Архив
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)№883 3-9-октябрь, 2019-ж.
– Сен аны көрсөң дароо сенин кызың экенин сезмексиң. Сания, бул биздин кызыбыз. – Мен түшүмдө колума куш кондуруп жатыптырмын, демек, бул кыз... Телефондогу сүрөттү тиктеп турду. Тептегерек жаштуу көздөрү менен тиктеп турган наристе периштедей көрүндү. Дароо бооруна кыскысы келди. Бала деп зарлашкан экөө ийин тийиштире сүрөттү тиктеп турушту. Андан кийинкиси тез чечилди. Мурун эле документтери даярдалып коюлган эле, балдар үйүнүн директору менен иш чечилип калган болчу. ххх – Ал биздин каныбыз, Асиянын баласы, кантип сен ошол бала балдар үйүндө чоңоюшун каалайсың?- деди Айдардын таенеси. – Мен аны кайсы бир аты-жыты жок кайсарга тийип ал деген эмесмин. Мына, биздин сөзүбүздү укпай тийип алды эле, баласы бир жакта, өзү экинчи жакта калды. – Мен борборго барам, баары бир неберемди алып келем. – Мен сага алып келбе деп жатамбы? Ушул жумуштар бүтсүн, чогуу барып алып келебиз. Абышкасынын жумшарып калганына кубана түштүбү, аял чогуу барабыз дегенине дем байлай түштү. Күйөөсүн билет эле, дагы качан деп сураса кыжырланып кетиши мүмкүн болчу. Акырындап көндүрөм деп ойлоду. Бирок убакыт аз эле. ххх – Эч бир адам билбесин, атын да башкача которуп алабыз, чет өлкөгө алып кетип гипнозчу психологдор менен сүйлөшүп мурунку жашоосунун изин жоготобуз. Бул биздин кызыбыз болот! Канча убакыт өтсө өтсүн, бирок кыз тууралуу эч ким билбеши керек. Кыргызстандагы аты белгилүү искусство адамы эле. Таасири, күчү бар болчу. Башын ийкегилеген балдар үйүнүн директору Аруукенин агасы бар экенин айта албады. Агасына жакын экенин, ал ар дайым агасынын жаагына колун коюп жатпаса уктабасын айтпады. Булар 10 жыл бою күткөн наристеси эле Арууке. Өздөрүнүн кызы 4 жашында каза болуп калып, андан кийин Саниянын боюна эч бүтпөй койгон. Үмүттөрү үзүлгөндө бала багып алууга чыгынышкан эле. Айдардын Аруукеси мына ушундай адамдардын колуна бармак. Түндө уйкудан ойгонуп кетти Айдар. Чоң балдар өзүнчө бир корпуста, кичинекейлер өзүнчө корпуста жатышчу. Бутунун учу менен басып Аруукенин жанына келди. Ал төшөгүндө соксоюп отуруптур. – Аруш, эмне болду. – Абака... Ыйламсыраган кыз төшөгүн көрсөтө берди. Түн ичинде дагы сийип койгон экен. Тарбиячыдан корксо керек, соксоюп отуруп алыптыр. – Коркпо, азыр мен... Айдар карындашын жерге түшүрө коюп, бош турган керебеттеги төшөк менен шейшепти алып карындашыныкына салып, тигилерди башка керебетке жыйып үстүн тегиздеп койду. – Мына, эч ким билбей калды. – Менин жаныма жатасыңбы? – Бизди урушат көрүп калышса, андан көрө мен сен уктаганча отуруп турайын. – Жатчы жаныма. Айдар кыйбай кетти. Кичине керебетке батпаса да бүрүшүп Аруукенин жанына жатты. Ал адатынча колдорун бетине коюп кобурап койду. – Биз үйгө кетебиз, ээ, абака, – Кетебиз, аз калды. Кучакташып жаткан бул түн экөөнүн тең чогуу болгон акыркы түнү эле. Экөө тең билишкен жок. Түн ичинде уктап калган карындашын жылуулап жаап жатып, чачтарынан сылап, маңдайынан өөп жатып да Айдар эч нерседен шек албады. Эртеси дароо Аруукеге бара турган болду эле улуу тарбиячы башка корпуска бир жумушка жиберип ийди. Тапшырган ишин бүтүп келе калса башкасы дагы бир ишке жумшады. Ошентип эки көзү төрт болуп жатып түштө араң Аруукенин тайпасына келди. Бардык балдар жүрөт, бир карындашы жок! – Аруукени көрдүңөрбү? – Жок. Ийин куушурган баары көздөрүн ала качып ушул жоопту айтышты. Чымын-куюн болуп эки кабат имараттын баарын карап чыкты. Жок! Ансайын жүрөгү дүкүлдөп кетти. Директордун кабинетине атып кирди. – Эже, Арууке жок! – Аруукени багып ала турган ата-энеси алып кетти. – Эмне-е?! Оозу айттыбы, жүрөгү айттыбы, жердеби же асмандабы бала билбей турду. Көз алдындагы кабинеттеги бардык нерселер калкып кетти. – Айдар, ишенип кой, Арууке үчүн бул жакшы. Бул жерде калганы туура эмес, анын аябай жакшы көргөн ата-энеси болот. Баарын сатып берет, жакшы тарбиялашат. Атаң азыр түрмөдөн чыкпайт, Айдар. Директор көп сөздөрдү айтып жатты. Айдардын кулагына үзүл-кесил гана угулуп жатты. Эч нерсени ойлоно албады. Күп эте жыгылып кетти. ххх Көзүн ачканда бөлмөдө экен. Ак халатчандар жүрөт. – Мына, өзүнө келди,- деди бири. – Арууке кана?- деди. Тили батпай кеткенсип, тамагы кургап чыкты. Анын үмүттүү көздөрүн карап туруу мүмкүн эмес эле, көбү көзүн ала качышты. Жалгыз калтырып чыгып кетишти. Жалгыз калган бала шыпты тиктеп жата берди. Көздөрүнөн жаш куюлуп жатты. Кулагына атасынын “Кандай болсо да Аруукени жаныңдан чыгарба” деген үнү жаңырды. Чоң энесинин “карындашыңа көз бол, көлөкөм, жарык дүйнөдө экөөңдүн бири-бириңден башка эч кимиң жок” деген каргылданган үнү угулду. Апасынын башынан сылаган жумшак колдорун эстеди. Өзүнүн кыялдарын эстеди. Кунан чабышта байге алып, аттын алдына Аруукени өңөрүп алып айылдын көчөлөрүн аралап бараткан кыялын эстеди. Базарга барганда дайым чупа-чупс же сагыз сураган быйтыйган колдорду эстеди. Карындашын аркасына көтөрүп, эмгегине акча алган күнү чуркап келе жаткан талааны эстеди. Мунун баары эми болбойт! – Аааа-аа! Бакырып ыйлап жатты. Апасы кеткенде, чоң энеси өлгөндө, атасы түрмөгө түшкөндө да мынчалык жүрөгү күйүп, айласы кетип жаздыкты муштагылап ыйлабаса керек эле. Мынчалык муштумдай жүрөгү канабаса керек. Бир жума бөлмөсүнөн чыккан жок, тамак да жарытылуу ичпеди. Күндөн-күнгө алы кетип, көзүнүн нуру өчүп бара жатты. Колуна Аруукенин куурчагын алып, терезени тиктеп отура берген адат тапты. “Мен сени баары бир табам, Арууке. Чоңоюп эр жетейин, мен баары бир сени табам. Мен сени өлгүчө издесем да табам. Чоңойсом эле...” Анын жашоосу эми тек гана күтүүгө айланды. Өзү да билбей жашоодогу эң сабырдуу адамга, күткөндү билген адамга айланды. ххх – Сени директордун кабинетине чакырып жатат,- деди бир бала жүгүрүп келип. Айдар туруп көңүлсүз гана кадам шилтеди. Кабинетинде бир сакалчан киши жана жоолук салынган орто жаштардагы аял отуруптур. – Кел, Айдар. Бул адамдар сага келишти? – Магабы? – Булар сенин апаңдын ата-энеси. Сенин таене-таятаң! Айдар көздөрү жашылданган аялды, каштары түйүлгөн адамды тиктеп турду. Жөн гана тиктеп турду. Көкүрөгүнө эч бир жакындык сезилген жок. Айлар бою бул жолугушууну күтүп жүрсө да экөөнө кайдыгер гана тиктеп турду. Ата-эне да ичтен сыза беришти. Жашоону жашап койгондой, чарчаган, бардык адамдардан көңүлү калган көз караш менен тиктеп турган баладан бул кабинетте турган үчөө тең көздөрүн ала качышты. Өздөрүн күнөөлүү сезишти. 10 жаштагы бала минтип карабашы керек эле! Жадырап, жайнап, ишенип тиктеш керек болчу бул бала. Канаты сынып калган куштай илкип басып, араң баш ийкеп сүйлөбөшү керек эле. Таята менен таенеси алып кете турган болуп чечилгенде Калыс атасы да борборго келип калды. Айдарды көргөндө эси ооп отуруп калды. Көздөрү курч тиктеген, зээндүү, жароокер бала жалдырап калган экен... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(11)
Paprikafm
![]()
07.10.2019. 09:14
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
339
Катталган:
11-08-2017
Соӊку аракети:
26-02-2021 21:37
Жынысы:
Белгисиз
+4
Охх эрте менен ыйлаттынго Арууке Айдар
jurogumdosun
![]()
07.10.2019. 09:18
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
01-04-2014
Соӊку аракети:
27-04-2020 22:23
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен дагы ыйладым, жакшы болуп бутсо экен, аттин
jurogumdosun
![]()
07.10.2019. 09:20
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
01-04-2014
Соӊку аракети:
27-04-2020 22:23
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аягы жолугушуп эле калбай, коп чогуу болушса экен. Айдар Арууке. Китебин алмакмын
MIRBOLOT
![]()
07.10.2019. 10:19
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
136
Катталган:
14-04-2016
Соӊку аракети:
26-02-2021 12:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Түп айылы
+2
Эх, жашоо!
Azkoni
![]()
07.10.2019. 10:30
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
25-11-2017
Соӊку аракети:
11-02-2020 11:51
Жынысы:
Белгисиз
+3
Заманын тушкур ай!Журокту мынча эзет бул чыгарма.
Isikkolumkeremet
![]()
07.10.2019. 11:19
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
28-07-2019
Соӊку аракети:
27-02-2021 11:01
Жынысы:
Белгисиз
+2
Козумон жаштар эч тоскоолдуксуз тогулуп кетти.Айдарды кыйнабагылачы суранам..
melissa-ba
![]()
07.10.2019. 11:29
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
15-09-2019
Соӊку аракети:
20-11-2019 13:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы канча сериясы калды супер
aizirek...
![]()
07.10.2019. 12:00
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
05-11-2015
Соӊку аракети:
27-02-2021 18:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Екатеринбург
+2
Шолоктоп эле ыйлап алдым го тоба
Baku88
![]()
07.10.2019. 18:21
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
730
Катталган:
20-04-2017
Соӊку аракети:
27-02-2021 19:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча ыйлатат
elling_2010
![]()
07.10.2019. 20:42
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
08-02-2018
Соӊку аракети:
17-12-2019 00:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча ыйлаттын Айдар
Shokoladka94
![]()
11.10.2019. 12:21
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
216
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
17-11-2020 15:09
Жынысы:
Белгисиз
0
журокту эзип, ыйлатат го
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|