«Жылдын супер саундтреги»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

№888 7-13-ноябарь, 2019-жыл


Кудайберди Айтбосунов, ырчы: “АПАМА ОКШОШ ЖУБАЙЫМ БОЛСО ДЕП КЫЯЛДАНЧУМУН”

  1. SUPER TV каналы уюштурган “Жылаңач баатыр” реалити-шоусуна катышып, финалга чыгып, далай кыздардын жүрөгүнө чок салган ырчы Кудайберди Айтбосунов үйлөндү. Бишкектеги ресторандардын биринде өткөн үйлөнүү үлпөтүндө коноктордун басымдуу бөлүгүн шоу-бизнес өкүлдөрү түзүштү.

  2. Тойдун көшөгөсү бий менен ачылды. Андан соң күндүн күнөөкөрлөрүнүн эл алдына чыгуу маалы келди. Динара Акулова жар-жар айтып, жубайларды ортого алып чыкты.


  3. Бири уулун үйлөндүрүп жетине албай сүйүнсө, экинчиси кыз берип ичи ачышып турган куда-кудагыйлар. Солдон оңго: Кудайберди Айтбосуновдун атасы Кылычбек Айтбосунов, апасы Светлана Деркембаева, кайненеси Анара Жээнбекова, кайнатасы Рамазан Шадыбеков.

  4. Светлана Деркембаева: – Биз, энелер баланы 9 ай курсагыбызда, 3 жыл колубузда, өмүр бою жүрөгүбүздө көтөрөбүз да. Кенжетайымды үйлөндүрүп кубанычым жүрөгүмө батпай турат.





  5. Ырчынын кайнене, кайнатасы коңшу Казакстандын Тараз шаарынан келишкен. Алар Таразда отурукташып калган кыргыздар.
    Анара Жээнбекова: – Жүрөгүмдөгү сезимди сөз менен жеткире албайм. Эки балам эми үчөө болду. Айчүрөк жалгыз кызым. Жакшы жерден куда күткөнүмө кубанычтамын. Балдарым бактылуу болушсун.









  6. Жаш жубайларга актёр Эмил Эсеналиев менен анын жубайы өкүл ата-өкүл апа болушту. Эмил мырза ушуну менен 3-ирет өкүл балалуу болуп отурат:

    -Үйлөнүп коюш бат эле. Андан ары бактылуу жашаш силердин колуңарда. Бактылуу болгула.

  7. Жаш жубайлар Султан Садыралиевдин “Ак жүрөк” ырынын коштоосунда бийлешти.

  8. Адаттагыдай эле тойдун көпчүлүк бөлүгү каалоо-тилек айтуу менен өттү. Коноктор менен бийчилерди бийлеткен оюн тойго шаң берди десек болчудай. Коноктордун арасынан каалоочулар чыгып, ар бирине бийчилер “белекке” берилди. Аз убакыттын ичинде бийчилер өз жуптарына бийлегенди үйрөтүштү. Бир конок менен бир бийчиден түзүлгөн жуптар тойдун катышуучуларына кызыктуу бий тартуулашты.

  9. Жакшылыкка күбө болушкан шоу-бизнес өкүлдөрү катары менен ырдап тойду шаңга бөлөп жатышты. Сайкал Садыбакасова, Арсен, Мирбек Атабеков, Абир Касенов, Аско жана башка бир топ ырчылар жаш жубайларды куттукташты.

  10. “Жылаңач баатыр” долбоорунун катышуучулары да конок болуп, шаңдуу отурушту.

  11. Ырчынын продюсери Лутфилла Бусурманкул уулу: – Кудайбердинин атын чыгарыш үчүн көп эмгек кылдым. Өз баламдай болуп калды. Ичим ачышып жатат. Чыгармачылыкта бир топ пландарыбыз бар эле. Келишим боюнча, үйлөнбөшү керек болчу. Мындан ары иштешебизби же жокпу, аны так айта албайм. Эки жаш бактылуу болушсун.





  12. Блиц-маек

  13. КУДАЙБЕРДИ АЙТБОСУНОВДУН ЖУБАЙЫ АЙЧҮРӨК РАМАНКУЛОВА: “БАРДЫК КЫЗДАРГА УШУНДАЙ БАКЫТ КААЛАЙМ”

  14. – Куш бооңор бек болсун! Татынакай эки жаш бири-бирин эмнеси менен жактырып калышты?

  15. Кудайберди: – Мен дайыма апама окшош колукту алсам деп кыялданчумун. Кудайдан эмнени сурасаң, ошону берет экен. Шүгүр, мага Кудай сураганымдай сонун жубай берди. Ыймандуу, түшүнүктүү, жөнөкөй, адамгерчиликтүү, конок келсе мышыгын какпаган жана бир топ сапаттары менен апама окшош жар алып кубанып турам.

  16. Айчүрөк: – Мен бир көрүп жактырууга ишенбейм. Кудайберди экөөбүз башында дос болуп жүрдүк. Кийин гана аны жакындан таанып, жакшы адам экенин билгенден кийин жагып калды. Ортобуздагы достук жана кыз-жигиттик мамилени камтыган 4 жыл баш кошуубузга себеп болду.

  17. – Жакшы экен. Айчүрөк, баш кошконуңарга 10 күндөн ашты. Келиндик доор кандай жүрүп жатат?

  18. А.: – Мага жагып жатат. Келиндик кызматты мыкты аткарып жатам десем туура эмес болуп калат. Жетишерлик деңгээлде аткарып жатам деп ойлойм. Көп кыйналган жокмун. Мындай учур ар бир кыздын башынан өтүшү керек. Бардык кыздарга ушундай бакыт каалайм.

  19. – Бүгүнкү сезимдериңерди сүрөттөп бергилечи...

  20. К.: – Менде “Жылаңач баатыр” долбоорунун финалындагыдай толкундануу бар.

  21. А.: – Сейилдөө учурунда толкунданган эмесмин. Ресторанга кирип, элди көргөндө башкача толкундануу башталды. Бүгүн бизге айтылган каалоо-тилектер кабыл болсун деп тилейбиз.

  22. – Бактылуу болгула!
     


  23. Перизат Музуратбекова
    Адилет Бектуров

    star@super.kg


Кудайберди Айтбосунов Эмил Эсеналиевди өкүл ата шайлады. Тойдон репортаж

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
11.11.2019. 12:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
307
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
09-12-2019 18:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииии ата-энеси инстаграмдагы «кучакташып койбойсунарбы»-деген видеоннун каармандары го.Сонун адамдар экени жуздорунон корунуп турат.
12.11.2019. 14:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
13-02-2015
Соӊку аракети:
09-12-2019 15:25
Жынысы:
Белгисиз
+4
Лютфиллан дурайын, уйлонбош керек эле дейт, аны аркандап алып эмне кыласын? Деги эле муну ырчы экенин ким билсин. Уйунордо оокат кылгыла. Чоптон ырчы коп.
12.11.2019. 17:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
22-02-2016
Соӊку аракети:
04-12-2019 10:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан Бишкек
+3
ушул продюсерлерди эч тушунбойм да тойго чакырса бар тамагынды ич ойно кул, анан не кылат элге жарыя кылып келишим боюнча уйлонбош керек эле деп, кийин иштешебизби же жокпу так айталбайм деп андай оюн болсо не барасын кайра суйунбойсунбу уйлонгонуно эгер ал ырчылыкка берилсе озунун кучу жетсе продюсери жок эле ырдап кетет омур бою келишим боюнча уйлонбошум керек деп журо бермек беле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23318;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: