«Жылдын супер футболчусу»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

№887 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж


"ЭЛИТАЛАРДЫ" КЫРГЫЗДЫН ЭКОЛОГИЯСЫ КЫЗЫКТЫРБАЙТ!

  1. ПАРЛАМЕНТ "КАЙБЕРЕНДЕР АТЫЛБАСЫН" ДЕГЕН ДЕМИЛГЕГЕ КАРШЫ ЧЫКТЫ

  2. 23-октябрь – Ак илбирсти коргоонун эл аралык күнү. Бул күндүн "урматына" Жогорку Кеңеш сюрприз тартуулады, депутаттар ак илбирстин азыгы болгон аркар-кулжа, эчки-теке, элик, бугу-марал жана каманды атууга 10 жылга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбооруна каршы добуш беришти. Кызыгы, убагында ушул демилгени көтөрүп чыккандар бул жолу өздөрү баш болуп "каршы" добуш берип, теңирден тескери кетишкени болду.


  3. БАГЫ АЧЫЛБАГАН МЫЙЗАМ
  4. Кыргыз жеринде аңчылыкка тыюу салуу демилгесин Жогорку Кеңештин бир топ депутаты 2016-жылы көтөрүп чыгышкан.
    3 жылдан ашык убакыт өттү. Бул аралыкта парламент жүздөгөн мыйзам долбоорлорун кабыл алды. Бирок Кызыл китепке кирген, саны жылдан жылга азайып, коргоого муктаж болуп бараткан жапайы жаныбарларды атууга тыюу салуу демилгесин өткөрбөй келе жатат.

  5. 2017-жылы 16-мартта Кыргыз жеринде жапайы жаныбарларды атууга 2030-жылга чейин тыюу салуу демилгеси Жогорку Кеңеште каралып, колдоо тапкан эмес. Жыйында отурган 108 депутаттын 52си "макул", 56сы "каршы" добуш беришкен. Демилге быйыл да көтөрүлүп, долбоор 23-октябрда Жогорку Кеңештин кароосуна кайрадан киргизилди. Анда 2020-жылдан 2030-жылга чейин республика боюнча аркар, кулжа, эчки, теке, элик, бугу, марал жана каманды атууга мораторий киргизүү сунушталган. Бул мыйзам долбоорун 41 депутат демилгелеп чыккан. Бирок тагдыр чечүүчү учур – добуш берүүгө келгенде авторлордун жарымы өз демилгесин "сатып" кетти. Соодалашуу болдубу, жеке кызыкчылыктар барбы, айтор, кечээ эле "жаныбарларды атууга тыюу салалы" деп жүргөн бир топ депутаттар пикирин 180 градуска өзгөртүп, долбоорго каршы добуш беришти. Алардын бири - "элитабыз" деген сөзү менен таанымал Кожобек Рыспаев. Ал каршы чыкканын "убакыттын өтүшү менен оюм өзгөрдү" деп түшүндүрүүгө аракет кылды. Депутаттардын бүгүн бирди, эртең башканы сүйлөгөнү жаңылык болбосо да, өлкөнүн экологиясына, табиятына карата мындай мамиле коомчулукта катуу нааразычылыктарды жаратты. Добуш берүүдө 109 депутаттын 82си "каршы" болду. Мунун 13ү мыйзам долбоорунун авторлору. Муну менен парламентте отургандар жаратылышка, андагы жоголуп кетүү коркунучу бар жаныбарларга канчалык күйөрүн көрсөтүштү. Алардын "аңчылыкка тыюу салсак, бюджетке акча түшпөй калат" деген шылтоосу да суу кечпей турат. Анын себебин демилгечи депутат Эмил Токтошев айтып берет.

  6. АҢЧЫЛЫКТАН ӨЛКӨ БЮДЖЕТИНЕ 1 СОМ ДА ПАЙДА ТҮШПӨЙТ
  7. Аталган мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттардын бири Эмил Токтошев аңчылык бизнеси менен алектенген фирмалардан республикалык бюджетке 1 сом да түшпөй турганын билдирди.

  8. – Жапайы жаныбарларды атуу үчүн сатылган лицензиянын акчасынын 40 пайызы кайра эле жеке фирмаларга кетет. Тагыраагы, аңчылык кылуучу аймакты кайтарды, кийиктер ооруп калганда дары берди, ачка калбасын деп тоого чөп алып барып чачты деп жеке фирмаларга акча бөлүнөт. Бирок алар бул иштерди аткарып жатабы, белгисиз. Аңчылыктан түшкөн акчанын 25 пайызы жергиликтүү бюджетке берилет. Калган 35 пайызы гана жалпы казынага түшөт. Бирок Аңчылык департаменти Бюджет кодексинин негизинде ал акчаны кайра эле өзүнө алып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Демек, республикалык бюджетке 1 сом да түшпөйт. Алар бул акчаны өздөрүнүн чарбалык иштерине коротот,- дейт депутат Токтошев.

  9. Расмий маалыматка таянсак, 2018-жылы жаныбарларга аңчылык кылуудан түшкөн сумма 62 миллион сомду түзгөн. 62 миллиондун 40 пайызы –
    24 миллион сом кайра эле жеке ишканаларга берилени айтылат. Ушунун өзү депутат Токтошевдин айтканы куру сөз эместигинен, жеке тараптарды эске албаганда, аңчылык бизнесинин үзүрүн өлкө жарытып деле көрбөй жатканынан кабар берет.

  10. ӨЛКӨДӨГҮ АҢЧЫЛЫКТЫН АБАЛЫ
    • Өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин маалыматына таянсак, Кыргыз Республикасында аңчылык жана мергенчилик чарбасында ишкердик менен 52 фирма алектенет. Анын 42си жеке менчик аңчылык фирма (ЖЧК), 9у коомдук чарба,
      1и мамлекеттик мекеме.
    • Аңчылык кылынуучу аймактын жалпы аянты 14,4 миллион гектарды түзөт. Анын ичинен 7,2 миллион гектары мамлекетке караштуу жерлер, 3,2 миллион гектары коомдук жерлер, 4 миллион гектары жеке менчик жерлер.
    • Жылына мыйзам чегинде 80 баш кулжа жана 400 баш текени атууга мамлекет тарабынан уруксат берилет.
  11. ӨКМӨТ КАРАМАНЧА КАРШЫ
  12. Жапайы айбанаттарды атууга тыюу салуу демилгеси каралып жатканда Жогорку Кеңеште өкмөттүн таламын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов менен аталган агенттиктин алдындагы Биоартүрдүүлүктү сактоо департаментинин директору Алмаз Мусаев талашты. Алар бул демилгеге караманча каршы экенин билдиришти. “Өкмөт бул мыйзам долбоору негизсиз деп корутунду чыгарган. Анткени мыйзам кабыл алынса кошумча 160 егерге штат керек, бирок бизде штат берүүгө мораторий киргизилген. Ошондой эле 10 жылдык мөөнөткө техникалык базаларга, айлык акы төлөөгө 493 миллион сом керектелет. Муну биз чече албайбыз",- деди Шерипов. Алмаз Мусаев долбоорду эмне үчүн колдобой жатканын минтип түшүндүрдү. “Юстиция министрлиги аңчылык кыла турган жерлерди жеке менчик фирмаларга 10 жылга, 2023-жылга чейин келишимдин негизинде бекитип берген. Эгер келишим бузулса жеке фирмаларга компенсация төлөп калабыз”.

  13. Өкмөттүн позициясы түшүнүктүү. Шерипов айткан 493 миллион сомду 10 жылга бөлсөк, жылына 49 миллион сомдон эле айланат. Ал эми Токой чарба агенттигинин бир жылдык бюджети 783 миллион сом. Айрым өкүлдөрү жүз миң долларлап пара менен кармалып жаткан өкмөт ошентип 49 миллион сомду шылтоолоп, кескин азайып бараткан жаныбарларды аңчылык сүйүүчүлөрдүн, ишкерлердин огуна тосуп берип отурат.

  14. Экологдор менен эксперттер аңчылык тармагында чоң акча айлангандыктан, бул мыйзамды кабыл алуу ушул тармакта иш алып барган органдардагы кызматкерлердин чөнтөгү үчүн коркунучтуу экенин, ошондуктан бул өңдүү мыйзам долбоорлору өтпөй каларын айтышууда.

  15. Демилгечи депутаттар Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчилигин өздөрүнүн тикелей милдетин аткарбаса, сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоо аракеттерине каршы болушса, анда кызматтан кетсин деп сындашты.

  16. ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ УПАЙ ТОПТООБУ?
  17. Талкууга түшкөн мыйзамдын айрым авторлору бул демилгени парламенттин кароосуна кайра киргизебиз дешти. Алар 2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоонун алдында көпчүлүк депутаттар коомчулукка жакшы көрүнүү, упай топтоо максатында аталган мыйзамды колдоп беришет деген ойдо турушат. 2020-жылы күзүндө парламенттик шайлоо өтөт. Кыргыз саясатынын табияты белгилүү, демилге эми шайлоонун шарапаты менен өтүп кетиши мүмкүн.

  18. ЭКОЛОГИЯНЫ КОРГОЙБУЗ ДЕГЕН БЕКЕР СӨЗДӨР
  19. Саясатчылардын эл алдында башка, реалдуу жашоодо башка жүзү бар деген сындар айтылып жүрөт. Экологияны, жан-жаныбарларды коргоо боюнча жөө жүрүш, марафон же конференцияларда чиновниктер "экологияны сактайлы" деп күйүп-бышкан киши көрүнүп, иш жүзүндө тескери кеткен учурлар көп.

  20. Мисалы, быйыл 15-сентябрда Бишкекте "Ак илбирсти сактайбыз" аттуу эл аралык марафон өткөн. Марафонго Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Бакирдин Субанбеков, Тынчтыкбек Конушбаев, Бактыбек Турусбеков өңдүү депутаттар катышкан. Спикер ак илбирсти коргоого канчалык кызыкдар экенин 2 айга жетпей далилдеди.

  21. Дастан Жумабековдун ысымы "кайберендер атылбасын" деген мыйзамга каршы добуш берген 82 депутаттын катарында турат. Конушбаев менен Турусбеков дагы аталган мораторийге каршы добуш беришти.

  22. МЫЛТЫК ЭМЕС, ФОТОАППАРАТ КӨТӨРҮП КЕЛИШСЕ...
  23. Акыркы жылдары Кыргыз жеринде аңчылык туризми тамыр жайып баратат. Акчасы көп, аңчылыкка кумары күч, сейрек кездешкен жаныбарларды атып ырахат алган чет элдик туристтердин саны көбөйүүдө. Келген туристтер “аңчылыкка кызыккан адамдар Кыргызстанга келгиле, бул жакта бардык шарттар бар” деп ачык эле жарнама кылууга жетишүүдө. Алар албетте, Кыргыздын жаратылышы, экологиясына баш оорутушпайт. Алар таштап кеткен акчанын үзүрүн Кыргыз мамлекети, кыргыз эли көрүп жатабы же ортодо бирөөлөрдү байытууга эле шарт түзүлүп жатабы? Айрым депутаттар "биз мылтык менен эмес, фотоаппаратын көтөрүп келген туристтерге эшигибизди ачсак" деген пикир айтышты. Кен казуу шылтоосу менен тоо-ташты, таза суунун булагы болгон мөңгүнү талкалап бүтүп, эми жаратылышты байырлаган жаныбарларды кырып түгөтүүгө баратабызбы?

  24. Сейрек кездешкен бир катар жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салуу демилгесине каршы добуш берген депутаттардын тизмеси

  25. 1. Салайдин Айдаров, "Кыргызстан" фракциясы

    2. Мухтарбек Айнакулов, КСДП фракциясы

    3. Алмазбек Акматов, "Бир бол" фракциясы

    4. Нурбек Алимбеков, "Кыргызстан" фракциясы

    5. Айнуру Алтыбаева, КСДП парламенттик фракциясы

    6. Айбек Алтынбеков, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    7. Орозбек Алыбаев, "Кыргызстан" фракциясы

    8. Марат Аманкулов, КСДП фракциясы

    9. Азамат Арапбаев, КСДП фракциясы

    10. Анвар Артыков, КСДП парламенттик фракциясы

    11. Айнура Аскарова, "Кыргызстан" фракциясы

    12. Гүлшат Асылбаева, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

    13. Данияр Аттокуров, КСДП фракциясы

    14. Алмазбек Баатырбеков, "Кыргызстан" фракциясы

    15. Калдарбек Баймуратов, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    16. Мирлан Бакиров, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

    17. Өмүрбек Бакиров, КСДП парламенттик фракциясы

    18. Жаныбек Бакчиев, "Бир бол” фракциясы

    19. Дастанбек Жумабеков, "Кыргызстан” фракциясы

    20. Сайдолимжон Жураев, КСДП фракциясы

    21. Абдыбек Дүйшалиев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    22. Акылбек Жапаров, "Бир бол" фракциясы

    23. Бакытбек Жетигенов, КСДП фракциясы

    24. Тариел Жоробеков, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    25. Кубанычбек Жумалиев, "Бир бол" фракциясы

    26. Адыл Жунус уулу, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    27. Алтынбек Жунус уулу, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

    28. Асылбек Жээнбеков, КСДП фракциясы

    29. Төрөбай Зулпукаров, КСДП фракциясы

    30. Тазабек Икрамов, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

    31. Динара Исаева, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    32. Жаныбек Исаев, "Кыргызстан" фракциясы

    33. Канатбек Исаев, "Кыргызстан" фракциясы

    34. Руслан Казакбаев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    35. Ирина Карамушкина, КСДП фракциясы

    36. Аалы Карашев, КСДП фракциясы

    37. Нодирбек Каримов, КСДП фракциясы

    38. Сагындык Келдибаев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    39. Канат Керезбеков, КСДП фракциясы

    40. Тынчтыкбек Конушбаев, "Кыргызстан" фракциясы

    41. Абтандил Кулбараков, КСДП фракциясы

    42. Умбеталы Кыдыралиев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    43. Махабат Мавлянова, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    44. Мурадыл Мадеминов, КСДП фракциясы

    45. Марлен Маматалиев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    46. Абдимуктар Маматов, "Ата Мекен" фракциясы

    47. Талант Мамытов, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    48. Ильхом Маннанов, КСДП фракциясы

    49. Таалайбек Масабиров, "Кыргызстан" фракциясы

    50. Искендер Матраимов, КСДП фракциясы

    51. Жылдыз Мусабекова, КСДП фракциясы

    52. Кубанычбек Нурматов, "Кыргызстан" фракциясы

    53. Иса Өмүркулов, КСДП парламенттик фракциясы

    54. Улугбек Ормонов, "Бир бол" фракциясы

    55. Карамат Орозова, КСДП фракциясы

    56. Айнура Осмонова, КСДП фракциясы

    57. Исхак Пирматов, "Бир Бол" фракциясы

    58. Бактыбек Райымкулов, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    59. Зарылбек Рысалиев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    60. Кожобек Рыспаев, КСДП фракциясы

    61. Урматбек Самаев, “Кыргызстан" фракциясы

    62. Евгения Строкова, КСДП фракциясы

    63. Абдыкапар Султанов, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

    64. Эльвира Сурабалдиева, КСДП фракциясы

    65. Бектен Сыдыгалиев, “Кыргызстан” фракциясы

    66. Бактыбек Сыдыков, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    67. Эрмамат Тагаев, "Бир бол" фракциясы

    68. Таабалды Тиллаев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    69. Алмазбек Токторов, "Кыргызстан" парламенттик фракциясы

    70. Данияр Төлөнов, "Кыргызстан" фракциясы

    71. Дүйшөн Төрөкулов, "Бир бол" фракциясы

    72. Пархат Тулендыбаев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    73. Рада Түмөнбаева, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    74. Азизбек Турсунбаев, "Кыргызстан" фракциясы

    75. Бактыбек Турусбеков, "Бир бол" фракциясы

    76. Жыргалбек Турускулов, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    77. Абылкайыр Узакбаев, “Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

    78. Руслан Чойбеков, "Кыргызстан" фракциясы

    79. Закир Шарапов ,"Республика – Ата Журт" фракциясы

    80. Максатбек Эгембердиев, “КСДП” фракциясы

    81. Алмазбек Эргешов, "Кыргызстан" фракциясы

    82. Абдумажит Юсуров, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

  26. Демилгени колдогон депутаттар

    1. Мыктыбек Абдылдаев, "Бир бол" фракциясы

    2. Жанарбек Акаев, эркин депутат

    3. Экмат Байбакпаев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    4. Искандер Гайпкулов, "Ата Мекен" фракциясы

    5. Зиядин Жамалдинов, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

    6. Алмаз Жутанов, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

    7. Курманкул Зулушев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    8. Каныбек Иманалиев, "Ата Мекен" фракциясы

    9. Аида Исмаилова, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    10. Аида Касымалиева, КСДП фракциясы

    11. Айсулуу Мамашова, "Ата Мекен" фракциясы

    12. Исхак Масалиев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

    13. Гүлкан Молдобекова, КСДП фракциясы

    14. Наталья Никитенко, "Ата Мекен" фракциясы

    15. Абдывахап Нурбаев, КСДП фракциясы

    16. Сайдулла Нышанов, “Ата Мекен" фракциясы

    17. Улан Примов, КСДП фракциясы

    18. Альфия Самигуллина, КСДП фракциясы

    19. Бакирдин Субанбеков, "Бир бол" фракциясы

    20. Алтынбек Сулайманов, "Бир бол" фракциясы

    21. Бахадыр Сулейманов, "Ата Мекен" фракциясы

    22. Эмил Токтошев, "Ата Мекен" фракциясы

    23. Бакыт Төрөбаев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

    24. Нурбек Тотонов, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    25. Тынчтык Шайназаров, "Өнүгүү-Прогресс” фракциясы

    26. Садык Шер-Нияз, "Ата Мекен" фракциясы

    27. Алмамбет Шыкмаматов, "Ата Мекен" фракциясы

  27. Бул мыйзам каралып жаткан учурда жыйынга катышпаган депутаттар

    1. Алиярбек Абжалиев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    2. Осмонбек Артыкбаев, КСДП фракциясы

    3. Дастан Бекешев, КСДП фракциясы

    4. Кенжебек Бокоев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    5. Мирлан Жээнчороев, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    6. Камчыбек Жолдошбаев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы

    7. Асель Кодуранова, КСДП фракциясы

    8. Рыскелди Момбеков, КСДП фракциясы

    9. Максат Сабиров, "Республика – Ата Журт" фракциясы

    10. Гүлнара-Клара Самат, "Ата Мекен" фракциясы

    11. Чыныбай Турсунбеков, КСДП фракциясы

  28. Кубан Жумамидинов
    koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(7)
04.11.2019. 16:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
18-05-2016
Соӊку аракети:
19-11-2019 16:23
Жынысы:
Белгисиз
-1
Текебаев болгондо текелерди сактамак.
04.11.2019. 18:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
21-01-2017
Соӊку аракети:
21-11-2019 22:37
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чыккынчылар! 2020-жылдагы парламенттик шайлоого ушул чимкирик депутаттар шайланбаса экен деп тилек кылалы.
04.11.2019. 20:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
237
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
22-11-2019 12:16
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул бир чондун бизнеси болуш керек. Ошон учун каршы беришти. Уяты жоктор. Мындай турлору менен ата мекенди деле сатып жиберишет буларын.
04.11.2019. 23:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
28-07-2019
Соӊку аракети:
15-11-2019 22:52
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эгер КЫРГЫЗ УУЛУ экени чын болсо минтишмек эмес.---- Арам саткындар!!!
Айбандар.Акмактар.эчки текеден айланып кеткиле.силерге тийишип атабы ЖЕЛМОГУЗДАР!!!
05.11.2019. 22:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
13-11-2017
Соӊку аракети:
22-11-2019 09:21
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошол 82 депуттаты атууга уруксат берилсечи,мылтык которо алганы да албаганы да анчылыкка чыксак керек эле.Кайберенден коро 82 жепжутарды атып салсак мамлекетибиз кичине болсо да жепжутарлардан арыла тушот эле !!!
06.11.2019. 00:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
04-06-2019
Соӊку аракети:
22-11-2019 04:39
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу чиновник болмуштар! Сиздерге сунуштайт элем. Дуйнодогу болуп откон цунамилерди интернеттен таап коруп койсонуздар. Заматта тынч дуйнону олум суусу жууп кеткенин коруп, бул жашоо туболук эмес экенин. Биздин тагдырыбызда эртен эмне болуп кетээрин озубуз билбей турганыбызды тушунуп, балким журогунордо коркунуч ойгонуп кайберендерди атуу эле эмес баардык эле чечимдерди акыйкат чечууго аракет кылып калаарсынар. Анда да балким....
06.11.2019. 10:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
12-10-2011
Соӊку аракети:
07-11-2019 00:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Бул мыйзамды колдоо керек болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23227;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: