«Жылдын супер ырчы мырзасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Алина Жетигенова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ЖАКШЫЛЫК КЫЛАМ ДЕП ЖАЛААГА КАБЫЛДЫМ”

№884 10-16-октябрь, 2019-ж.


“Алина Жетигенова 40 миң сомдук товар алып, акчасын бербей качып жүрөт” деген маалымат интернет желесинде тарап кетти. Эмне болгон товар? Эмне ызы-чуу? Чындыкты ырчы өзү айтып берүүнү чечти.

– Алина айым, учурда социалдык тармактарда талкууланып жатасыз. Сөз болуп жаткан окуя качан болгон?

– Окуя былтыр Жаңы жылдын алдында болду. Коомдук телеканалдагы берүүлөрдүн бирине тартылуу үчүн барып калгам. Съёмка бүтүп кетип баратсам КТРде телеалпаруучу болуп иштеген Асел деген айым менен жолугушуп калдык. Таласка барууга камынып алган элем, ал ой-боюма койбой “менде бир аз товарлар бар эле, көрүңүзчү. Жардам берип коюңузчу” деп суранды. Жардам берем деп минтип жалаага калсам болобу? Өзүм аябай шашып жүргөм да, “бат-бат эле көрө калыңызчы” деп туруп алганынан макул дедим. Окуя аябай бат болуп кетти, кабинетине киргизип эле “муну көрсөңүз” деп бир пальто, бир куртка, бир жеңи жок күрмөнү көрсөттү. “Менде мындай кийимдер бар, кереги жок” десем “бирөөлөргө көргөзүп көрүңүзчү, сиз айтсаңыз көбү эле алат болуш керек” деп суранып туруп алды. Мен кийимдерди карап “апей, муну кечээ биздин үйгө бир ырчы айым кийип келди го” дедим. Анткени андан мурунку күнү конокко келгендердин бирөө кийип келгенин көргөм.

– Кечиресиз, телеалпаруучу айымдын аты-жөнүн толук айта аласызбы?

– Асел деп эле коёюн, эми анын баарын чукулап жаман көрсөткүм келген жок. Ошентип “муну кийип келди го бирөө” десем, “Ошентип кийип туруп кайра берип койду” деди. “Мен Таласта көп убакытка чейин болом” десем, “акчасын жазга чейин берсеңиз болот, өткөрө бериңиз” деди. “Макул, эми көрсөтүп көрөйүн” деп эле шашып жүргөн жаным алып кеттим.

– “Сатып, акчасын алып келип берем” деп алдыңыз беле?

– Мен антип сатып берем деп милдеттенме алган эмесмин. Көрсөтүп көрөм дедим. Өмүрү соодага аралашып көргөн адам эмесмин. Тааныштарга көрсөтүп көрдүм, бирок “кымбат экен, арзан болобу?” дешти. Мен Аселдин номерин берип, “өзүңөр сүйлөшүп алгыла” дедим. Эч ким алган жок, үйгө алып келип койдум. Өзүм концерт берип чуркап жүрүп ал тууралуу унутуп калыптырмын. Менин костюмдарымдын арасында жүрө берди. Эстеп кетип Аселге чалып товары өтпөгөнүн айттым. Ал болсо “убактысы өтүп кетти, эже, акчасын бериңиз” деди. Менин күнөөм жумшактыгым болду. Ошол эле жерден алып барып салсам болмок. Дегеле өтүнүчүнө карабай албай койсом болмок. Мен болсо “мейли, көрсөтүп көрөйүн” деп жүрө бердим. Товарды эч ким албагандан улам “акчасын берип койсомбу, эмне кылсам?” деп ойлонуп койгом. Экөө 15 миң, бирөө 10 миң сомдук кийимдер болчу. Жалпы 40 миң болчу. Аселге чалып
“30 миң кыл, мен алып калайын” дедим. “Толук бериңиз” деп болбой койду. Өзүнчө эле кыйноо болду. Бир жолу жазганынан “акчасын берем, концертимди жаңы эле өткөрдүм, акчаларды топтой элекмин, топтосом берем” деп жазгам. Ошол сүйлөмдү кармап алып кайра-кайра берем деген деп айтып жатышат.

– Сиз товарды алгандан бери канча убакыт өттү?

– 9 айдай болду. Эки ай өткөндө эле өтпөй жатат десем албай койгон. Аргасыз акчасын бөлүп берип салайын десем ага да макул болгон жок. Анан туура эмес, орой сүйлөй баштады. “Биз насыя төлөйбүз” деп коркута баштады. Менин эмне ишим бар? Милдетин алган эмесмин, көрсөтүп көрдүм, өтпөй калганда товарды алып кет десем болушкан жок. Анан мен тааныбаган бир аял телефон чалды, анан Аселдин күйөөсүмүн деп бирөө чалды. Иши кылып аябай ачуума тийишти. “Эмне деген жорук, мен силерди тааныбайм, Асел менен өзүм сүйлөшөм” дедим. Тажатып жибергенде “болду, эми акчасын да бербейм, товар ошол боюнча турат, алып барып берем” дедим. “Макул, алып келиңиз” деди. Бир тойдон жолугуп берейин деп машинеме салып алып барсам, Асел “машинем толтура” деп албай койду. “Замана” студиясы чакырганда таң атпай 6 жарымда барып кабинетине кирсем эч ким жок. Бир аял пол жууп жүрүптүр. Товарды сүрөткө тартып, өзүнө “мына таштадым” деп жазып кетип калдым. Пакеттин ичинде жатып бырышып калган окшойт, ошону сүрөткө тартып социалдык баракчасына чыгарып жибериптир. Ал өзүм барып товарды алып кеткендей жазып жатат. Эл ким эмне айтса ишене берет экен, көптөгөн сайттар жаңылык кылып ызы-чуу чыгарып жиберишти. Силердин гезиттен башка эч бири менден сурабай эле “40 миң сом төлөй албай качып жүрөт” деп жазып салышты. Ушундай болмок беле?

– Товарын алса да социалдык тармактарда атыңызды булгап эмне максатта жамандап жатат деп ойлойсуз?

– Өзүм деле түшүнгөн жокмун. Ортобузда достук да, кастык да жок, саламыбыз түз эле болчу. Чыгарары менен эле “бул эмнең?” деп кайрылдым. Ооруканада жаткан экен. “Постуңду албасаң сотко кайрылам” десем, алып койду. Товар сиңдисиники экен, ошол айым жазыптыр. Бирок баары бир жайылып кетти. Эми мен үчүн бул сөз кылганга арзыбаган эле бир окуя болчу. Атүгүл эч кимге деле айтпайт болчумун. Ушунча топтогон кадыр-баркым үчүн өз чындыгымды айтууга туура келди. Менин атым жаманатты болбосо унчукпайт элем. Болгону окуянын чын-бышыгын ачыктап койгум келди.

– Маегиңизге рахмат!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg



Алина Жетигенова: "Жардам берем деп жалаага калдым"

Автор: Нуркыз Курманбекова
Оператор: Батыр Зарлыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
14.10.2019. 10:49 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
10-10-2019
Соӊку аракети:
22-11-2019 12:40
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эже тилеке каршы жумшактыкты оз кызыкчылыгына колдонушат коп адамдар... Эч кимге ишенбениз... Ар кимдин озуно жараша мамиле кылыныз...Мага даагы : - тиги магазинден бир нерсе алып берип турчу карызга, мага бербей жатат деп келишет... Алып бербей койсом, кийин бир магазинден чалыптыр, ушундай кийим алдын эле гоо деп... Жок десем, сенин атын ушундайбы? Куйоон тигиндей жерде иштейби дейт...Тан калып эле жетип барсам , жоок сен эмес болчусун деди... Корсо эже товарга кеткенде, синдиси отурган
14.10.2019. 10:59 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
10-10-2019
Соӊку аракети:
22-11-2019 12:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
экен... Эжесине чалып менин атымды айтса бердиртип коюптур... Азыр аферист адамдар кооп... Сак болгула...
14.10.2019. 11:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
21-09-2012
Соӊку аракети:
21-11-2019 17:42
Жынысы:
Белгисиз
-7
Черный пияр тоже пияр болуп атат булар калп эле,Алина деген топуо 25жыл болду деп коцерт беришет экен.Концерттин алдында бир дурбоп алайын деп атат да.Жакшы жагынар менен чыксанар боло.
Super TV
14.10.2019. 13:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
26-08-2015
Соӊку аракети:
12-11-2019 17:39
Жынысы:
Белгисиз
+1
эженин берген интервьюсун көрүп, Клара Алибекова экөө, адамга жасаган мамилелери аябай окшош экен-деп калдым......
14.10.2019. 14:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
28-07-2019
Соӊку аракети:
15-11-2019 22:52
Жынысы:
Белгисиз
+8
Койчу ай.башымды оорутпачы деп эле албай койбойбу.кантип эле озу толосун.акча учун иштеп журот да.кайта бекер эле 40мин толомок беле
14.10.2019. 17:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
15-07-2018
Соӊку аракети:
12-11-2019 01:27
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жыгачтын жумшагын Курт жейт, адамдын жумшагын адам жейт деген болуптур да... Эч нерсе эмес, сиз кадырлуу адамсыз, анан азыраак ишенчээк болушунуз керек экен.
15.10.2019. 15:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
06-09-2016
Соӊку аракети:
21-11-2019 16:11
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул эже тынч эле журчуле салыштырмалуу башкаларга
15.10.2019. 15:32 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
01-10-2019
Соӊку аракети:
21-11-2019 21:24
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алина эженин жумшак, адамды конулун кыя албастыгын билип, жон эле алып алам акчасын деп ойлогон да. Эще кенебестик да кылып койгон. Анын ордунда Гулжайна Атаканова болгондо бетин жулуп, колуна карматып коймок.
21.10.2019. 00:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
237
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
22-11-2019 12:49
Жынысы:
Белгисиз
0
AiperiO,назира синдиси деле бетпак
27.10.2019. 02:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
190
Катталган:
12-12-2014
Соӊку аракети:
22-11-2019 10:12
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман эле болуптур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23227;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: