Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

№881 19-25-сентябрь, 2019-жыл


Салидат Хамилова, модель: «НЬЮ-ЙОРКТО ПОДИУМГА ЧЫККАНЫМ КЫРГЫЗДА БАЙКАЛАТ ДЕП КҮТКӨН ЭМЕСМИН»

  1. Бүгүн сиздерди океандын ары жагында жашаган ийгиликтүү бир мекендешибиз менен тааныштырабыз. Ал – Салидат Хамилова. Салидат 5 жылдан бери АКШда жашайт. Бул аралыкта дүйнөлүк мода индустриясына аралашып, өткөн жумада Нью-Йорк шаарында өткөн мода жумалыгына катышты. Сулуулук чөйрөсүндө дүйнөлүк сулууларга тең келип, кыргыздын атын чыгарган Салидат менен кызыктуу маек курдук.

  2. – Салидат, саламатсызбы? Өткөн жума Нью-Йоркто мода жумалыгына кыргыз кызы чыкты деп угуп кубанып, сыймыктандык. Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Атыңыз да өзгөчө экен...
    – Саламатчылык. Рахмат. Мен Бишкекте төрөлүп-өскөм. Атымды атамдын эжеси бир жерден угуп жактырып калган экен, ошол эжем койгон. Мектепке барарда үй-бүлөбүз менен Чүйдүн Ново-Покровка айылына көчүп келип, ошол жерден №1 мектепти бүтүргөм. Менин чоң атам Хамил (Камил) нарындык татар болгон. Ал кыргызча да, орусча да таза сүйлөп, балдарын «силер кыргызсыңар» деп тарбиялаган. Чоң энем кыргыз, Нарындын Куланак айылынын кызы. Андан тышкары менин чоң кайын энем да Куланак айылынан болот. Үй-бүлөм менен дайыма сыймыктанып жүрөм.

  3. – Моделдик чөйрөгө кызыгууңуз качан башталды? Кимден же эмнеден таасирлендиңиз?
    – Ар бир адамда табияттан берилген шык болот. Талантыбызды байкап, өзүбүздүн ички үнүбүздү угуп жашасак, ар бир адам жашоодон ордун табат. Мен кичинекей кезимден боюм узун, аябай арык кыз болчумун. Өспүрүм кезде балдар, кыздар көп шылдыңдашчу. Ал кезде «Fashion TV» каналын жана «Американын кийинки супер модели» деген шоулорду көрүп, модель кыздарга өзүмдү салыштырып, окшоштуруп, мода чөйрөсүнө кызыгуум башталган. Моделдик чөйрөгө келип, өзүмө окшош кыздар менен таанышып, иштешип, өзүмө болгон ишеничимди өстүрдүм.
    Сыналгыдан көргөн моделдерди туурап, алардан көп нерселерди үйрөнүп алган элем. Бишкектеги моделдик агенттикке келип «мен сиздер менен иштешким келет, бирок сиздерде окуп, үйрөнгөнгө шартым жок» деп айткам. Агенттик мени бир-эки жолу кастингге чакырышкан. Ошондо дизайнерлерге жагып, иштешип калгам. Бишкекте өткөн мода жумалыктарына да катышкам. Өзүм окуган университетте "Мисс КУУ" сынагына катышып жеңүүчү болгом.

  4. – Учурда карьераңызды Америкада улантып келесиз. Ал жакка дүйнөлүк подиумдарды багындыруу максатында кеттиңиз беле?
    – Америкага модель болом деген максат менен келген эмесмин. Бирок Америкада жашап, моделдикке шыгым болуп туруп, кыялым үчүн аракет кылбасам акылсыздык же коркоктук болмок. Ал кыял көчүп келгенден кийин, кийинчерээк ишке ашты.

  5. – АКШ сизди кандай тосуп алды? Өз жолуңузду таап, ийгилик жаратуу оңойго турбаса керек?
    – Бул жакка келгендин баары кыйналат. Англис тилин өздөштүрүү, бул жердин мыйзамдарына көнүү оңой эмес. Америкада жашоо деңгээли аябай жогору. Көбү мындай оорчулуктарга даяр эмес, бирок аракетке берекет дегендей, аракетчил, тырышчаак адамдар бардык жерде жашап кете алышат.
    Америкага келген биринчи жылдары тилди тез өздөштүрүп кетүү максатында жөнөкөй жумуштарга орношуп, кофейняларда иштеп, америкалыктар менен көп аралаштым. Колледжде окуп, машина айдаганды үйрөнүп, деги эле жашоого болгон оюмду өстүрдүм. Анан акча чогултуп, моделдик чөйрөдө өнүгүүнү эңсеп, кичинекей шаардан чоң шаарга көчтүм.


    Салидат Хамидова Нью-Йорктогу мода жумалыгында

  6. – Эми өткөн жумада болгон Нью-Йорктогу мода жумалыгы тууралуу сурайын. Ал жакта атаандаштык күчтүү экени айтпаса да белгилүү. Көпчүлүктүн арасында калбай, Кыргызстандын атынан биринчилерден болуп чоң подиумга чыкканыңыз тууралуу айтып берсеңиз.
    – Туура, бул жакта иммигранттар, Америкада төрөлүп өскөндөр менен бирдей атаандаштыкта болушат. Мода чөйрөсүндө атаандаштык абдан күчтүү. Жөн эле арык, бою узун, сулуу кыз эле эмес, спорт менен машыккан, өзүн туура алып жүрө алган, англисче жакшы сүйлөгөн, сын пикирге чыдамкай жана дайыма иштерман болуш керек. Кастингдерде ар кандай моделдерди көрдүм, алардын ичинде Victoria`s Secret шоусуна катышкан моделдер менен да бир сынакта болдум. Менин Нью-Йорктогу мода жумалыгына катышканым Кыргызстанда байкалат деп күткөн эмесмин. Ооба, Нью-Йорктогу мода жумалыгына катышуу ар бир модель үчүн маанилүү. Бирок мен үчүн бул кичинекей жеңиш деп ойлойм, анткени өзүмө Американын деңгээлинде максаттарды коём.
    Кыргызстан кичинекей, жаш өлкө болгондуктан чет өлкөлүктөр кыргыздардын бар экенин билишпейт. Менден дайыма "Япония, Корея же Кытайдансыңбы?" деп сурашат. Анан мен эринбей жүз жолу сураса, жүз жолу кыргыздар ким экенин, Кыргызстанды картадан көрсөтүп, биздин салттар, тамактарыбыз жөнүндө айтып берем. Ошондуктан мен кыргыздын атын мода чөйрөсүнө кичине болсо да таанымал кылганыма абдан кубанычтамын.

  7. – Кыргызстанда азыр жасалма сулуулук популярдуу болуп кетти. Буга көз карашыңыз кандай?
    – Мен жасалма сулуулукка каршы эмесмин. Эгерде андан адам өзүн бактылуу сезип жатса, эмнеге болбосун? Биз бул дүйнөгө конокпуз, канча жашаарыбызды билбейбиз, ошондуктан, акыл-эс менен сулууланганга көз карашым түз. АКШда да жасалма сулуулукту колдогондор бар. Сулууланбай, жөнөкөй, табигый сулуулуктун жолдоочулары да толтура. Эң башкысы - адам ички дүйнөсүнүн каалоосу менен жашаса дейм.

  8. – Эми алдыда кандай пландарыңыз бар?
    – Пландарым көп. 4-5 ар кандай моделдик агенттиктер менен иштешем. Лондон мода жумалыгына да чакырышкан, бирок азыр мен Лос-Анжелес менен Нью-Йорктун ортосунда жашап, иштеп жүрөм. Убакыт барда мода чөйрөсүндө дагы көбүрөөк ийгиликтерге жетип, белгилүү бренддер менен иштешейин деген максатым бар.

  9. – Үй-бүлөлүү айымга дүйнөлүк масштабдагы мода дүйнөсүндө карьераны улантуу оор эмеспи?
    – Кыргызстанда жашап жүргөн кезден бери өзүмдү феминист катары эсептейм. Феминисттик уюмда ыктыярчы болуп, билим алгам. Дүйнө өзү идеалдуу эмес. Мурда аялдар өзүн өсүп-өнүктүрүүдөн алыс болушкан, аларга патриархат жол берген эмес. Заман өзгөрүп, биз жашаган капиталисттик системде индивидуализм күч алып келе жатат. Жолдошум экөөбүздүн көп нерселерге көз караштарыбыз окшош, ошондуктан бири-бирибизди колдоп стереотиптерге ийилбей жашаганга аракет кылабыз.

    – Маегиңиз үчүн рахмат. Бийиктиктерди багындыра бериңиз!


  10. Гүлжамал Абылкасымова
    star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(9)
23.09.2019. 13:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
92
Катталган:
21-09-2012
Соӊку аракети:
18-10-2019 14:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!
23.09.2019. 14:02 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
21-09-2019
Соӊку аракети:
18-10-2019 15:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат кыз экен!
23.09.2019. 14:02 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
21-09-2019
Соӊку аракети:
18-10-2019 15:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец
24.09.2019. 09:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
12-04-2013
Соӊку аракети:
02-10-2019 11:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ОШ
+8
Нарындык кыздар кыйын болушат окшойт, Бегимай Карыбекова,Азалиялар да подиумда журушот.
25.09.2019. 17:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
248
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
18-10-2019 16:39
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушул кызды сулуу десенер, мен тагдырга таарындым.
26.09.2019. 17:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
310
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
09-10-2019 15:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02, Албетте ашкан Ай чырайлуу сулуулугу, сонун фигурасы деле жок экен. Мындан ашкан сулуулар, фигуралуулар толтура бизде. Эми ар жерде сулуулук стандарттары ар турдуу да. Бирок Салидаттын конулу таза,жана эрки кучтуу кыз экени корунуп эле турат. Азамат. Жалгыз озу мынчалык денгээлге жетишуу кыйын экени айкын. Балким жакшы "домкраты" же жакшы жол корсотуучусу,колдоочусу бардыр, балким удача улыбнулась и заветная мечта сбылась" Эмнеси болсо да азамат кыз экен.
26.09.2019. 14:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
10-10-2019 21:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Молодец атасы татар болсо дагы,кыргызмын дегени журогуму жылытды.
27.09.2019. 16:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
01-09-2010
Соӊку аракети:
28-09-2019 21:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Берлин
+1
Азамат кыз, чоң-чоң ийгиликтерди каалайм! Өзүң кыялданган кесипте иштеп, ийгиликке жетишүү кандай бакыт?! Сулуулугу, эмгекчилдиги жана максатка карата умтулганы жакты! Батышта ийгилик жаратуу оңой эмес.
29.09.2019. 01:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
477
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
17-10-2019 14:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23044;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: