан билиңиз, келген ырчылардын көпчүлүгү Жайна аттуу кыздарга арналган ырларын ырдашты. Бул эми жакшы сапат, анысына мейли.

Концертте дагы бир номер аткарылды. Ушул номер эмнегедир залды жандандырды. Мында Гүлжайна Атаканова Бакыт Алиев аттуу жаш ишкер менен дуэт аткарды. Куудул бул жигитти көрүүчүлөргө шакиртим деп тааныштырып, анын сахнага алгачкы ирет ырдап чыгып жатканын белгилеп өттү.

Экөө кол кармашып алып “Сенсиз жашай албаймын. Жашым кичүү болсо да, мен ага карабаймын” деп сүйүшкөндөрдүн образын жакшы чагылдырып беришти. Бул жигитти Гүлжайна Атаканова иштеген тармактык бизнестин жетекчиси катары тааныйм. Экөө чыкканда залдын жанданганына караганда дал ошол тармактык бизнесте иштегендер көп келген окшойт деп ойлодум.

Кеченин эң таасирдүү бөлүгүнө токтолбосом, концертке баргандар мени урушар. Гүлжайнанын ата-энесин сыйлаарын, аларга көп көңүл бурарын маектеринен окуп калам. Куудул бул күнү ал сөзүн далилдеди. “Ата-эне” деген ырын ырдап, ата-энесин сахнага жетелеп чыгып, аларга тизе бүгүп таазим кылды. Залдагылар анын бул мамилесин кубаттап, кол чаап, колдоп отурушту. Апасы толкунданды өңдөнөт, сөз сүйлөгөн жок. Кызына ыраазычылыгын айтып, батасын берген атасы Гүлжайнага жылкы убадалады. Кызы “биз шаарда унаа айдап жүрөбүз да” деп ошол эле жерден жылкыны устаты Рахман Разыковго белек кыларын айтты. Рахман Разыков “канча баланы тарбияласам да, сен эч кимиси жасай элек нерсени жасадың” деп шакиртине ыраазы болду. Мындан тышкары Таиландга ата-энеси менен чогуу эс алып келүүгө жолдомо, конверттер, сахнага толгон гүлдестелер куудулга жагымдуу маанай тартуулады.

Концерт Гүлнара Тойгонбаева, Ишен Назаров баштаган аксылык таланттар бирге аткарган “Аксы” аттуу ыр менен жыйынтыкталды. Ооба, ар аймактын сыймыктанчу таланттары бар. Алардын ынтымактуу болушу жакшы көрүнүш. Бирок залга ар аймактан келген элди чогултуп алып, алардын алдында аксылык, өзгөндүк же көлдүктөр деп бөлүнүп турууну туура көрбөйм. Бул кечеде оштук күйөө менен нарындык аялдан куралган үй-бүлө тууралуу сатираны да ошол себептүү өзүмө сиңире албай койдум. Трайбалисттер деп саясатчыларды дайым сындаган өзүбүз. Сындаганга жараша, жерликке бөлүнбөөнү өзүбүздөн баштасак туура болмок беле деп катуу ойго чөмүлдүм. Мейли, андай сатира ойношсун. Бирок анда бул көрүнүш сындалышы керек эле да.

Концерт 3 саатка созулду. Гүлжайна Атаканова укмуштуудай кооз көйнөктөрү менен сахнага чыгып, бир катар ырларды ырдады. Мен болсо мейли, куудулдун кийинки концертинде боорум эзиле күлөрмүн деген ойдо кечки саат 10дон өтүп үйгө кайттым.

Толик сынчы



Асмандан учуп келген Гүлжайна Атакановага берилген гүлдөрдүн баасы 50 миң сомго жетти

Автор: Айжан Нурманбетова
Оператор: Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(11)
Super TV
10.11.2019. 00:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
26-09-2017
Соӊку аракети:
09-12-2019 22:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа жакшы болоткенго анкылдабай данкылдабай акырын суйлосо,азаматсын ийгиликтер болсун!
Super TV
10.11.2019. 07:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
209
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
05-12-2019 05:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Теңиңизге жолугуп бактылуу болуңуз!
Super TV
11.11.2019. 13:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
307
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
09-12-2019 18:46
Жынысы:
Белгисиз
0
1букет роза 20-30мин турат.1шт.роза 1500-2000сом.5-6букет гул алып мактанганы эмнеси?!
18.11.2019. 09:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
765
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
09-12-2019 22:34
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми айла жок экен да ушул ырчыга. Ата энесинин астына чыгып,жаш бала менен суйуу кары жашка карабайт деп ырдаганы менимче туура эмес. Калганын Толик сынчыдан уктунар толугу менен
19.11.2019. 02:06 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
01-10-2019
Соӊку аракети:
09-12-2019 21:34
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуга окшогондор куйгузду. Же оозго аларлык куло турган сатиралары жок, же Толик айткандай сразы 2,3ыр жаза калып, чыга калышат... Сахна ыйык - деп коюшат, баркын кетирип
18.11.2019. 10:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
17-07-2013
Соӊку аракети:
09-12-2019 18:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+8
Гүлжайна аткарган сатиралар жакпайт бирөөсү дагы. Бирок кинодогу образы жагат. Кино актриса болгону эле жакшы го. Анан эң биринчи аракетчил мээнеткеч иши жагат. Мен куудул эмес, актриса катары баалайм.
18.11.2019. 16:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
21-09-2012
Соӊку аракети:
10-12-2019 08:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сатиралары эски баягы тундук туштук,анан тизеден ылдый эптепмей,ырдар атты же анысы бир окшошпойт ун болбосо каяктагы ыр.ырды ырдаш керек бакыра бербей.
19.11.2019. 00:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
17-10-2016
Соӊку аракети:
06-12-2019 14:47
Жынысы:
Белгисиз
+2
Толик жакшы сындай албай калыптыр. Маныздуу ток этээрин айтпайт аягына чыккыча тажап кеттим
19.11.2019. 00:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
26-08-2019
Соӊку аракети:
10-12-2019 02:03
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул Толик эмес 100%. Эмнегедир мага ошондой сезилип атат. Толик сындайт дегенде шашылып кире калса.
19.11.2019. 09:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
765
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
09-12-2019 22:34
Жынысы:
Белгисиз
-1
Baktyluumun98,эн биринчи Толик сонун сындачу .боор эзилип калчу окуй берип.
19.11.2019. 03:17 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
16-11-2019
Соӊку аракети:
10-12-2019 04:07
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын айтам балким талантуулур,бирок такыр жакпайт мага,чоон катын экенин билбе эле жалжандай берет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23318;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: