«Жылдын супер ремейки»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

МЕДИТАЦИЯ - АКЫЛДЫ ОЙЛОРДОН ТАЗАЛОО

№886 24-30-октябрь, 2019-жыл


Медитация ар түрдүү оорулардан арылтат, ишке болгон жөндөмдүүлүктү жогорулатат, ички туюмду күчөтөт, ичтеги талантты, ал тургай “үчүнчү көздү” ачат делет. Мынчалык адамга таасир этүүчү медитация деген эмне жана анын сырлары кандай? Бул жаатта чыгыш медицинасы боюнча адис, тай-цзи чебери Медер Бишкек ой бөлүшөт.

ИШКЕ ЖӨНДӨМДҮҮЛҮК ЖОГОРУЛАЙТ

Медитация – адамдын акылын биринин артынан бири келген дейди ойлордон, азгырмалуу кыялдардан, жалган элестерден арылтып, тазалап, дүйнөгө көз карашты жаңыртуу. Медитацияны кээ бирлер сүкүт, тунуу деп которуп жүрүшөт. Латын тилинен которгондо “терең ой жүгүртүү” дегенди билдирет. Чыгыш философиясында "медитация – акылды ойлордон тазалоо" делинет.

Адамдын акылы өзүнүн табигый жаралышында боштук (сущность ума – пустота) болуп эсептелет. Мисалы, биздин акылыбыз аппак экран болсо, ойлор ошол экран бетиндеги жансыз көлөкө же кинокадрдай. Биз кино көрүп жатканда андагы кызыктарга кандай арбалып кетсек, чаржайыт ойлорду да акыл деп жаңылыш кабыл алабыз. Ошондуктан акылды тазалап, табигый абалына алып келүү, дүйнө таанымды өткүр кылуу үчүн медитация керек. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, 1 суткада адамдын мээсине 40 миңдей ойлор келип кетет. Адам баласы ошол ойлордун туткунунда жашап, өмүр сүрөт. Ойлор акылды “ойдун таштандыларына” толтуруп салат.

Чыгыш илиминде адамга келип кете турган ойлорду бутактан-бутакка секирген маймылдарга салыштырышат. Мисалы, короо шыпырып жатсак оюбуз түшкү тамакта же кинодо болот. Кээде адам жакшы эле маанайда жүрүп, уктаарда 1 жаман ой келе калат да, түнү менен уктатпай чыгат. Бир эле терс ой адамда ашказан жарасын жаратып, суицид, инфаркт, инсультка, ал тургай кылмыш жасоого чейин жеткириши мүмкүн.

Медитация – чыгыш маданиятынын уютку-көрөңгөсү, шааниси. Адамдын өзүн таануусунда жалгыз ачкыч – бул медитация. Дин, илим, спорт же башка кесипте болобу адам медитация жасабаса өзүн толук реализация кыла албай калат. Ойлору, көңүлү чаржайыт болуп чачылып, жумушу сапаттуу болбойт, ийгиликтерге аз жетишет. Адам акылы ойлордон таза турса, тышкы таасирлерди жана кабарды туура формасында кабыл алып, ошого жараша туура реакция кылат жана туура чечим чыгара алат.

Медитация техникалары йога, ци-гун, тай-цзи, айкидо өнөрүндө, ошондой эле ислам, христиан, буддизм диндеринде кеңири пайдаланылат. “Ислам дининин жүрөгү” аталган суфизмде да медитация техникалары бар.

“АЗЫР ЖАНА МЫНДА” ЖАШОО ДЕГЕН ЭМНЕ?

Чань буддизминин (Кытай буддизми) убакыт түшүнүгүн алып көрсөк, анда “кечээ” жана “эртең” жок, “бүгүн” гана бар. “Кечээ” өтүп кеткен, “эртең” келе элек. Андыктан “азыр жана мында” жашоо керек. Андыктан акылды көптөгөн ойлорго бастырбай, тунук кармап, азыр жана мында жашай билүү кажет. Медитациянын негизги принциби адам акылынын бул дүйнөнү ушул көз ирмемде кабыл алуусун талап кылат. Мисалы, чай ичсе чайдан, бала күлсө анын күлкүсүнөн, күндүн нурунан жана башкадан ырахат алып жашоо керек. Бакыт ушул. Көптөгөн адамдар муну билбей бакытты келечектен, байлыктан, бийликтен, башка жактардан издеп жүрө беришет.

АКЫЛДЫ КҮНДӨ 2 МААЛ ТАЗАЛОО КЕРЕК
Акылды эртең менен жана кечинде тазалоо керек. Кечки убактагы тазалоонун максаты – күндүз иште болгон уруш, стресс жана башкаларды акылдан тазалап салуу. Муну жумуштан үйгө кетер алдында же жолдо баратып жасаса жакшы. Себеби үйгө иштеги терс энергияларды, стрессти алып барбайсың, үйдөгүлөргө жакшы мамиле жасайсың. Ушундан улам үй-бүлөдө өз ара түшүнүүчүлүк, сый мамиле орун алат. Кээ бирлер стрессин үйдөгүлөрдөн чыгарат. Аларда эмне күнөө? Андайда уруш-талаш жаралат, ушундан улам бара-бара үйдө ырк, сый кетет. Ажырашуулар болот.

Эртең менен акылды тазалоо ойду бир жерге топтоп, иштин майын чыгара жасоого, эл менен жакшы мамиледе болууга жеткирет.

МЕДИТАЦИЯНЫН ТҮРЛӨРҮ

Медитациянын 2 түрү бар: бир багыттуу жана талдоо медитациясы. Бир багыттуусу кадимки адамдар көзүн жумуп жасаган түрү. Ал эми талдоо – акылды бир гана ойго багыттоо (башка ойлорду жолотпоо).

Медитация позалары көп. Лотос, жарым лотос, туруп же жатып жасалчу, отургучта отуруп жасалчу, түрк позасы, дзадзэн позасы жана башка. Окурмандарга сунушталуучу поза – дзадзэн позасы. Медитацияны адистен үйрөнүү сунушталат. Анткени туура эмес позада отуруп, көнүгүүнү туура эмес жасай берсе, оору таап алуу мүмкүн.

БИР БАГЫТТУУ МЕДИТАЦИЯГА ОТУРУУ, КӨНҮГҮҮНҮ ЖАСОО

Медитация үчүн башында тынч бөлмө керек. Адам алаксыбоосу үчүн ар түрдүү үндөр чыкпаса жакшы.

Дзадзэн позасы боюнча чөк түшүп отуруп, ийиндерди бош кармап, омурткаларды түз, ал эми ээкти көкүрөктүн ортосуна туштап кармап, тилди таңдайга жумшак тийгизип, көздү жумабыз. Арт жактан буттун бармактары бири-бирине жеңил тийип турат. Алды жактан тизелер 2 муштумду бириктиргендей аралыкта турат.

Көнүгүүгө киришүү.

Дем алууну жана дем чыгарууну эсептөө көнүгүүсү ойду бир жерге топтоп, кармап турууга үйрөтөт (концентрация). Дем алганда абанын мурундан кирип жана чыгып баратканын сезип туруу кажет. Киндиктен 4 эли төмөн жайгашкан Ци хай борбору бар. Мурундан кирген аба курсак аркылуу ошого жетишин да сезүү керек. Башкача айтканда, көңүлдүн баарын дем алууга коюп, аны менен жуурулушуп кетүү зарыл. Машыгуу кезинде адамга түрдүү ойлор келбей койбойт. Бирок аларды ээрчип кетпей, көңүлдү дароо кайра дем алууга бура берүү кажет. Медитация менен үзгүлтүксүз алектене берген адам бара-бара ойлорду көзөмөлдөөгө жетишип баштайт.

Демди ичке тереңирээк, курсак аркылуу алуу шарт. Өтө катуу терең алууга болбойт! Дем тартканда 1 деп, дем чыгарганда 2 деп эсептейбиз. Кайра дем тартканда 3, дем чыгарганда 4 болот. Ошентип саны 10го жеткенде 1 цикл болот. Андай циклдердин санын медитацияга алгач киришкен кезде 5ке жеткирүү сунушталат. Тактап айтканда, медитация алгач 2-3 мүнөттөн башталып, анан 20 мүнөткө, кийин 1 саатка жетиши зарыл.

Эгер 100 циклге чейин адамга бир да ой келбесе, анда чыгышта даанышмандыкка жетет деп эсептелет. Көнүгүү кийин адат болуп калганда саноо токтотулат.

ПАЙДАСЫ ЭМНЕДЕ?

Ойлорду токтотуп койгондо нерв системиндеги жана булчуңдардагы чыңалуулар бошойт. Стресстер чыгып, мээ эс алып, көңүл жайланат. Бардык органдар өз ишин жакшы аткара баштайт. Медитация адатка айланганда адамда стресс, депрессия болбойт. Чыгыш медицинасында адамдын денесинде 12 чоң меридиан (канал), 360 коллатераль (майда меридиан) бар делет. 12 чоң меридиан ички органдар менен байланыштуу. Стресстерден улам ошол органдардын айрымдары жабыркайт. Бара-бара алар блоктолуп калат. Ошондуктан чыгышта дарттын 70 пайызы психологияга байланыштуу келип чыгат деп айтышат. Бүт денедеги булчуңдар бошогон соң энергетикалык блоктор ачылат. Энергия денебиз боюнча жүрүп баштайт. Анан оорулар айыга баштайт. Айыкпайт деген оорулар да айыгып кетиши ыктымал.

Медитация кан басымды түшүрөт, кандагы канттын деңгээлин калыптандырат, эс-тутумду, сөөктүн, теринин абалын жакшыртат, ашыкча салмактан арылууга түрткү болот, картаюунун алдын алат, ички туюмду күчөтөт, иммунитетти жогорулатат.

Медитация ичтеги катылып жаткан жашыруун жөндөмдү ачат. Мүмкүн, бизнеске же ырчылыкка, же дагы башка иштерге жөндөм болсо ачылат. Психологдор адамдардын 97 пайызы өзүн ким экенин тааныбай, өз жолун таба албай, башка кесипте иштеп өмүрү өтөт дешет.

Медитациянын түбү "үчүнчү көздүн" ачылышына жеткирет. Бирок буга өтө көптөгөн жылдар керектелет.

Медитация руханий жактан өсүүгө жеткирет. Түшүнүк жакшырып, ыйман, ынсап, кечиримдүүлүк, боорукерлик сапаттар ойгонот.

Медитацияны үйрөнгөндөн кийин аны транспортто, столдо же ызы-чуу жерде отуруп деле жасай берүүгө болот. Анткени ойду топтоого, эч нерсеге алаксыбоого адам көнөт. Адам кандай кесипте жана канча жашта экенине карабай медитация менен машыгууга болот.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
28.10.2019. 10:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
448
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
10-11-2019 17:51
Жынысы:
Белгисиз
+6
Рахмат Супер. Уйронуш керек экен.
28.10.2019. 11:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
148
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
28-10-2019 12:35
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эскиче эле ата-бабаларыбыз кылгандай ыйлап-ыйлап алса да женилдеп калат, бирок эрттеси башын ооруп калганы жаманда. Азыр менин башым ооруган сыяктуу
28.10.2019. 12:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
21-11-2019 14:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+3
Мусулмандар бир күндө беш жолу медитация кылышат.
28.10.2019. 22:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
04-12-2018
Соӊку аракети:
21-11-2019 19:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+3
Baktyluu_bolgum_kelet,Намаз окуган убакта бир гпна Алла Тааланы гана ойлонуш керек.Башка ойду баштан чыгарыш керек.Бирок зикир чалганда адам медитация абалында болот.
28.10.2019. 23:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
30-12-2017
Соӊку аракети:
21-11-2019 20:43
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ислам дининде медитация кылган күнөө болуп эсптелет эке
30.10.2019. 00:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
21-06-2011
Соӊку аракети:
21-11-2019 09:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Kyrgyzstan
0
Paol, emnege andai eken? Tushundurup ketchi?
31.10.2019. 16:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
27-06-2018
Соӊку аракети:
21-11-2019 19:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Paol,эмнеси куноо экен?
03.11.2019. 01:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
19-08-2018
Соӊку аракети:
18-11-2019 11:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Paol,
Исламдагы куноо деген тушунко башынарды оорутуп кереги жок. Ислам арабтардыкы.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-11-04 09:30:29
01.11.2019. 07:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
30-12-2017
Соӊку аракети:
21-11-2019 20:43
Жынысы:
Белгисиз
0
основе индуизма и буддизма лежит философия многобожия, отвергающая единобожие, и провозглашающая лишь нравственное развитие человека, ради того, чтобы избавиться от мук повторяющихся мирских жизней. В соответствии с этими религиями человек вновь и вновь приходит в этот мир, и каждая его новая жизнь зависит от того, как он прожил свою предыдущую жизнь (реинкарнация). Все эти воззрения полностью противоречат исламу и Корану.

Если кто-то из мусульман занимается йогой ради того, чтобы п
02.11.2019. 00:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
81
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
21-11-2019 18:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас
+1
Paol,Медитация учурунда кайсы динди карманбасын, Кудайга же башка идолдорго сыйынууга болбойт. М.а мээнди ойлордон, ишенуулордон бошотуш кк
01.11.2019. 07:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
30-12-2017
Соӊку аракети:
21-11-2019 20:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Я просто высказал свое мнение
02.11.2019. 17:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
21-11-2019 03:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Медитация кыргызча тунуу деп которулат. Ойлонууну токтотуп, акыл эсти тундурат адам баласы. Болбосо ойлонуу күндүзү дагы, уктасаң түшүңдө дагы токтобой улана берет да.
02.11.2019. 17:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
21-11-2019 03:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Медитацияда эч кимди, эч нерсени ойлонбойсуң! Мээңди ээс алтасың!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23227;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: