Архив
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
«СУЛУУЛАРГА СУКТАНУУГА АКЫМ БАР». Ырдын автору эмнеге нааразы?№883 3-9-октябрь, 2019-ж.
– 4-5 жыл мурун болсо керек, Аскат Мусабековдун концерти менен Нарынга барып, актёр, режиссёр Кенжекул Мендебаировго жолуккам. Ал “ыр бар, угуп көрчү” деп сунуштаган. Сөзү аябай жакты, обону “частушкага” окшош экен, кичине обон кошуп алып, Мирлан Ниязовго аранжировкалатып ырдап чыктым. Ага чейин агайдын “Кечирип кой” деген ырын ырдагам. Алгач ырды тойлордо ырдайм деп жаздыргам. Элге тарагандан кийин ыр өзү эле радиого жетип калыптыр. Ага чейинки берген ырларымды чыгарышчу эмес. Ыр чыккандан 1 жылдан кийин эл арасында хит болуп кетти. Азыр деле “ырдап берчи” деп сурай беришет. Өмүрү узун ыр болду. – Кенжекул Мендебаировдун ырдала турган ырлары көп болчу. Ал кишинин мени обонун "өзүнүкү кылып алды" дегенин угуп, таарынып ырдабай койгом. Жадакалса аталган ырды радиодон алдыртам деп чыккам. Бирок радиодон “ушул ырды коюп бергиле” деп сурангандар көп болгондуктан алдырышкан жок. Мага чейин “Сулууларга суктанууга акым бар” деген ырды ал көп ырчыларга сунуштаптыр. Аны аранжировкалап, элге чыгаргандан кийин ичи тарып калдыбы, айтор, мени "сотко берем" деп чыкты. Жогоруда айткандай, алгачкы варианты “частушкага” окшош болчу, аны мен иштеп чыккам. Бирок обону меники деп айткан эмесмин. – Радиого берген интервьюмда “бул ыр мени багып жатат” деп тамаша иретинде айткам. Чынында мен 2003-жылдан бери тамадалык кылып келем. Бул ырга чейин эле темир тулпар, үй алгам. Мени эл тамада деп билет. Тойго барганда суранып ырдатышат, аны танбайм. Албетте, ырды чыгарган да жакшы, бирок аны элге жеткирген адамды деле баалаш керек. Авторлор ошону туура түшүнбөй таарынышат. Бир адамды бир ыры таанытат экен. Андан кийинкилер чыкса да биринчи ырдагыдай болбойт. “Сулууларга суктанууга акым бар” деген ырдан кийин бир нече ыр жаздырдым, болбой эле аталган ырды сурай беришет.
– Ырды “40 жашымда мен мынчалык көппөгөм” деп жазганыма караганда, 50 жашымда жазсам керек. “40 жашымда деген” жерин Кубаныч Ажыбаев 30 деп өзгөртүп алыптыр. Аны “эмне 30 деп оңдоп койдуң?” десем, “мен 40 жашка чыга элекмин да” деген (күлүп). Ал айрым жерлерин ошентип өзүнө ыңгайлаштырып алыптыр. – Мындай ыр саптарынын жаралышына ким же эмне түрткү болду эле? – Байбичеңиз ырларыңызды билеби деп сурагың келип жатабы? Албетте, ырларымдын баарын байбичеме окуп берем. “Сулууларга суктанууга акым бар” деп ыр жазсам эле өзгөрүп кетмек белем? Байбичем мени жакшы билет да, чыгармачылыгымды туура эле түшүнөт. Мен акынмын, калем кармайм дегендер махабат, сүйүү темасынан кыя өтпөйт. Мен деле алардын катарында бул темага кайрылгам. Ырды атайын бирөөгө деле арнап жазган эмесмин. Жөн эле отурсам 1-2 сабы оюма келди. – Көп болуп калды, бир күнү Кенжекул Мендебаиров мага чалып, обон жазганын айткан. Бирок анын ыр болуп чыкканын билген эмесмин. Бир күнү ырчы Анарбек Ибраев “жакшы ыр чыгыптыр, уксаңыз” деп калды. Ошол боюнча аңдып жүрүп ырды жарым жылдан кийин уктум. Ыр аябай жакты. Өзүм Кубанычты таап, байланыштым. Элмирбек Иманалиевдин “Булбулум” деген ырын маркум Элмира Кайып кызынан артык эч ким ырдай алган эмес. Ошол сыңары “Сулууларга суктанууга акым бар” аттуу ырды канчасы аткарса да, Кубанычка жеткен жок. Ыр Кубаныч үчүн жаралгандай. Кызыгы, муну көрүнгөн ырдап, “автору менмин” дегендер чыгып жатыптыр. – Ырга обон чыгат деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Убагында жазылып, китепке басылып, унутулуп калган эле. Китептерде аталышы “Акым бар” деп чыккан. Аны кийин “Сулууларга суктанууга акым бар” деп калышпадыбы.
– Мен 1962-жылдан бери обон чыгарам. Бир ирет казак акыны Олжас Сулейменовдун китебин окуп отуруп “Кызганбачы, көзүмдү кызганбачы” деген аялына жазган ырын окуп калдым. Анда “сулуулар өтөт, мен сулууларды карап каниет кылам, а сен жаман көзүң менен карайсың” деген мааниде жазылыптыр. Ошондо ушундай ыр болсо деп ойлоп калгам. Бир күнү көчөдө баратсам жерде айрык гезит жатыптыр. Алып окусам, Жолочу Рысбаевдин интервьюсу бар экен. Аягында “Сулууларга суктанууга акым бар” деген ыры туруптур. Көктөн издегеним жерден табылып, баса калдым. Өзүм да сулуулукту, назиктикти жакшы көрөм. Үйгө келип пианиного отура калып 4-5 күн обонун иштеп чыктым. Өзүмдүн да кичине өпкөм жогураак, ырдайм деп чыктым (күлүп). Байбичем болсо “жакшы обон экен. Бирок, сакалың өрттөнгүр, кантип ырдайсың? Балдарың эмне дейт? Кыздарың, келиндериң эмне дейт?” деди. Ошол боюнча таштап койгом. Ага чейин Кубаныч Ажыбаев “Кечирип кой” аттуу ырымды сурап алып, ырдап жүргөн. Бир күнү “байке, дагы бир ыр бербесеңиз болбой калды. Элден кечирим сурап эле жүрө беремби?” деп келип калыптыр. Ошондо “Сулууларга суктанууга акым барды” ырдап берсем, чап кенедей жабышты. Эки жумадан кийин ыр тарап, элдин баары сулууларга суктанып жатып калышты (күлүп). Ыр чыккандан кийин ал “Кечирип кой”, “Сулууларга суктанууга акым бар” деген ырлардын авторлошумун” деп чыкты. Аябай таарындым. Аны менен чырдашып кеттик. Балдарым ага жолугуп, “уят эмеспи?” деп айтышыптыр. Ошондон кийин мени айтып калды. Кубаныч мени элге тааныттым деп жатпайбы. Эл ага чейин эле мени таанычу. Эми ооз аныкы да... Негизи Кубаныч менин окуучум болот. Мен Нарын театрында спектакль коюп, ага Тайлак баатырдын ролун бергем. Аябай сонун ойногону үчүн “актёрлукка тапшырбайсыңбы?” десем, болбой эстрадага кетип калды. Кубаныч “Сулууларга суктанууга акым бар” аттуу ырды ырдагандан кийин байбичем “сен да ырдасаң болмок” деп аттиң кылып калды. Ага “сен менин убалыма калдың” деп тамашалап калам. Азыр концерттерде аталган ырды суранып ырдатышат. Мен Кубанычтай болуп бир жерге туруп алып ырдабайм, сахнада бийлеп ырдайм. «СУЛУУЛАРГА СУКТАНУУГА АКЫМ БАР» Сөзү: Ж.Рысбаевдики Обону: К.Мендебаировдуку Сулууларды көчөлөрдөн көп көрөм, Суктанамын, көз электен өткөрөм. Жылмаңдаймын баарысына тийишип, Жыйырмамда мен мынчалык көппөгөм. Кайырма: Шектенбесин көрүп-билген жакындар, Шериктешим, менде да бар асыл жар. Сууруп алам чечекейиң десең да, Сулууларга суктанууга акым бар. Олоң чачты көчөлөрдөн көп көрөм, Толкуп-ташып ошол замат өзгөрөм. Оолукканды сурабагын, айтпагын, Отуз жашта мен мынчалык көппөгөм. Кайырма: Кыркма чачты көчөлөрдөн көп көрөм, Кызыгамын, күйүп-жанып өрттөнөм. Кыялымда жанашамын бир басып, Жаш кезимде мен мынчалык көппөгөм. Кайырма: Гүлжамал Абылкасымова "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(2)
Mamiev
![]()
07.10.2019. 12:27
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
06-12-2019 23:13
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бала тапкандыкы эмес баккандыкы дейт. Бизде ыр чыгарып алып эле ал ыр хит болгондо талашка түшөт. Негизи ырды элге жеткирүү дагы оңой эмес. Анан албетте мен иштедим озгорттум дебей авторлорун так даана жазып журсо
Sayragul
![]()
09.10.2019. 12:39
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
05-01-2015
Соӊку аракети:
06-12-2019 14:27
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул ыр сонун ырдалып чыкты. Кубаныч бул ырдын багын ачты. Ооба, ырдын автору, обондун автору дагы укмуш жазышкан. Ыр ырдалбай калса ошол эмне болот. Минтип, укмуш хит болуп турган ыр.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|